Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обон - шоу

Кыргыздын темир муштуму Алмазбек Раимкулов Динарага үйлөндү
Гезитибиздин мындан мурунку санында "Жүрөгүмдө бир гана селки жашайт" деген билдирүүсү менен өзүнүн сүйүүсүн жамы журтка даңазалаган Алмазбек Раимкулов 2008-жылдын 8-айынын 8-күнүндө ошол сүйүктүүсү менен официалдуу түрдө келечекке чогуу кадам шилтөө үчүн баш кошушту. Бизге келип түшкөн маалыматтарга караганда эки жаш мектепти аяктагандан кийин жолугушуп, махабаттын таза, тунук сезимдерин бири-бирине арнап жүрүшүп, мына эми минтип бирге болуп отурушат.
Атын сыр кылып айтпай койгон Алмаз мырзанын сүйүктүү жары Динара Орозбаева Ала-Тоо маалымат программасында башкы менеджер болуп эмгектенчү. Динара Өзгөн районунун Куршаб айылында 1982-жылы жарык дүйнөгө келген. Түгөйлөр турмуштун даңгыр жолуна Лас-Вегаста мусулмандардын мечитинде нике кыйдырышкан. Азыркы учурда Тынч океандын жээгинде бактылуу үйбүлө бал айын өткөрүп жүргөн чагы.

"Оймо-шоу kg" сайты сатылат
"Миң кыял FM" радиосунун жетекчиси Тынчтыкбектин " Оймо-шоу kg" сайты Кыргызстандын музыкалык парталы 2003-жылдан бери иштеп жатканы жалпыбызга маалым. Соңку кездерде административдик иштеринин көптүгүнөн улам сайтка көңүл бөлүнбөй калгандыгын айтып, сатып жатканын билдирди. Буга чейин Кыргызстанда кыргызча сайт сатылган эмес. Ошондуктан сатылып жаткан сайттардын алгачкысы экен. Тынчтыкбек мырза түшкөн акчаны кайрадан шоу-бизнестин дагы бир тармагына жумшаганы турат.

Дагы бир Бегимай 1 жашка чыкты
Жаш ырчыбыз Бегимай Бекбоева жакында Тоң районуна барып, 1 жашка чыккан адашынын тушоо тоюна катышып, белектерин тапшырып келди. Белгилей кетсек, өткөн жылы Бегимайдын концертине күбө болгон ата-эне жакшы тилек, жарым ырыс менен наристесине Бегимай деген ысымды ыйгарышкан. Жаш болсо да мындай сыйга татыган ырчыбыз менен сыймыктансак болот.

Замир Мырза "Маскөөдө" ырдайт
Үн десе үнгө, өң десе өңгө эгедер ордолуу Оштун өнөрлүү жигити Замир Мырза 22-август күнү Москва шаарындагы жердештерине ыр сунганы туру. Башка ырчылардан айырмаланып, бул күнү Замир жалгыз өзү обон созуп, Ата- Журтун сагынган алыстагы мекендештеринин жарпын жазып, көңүлүн ачат.

Эл аралык театралдык фестиваль
"Учур" жаштар телетеатры Казакстандын Алматы шаарында өтүүчү Борбордук Азиядагы экинчи Эл аралык театралдык фестивалга катышууга кызуу даярданып жатышат.
Театралдык труппа белгилүү драматург Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол" пьесасын коюшат.
Айта кетсек, аталган пьесанын негизинде коюлган спектакль театр сүйүүчүлөрү тарабынан жогору бааланган эле. Ошондон улам, Эл аралык театралдык фестивалда биздин таланттар жеңиш менен кайтат деген үмүт бар.

Айжамал Кабылова көз жарды
"Бала бакыт", "Балалуу үй базар" деп жакшы айтылган. Эми мындай кубаныч дагы бир жубайларды бакытка бөлөп турганын айта кетели.
Татынакай ырчы кызыбыз Айжамал жакында Москва шаарында көз жарып, жакындарын, айрыкча жолдошу Азаматты кубандырып олтурат. Наристенин бою 51 см, салмагы 3. 300 кг. болуп төрөлдү. Ымыркайга чоң эне, чоң атасы ат тандап жаткан кездери.
Кубаныч ээлерин куттуктап, бешик бооңор бек болсун дегибиз келет.

Сүйүнчү, күлкү сүйүүчүлөрү!
Куудул Эрнис Бөрүбаев тарабынан уюшулган "Калемпир" куудулдар тобу ачылды. Аталган топ камера монтаждоо столун сатып алышып, учурда кыска метраждуу комедияларды тартышууда. Белгилей кетсек, төрт баладан турган топтун курамында жаш ырчы Ильяз Абдыразаковдун бир тууган иниси Нияз Абдыразаков да бар. Мындан ары күлкү күйөрмандары "Калемпир" тобунан "мурчталган" күлкүгө мас болосуздар го, ав-чү…

Көзүңүздөн жаш чыкканча күлөсүз
Он эки жылдык өмүрү бар "Кеңеш" тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетовдун репертуарындагы "Эх, сулуу" аттуу чыгармасына жаңы клип тартылды. 50 000 сомдук каражатты талап кылган аталган клип кереметтүү Ысык- Көл жергесинен башталып, борбор калаабызда тартылып, клипте боорду эзген комедиялуу образдар чагылдырылган. Мындай ролду ачып берген "Дем" театрынын актёру Камчыбек Сарыбаевдин бүлкүлдөгөн ар бир кыймылын көрүп, көзүңүздөн жаш чыкканча күлөсүз.

Кулак кагыш!
Урматтуу окурмандар! Жакындан баштап "Обон" гезитинин атайын интернет сайты ишке киришет. www.obon.kg сайтынан сиздер "Обон" гезитинин эски, жаңы сандарынын бардыгы менен кабардар боло аласыздар. Мындан башка музыка ышкыбоздору хит ырлар, клиптер жана жылдыздар менен баарлашуу бактысына ээ боло алышат. Сиз сүйгөн обондордун бардыгы www.obon.kg сайтында жарыяланмакчы.