Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Адабият айдыңы

Мирлан Самыйкожо, акын:
"Өмүрдөн өлүм артык сезилип турганы чын"
- Алгачкы сөздү сиздин ыр саптарыңыз менен баштагым келип жатат.
Бирди эмес беш-алтыны сүйгөнбүз,
Бирге эмес беш жалынга күйгөнбүз.
Баарын бирдей жонубузга көтөрүп,
Бар балээни башыбызга үйгөнбүз - дегендей чындап эле беш-алтоону сүйгөнсүзбү?
- Жүрөктөн чыккан нерсени жазса ошол жакшы да, бул ырды мен мектепте окуп жүргөндө жазгам. Мен ойлойм, бул ыр менен өзүмдүн бирге окуган классташ балдарымдын оюн да билдиргем. Мектепте окуп жүргөндө кыздарга кат жазып, ырларды арнаган учурлар көп эле болгон. Балдардын каттарын мен оңдоп жазып берчүмүн. Мүмкүн ошондон улам жазылгандыр.
- Ашык болгон адам акын болот дешет, сизге кандай учур таасир этет?
- Жүрөгүңдү тээп чыгып кетчүдөй сезим болот. Буулуктуруп, карайлатып келип столго олтургузуп коёт, туңгуюктун туюгуна туйлаган тулпардай чыңырып, өзүңө-өзүң ээ боло албай каласың. Ошол учурда ташкындаган ыр берметин жазып калтырам.
- Бир кечеде кыргыз кыздарга нааразы болгон ырыңызды уктум эле, кыргыз кыздардан чындап көңүлүңүз калды беле?
- Жок, антип айтуудан алысмын. Бирок, башка улуттун жигиттерине башын байлап кетип жаткандарына өкүнөм. Алар кыргыз жигиттерине баш кошсо, балким дагы бир Манас төрөлөт беле деген ой жатат.
- Бойдокчулукка чекит койгонуңузга аз гана убакыт болуптур. Жүрөгүңүздү багындырган бийкеч тууралуу айтсаңыз?
- Туура, үйлөнгөнүмө аз гана убакыт болду. Үйбүлө кургандан кийин эки жакка басканың токтоп, жоопкерчилик менен иш кылат экенсиң. Үйгө эрте барып дегендей. Алган жарым жүрөгүмдө жашаган жалгыз ханышам десем болот. Сүйүү-бул тереңине көз, кереңине сөз жетпеген таза, ыйык нерсе экен. Азыркы учурда бири-бирибизге көнүшүп жашап жатабыз.
- Демек, сүйүүнүн бар экенине ишенет экенсиз да?
- Албетте, сүйүү бар. Илгертеден келаткан махабат дастандарын мисал кылып, таза сүйүүнүн бар экенин даңазалап келебиз.
Жандуунун баары сүйүү деп гана
жашашат,
Жанымды берип тартайын түркүн
машакат.
Жапжалгыз өзүм жарым жан болбой калайын,
Жок болбой дайым жүрөктө жансын
махабат
- дегендей менин ырларымда махабаттын чыныгы уюткусу жатканын байкасаңыз болот. Сүйүү болгон үчүн дүйнө сулуу, аалам көрктүү.
- Азыркы учурда адабият чөйрөсүнө агылып келаткан жаштардын саны көбөйүүдө деп ойлойсузбу?
- Ар бир учурдун өз агымы, өз күйөрман талапкерлери бар сыяктуу, адабият чөйрөсүнө агылып, баш оту менен берилген жаштар абдан көп. Поэзия, проза боюнча биздин "калемгер адабий" клубунда тарбияланып жаткан талапкерлер, Манас фондусунда манасчылар деги эле адабиятка кызыккан жаштарыбыз арбын десек болот.

Улуттун уул төрөчү перилери,
Баарыңар аман-эсен барсыңарбы?
Кыргыздын кыраан шумкар жигиттери,
Жүрөбү баалай албай баркыңарды?

Өзүңөр арыңарды тебелетип,
"Өзгө эрибей жатка эрип" турган үчүн.
Өзөктөн өрт тутанып, намыс күйүп,
Өмүрдөн өлүм артык сезилип
турганы чын!

Сактабай салт-каадаңды, абийириңди,
Селсаяк, дейди болуп калдыңарбы?
Сага эмес, түпкү атаңа жакшылык
жасабаган,
Санаасы, сайы бөлөк,
Кайнаса каны бөлөк,
Кайдагы кас душманга,
Жалооруп көзүн карап,
Жагынып, тизе бүгүп бардыңарбы?
Же эмне, биз бере алгыс жылуулукту,
Жагымдуу бизден көргүс сулуулукту.
Алардан эки эселеп, үч эселеп,
Бизде жок улуулукту таап алып,
Жашоонун жыргалына,
Махабат кумарына кандыңарбы?!

