Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кыргыз көчү

Эсенгул баатыр
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган инсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Кыргыз элинин баатыры, эл-жер үчүн күйгөн патриот жигиттеринин бири Эсенгул баатыр экенин эсибизден чыгарбаганыбыз оң.
Чынында эле Эсенгул баатырды көрүнө кыдыр колдогон, сыймыгы күчтүү, кадимки эл оозунда айтылып жүргөн Санчы сынчынын көңүлүнө толгон аялзаты төрөгөн уул экенин танып болбойт.
Учурунда Болот бий беш аялынан төрөлгөн балдарды Санчы сынчыга сынатканда сынчы балдарын көрүп:
- Болот, балдарыңды көрүп кабыргам кайышты. Бул беш аялыңдан төрөлгөн балдар өз оокаттарына тың болот. Бирок, эл керегине жарабайт. Байлык кубалаган, өңдүү-түстүү кыз-келиндерди көргөндө ээрчип кеткен, малынын туягын санаган, келечекти эмес, күнүмдүк байлыкты жогору туткан, тыйын эсептеген өзүмчүл, баласаак, аялсаак балдар чыгат. Сенден бир бала чыгыш керек эле. Алган аялдарың өзүңө төп келбей жүрөт. Макул көрсөң сага тандап аял алып берейин. Ошондо сенин эле атыңды эмес, кыргыздын атын чыгарган, бардык жагынан төп келген баатыр уул туулат. Ошонун тукумунан кыргызга керек уулдар дагы төрөлөт. Эгер алардын алган аялдары жарашса-деп айтат.
Болот бий Санчынын сөзүнө муюп, Таалыке деген отуз жети жаштагы жесир аялды алат.
Ошондон Эсенгул баатыр төрөлөт. Баатыр учурунда калмак-кытайды кыргыз жеринен кууп чыгып, өзгөчө баатырлык көргөзөт. Ал учурда кандай душман болбосун Эсенгул баатырдан сестенип турушкан экен. Эгер Эсенгул баатыр катардагы эле баатыр уул болсо ысмы тарыхта калбайт эле.
Бир жолу казактын мен кыйын деген аттан өмүрү түшпөгөн, беттегенин жеңген баатыры, кыргызга жылкы тийип, чаап кеткени келет. Ошол кезде Эсенгул баатыр болгону он алты жашта болуптур. Убакыт күзгө таяп калган кез экен. Түн айсыз караңгы, Эсенгул баатыр жылкы четинде турса, жылкы үркүп калат. Баатыр жоо келгенин билип, аттын тизгинин жоону көздөй буруп, бет-маңдай чыгат да, жылкы тийип келген киши менен беттеше түшөт. Аны оңой аттан түшүрүп, колу-бутун таңып салат.
Эртең менен баягы казактын баатыры таң калган экен да анан айтыптыр.
"Бул дүйнөдөн армансыз өтөйүн, кечинде мени аттан түшүргөн баатырды көзүмө бир көргөзгүлөчү, ушул жашка чыкканы аттан түшүп, жеңилүү ызасын тартып көргөн эмес элем"-дейт. Болот бий уулу Эсенгулду чакыртып келгенде казактын баатыры таң калган экен Эсенгулду көрүп. "Ушул жаш бала мени аттан түшүрдүбү?"- деп Болот бий башын ийип:
- Ооба, түндө сенин колу-бутуңду таңып алып келген бала ушул. Менин уулум болот-дейт. Казактын баатыры бир топко чейин Эсенгул баатырды карап туруп Болот бийге - Уулуңуздун сыймыгы күчтүү экен. Мага кечинде оозун ачкан арстан кол салды. Оозунан от балбылдап күйгөн арстан көзүмө көрүнгөндө эмне кылаарымды билбей калдым. Эсиме келсем колу-бутум таңылып, бул жерде жатыптырмын. Чынында уулуңуз чыныгы баатыр экен. Кыргыз калкынын керегине жарачу уулуңуз бар турбайбы. Эми мен өзүмө-өзүм сөз берип койдум эле. "Кимде-ким мени аттан түшүрсө улуу болсо достошом, кичүү болсо кызымды берем" деп. Эгер менин сөзүмө көнсөңүз куда бололу. "Эр чекишпей, бекишпейт" дегендей эми мындан ары куда-сөөк болуп катышып жүрөлү. Уулуңа берчү кызым бар дейт. Негизи эле тээ илгертен бери айтылган кеп бар. "Баатыр баатырды өлүмгө кыйбайт" деген. Анын сыңары Эсенгул баатыр атасына кайрылат: "Ата, бул кишини сый эле узатып коёлу. Эми бул жакка бут таштап келбейт. Кызына деле ыраазымын. Аял албайм" дейт. Бул сөздү укканда алиги казактын баатыры: "Эсенгул, сен жаштыгыңа салып курчтук кылба, мени дагы эне төрөгөн. Бир элдин оозго алынган баатырымын. Мен өзүмдүн шертиме турушум керек. Кызымды ал" дейт. Сөз-сөзгө уланып, акыры Эсенгул баатыр казактын кызын алат. Ошол аялынан Айтбай, Керим, Жапар, Саткын деген төрт уулду болот. Бул төрт уулунун балдары Нарын районунун Куланак айылында жашайт. Бул окуяны айтайын дегенибиз далилдүү факты болсун деп мисал келтирдик. Эгер биз Эсенгул баатырдын жасаган эрдиктерине токтолсок жөн эле беш-алты том болушу мүмкүн. Кадимки Хан Ормон дагы Эсенгул баатырдын Ныязбек деген уулунан төрөлгөн. Тактап айтканда небереси болот. Эл эгеси болгон бала жөн атадан төрөлбөшүн эске алганыбыз оң.
Гезитибиздин кийинки санында Калыгул Бай уулу жөнүндө сөз козгойбуз.




