Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Дарамет

Ар бир кесип ардактуу
Кесип… Дал ушул сөздө көп маани камтылган. Бала төрөлөт. Бой жетип чоңоёт. Анан чоң турмуш сапарына багыт алат. Өз жөндөмүнө, шыгына, дараметине жараша кесип тандайт.
Кесип демекчи, ал адам жашоосундагы эң башкы жол. Өз кесибинин профессионалы болуп, ата-бабаларыбыз айтмакчы, адал эмгектен ырахат алып жашоо кандай бакыт.
Бүгүнкү күндө социалдык проблемалар өтө көп. Мындай шартта, биринчи орунда өз кесибинин алдыңкысы болуу эмес, акча маселеси тургандыгы чын. Антсе да талбаган эмгегинин натыжасында баар таап, "Ар бир кесип ардактуу" экендигин далилдеген каармандарыбыз да жок эмес.

Кесип - адамдын эмес, адам кесиптин ажарын ачат
Жыпар Жекшеев, Кыргыз
Республикасындагы
Юнесконун иштери боюнча улуттук комиссиясынын
башкы жетекчиси
Үч дипломдуу бул адамдын негизги кесиби - сүрөтчү. Бирок, ал элге саясатчы, коомдук ишмер катары таанылганы белгилүү.
Убагында депутат болуп турган учурунда бир топ алгылыктуу эмгектерди жасаганын билебиз. Ал эми жеке турмушунда Жыпар ага өтө жөнөкөй, эл катары эле жашайт. Кабат үйдө турат. Учурда 10000 сом өлчөмүндө айлык алат. Бир айда эки-үч жолу үйбүлөсүн тиричилик камы менен камсыз кылып турат. Маянасын бир айга жеткиргенге аракет кылат. Депутат кезинде азыркыга салыштырмалуу айлыгы бир топ жогору болгон.
Тамеки тартпайт. Иш учурунда ар кандай жагдайда түштөнөт. Маселен, кай бир учурларда теңтуштары келип, түштөнүүгө чакырышса, кээде атайын үйүнө барып тамактанат.
1989-жылдан тартып, коомдук иштерде жүргөн Жыпар ага кесип тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып өттү. "Элибизде "Ар бир кесип ардактуу" деп калетсиз айтылган.
Кесип- адамдын эмес, адам кесиптин ажарын ачат. Андыктан, ар бир адам кесип тандоодо жаңылбай, түз, таза жолду тандап, ыйман менен кетсе, кандай кесип болбосун, андан баар табаары чын.
Менин тапкан табылгам ушул - мен материалдык байлык таппадым, элдин ырыскысына көз артып, мамлекеттик казынага кол салбадым. Ар дайым эл алдында жүзүм жарык жана айткан сөзүм өтүмдүү, кадыр-баркым менен жүрөм".
Белгилей кетсек, азыркы тапта Жыпар Жекшеев аткаруу бийлигинин бир канатын чоюп, дале эл кызматында эмгектенип келет.

