Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ар түркүн

Сүйүктүүңүздү уга билесизби?
Түгөйлөрдүн арасында бирин-бири туура түшүнүү, жүрөктү өйүгөн көйгөйлүү маселелерди ортого салып туура чечим чыгаруу бул - ортодогу жылуу мамилени чыңалтып, түбөлүккө сактайт. Ал эми ортодогу түшүнбөстүк, чыр-чатак эки адам бири-бирин уга билбей, ар ким өз көмөчүнө күл тарткандан улам келип чыгаары анык. Төмөндөгү тесттен өтүп сиз сүйүп, сыйлап барктаган, кымбат адамыңызды канчалык деңгээлде уга билээриңизди билсеңиз болот.

1. Кээде сизге тынчтык бербеген бир маселе жөнүндө жолдошуңуз (жубайыңыз) менен сүйлөшүү керек деген ой келеби?
А) Ооба
Б) Жок
В) Баары бир эч кандай жыйынтык чыкпайт
2. Бир олуттуу иш жөнүндө сиз такалбай, шар сөз баштай аласызбы?
А) Ооба
Б) Жагдайга жараша болот
В) Жок
3. Сиздин күйөөңүз (аялыңыз) ичиндеги бардык сырын жашырбай сизге айтаарына көзүңүз жетеби?
А) Ооба
Б) Эч кандай ал жөнүндө түшүнүгүм жок
В) Ойлонуп көрүш керек экен
4. Олуттуу нерселер жөнүндө экөөңөр кайсы убакта болбосун (мисалы эртең менен эрте же түн бир оокумда) сүйлөшө бересиңерби?
А) Ооба
Б) Кээде
В) Жок
5. Бет маңдай отурганда бири-бириңерди тике карайсыңарбы?
А) Жок
Б) Байкабаптырмын
В) Ооба
6. Жубайыңыз (жолдошуңуз) сизге өз санаасын, түйшөлткөн маселесин айтып берип жатканда, сиз такыр башка нерсе жөнүндө ойлонгон учуруңуз болобу?
А) Кээде андай учурлар да кездешет
Б) Жок
В) Кунт коюп укканга жакшы эле аракет кылам
7. Сүйүктүүңүзгө караганда туугандарыңыз же болбосо досторуңуз менен сыр бөлүшүү сизге жеңилирээкпи?
А) Ооба, ошондой эле болгону жакшы
Б) Жок, менин сырдашым бир гана аялым (күйөм)
В) Достор менен сырдашкан бир топ жеңил
8. Сөз башталаардан мурда сиз биринчи өз оюңузду айтууга ашыгасыз.
А) Ооба
Б) Мага ким биринчи сөз баштаары анчалык деле маанилүү эмес
В) Жок, такыр андай кылбайм

0-8 балл
Сиздин үйбүлөңүздө баары жайында, ушул калыбыңыздан жазбай өзүңүздүн жана жакын адамыңыздын оюн ортого салып, бир жыйынтык чыгарып жүрө бериңиз. Сиздин дагы бир артыкчылыгыңыз жан шергиңиздин көйгөйүн, жүрөгүн өйүткөн маселесин кунт коюп уга аласыз. Демек, сиздин жолдошуңузга башка жактан моралдык жардам издөөсү керектелбейт. Анткени, анын кайсыл мезгилде, кайсыл убакта, кандай жагдайда болбосун колдогон адамы, аска-зоосу бар.

9-18 балл
Экөөңүздөрдүн мамилеңиз эң сонун деп айтууга болбойт. Эмнегедир сиз бири-бириңиздерге көп сырыңыздарды ишенип айта албайсыз. Ал эми көбүрөөк сүйлөшүп, сырдаша турган маселелер айтылбай ичиңиздерде сакталып кала берет да, көп учурда сизге бул көрүнүш тынчтык бербей келет. Бул маалда сиз досторуңуздун арасынан сизди түшүнүп, сизди уга турган адам издей баштайсыз. Ойлонуп көрүңүзчү, сиз сырыңызды бөлүшө турган адам жаныңызда жүрбөсүн.

