Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Атактуунун арзуусу

Токтайым Үмөталиева, коомдук ишмер:
"Жүрөктүн сыздаганын акыл менен жеңүү керек…"
- Сөз учугун бал татыган балалык кезден баштасак? Кайсыл жердин кызы болосуз? Кичинеңизде кандай элеңиз?
- Мм… Балалык баёо кезди эске түшүргөнүңүз жакшы болду. Мен бетегеси белден буралган, жайкалган жайлоосу менен көркөмү ашып-ташкан айтылуу Таластын кызы болом. Балалыгым Бакай- Ата ( мурдагы Ленинполь) айылында өттү. Өзгөчө кооз айыл эле.
Менин бактым- ушул айыл жеринде төрөлүп, кереметтүү тоонун бийиктигин, тазалыгын, аруулугун жан дүйнөмө сиңирип өскөндүгүм болду окшобойбу.
Тентек, шок кыз элем. Айтканымды, дегенимди берчү эмесмин. Бирок, жоопкерчиликтүү болчумун. Таң заардан туруп алып, чөп чаап, мал кайтарышып, айтор, айыл жеринде боло келүүчү тиричилик камылгаларына кол кабыш кылышчумун. Аны намыс катары деле эсептебечүмүн.
Анан да кызыгы, 2-класста окуп жүргөнүмдө тамеки талаасында иштеген балдарды көрүп, мен да иштегим келип, кызыгуум артып туруп алды. Ошентип, мен да тамеки терип, маңдай тер төгүп, белсенип иштеп калдым. Кечиндеси суй жыгылып, чарчап-чаалыгып үйгө жөнөмөй.
Чыныгы адал эмгектин ушунчалык ырахаттуу болоорлугун бала күнүмдөн билип калдым. Биздин айылдагы колхоздун төрагасы Камалов деген киши эле. Ал киши уюштуруу иштерине өзгөчө маани берип, ар кандай чогулуштарды, майрамдык кечелерди үзгүлтүксүз өткөрүп турчу.
Мен ошол кезде эле сөзгө чебер, оратор болсом керек. Андайда алып баруучулук милдетти мага жүктөп коюшчу.
Мектепти ийгилик менен аяктаган соң, борборго келип, Жогорку окуу жайынын физика бөлүмүнө тапшырып калдым. Бул учур менин жашоомдогу дагы бир чоң бакыт деп эсептейм. Дал ушул мен окуган бөлүмдөн "Мен" деген академиктер, Ө.Текебаев, М.Султанов өңдүү бир катар белдүү, белгилүү саясатчылар окуп чыгышкан.
Белгилей кетүүчү нерсе, биз ал кезде "Түндүк, түштүк" дегенди билчү эмеспиз. Анда биздин негизги ой-тилегибиз - илимден жаркыраган жол табуу, келечекке карай акыйкат ураан менен кетүү болчу.
Не деген профессионал педагогдордун сабагын алдык. Мына, ушундай жөнөкөй, бирок, улуу адамдардын тарбиясы биздин ийгилигибизди арттырып, адам болушубузга таасирин тийгизди десем жаңылбайм.
Ушул көп жылдык эмгек жолумда жогоруда сөз кылган татыктуу, таза адамдардан алган сабагымдын үзүрүн көрүп келем.
- Сиздердин бакубат коломтоңуздар туурасында да уксак?
- Жашоомдун шам чырагы болуп, кулпуруп өскөн гүл сымал жайнаган үч кызым бар. "Жумуш" деп жүрүп, кыздарымдын билинбей эле бой жетип, чоңоюп калышканын да байкабай калыптырмын.
Ортоңку кызым турмушка чыгып, азыр жээн-неберелүү болуп, кубанычыбыз чоң десем жарашат. Мен үчүн турмуштун кызыгы эми башталгандай… Балдарымдын ийгилигин көрүп, өзүмдү кереметтүү, ажайып кооз гүл бакчада жүргөндөй сезем. Неберелүү болгондон кийин эмнегедир өзүмдү жашаргандай, дүйнөгө кайра жаралгандай бакубаттуулукту туям.