  Жаңырган издер

Сайра Кийизбаева
Операнын мончогу эле

"Өнөр алды кызыл тил" демекчи, өзүнүн таза-таланты, өнөрү менен тарыхта ысмы калган Сайра Кийизбаева жөнүндө сөз козгоонун өзү түшүнгөн кишиге улуулук.
"Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт" деп айтылгандай жеке эле кыргыз калкына эмес, тээ алыскы жери кенен, эли көп Россия баш болгон союздук республикага аты таанылган, учурунда кадыры элге сиңген, "кыргыз операсынын мончогу" деген атка конгон, "Советтер союзунун эл артисти" деген улуу наамга ээ болгон Сайра Кийизбаева жөнүндө кагаз бетине жазбасак калем калыстыгы кечирбес.
Айтканга оңой, бирок эл ишенимине татып, өнөр секисине чыгуу жөн адамдын колунан келе бербейт. Сайра эже өзүнүн тырышчаактыгы, өнөрдү аздектеп бакканы үчүн сахнанын көркү болуп, ысмы тарыхта калып отурат.
Эмесе сөз өңүтү Сайра эженин балалык кезинде

Бала чак
Сайра Кийизбаева 1917-жылы борбор шаарыбыз Бишкектин "Төкөлдөш" деген айылында жарык дүйнөгө келген. Болгондо дагы 7-ноябрда. Демек, Октябрь революциясы менен жашташ деп айтсак жаңылышпайбыз.
Ата-энеси кызынын келечегин алдына ала билгендей ысымын Сайра деп коюшкан экен. Атанын атын чыгарып, атактуу болом деп учурунда каарманыбыз ойлобосо деле керек. Анткен менен Сайра эженин балалык кези көңүлдүү өттү. Анткени Союз түзүлүп эл биримдикке келген учурга туш келди бала чагы. Андан дагы борбор шаарда төрөлгөнү, орус тилин тез өздөштүргөнү учурунда мектепте окуп, билим алганы дагы Сайра эженин өнөрүнүн өсүшүнө мүмкүнчүлүк болду. Секелек кезинде эч кимден тартынбай, эркин өскөнү менен бой тартканы назик, уялчаак кыз болуп чыга келди.
Чынында эле Сайра эженин түбүндө көрөңгөсү болгон. Апасы үнү таза, ырдаганда уккан жандын бүйүрүн козгогон, мукам үндүү эле. Апасынын ырчылык өнөрү Сайрага ооп, Сайра эже чыгармачылыкка эрте кадам койду.
Ата-эне балага сынчы дегендей, өзгөчө апасы Сайрадан көп нерсени үмүт кылчу экен. Анткени кызынын таза үнүнөн ырчылыкка жакын экенине көп баам салат.