19-24 балл
Эгерде сиз өнөктөшүңүзгө өтө көп талаптарды коё берсеңиз, ал да сизге эрегишиши толук мүмкүн. Сиздердин мамилеңиздерге кичине мээрим, бир аз жумшактык, анан түшүнүктүүлүк жетишпейт. Сүйлөшкөндө сөзсүз бириңизден-бириңиз өтүп кыйкыруунун кереги жок, андан көрө жай сүйлөшүү жакшы жыйынтык алып келет. Ушул абалды оңдобосоңуз сиздердин мамилеңиздер көпкө сактааларына эч ким кепилдик бербейт.

Анара Дүйшөналиева




  Кызыктар дүйнөсүндө

Сагыздын пайда болушу
Алгач смоланы Байыркы Грецияда тиш тазалоо үчүн колдонуп келишсе, адамдардын акылы өсүп отуруп XIX кылымда Англиянын Мэн штатында сагыз иштетүүчү ишкана ачылат. Бир тууган ага-ини Крутисттер алгач бул ишкананы иштетип баштаганда бизнеси ийгилик алып келээрине көздөрү жеткен үчүн чакан ишкананы кийинчерээк кеңейтишип, чоюлчаак сагызга жагымдуу жыт кошуп парафин колдоно башташат. Бул учурда сагыздын төрт түрү чыга баштаган. "Американский флаг", "Ель 200 -й Глыбы", "Сосновная Магистраль", "Сосно Янки" деген аталыштагы сагыздарды элдер кызыгуу менен талап ала башташкан. Кийин бул ишин Крутисттер 1869-жылы Уильям Финли Семплге өткөзүп беришет, бирок, тилекке каршы Уильям ишкананы иштетип кете албай Нью-Йорктогу миллионер - Томас Адамска калтырат. Айтор биринин колунан экинчисине өтүп отуруп, ар бир төртүнчү адам оозунан сагызды түшүрбөйт. Бирок, сагызды тамак ичкенден кийин аны сиңириш үчүн 10-15 мүнөт гана чайнап алып коюу керек, болбосо сагыздын ашказанга зыяны чоң болуп саналат.

Вилка качан пайда болгон?
Күнүгө 3-4 маал тамактанганда пайдалануучу бул куралдын качан, кантип пайда болгонуна көп деле маани бербейт экенбиз. Бирок ойлоп көрсөк вилканын пайдасы өтө чоң.
XVI- XVIII кылымда эле маданияттуу, уяттуу меймандардын арасында отурганда тамакты беш манжаны тең салып алып жеген өтө уят нерсе болгон. Бирок, ал учурда тамакты маданияттуу түрдө жегенге вилка да жок болгондуктан үч манжа менен тамактанышка аргасыз болушкан экен. Тамакты үч манжа менен сузгандан кийин аны кол аарчыга дароо аарчышпастан, ар биринин жанында табакта куюлган сууга манжаларын жуучу.
Ал эми материалдык абалы өтө жакшы, биздин тил менен айтканда - манаптардын үйүндө конок чакырылганда бардык меймандарга резина кол кап беришип, алардын жардамы менен каалаган тамагын үч эмес беш манжасы менен алып жеше алышкан. Тамактанып бүткөн соң кол каптарын ыргытып жиберишкен.
Эң биринчи вилка байыркы Римде пайда болуп, алгач бир тиши менен кийин эки-үч тиштүү кылып жасай башташыптыр. Эгерде ошол учурда римдиктер вилканы ойлоп табышпаса, дале да болсо адамдар тамакты колу менен жеп, чыканагына чейин майланышып жүрүшмөк окшойт.

Поезд тебелеп кеткен кыз тирүү калды
Красноярский темир жолунда келе жаткан поезд жолдун ортосундагы ойноп жаткан бир жарым жаштагы кызды тебелеп кеткен. Бирок, бактыга жараша кичинекей кыз тирүү калган, болгону жүрөгү түшкөнүнөн бакырып-ыйлап жаткан жеринен темир жолдо иштеген жумушчулар таап алышкан. Көрсө кыздын ата-энеси темир жолдон анча алыс эмес жерде жашашат экен. Ал эми үйүнүн тегереги эч кандай тосмо менен тосулбаптыр. Ошол күнү энеси кызын уктатып коюп үй иштерине алаксып, кичинекей нарсите качан ойгонуп ордунан жылып кеткенин байкабай калат. Буту жаңы там-туң басып, жаны тынбай талпынып турган кыз темир жолго туш болгон.
Ажалы жок аман калган кызды бейтапканага алып барышып, ден соолугу жайында экенине ынанышкандан кийин аны атасы алып кеткен. Баласын жакшы карабаган ата-энеге акчалай айып салышкан.

