Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  КУМИР МЕНЕН БААРЛАШУУ

Нуриса Абазова:
"Жеңиш экөөбүздү үйлөндүрүп коюшту"
Мындан 12 жыл мурун "Жомок", "Туулган күн", "Эски бак", "Жамгыр", "Туулган айылым" деген ырлары менен ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк таап, бүгүнкү күнгө чейин кыргыз эстрадасында кызмат кылып келаткан таланттуу ырчы Нуриса Абазова "Кумир менен баарлашуу" рубрикабыздын коногу болуп күйөрмандары менен сыр чечишти.

Гүлмира
- Нуриса эже, мен сизди 9 жашымдан бери кумир тутуп келем. Учурдан пайдаланып сиз менен бизди жолуктуруп жаткан "Обон" гезитине ыраазычылыгымды билдирем.
- Рахмат Гүлмира. Мен да сиздей күйөрманыма жолугуп отурганыма кубанычтамын.
- Сыймык Бейшекеев менен иштеп жүргөнүңүздө сахнага бат-баттан чыгып турчу элеңиз. Акыркы кезде көрүнбөй кеттиңиз го?
- Сыймык менен ырдап жүргөн убакта ошол муундагы ырчылардын эң жашы мен болчумун. Азыр эми бүгүнкү муундагы жаштар чыгып, замандын агымы өзгөрдү. Бизге караганда теле-радиолордон алардын ырлары көбүрөөк берилип баштады. Мына ошол айрым берүүлөрдөн гана чыкпай калганым болбосо мурдагыдай эле сахнанын бетинде чыгармачылык менен алпурушуп жүрөм.
- Эң алгачкы жолу ак эмгегиңиз менен тапкан акчаңызды эстей аласызбы?
- 3-класста окуп жүргөндө күзүндөсү жүгөрү, картошкага иштеп 5 сом алып төбөм көккө жете сүйүнгөм. Ал кезде 5 сом деген аябай чоң акча эле да.
- Азыр ырчылыктан сырткары эмне жумуш кыласыз?
- Кошумча эч жерде иштебейм. Ошондуктан сахнадан башка жумушум жок.
- Үйбүлөңүздөрдө сизден башка да чыгармачыл адамдар барбы?
- Бар. Негизи мен үйбүлөдө 8 бир туугандын бешинчисимин. Менден улуу Таалайкан деген эжем шаардык театрда, ал эми Чыңгыз деген иним "Учур" театрында эмгектенет. Экөө тең таланттуу, өз кесибин берилип сүйгөн өнөрпоздор. Мен алар менен сыймыктанам.

Гүлшан
- Нуриса эже, биринчиден сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Жараткан сизден жакшылыгын аябасын. Айтыңызчы, эмнеден эргүү аласыз?
- Рахмат, жашоодо жакын санаалаштарым, сиздердей болгон күйөрмандарым менен пикир алышып, каалоо-тилек айтуудан эргүү алам. Ал эми сахнада болсо кол чаап коштогондо демиме-дем, шыгыма-шык кошулуп кандайдыр бир улуу күч мени алга сүйрөгөнсүйт.
- Үнүңүзгө көңүл бөлүп турасызбы?
- "Көп аяган бала бечел болот" дегендей үнүмдү көп деле бөпөлөй бербейм. Болгону жаңыдан сахнага чыгып жүргөн кезде 1-2 жолу жумуртка ичип көргөм.
- Кесибиңиз боюнча актриса экенсиз. Театрда иштейин деген оюңуз барбы?
- Бир жердин тузун татып алгандан кийин экинчи жерге бутуң тартпай калат экен. Анын үстүнө театрда иштей турган болсом режимдин негизинде эртең менен 9га барып, кечинде 5те кайтышым керек болот. Мен андай рамканын ичинде жүргүм келбейт. Өз алдымча ээн эркин эгемендүүлүктүн кучагында ырдап эле жашасам дейм.
- Жигиттердин көзүндөгү чылпагын көрө турган мезгилге жетип калдыңыз окшойт. Качан турмушка чыгып, күйөрмандарыңызды жезделүү кылайын деп турасыз?
- Бүгүн же эртең деп айтыш менин колумдан келбейт. Күнү келсе буюрганын көрөбүз.
- Сүйлөшкөн жигитиңиз болсо керек?
- Азырынча бул боюнча кененирээк сөз кылбай эле коёюн. Кыскача айтканда учурда жүрөгүмдүн ээси бар.
- Кандай косметика колдоносуз? Бир алган косметикаңыз канча убакытка жетет?
- "Мери-Кей" деген америкалык фирманын косметикасын колдоном. Негизи бир алганың 6 айга жетиш керек. Кээде мен үнөмдөп отуруп андан да көбүрөөк убакытка жеткирем.

