Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Клип таржымалы

"Асем кыз"
Көп кырдуу таланттын ээси Асеманы күйөрмандары эми ырчы, бийчи катары да тааный башташты. Өткөн санда айтылгандай жаңы ыр "Асем кыздын" клиби тууралуу айтып бермекчибиз.

Асем кыз
сөзү: Жыпара Исабаеваныкы
Обону: Асеманыкы

Сен өзүң ыр окшойсуң түгөнбөгөн,
Эриниң, каректериң, каштарың да.
Асем кыз айтып, жазып бүтө албаган,
Ыргагы окшойт ырдын басканы да.

Аай-ай, ах-ах-ах кандай кереметсиң,
жакшынасың,
Сарсанаам сагынтасың, жакшырасың.
Акылдан адаштырып, айтчы неге
Ар башка азабыңды тарттырасың эй

Мен сени жазып бүтпөйт көрүнөмүн,
Элесиң ээрчийт бүтпөйт көрүнөмүн.
Көлкүлдөп ырга айланып өзүң дагы
Ак кардай кагазыңа төгүлөмүн.

"Акын кыздын Асем кызга айланышы"
Азыркы учурда Асеманын репертуарында онго жакын ырлары бар. Алардын ичинен эл оозуна алына баштаган "Асем кыз" ыры белгилүү. Бул ырдын обонун Асема өзү чыгарган. Буга чейин акындар менен иштешип келгендиктен Жыпара Исабаеванын китебин барактап отуруп, "Акын кыз" деген ырын өзүнүн обонуна туура келгенин байкап, анын уруксаты менен ырдап чыкканга макулдук алат.
Акын кыздын жигитке арнап жазган ыры, ошентип Асем кызга айланат. Аранжировкасын Бакыт аттуу мырза жасап, кийин Аслан Исабаев кайрадан иштеп чыккан.
Ырдын жаралганына үч айдай убакыт болсо да, өз күйөрмандарын таап калганын байкасак болот.

Союз учурундагы айнек
заводунан тартылган клип
Асем кыздын сценарийи башка клиптерден айырмаланып Асеманын өзүнө таандык. Кийин продюсери тартылуучу жайларга жана шартка жараша өзгөртүп кошумчалаган. Клиптин тартылышы көп адамдардын эмгегинен жаралды. Башкача айтканда, режиссёру Айбек Дайырбеков, администратору Тынчтыкбек Кожобеков, декаратор З. Илипов жардамчылары менен продюсери Акжол тартышкан. Алгач сценарий боюнча клиптин электрондук вариантын түзүп чыгышып, анан тартылуучу жайларды ылайыкташтырышкан. Акырында, союз учурундагы көңүл бурулбай калган таштанды айнек заводуна токтолушуп сценарийде, маданияттуу, сулуу бийчи кыздар эч ким барбаган ээн жерлерден өздөрүн эркин сезишип даярданып бийлеп жаткандары чагылдырылган.
Клипте Асеманын кыздары жана бир мектепте чогуу окуган классташ балдары тартылган.
Асеманы жактырган кичинекей баланын ролун кореец улутундагы Гоша ойногон. Өздөрүнчө ойноп жүргөн балдар кыздардын жөнөкөй кийимдери менен бийлеп жаткандарын сынык айнектерден шыкаалап, алардын чыгыш формачан бийлегендерин кыялданып элестетишет. Ал эми Асема айдаган кызыл түстөгү машинаны продюсери Акжол Нишанов таап берген. Клиптеги кыйынчылыктар балдар менен иштөөдө өтө көп болуп, бир күн убакыт кеткенин режиссёру Айбек белгилеп өттү. Негизги өзгөчөлүгү катары "Боз салкын" кино тасмасын тарткан камеранын колдонулганын айтпасак болбойт. Талыкпаган эмгек, изденүүнүн аракетинде клип эки күндө тартылып бүткөн.
Продюсери Акжол Нишановдун айтуусуна караганда бул клип режиссёрдун купулуна толуп, "визитка" катары колдонгонго татыктуу экенин жашырган жок.

Кыргызча түшүнбөй
балмуздак сураган балдар
Клипти бир көргөн адам кайсыл жеринде дубльдар кайталанып, кандай күлкүлүү учурлары болгонун өздөрү сезишсе керек. "Бала баланын иши чала" деп апаларыбыз тилдеп калчу эле. Анын сыңарындай клипке тартылган балдар шуулдап, тың болушкандыктан роль аткарып жатканда чуркап кетишип чала ойногон учурларында бардыгы күлүп, ар бирин араң кармап балмуздак, таттуулар менен алдашкан. Кыргызча түшүнбөгөн балдарга кайра-кайра балмуздакты сунуштаганга туура келген.
Таштанды эски жерде ыңгайлуу шарт эмес, кол жууганга суу жок болгондуктан, аксуу менен бети-колун жуушуп улам суу ташып келишкен.
Клипке кошулбай калган Асеманын жамгырдын алдында суу болуп бийлеген жери да бар. Алгач режиссёр көлчүктөгү сууну шланга менен сордуруп Асеманын үстүнөн чачышкан. Ал болсо көп жылдардан берки колдонулбаган сасып калган суу экен. Бир убакта суунун сасыктыгы мурунга келип, клип тартуучу жамаат күлүшсө, бир жагынан чирип бараткан көлчүккө таң калышкан. Суу ташыгыч машинанын жоктугунан бул сьюжет клипке жарабай калган. Суу болгон Асема сьемкадан кийин бир аз сыркоолоп, клип бүтөөрү менен эртеси Бакуга учкан.
Клиптин ийгиликке жетишин каалаган продюсер Акжол суу ташып, балмуздак алып келип, зымдарды улаштырып, палоо басканга жардам берип, жөнөкөй жумушчу болгонун жашырган жок.
Мына ушундай күлкүлүү окуяларды, кызыктуу учурларды өзүнө камтыган клиптер элдин купулуна толуп жатканы күйөрмандарды сүйүндүрөт.
P.S. Сиздер үчүн кийинки санга Ирлан Таалайбековдун "Кыздар ай" клиби жөнүндө баяндап бермекчибиз.
Даярдаган Айнура Султанова










??.??





??.??