Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дарамет

"Эркек деген майдачыл болбош керек"
Жакында борборубуздагы "Шанс" кафесинде юрист Кайрат Дархан уулу уюштурган "Талант сыры" аттуу кароо-сынак өткөрүлүп, ага карапайым калктын арасынан чыккан 11 жаштан 30 жашка чейинки таланттуу улан-кыздар катышты. "Эл ичи - өнөр кенчи" дегендей республикабыздын 7 дубанынан келген өнөрпоздор жандуу үн менен жаңыртып ырдап, көпчүлүк көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүштү. Мына ошол үч тур менен жыйынтыкталган сынакта 40 конкурсанттын ичинен куудулдук өнөр боюнча 3-орунга ээ болгон Гүлжайна Атаханованы кепке тарттык.

- Гүлжайна аталган сынак реалдуу өттү деп айталасыңбы?
- Өзүңүздөр күбө болгондой баарысы кол ийрисине тартат болбой калыстык менен тандалып, талантына жараша татыктуу орундар берилди. Менимче бул жерде нааразымын деген деле адам жок. Мен го куудулдук өнөр менен жалгыз катыштым. Обон созуп жаткан айрым замандаштарымды көрүп төбөм көккө жетти. Көрдүңүзбү не деген таланттар көмүскөдө көрүнбөй жатат. Азыр атагы чыккан айрым ырчылар ушулар сыяктуу "жандуу" ырдап берүүдөн качат. "Таанышың бар танкасың, таанышың жок манкасың" заманында ушундай колдоолор болуп турса жакшы ийгиликтер жаралмак. Учурдан пайдаланып өнөрдү баалаган уюштуруучу Кайрат байкеге ыраазычылык билдирем.
- Мындан ары сени кыргыз сахнасынан куудул катары көрө алабызбы?
- Кудай буюрса. Учурда белгилүү куудул Назира Жетигенова менен иштешип жатам. Буга чейин Талас, Чүй өрөөнүн кыдырып чыктык. Жакынкы күндө түштүк жергесине гастролдогону турабыз. Башталышы жаман эмес. Колдон келишинче момун калкыбыздын күлкү безин тырмалап жатам. Элдин табитин да билип алдым.
- Элдин табити кандай экен?
- Аны айтсам башкалар үйрөнүп алат да. Азырынча жашыруун болуп турсун.
- Учурда 26 жашта экенсиң. Буга чейин адашып кайда жүрдүң?
- Туура, куудулдар дүйнөсүнө бир аз кечигип келдим. Куудул болууну бала кезимден эңсегеним менен өзүмө-өзүм жооп бералбай буга чейин ата-энемдин каалоосу менен жүрдүм. Алар тандаган кесип боюнча мугалим болуп кете алган жокмун. Анан кеч болсо да өзүмдү сынап көрөйүн деп ушул чөйрөдө күрөшүп жатам.
- Кыз бала үчүн куудулдук өнөр оор эмеспи?
- Менин туугандарым да убагында аялзатына куудул болгон жарашпайт. Ал кыз кишинин орду эмес, сен эне болушуң керек дешип бут тосушкан. Биздикилер куудул десе эле бир "маскарапозду" элестетип алышат. Анткендер жаңылышат. Сиздин кесибиңиз сыяктуу эле куудулдуктун да жыргалы анан кууралы бар. Бирок көөдөнүңдөгү көксөөң аткарылып жатканда ырахаты көбүрөөк болот экен. Эми мени бул жолдон эч ким кайтара албайт. Мен бүгүн жашоомдогу ордумду таптым деп ойлойм.
- Демөөрчүлөрүң барбы?
- Жок. Ушул кезге чейин жанымды жерге уруп акча жыйнап келдим. Мен кылбаган жумуш калган жок. Азыр өзүмө-өзүм демөөрчүмүн. Мындан сырткары мага моралдык жактан Гүлзина деген курбум колдоо көрсөтүп жатат.
- Байкашымча анча-мынча эркектерге караганда кайраттуу кыз экенсиң. Сага кандай мүнөздөгү жигиттер жагат?
- "Күң-күң-күң" деп күңкүлдөгөн майдачыл эркектерди душманымдан да жек көрөм. Эркек деген айткан сөзүнө туруп, аялдарча айтышпай, тумшуктан ары бир муштай турган болсо. Мага ушундай чечкиндүү жигиттер жагат.
- Сенин оюңча үйбүлөдөгү лидерликти ким колго алыш керек?
- Албетте үйдүн кожоюну болгон күйөө колго алыш керек. Анткени аял башкарган үйбүлө узакка узабайт. Балдарга тарбия берип, бекем үйбүлө курууда эркектин ролу чоң. Ал эми аял деген жолдошуна жол көрсөткөн анын жакын адамы болуусу зарыл. Аялын жөн гана угуп коюп, чечимди өзү чыгарган эркек ошол үйдүн чыныгы кожоюну деп ойлойм.
- Маегиңе чоң рахмат. Өнөрүң өркүндөй берсин.
Ж.Калдарова




  Притча

Жаңы талант...
Таланттуулардын артынан күн көргөн хан вазирине:
- Дагы, мыктыраак, таланттуураак адам таап кел деп буюрат. Таланттуулардын саны тогуз болуп, алардын акылы менен байыган падыша алардын айткан акылын да жактырбай:
Жакшынын да жакшыраагы, мыктынын мыктыраагы керек болуп, таланттуу адамды башка өлкөдөн издетип таптырат.
Акыркы талант өтө куу болот. Ал падышага:
- Үйбүлөм бар экенин билесиз да. Падыша:
- Албетте, акылманым!..
- Өз акылдан табылган асылдарды тең бөлүүнүн зарылдыгы жок. Мындай байлыктан жарыбайсыз, -дейт. Ойлоно калган падыша:
- Анда, эмне кылуум керек?
- Жалаң гана ала бербей, акылдан жаралган эмгектерди өз ээлерине тапшырууңуз керек. Ошондо чаңкаганыңыз такай басылат дептир...

Байкагыч бала...
Ичкиликтен башы көтөрүлбөгөн атасына, алты жашар баласы тигиле карап:
- Ата, эмне эс алууга барбадың?
- Бардым уулум. Азыр эс алуудан келе жатам, жумушту кечиктирбей баштоо керек, - дейт башы ооруган атасы баласынын көңүлүн оорутпай.
- Калп айттың ээ, ата. Баласы атасын кетирбей, бучкактап алдын торойт.
- Чын, уулум, чын айтам.
- Калп, ата, чын болсо эмне үчүн мас эмессиң, - дептир уулу.

Эшектин келесоолугу...
Колу-буту сынган дамбулла досуна кире кетейин деген жигит кайрылып калат.
- Бут чатак болгон тура.
- Атасынын көрү тиги эшектин келесоолугу да.
- Тээп жиберген го.
- Кайдан тепсин! Келе жатып намаз окуганы түшө калгам. Эшекти байлап коюуга эч нерсе көрүнбөгөнүнөн шыйрагыма байлай салбасмынбы, кесепеттики. Анан кайдан -жайдан чыга калды билбейм, бир эшек пайда болду, менин эшегим ошону кууп жөнөсө болобу, -деп дамбулла досу онтоптур...