"Жештин" жолун
үйрөнгүсү келген практикант
Нуржамал Осмонова,
бухгалтер-экономист
Өз кесибин бериле сүйүп, 33 жылдан бери бухгалтер-экономист болуп эмгектенип келе жаткан Нуржамал Осмонова да биздин соболдорубузга жооп узатып, ой бөлүштү. Ал 1975-жылы Улуттук университеттин экономикалык бөлүмүн аяктаган.
Азыркы тапта 4000 сом өлчөмүндөгү эмгек акы алат. Бирок, инфиляция болуп турган азыркы мезгилде бул акча аздык кылаарын айтат. Ошондон улам 1998-жылдан тартып жеке бизнес менен алектенип, тигүүчү цехин ачкан. Антсе да, өз кесибин ашыкча сүйгөндүктөн жеке бизнеске баш-оту менен киришип, алып кете алган эмес. Жолдошунун кесиби айдоочу. Беш баланы татыктуу тарбиялап келишет. Шаардын четиндеги Арашан айыл өкмөтүнө караштуу Стрельникова айылында бардык шарты бар жер тамда жашашат. Мал багышат. Күндө колдонуучу уюлдук телефонуна бир айда 100, 200 бирдик салса жетет. Анткени, бейчеки сүйлөшкөндү анчейин жактыра бербейт. Кийимдерди баасына эмес, жарашыгына жараша сатып алат. Ар дайым акча санап көнүп калгандыктан пенсияга чыккандан коркот. "Бухгалтерлердин капчыгы калың болот да?" деген сурообузга ал күлүп, төмөндөгүдөй жооп узатты. " 1979-жылдары мен иштеген жерге жаш кыз практикага келиптир. Ал менден бир ай сабак алды. Бир курдай ал кыз мага келип: " Эже, практикада жүрүп тажадым. Бухгалтер-экономисттер "Жейт" дешет. Кантип "Жесек" болот? Башкасына тойдум. Деги мага "Жегенди" үйрөтүңүзчү?" дейт. Кыздын балалык баёо өтүнүчүнө каткырып күлдүм. Ал кыздын атасы да бухгалтер эле. Мен жооп таба албай: " Жештин сырын атаңдан сурасаң айтып берээр" дедим. Негизи бизде шабашка деле жок. Менимче, адамдын жумушуна болгон кызыгуусу, умтулуусу - анын шабашкасы деп айтат элем". Көрсө, биз кызыккан бухгалтер -экономисттердин сыры ушундай болот экен.

Саат сайын акча
табууга болот
Кумарбек Батырбеков,
айдоочу
Кумарбек 26 жашта. Ал 9-классынан тарта атасынан үйрөнүп, машина айдай баштаган. Кумарбек Московский-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде "Мазда" үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунаасы менен элдерди ары-бери ташып, күнүнө 400-500 сомдун тегерегинде таба алат. "Жакшы болду" дегенде 700-800 сомду чөнтөккө салып, үйүн көздөй кубаныч менен кайтат. Машинесин алганына бир жылдын жүзү болуптур. Каражат топтоп, дөөтүсүн жаңыртсам деген аруу тилекте жүрөт. Сүйүктүү жубайы, сүйкүмдүү эки баласы бар. Тапкан-ташыганы үй-бүлөсүн бакканга жетет. Эң негизгиси, Кумарбектин чын дилден жактырып, тандап алган кесиби бар. Ал кандай оорчулук болбосун, өз кесибин баарынан жогору коёт.

Коллектив жакшы болсо, ишиңе ашыгасың
Чолпон Салиева, врач-терапевт
"Мен бала бакчада тарбияланып жүргөндө эле врач болууну каалачумун. Ата-энем да врач эле. Ооруканада иштегениме быйыл он алты жыл болот. Айлыгым 3000 сом. Албетте, бул акча күнүмдүк тиричилигибизге жете бербейт. Азык-түлүктөрдү көбүнчө Ош базарынан сатып алам. Конок тосконду көп деле каалабайм. Себеби, азыркы шартта ага көп чыгым кетет эмеспи.
Ал эми жумушта көп эле оорчулуктар жана аны менен катар кызык учурлар кездешет. Маселен, мен Улуттук госпиталга келип, алгач иштей баштаган жылдарда көп эле жолу күлкүгө кабылгам. Госпиталда согуштун ардагерлери, кадырлуу аталар жатат. Мен ар биринин жаткан палатасына баш багып: "Укол алдыңыздарбы?" десем, кай бири: "Жок" дешет. Мен медсестраларга жүгүрүп барып, аталарга укол атылбай калгандыгын айтсам, алар күлүшөт. Көрсө, аталар унутчаак болгондуктан укол алышса деле: "Жок" дей беришет тура"-, дейт Чолпон Жеңишовна.
Өмүрүн адамдардын денсоолугу үчүн күрөшүүгө арнап койгон Чолпон Салиеванын 16 жаштагы бир уулу бар. Уулу келечекте банкир болууну самайт. Чолпон Жеңишовнанын айтымында, кандай көйгөйлөр болбосун, аны ишке алаксып, унуткарып, жеңүүгө болот.
"Эң башкысы, өз кесибиңдин баркын билүүң керек. А майда-барат жашоо билинбей өтө берет. Эгер ишиңди берилип сүйсөң жана коллективиң жакшы болсо, жумушка барууга да шашылып турасың"- дейт ал.