Зыя
- Нуриса эже, жашоонун кызыгы эмнеде деп ойлойсуз?
- Мм… жашоонун кызыгыбы… менимче, жер бетинде эки аягың аман-соо тирүү жүргөнүңдө болуш керек. Бир жериң ооруп калса эч нерсе көзүңө көрүнбөй күнүң бүтүп бараткандай эле болот. Ошондуктан бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кубанып, бирде капаланып жүргөнүңдүн өзү жашоонун кызыгы деп ойлойм.
- "Жамгыр" деген ырыңыздын клибиндеги актёрду сиздин жигитиңиз деп укканым бар. Ушул чынбы?
- Жок. Бул туура эмес маалымат. Ал жөн гана клипте менин жигитимдин ролун аткарган Жеңиш аттуу актёр жигит. Биздин кыргыздар карап койсоң сүйдү, сүйүп койсоң жүрдү кылып жиберишет. Бир жолу Кочкор районундагы Жеңиштин айылына концерт коюп барсам, кичинекей жаш балдар "Жеңиш байкенин аялы болосузбу?" деп сурашты. Ошол клиптен кийин Жеңиш экөөбүздү үйлөндүрүп да коюшту. Чыныгы жашоодо Жеңиш экөөбүздүн ортобузда сыйдан башка жакын мамиле жок.
- Жалгыздыктан тажаган учуруңуз болобу?
- Болот. Андай убакта үнүмдү бийик чыгарып ыйлап, өзүмдү жеңилдетип алам.
- Эгер сиз "Боз салкын" кинотасмасындагы Асеманын образындагыдай тагдырга туш болуп калсаңыз эмне кылат элеңиз? Тааныбаган адам менен жайлоодо турмуш курууга макул болот белеңиз?
- Бул соболду мындан 10 жыл мурун берсеңиз элестетип отуруп жооп берет элем. Азыр мен андай убактан өттүм. Даап келип эч ким деле ала кача албайт. Бирок, мен өзүм сүйгөн адам менен жайлоодо эмес чытырман токойдо, керек болсо эл жашабаган ээн талаада да күн өткөрүүгө даярмын.

Алмазбек
- Айылдын жумуштарына кандайсыз? Уй саап, бээ саап, боорсок жасап, нан жапканды билесизби?
- Өзүм айылдын топурагында эле томолонуп өсүп чоңойсом анан кантип айылдын жумуштарын жасай албайын. 7-классымдан тартып нан жапканды үйрөнгөм. Уйду болсо колдон келишинче саай алам. Ал эми боорсокту мен эле эмес бардык аялзаты жасай алат болуш керек. Чынын айтсам, бээни былтыр биринчи жолу "Нукура кыргыз" теледолбоорунда саадым.
- Сахнадагы сырдаш досуңуз ким?
- Бардык эле интервьюларымда айтып келгендей эң жакын сырдаш досум Салима Балтаева. Салима менен сахнага чыккан кезден баштап таанышмын.
- Биринчи жолу кимден сүйүү катын алдыңыз эле?
- Анда 9-класс элем. Альбомдун актай барагына "Кандайсың сүйгөнүм, кечинде кайсы жерден жолугабыз? деп сүйгөнүң" деп бир классташ балам биринчи жолу кат жазган. Бирок ага мен жооп кайтарган эмесмин. Бул эми жөн гана балалык сезим болуш керек.
- Жол эрежесин бузуп МАИге кармалган учуруңуз болдубу?
- Азыркы машинамды алганыма 1 жума болгондон кийин шаар ичинде бир жолу МАИге кармалып,ременимди тагынбай койгондугум үчүн штраф төлөдүм. Дагы бир ирет кечээ жакында Канттан келатсам МАИчилер дагы алдымдан чыгып, мени көргөндөн кийин маданияттуу түрдө "үйүңүзгө жакшы жетип алыңыз" деп узатып койду. Муну менен мен ырчымын деп мактанбайм, болгону өзүң ойлобогондой ар кандай учурлар кездеше берет экен.

Олжобай
- Классташ кыздарыңыздын арасында эмнеңиз менен айырмаланат элеңиз?
- Кароо-сынактарга көбүрөөк катышкандыгым менен өзгөчөлөнөт элем. Анан да кандай гана сынак болбосун дайыма Жиминин ролун аткарчумун. Ошондон улам мени мектепте "Жими" деп коюшчу.
- Залдагы жыш толгон элди көрүп башыңыз айланып кетсе керек ээ?
- Ха-ха-ха. Башым көп эле айланат. Сиз сахнанын сүрүн айтып жатат окшойсуз. Азыркыга чейин ар бир сахнага чыккан сайын толкунданып турам. Эл алдындагы жоопкерчилик сөзсүз сүрдөтөт.
- Үйүңүздө да боёнуп жүрөсүзбү?
- Мен негизи көчөдө деле көп боёно бербейм. Үйдө болсо таптакыр боёнбойм.
- Кайсы тарифти колдонуп жүрөсүз?
- Азыр "Нактага" өтүп алгам.
- Машинаңызды жай айдайсызбы же ылдамбы?
- "Кыбыраган кыр ашат" дегендей жай эле шашпай айдайм. Мен өзү камырабай жүргөн адамдарга кошулам.
- Сиздин устатыңыз ким?
- Мени сахнага алып чыгып, чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшүшүмө көмөгүн көрсөткөн Бек Борбиев болду. Андыктан менин устатым деп Бек Борбиевди айтаар элем.
- Чачыңызды канча күндө бир кыскартып турасыз?
- Эки айда бир жолу салонго барып турам.
- Менин агам алакачып кетсе мага жеңе болот белеңиз?
- (Күлүп) Мага ылайык агаң барбы?
- Жок да ошо. Бирок таякем бар.
- Анда таекеңе айт, эртерээк ала качсын, сага жеңе болуп калайын макулбу?
- Чын элеби?..

P.S. Маегибиз оңдолбостон өзгөртүүсүз берилди.
Бу жолку баарлашууга балалык сезимден арыла элек бала кыял күйөрмандар келген үчүн бир сааттык маегибиз күлкү менен коштолду. Жыйынтыгында Нуриса айымды кумир туткан күйөрмандары анын ырларын өздөрү ырдап берип, андан соң Нуриса Абазова суроолор боюнча "Эски бак" деген ырын жандуу үн менен аткарып, күйөрмандарын жылуу маанайда узатты.









??.??