Даярдаган А. Дүйшөналиева



Пайдалуу кеңештер
Чачты хна менен боёонун өзгөчөлүгү
Табигый боёк - хна. Ал өзү кызыл түстү берет, аны басмага аралаштыруу менен кызылдан карага чейинки көп өңдөрдү алышат. Хнаны дайыма колдонуп жүрсөңүз, чачтын жана теринин жалпы абалы оңолуп , тамыры бекемделет мындан сырткары өсүүсү да тездейт. Чачыңыздагы майда какачтан арыла албай жүрсөңүз хнаны колдонуу аркылуу өлүү клеткалардан да арыла аласыз. Мындан тышкары аталган боёк менен басма эң сулуу ыраң берип, чачтын суналып жана жылтырай өсүүсүнө өбөлгө берет. Хнаны чачтын узундугуна жана калыңдыгына карап 40-60 г алып пайдалануу кажет.
Боёордо алгач башты жууп кургатасыз да андан кийин порошокту анча чоң эмес идишке салып, үстүнө бир аз муздак суу куясыз(ботко пайда болгудай), ал идишке бир аз өлчөмдө кайнатылган суу куюп 10-15 мүнөт кармаганыңыздан кийин, ыңгайлуу кармап боёого киришсеңиз болот. Мындай ыкма чачтын өсүүсүнө өбөлгө болуп берет.

Пайдалуу кеңештер
Гүл букетин көпкө сактагыңыз келсе
Белекке берилген гүлдү көпкө сактагыңыз келсе кооздолгон сыртынан дароо алып, суу куюлган вазага салып коюңуз. Гүлдүн сабагына аба өтпөөсү кажет. Гүлдөн чыккан жагымдуу жыт адамдын көңүлүн сергитүүчү касиетке ээ. Эгер дестеңиз түрдүү сортто болсо жашоосу көпкө сакталбайт. Андыктан гүл десте бир сортто болсо жашоосу көпкө уланат. Бир нече күндөн кийин вазага салынган дестенин соолуп баратканын байкаган болсоңуз, нашатыр спиртинен тамчылатып коюңуз. Сиз сүйгөн өсүмдүк азыктанып, кайрадан жанданат.

Пайдалуу кеңештер
Кактус гүлү
Кадимки үй шартында өстүрүлүүчү тикендүү кактус гүлү көздүн талуусуна эң эле пайдалуу. Көбүнчө акыл эмгеги менен иштеген жаштар арасында көздүн талуусу күч, андыктан офистерде же үй шартында иштеген компьютердин жанына кактус гүлүн өстүрсөңүз, түрдүү көзгө зыяндуу заттарды өзүнө сиңирип турат. Мындан сырткары элдик медицинада кактусту тамак ооруларына жана богокту айыктырууда да колдонушат. Ал үчүн жаңы өсүп келе жаткан өсүмдүк бутагын кыркып, суусун чыгарасыз да балга кошуп аралашманы караңгы кургак жайга сактаңыз. Даярдалган дарыны ач карын, эртең менен жана кечинде ичсеңиз таасирдүү болот.

Пайдалуу кеңештер
Колдогу кесилген ириңди айыктыргыңыз келсе
Элдик медицинада кесилген колдо пайда болгон ириңге кайнатылган сүткө теридеги ириңди салуу жолу менен ириңди катырышкан. Мындай ыкманын натыйжасында көбүрүп бараткан тери шишигин катырып, акырындык менен айыктырат.
Мындан сырткары жаңы кесилген же ириң пайда болгонго чейин чырмоок, отоо чөбүн да пайдаланса болот. Аталган чөптү майдалап чайнап жараатка бинт менен бекем таңуу керек.
Эскертүү: Кесилген колду аталган чырмоок же ириң пайда болгондон кийин кайнатылган сүткө салуудан сырткары күчөп баратканын байкасаңыз, дароо дарыгерге кайрылууңуз кажет.

Даярдаган Ч. Абдраева










??.??





??.??