- Окуучулук, студенттик жылдарыңызда сизди да арзуу тору өзүнө арбаган чыгаар?...
- Кандай десем… Мен окуучулук кезимден тарта активисттердин катарында турчумун. Ошондон улам, менин ой-тилегимдин баары өйдөдө болоор эле. Ал турсун кай бир учурларда кыялымда космонавт болгум келип кетчү. Эсимде, мени айланчыктаган балдар өтө көп болчу.
5-классымда болсо керек. Класста олтурганыбызда орус кыздар сүйүү туурасында ыр жазып жатышканын көрүп, мен да намысыма келип, ашыглык саптарын келиштире жаздым. Анан ал ырымды үйдөн апам байкоосуздан көрүп калды да, сазайымды берди. Ал кезде тартип деген катуу болчу. Апамдын: "Эмитен оюң сүйүү болуп, арзуу саптарын жазганың эмнең?!" деген урушунан соң, ырын да, сүйүүсүн да ойлоодон коркуп калдым.
Жөн гана балалык баёо сезимдер менен убактылуу жактырып калуу адаты баарында эле болсо керек.
Биринчи махабатым 1-курста окуп жүргөнүмдө келди. Жаштык кезде андай көңүл ачуучу көз ирмемедик минуталар боло берчү көрүнүш да. Ал эми чыныгы , чоң махабатка кийинчерээк туш болдум. Тагыраагы, арзуунун кереметин мага өмүрлүк жолдошум ыроолоду.
- Дал ошол махабаттын тазалыгын, бийиктигин тартуулаган түгөйүңүз тууралуу кандай ой айта аласыз?
- Бул адам өтө кызыктуу, бир мүнөздүү жана оригиналдуу. Үйбүлөлүк жашоо-бул чыгармачылык толкун. Мен үйбүлөлүк театрга сапар алган соң, андагы ойнолчу спектаклде өзүмдүн актрисалык жөндөмүмдү байкадым. Менимче, мен үйбүлөлүк спектаклде жаман актриса эмесмин. Эгер өзүңдүн ролуңду жеткилең ойной алсаң, демек, бул үйбүлөлүк бакыттын урагыс, ажырагыс бекемдигин, туруктуулугун айгинелейт.
Анткени, эң оор, олуттуу мектеп - коломто болуп саналат. Бул жерде сезим, урматтоо, сабырдуулук жана өзгөчө кечиримдүүлүк болбосо, аны сактап калуу да кыйынга турат.
- Жаштык кезде Мажнун болуп күйгөн мырзалардын каттарын алдыңыз беле?
- Мм… Андай каттар эсимде жок. Мени өтө жакшы көргөн жигиттерге кандайдыр бир кызыгуу болот эле. Бирок, мырзалар сезимин билдирип, жабыша баштаганда эмнегедир андай кызыгуулар тез эле өчүп калчу. Чынын айтсам, жолдошума чейин жүрөгүмө так калтырып, сезимимди козгой турган мырзаны жолуктурганым жок.
- Түгөйүңүз менен канча убакыт сүйлөшүп жүрдүңүздөр? Дегеним, канча аралыктан кийин чоң турмушка багыт алдыңыздар?
- (Күлүп…) Негизи мен бир нерсени баштасам, эртерээк бүтүргөнгө шашам. Үч ай гана кыска убакыт кыз-жигит болуп жүрүп, анан шарт эле бакыт өргөөсүнө барып, түгөйлөрдөн болуп калдык.
- Сиз шартылдап, анча-мынча жигиттерден өйдө жүрөсүз. Бул жеке жашооңузга кандай таасир берет?
