Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
"Бакыт чоң энеси сызган сызыктан чыкчу эмес"
"Классташ" аттуу рубрикабыздын бу жолку мейманы бүгүнкү күндүн популярдуу "тамадасы" аталган шоумен Бакыт Букаевдин классташы Талгарт Мамышаев болмокчу. Талгарт мырза учурда ТЭЦте эмгектенет.

- Талгарт байке, тырмактайыңыздан Бакыт Букаев менен бирге чоңоюптурсуз. Классташыңыздын биз билбеген балалык чагын сүрөттөп бербейсизби?
- Жакшы болот. Бакыт экөөбүз тай-тайлап кадам таштаган кезден баштап чогуу өсүп, кошуна жашадык. Үйүбүздүн ортосун бир гана дубал бөлүп турчу. Ошол дубалга чыгып алып ат чапмай ойноп, бирде анын үй жагын көздөй аңтарылсак, бирде менин үй жагыма кошоктошуп жыгылып мурдубуз канап, бутубуз сыйрылып, кийимибиз айрылып эле жүрчүбүз. Ал кезди эстесем азыр деле өзүмдү ошондогу кичинекей наристе сезип кетем. Ошентип жүрүп мектепке да чогуу барып, Ысык-Көл районунун Темир айылындагы Каалы Кудайбергенова атындагы орто мектепти 1976-1986-жылдары окуп бүттүк. Биздин балалык, окуучулук күндөрүбүз Совет дооруна барып такалат. Ал учурда комсомолдун, пионердин идеологиясы күчтүү болчу. Тартип, тарбия азыркыга салыштырмалуу алда канча жогору турчу. Ошондо "5" эмес "4" деген бааны алуу кыйын эле. Бакыт досум бардык сабактарды жакшы өздөштүргөнү менен математикадан аксап турчу. Математика дегенде класска башын шылкыйтып кирип, акыркы партадан орун алып, өзүн күнөөлүү сезип отуруп калчу. Анткен менен Бакыт мектептеги коомдук иштердин лидери эле. Ошол кезде класстын гана эмес, мектептин жумуштары ансыз бүтчү эмес. Ар кандай пионердик форумдарга, фестивалдарга, жаш укук таануучулардын республикалык олимпиадаларына делегат болуп барчу.
Жасаган эмгектери менен мугалимдердин, окуучулардын ишенимине кирип 8-классында "Достук кеңешинин" төрагасы болуп шайланган. Бул жогорку жоопкерчиликти моюнга алган күнү эле айылдагы канчадан бери кашалары сынып, айланасына чөптөр өсүп каралбай жаткан Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине көңүл бөлүү демилгесин көтөрүп, мектеп директоруна арыз жазган. Анан директордун колдоосу менен 1 жумада аталган жерге окуучулар тарабынан гүл отургузулуп, өчпөс от жасалып, сырдалып, бозоруп жаткан жер гүл бакчага айланган. Ошондо айылдын аксакалдары Бакытка алакан жайып бата беришкен. Азыр ойлосом жаш болсо да ошол ишке көзү жеткен Бакыт досум патриот экен. Чынында бүгүн мындай жаштарды кезиктирүү кыйын.

Орус кыздан кат алып…
Он беш союздук республикага тараган "Кыргызстан пионери", "Пионерская правда" деген газеталарга Бакыттын жазган макалалары байма-бай жарык көрүп турду. Почточу Валя эже 2 куржун көтөрүп келип, бир куржундагы газета-журналды ар бир үйгө таратса, гезит окурмандарына келген каттар менен толтурулган бир куржунун Бакытка берчү. Бакыт келген каттарды өзү окуп үлгүрбөй калгандарын мектептеги окуучуларга таратып берет эле. "Сүйөм-күйөм" деп орус кыздардан келген сүйүү каттарына Бакыт досум көмүлүп калчу. Эсимде, бир катында Таня аттуу орус кыз "Бакыт, сени бир эле жолу көрүп алайынчы, мага сенин бир жалт эткен көз карашың эле керек" деп жазыптыр. Билишимче ага жооп кайтарган жок.
Бакыт чоң энесинин колунда өскөн үчүн аябай эрке, айтканынан кайтпаган өжөр бала болчу. Ушундай адаты кармаганда мугалимдерди деле укпай коёт эле. Бул анын терс жагы. Балалык кылып сабактан качканын, балдар менен мушташканын же болбосо уурулук жасаганын такыр көргөн жокмун. Түз жол менен мектепке келип, кайра ошол жолго түшүп үйүнө кетип, чоң энеси сызган сызыктан чыкчу эмес. Тооба кылдым Бакыттын ушул кезге чейин сөгүнгөнүн уга элекмин. Анча-мынча кызга караганда назигирээк чоңойгон бала да.

Ромэо менен Жульетта
- Кыздарга тийишип шоктук кылчу беле?
- Антпесе дөңгөч болуп калбайбы. Ал жагынан эч кимибизди алдыга салдырчу эмес. Олтургучка кнопка коюп, класстын босогосуна жип тартып кыздарды чалынтып, алардын сазайын берчү. Эң алгач 7-классында парталашы Таалайгүл деген кызга ашык болуп арзуусун билдирген. Экөө сабак учурунда да кармашып же буттарын тийиштирип олтурчу. Таалайгүлдүн апасы да мугалим болуп иштечү. Бакыт досум майрам сайын Таалайгүл менен анын апасына открытка белек бергенден тажачу эмес. Ошондон улам балдар "Бакыт Таалайгүлдү сүйөсүңбү же апасын сүйөсүңбү?" деп тамашалап калчу элек. Ошентип онду бүткөнчө Таалайгүл менен канчалаган нөшөрлүү жамгырларда калып, романтикалуу "индиялык сүйүүнү" өткөрдү. Алар мектептин Ромэо менен Жульеттасы болчу.

Даярдаган Ж. Калдарова










??.??