Алгачкы ийгилик
1936-жылы күз мезгилинин экинчи айы. Фрунзе шаары. Сайра эже биринчи жолу эл алдына чыгып өнөрүн элге тартуулаганы турат. Көңүлү алда кайда алып учуп, жүзүндө сүрдөгөндүн белгиси бар.
Бул жерде элдик чыгармачылыктын Бүткүл Кыргызстандын биринчи олимпиадасынын катышуучуларынын концерти өтүп жаткан. Комузчулар, кыякчылар, чоорчулар, элдик ырчылар, манасчылар, акындар, жамакчылар менен жомокчулар деги эле өнөрү барлар биринин артынан бири сахнага чыгып атышты. Мындай жогорку деңгээлде болгон сынакка жөн адам катышпайт эмеспи. Буга чейин мурда элдик музыка, ансамблдик аткаруучулардын өтө жөнөкөй формаларын дагы эч ким билген эмес чыгар.
Олимпиадага атагы чыккан мастерлер менен катар жаштар да катышкан. Ошентип көптөн күткөн кез келип, Сайра эже жай басып, шыңга бойлуу келбетин түз кармап сахнага чыга келди.
Үстүндө жупуну узун көйнөк, башында үкү тебетей, далысында кош өрүм чачы, келишимдүү жүзүнөн кайраттуу мүнөзү байкалып тургансыйт. Сайра эженин созолонгон ичке үнү ошол замат өзүнүн мукамдыгы менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду. Ошол учурда калыстар тобунун мүчөлөрү күбүрөшө түшүштү. Бул учурда Сайра эже сүрдөөдөн биротоло кутулуп калган. Өзүн эркин сезгенге мүмкүнчүлүк алган ырчы кыз, үнүн созгон сайын угуучуларды мукамдуу үндүн күчүнө гана эмес, анын таасирдүү жумшак ырахатына бөлөп жатты.
Ошентип ырчы кыз ырдап болгондо Сайра эженин талантын баалап, кол чабуулар күч алды. Бул күн Сайра эженин эсинен кеткис күн болгонун басым менен белгилей кетсек ашыкча болбос.

Өркүнү өскөн Сайра эже
1937-жылдын февраль айы. Пушкиндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган концертте С.Кийизбаева А.Верстовскийдин "Карган күйөө, каардуу күйөө" деген чыгармасындагы Земфирдин романсын ырдап, үнүнүн мукамдыгы менен элди дагы бир жолу таң калтырды.
Композиторлор, бул таза үндү терең баалашып, өзгөчө Романова "Лирикалык сапроно" деп баа берди.
"Көч бара-бара түзөлөт" деп айткандай, убакыттын өтүшү менен өнөрүнүн өтөөсүнө чыгуу үчүн Сайра эже өзүнүн тырышчаактыгын карматып зор эмгектерди жаратып, "Алтын кыз" премьерасында Ажардын ролун жигине жеткизе ойноп, артисттик жөндөмдүүлүгүн дагы көрсөтө алды.
1938-жылы С.Кийизбаева кыргыздын биринчи операсы "Айчүрөктүн" ролун аткарганга киришет. Бул спектаклде Сайра эже укмуштуудай поэтикалуу жана көп кырдуу образ жаратууга жетише алды. Жаш ырчы сахнада курбулары менен болгон назик кыялдануусун Семетей менен жолугушуудагы лирикалык жылуулукту, Чынкожо менен сүйлөшүүдө аялдык кылыктанууну да ишенимдүү берип, мактоого татыктуу болду.
Өмүрүн искусствого арнаган Сайра эженин эмгеги талаага кеткен жок. Анын жараткан чыгармаларын, жасаган иштеринде …. Болгондо мынчалык даңазаланбайт эле. Дегеним, каарманыбыз учурунда өзүнүн көөнөрбөс таланты менен кыргыз калкынын баркын көтөрүп, жалаң ийгиликтин гана үстүндө болду. Кээ бир адамдардай "Мен элге таанымал адаммын" деп бой көтөргөндөн алыс болуп, дайыма жөнөкөйлүгү менен баарын жеңип келди. Сайра Кийизбаеванын ысмы кыргыздын музыкалык, маданиятынын тарыхына кирди. Анткени каарманыбыз Кыргызстанда театр жаңы эле иштей баштаганда ишке кирген болуучу. Театр өстү, өндү аны менен бирге Сайра эже дагы бирге калыптанды.
Сайра эже бир нече жолу Кыргыз ССРинин Жогорку советине депутат болгон. Андан сырткары өз өмүрүн бүт арнаган театрда да көп жылдар бою жетекчилик кылган.
Бул эми "Дарак бир жерден көгөрөт" деген макалдын чындыгынын белгиси эмеспи.
Өз элинин сүймөнчүлүгүнө жана кадырлоосуна татыктуу болгон эжебиз бактылуу эмей… Төкөлдөштүн төрт кызынын бири Сайра эже.

Гезитибиздин кийинки санында Төкөлдөштүн экинчи кызы Даркүл Күйүкова жөнүндө сөз козгойбуз.

Даярдаган
Бердикожо Бийназаров










??.??