Кыздар эй! Баасы түшкөн бөөдөй болуп,
Суйкайган көркүңөрдү соодалап
саттыңарбы.
Таалайлуу тагдырыңды тайкы кылып,
Татар, түрк, орус, негр, кытайларга.
Опоңой олжо болуп,
Багынып, байлап берип бактыңарды!
Баргыла! Жашагыла, узагыла!
Бакубат бакыт болуп,
Бал болуп балкыгыла,
Башканын кучагына.

Маектешкен Айнура Султанова





(Башталышы
өткөн сандарда)
Ансыз да майда тырыш баскан саргыч жүзү сөөгүнө жабышып, чалдын күлүп же мостоюп турганы такыр сезилбейт. Кыжыры келген Бөрүбай орой жооп берди.
- Чекеге чыккан чыйкан болдуң го. Дагы кандай дооң бар бизде?
- Мен силерди куттуктап жатам… Тилегеним жакшылык.
- Качантан бери бизге жакшылык тилеп калгансың?
Чал күлдү:
- Мен силерге жамандык да кыла элекмин.
- Жамандык кылбасаң, биз сегиз жыл жапа чегет белек?
- Сегиз жыл силер сыноодон өттүңөр.
- Сенин буйругуң менен…
Бөрүбайдын кыжырланганына чал капа болгон жок:
- Кудайдын буйругу ал, пендем.
- Анда Кудайдын көзү бизге түз экен.
- Кудай эч кимди алдабайт.
- Аны мен да билием.
- Ошон үчүн силерди куттуктап жатам…
- Андай болсо бизге жол бериңиз, ата? - Эринин чапанын жамынган Арзыгүл жүгүнүп койду.
- Башыңдан бактың кетпесин! Этегиңден жалга келин бала.
Чалдын батасына ийиген келин ага кайрадан үч ирет жүгүндү. Чал да жибип кетип, үнү дирилдеп мээрим чачты.
- Умай эненин жолун жолдо. Ылайым ырыстан кем болбо, -дей берип, башы салаңдай түштү. -Мен жөнүндөгү оюңду толук билем. Бирок ага анча капа болбойм. Эгер менде ошончолук кемчилик болсо, ал адам тукумуна таандык. Өзүң айткандай адам тукуму жакшырмайынча ал кемчилик башыбыз менен кошо жатар…
Келин уялгандай башын салды:
- Жан кашайганда, мүмкүн сизди көбүрөөк каралагандырмын.
- Аны билем дечи.
- Мен ойлогондой караманча эле жаман адам эмес экениңизди азыр сезип турам, ата.
- Ырас, ошончолук жаман болсом эл ичине батамбы. Дегинкиси, сиз айткан мыкаачылык менен боорукерлик көп кишинин табиятында чогуу жашайт…
Келин кейиди:
- Деги, адам тукуму андан качан арылат?
- Акыры келип арылары анык. Ал үчүн көп жыл бар…
- Качан деги?
Чал сөздү башкага бурду:
- Сиз айткан үч мээримге башында мен ишенген эмесмин.
- Эмичи, ата?
- Эми ишендим! Өзгөчө кийинки эки мээримге. Көрсө, бала менен эненин мээриминен артык эч нерсе жок тура. Сени адам катарына кошкон да ошол эки мээримдин күчү.
Келин жылмайды:
- Ансыз мен бул жерде турбас элем.
Чал кайрадан каада күттү.
- Адам тукуму бактылуу болуш үчүн үч сезим кантсе да аздык кылат.
Келин чочуп кетти.
- Кандайча?
- Анүчүн, мен силерге бир тамсил айтып берейин.
Чал дагы бир балээни баштабасын деп, кепке Бөрүбай аралашты:
- Аксакал, биз үйүбүзгө кетсек…
- Бир бээ саамчалык убактыңарды бөлгүлө. Тамсил силер үчүн эмес, мына бул наристе үчүн керек.
Бөрүбай нааразы болду:
- Ошончолук элеби?
- Ооба! - Чал кесе айтты.
Арзыгүл баласын сүйүп жатып сүйлөдү:
- Бала үчүн болсо айтсын…
Чал жалпак таштын үстүндө мандаш урунуп отура калды. тигил үчөө анын оозун тиктөөдө. Асман чайыттай ачык, чаңкай түш чен эле..
**
Баш аягы жок чер токойдо, кенен токойдо көптөгөн башка айбанаттар сыяктуу эле Арстан менен карышкырлардын көк жалы Кабылан да жашашчу - деп баштады Бакалбай. -Жан-жаныбарлардын бардыгы экөөнү тең сыйлашчу, экөөнү тең урматташчу жана экөөнөн тең чочуй турушкан.