- Шарт-шурт, ачык мүнөзүм кээде жакшы, а кээде терс таасирин берип калат. Маселен, мен келин болуп барганда алгач кайындарымдын көз карашына, алардын мектебине көнүп кетүүм оорчулук туудурган. Ар нерсени шарт-шурт, тескери кыла коюп: "Кокуй!" деп олтуруп калган кездер да болбой койгон жок. Антсе да, баарына көнүп, туура баамдап, түшүнүшүү менен утурумдук кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келди.
- Көп аял алууга кандай карайт элеңиз?
- Убактылуу азгырыкка малынып, өз канынан чыккан балдарынын келечегин аттап кетип жаткан аталар мамлекеттин үстүнөн аттабайт деп ким кепилдик бере алат?!
Учурда саясатта эмне болуп жатат? Бир топ саясатчылар акыл, аң-сезим менен иштебей, жүрөк сезиминин башкаруусунда иштеп жатышат. Булар албетте, мамлекетти сатат. Анын эртеңин талкалайт. Кыскасы, үйбүлөнүн башын аттаган адамдан жакшы нерсе күтүп болбойт.
- Кайындарыңызга барып калганыңызда жоолук салынып, жүгүнүп дегендей, кыскасы кыргыздын салтын кармайсызбы? Келиндик милдетиңизди аткарасызбы?
- Дал ошондой. Жоолук салынам, кадимкидей жүгүнөм. Жүгүнүү-бул кыргыз элинин касиеттүүлүгүнүн, бийиктигинин символу деп түшүнөм. "Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" демекчи, жүгүнгөн сайын кадырман карылар бата берет. А "Бата" деген маалыматтык чоң белги. Анда чоң күч бар. Бата-жакшылыктын үлгүсү. Ошондуктан, колдон келсе, салтыбыздын пайдалуу жактарын аздектеп жүрсөк оң натыйжасын берет деп ишенем. Мен келиндерибизге: "Чын ниеттен жүгүнүп, дегеле, кыргыздын баалуу каада-салттарын карманып, карылардан бата алып жүргүлө" деп айтаар элем.
- Жолдошуңузду эркелетесизби?
- Чынында эркектер бош келет. Аларды дайым эркелетип, жылуу сөз айтып туруу зарыл. Аял жакшысы жаман эркекти да жаркытып турат. Керек болсо, аны туу кылып көтөрүп, кыраан бүркүт кылып таптап алат. Тескерисинче, акылсыз аял жакшы эркекти да ылайга оонатып, беделин түшүрүп, жүдөгөн короз кейпин кийгизип коёт. Колдон келсе, эркекти бапестеп, барктоо абзел.
- Дал ушул мезгилде кечиккен махабатка кабылып калуудан коркпойсузбу?
- (Күлүп…) Бул өтө коркунучтуу. (Тамашалап…) Андай болсо, мен сезимдер деңизинен чыккым келбей, сүзүп жүрө берет белем… Бирок, ошондой болсо да мен жүрөк сезимине эмес, акылга баш ием. Жүрөктүн сыздаганын акыл менен жеңиш керек. Биздин курагыбызда баарыдан да үйбүлө башкы орунда турса керек.
- Сиз жактырган анекдот?
- Көбүнчө саясий анекдоттор жагат. Жолдо кыргыздын падышасы менен казактын падышасы кетип баратышкан болот. Алар алдынан бакал жеп, жолдо олтурган кыргыздын жигитин көрүшөт. Анда казактын падышасы: "Эй боорум, сага эмне болду?" дейт. Жигит: "Ушундай оор абалга келип калдык" десе: "Ме, миллион доллар" деп казак падышасы кетип калат. Артынан кыргыздын падышасы келип: "Эй, сага эмне болду?" десе жигит айтат: "Кыйналып, бакал чайнап олтурам". Анда биздин падыша: "Ой, атаң оозун урайын, биринчи көк чөптөн жеп, түгөтпөйсүңбү. Бакалды болсо кышкыга калтырбайсыңбы?!" деген экен.

Баарлашкан Н. САГЫНБАЕВА










??.??