Даярдаган Нур-Кыял




Жаш ырчы Ирлан Таалайбеков:
"Атамдын арабызда жоктугу өкүндүрөт"
- Ирлан айтчы, кантип ырчы болуп калдың?
- Биз үйбүлөбүз менен жакшы ырдайбыз. Ата-энем чыгармачыл адамдар. Атам ВИАда (Вокалдык аспаптар ансамблинде) көркөм жетекчи болгон, апам да ырдайт. Негизинен мага атамдан өттү десем жаңылышпайм. Бирок, азыр атам жок, бул дүйнө менен кош айтышып кеткен. Көз жумганына үч жыл болду, ошол жагы мени өкүндүрөт. Атамдын аты Таалайбек, ошондуктан өзүмдүн атамдын атына катталып, атын аз да болсо таанытып жүрөм. Төрт бир тууганбыз, үч карындашым бар. Бир туугандарыма жакшы жолду баштап берсем деген тилектемин.
- Акыркы кезде көп көрүнбөй калдың же бир иш менен алек болуп жүрөсүңбү?
- Учурда "Кыздар ай" деген ырым жаңырып жатат. Ошол ырга клип тарттырып жатам. Буюрса жакын арада күбө болуп каласыздар. Алек болуп жүргөн жумушум ушул . 70-жылдардагы ырлардын бири.
- Жеке концертиңе качан күбө болобуз?
- Менин жеке концертимди күзүндө көрдүңүздөр. "Окуучу кыз" деген, ал эми кийинки концертимди күзгө ылайыкташтырып жатабыз. Продюсерим менен ойлонуп жаткан убагыбыз.
- Өзүм ыр жазам дедиң, көбүнчө кайсы темада жазасың жана кайсы музыкалык аспапта ойной аласың? Атайын билим алдың беле?
- Мен көбүнчө сүйүү темасында жазам. Бирок мен үчүн ыр жазгандан да обон жазуу бир аз оңой десем болот. Көбүнчө обон жазам. Себеби клавишада ойной алам. Ал эми музыкалык аспаптардан ямаха, аккордеон, гитара, фортепианодо ойной алам. Азыр Искусство институнда 2-курстта окуйм. Ал эми И.Арабаев атындагы университетте информатика факультетинде сырттан окуйм.
- Бийиктикке көтөрүлүүдө сөз жок атаандаштык болот. Бул шоу-бизнесте өзгөчө болсо керек. Айтсаң сахналаш досторуңдан атаандаштарым деп кимдерди эсептейсиң?
- Мен атаандаштарым деп эч кимди айта албайм. Себеби ар кимдин өз ырыскысы өзүндө, ар бир адамдын өзүнчө өзгөчөлүгү бар, өзүнчө күйөрмандары, угармандары бар. Эч кимди атаандашым деп эсептебейм. Жашоодо жакшы мамиледе болуп, жакшы сапаттардын ээси болууга не жетсин.
- Ирлан сага терс сын-пикрин айтып же болбосо бул ырыңды ырдабай эле койчу, жакпай калды деген сыяктуу сөздөрдү уккан учуруң болду беле?
- Бирде жакшы сөз айтып жаныңды эргитсе, бирде жаман сөз угуп көңүл ооруган учурлар болот. Анткени чыгармачылыкта сын-пикир болбой койбойт экен. Сын менен бышат экенсиң. Мен алардын баарын туура кабыл алам. Жаман жагыңды айтса аны экинчи кайталабаска аракет кыласың да, мен ырларымды продюсерим Асыл Апасова экөөбүз тандап анан алып чыгабыз. Мен үчүн сын уккан бул өз катаңды оңдоо десем болот.
- Кайсы жердин аккуусуна торуңду жайып жүрөсүң? Учурда жүрөгүңдүн ээси барбы?
- Мен эми түндүк-түштүк деп эч ылгабайм. Бул бешенеге жазганы го, албетте кыргыз кыздарына теңдешсиз кыздар жок. Жүрөгүмдөн түбөлүк орун алып, гүл өстүргөн кызга жолуга элекмин.










??.??