Күрүлдөй үн чыгарып, арстан түнт токойду аралап өткөндө айбанаттардын баары жүгүнүп салам айтып, кээси айбыккандан жашына калышып, анын көзүнө тик карай алышпай, айтор, айлалары кете турган. Түйшүк, кырсык санаасына келбеген Арстан: - Түнт токойдун, жашыл токойдун ээси, падышасы менмин, дечү. Ага ким айбат кылсын, бул ойлогону чын эле.
Кабылан да бекеринен келбей турган шерлердин бири. Ал дагы чер токойду жойлоп өткөндө жан-жаныбар бүт бойдон ага да таазим этишип, аны да куттуктай, салам айтуусунан жазышпай турган.
Экөөнүн жеген жеми, уулаган аңы, кылган тиричилиги эки бөлөк болсо да жашаган токою, ичкен суусу, көргөн күнү, сыйынган кудайы бир болчу. Бирок андай экенин экөө тең ал кезде капарына алышкан жок. Ошол жөнүндө ойлоп да коюшпай бейкам жүргөн кездеринде кокусунан экөөнүн ортосунда жаңжал чыкты. Жаңжалдын отун тутанткан кадимки эле Момолой чычкан болду. Кой оозунан чөп албаган, момун жана сыпайы деген Момолойдун ошончого барарын адегенде экөө тең аңдай алышкан жок. Арстандын түнөгүнө жакын ийинде жашаган Момолой дүйүм чөптүн тамыры менен жер-жемиштин данын тандап жей берип аябай семирип, акырында Арстанга үйүр алышып кетти да, курулай эрдемсиген, көпкөн жубарымбек чириген эски дүмүрдүн үстүнө чыгып алып чыртылдап, чыңкылдап, эртели кеч тили буудай кууруп сайрай берет:
- Кабыландын ичи сага бузук, Шерим. Анын сага оң санайын деген ою жок. Сени жоготсом дегенде эки көзү төрт. Бая күнү анын сен жөнүндө кыжырланып жатканын өз кулагым менен уктум…
Кебелбеген Арстан башын көтөрбөй бейкам бурк этти:
- Ал макулук эмне деп жатыптыр?
- Айтып келатпаймынбы, сырттаным. Уксаң?...
- Айта бер, кулак сенде!
- Айтса байкатпай келип сени уктап жаткан жериңден жара тартып салуунун амалын ойлоп жүрөт ал желмогуз.
- Анте турган кандай себеби бар экен?
- Ушул кереметтүү кооз токойду жалгыз ээлесем деген тилекте да ал ыймансыз.
- Ошондойбу! - жини келген Арстан башын көтөрө берип, комдоно калды.
- Калп айтсам, жаным чыксын. Калп айтсам, ылайым ийинден чыкпай калайын. - Жаны күйгөн, ак жүрөк эмече молойгон каапыр ыйлап жиберди.
Момолойдун айтканына ишенбеске аңгөөдөк Арстанда эми арга калган жок. Жүрөгү алып учуп, кыжыры келген ал:
- Көрсөтөм мен ал итке! -деп туш жагындагы бейчеки өсүп турган кайыңды бир койгондо, терең белинен чорт сынды.
Арстандын каны дүүлүгүп, чыны менен Кабыланды жара тартып сала турган абалда жүргөндө ал каапыр айтып аны көкүттү:
- Арстанды кудай урду. Мен ага кошуна турам го. Эртели кеч эле ызырынганы, эңсегени сен.
- Өзүм тийишпесем делеби!
- Аны менен иши жок, көпкөн да. Ал итти жок кылмайынча жаным жай албайт дейт. Сени иттин тукуму деп шылдыңдап жатканын көрчү. Деги сак бол, Сырттаным:
Кабылан боюн керип кебелген жок.
- Ишенбейм айтканыңа, Момолоюм.
- Калп айтсам жаным чыксын. Ылайым ийиндин ичинде жатып чирип өлөйүн. Айтканымдын баары чын. Байка, шерим.
Ордунан ыргып турган Кабылан эми чындап такыды.
- Айтчы, мен ага кай жеримден жазыптырмын? Эмне күнөө кылыпмын?
- А, Сырттаным! Билем: аңкоолук, кенебестик, баатырдын иши. Дегинкиси, себепсиз кантип эле ачуулансын…
- А андай болсо билгениңди айт! -деди, Кабылан жүнүн үрпөйтүп.
Момолой чаңкылдады:
- Билип ал, Сырттаным. Эсиңе түйүп жүр, Кабыланым. Токойдогу айбанаттын баары сени да сыйлайт. Арстанды да кандай көрүшсө, сени да ошондой көрүшөт.









??.??