Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Атактуулардын ааламында

Дима Билан
Урматтуу окурман, мындан ары сиз кумир тутуп, сиз жактырган жылдыздардын өмүр баяны, чыгармачылыгы менен гана чектелбестен, жеке жашоосуна да көбүрөөк басым жасоону туура көрдүк. Атактуулардын кандай күн кечиргени ар бирибизди эле кызыктырса керек. Көрсө жылдыз эле болуп атагы чыкканы болбосо алар деле биз сыяктуу биз көргөн күндү, биздикиндей эле жашоону башынан кечирип келишет экен. Бул жолу популярдуу жаш ырчы Дима Билан жөнүндө кеңири маалымат беребиз.

Өз үйүм өлөң төшөгүм
Башка ырчылар капчыгы калыңдап, атагы бир аз эле алыска тараса тапкан акчасын чогултуп дароо эле катар-катар чоң тамдарды алганга умтулушат эмеспи. Бирок булардын катарына кошулбаган Дима Биландын Москванын борборунда чакан квартирасы бар. Ошол квартирасында чакан студиясы, ашканасы, уктоочу бөлмөсү бар. Ырчынын айтуусу боюнча ал өзгөлөрдөн айырмаланып үйүн ар кандай эмеректерге толтуруп жасалгалаганды жаман көрөт. Кагаз жазганга стол, отургуч, уктаганга диван жана шкаф Диманын үйүндөгү эң негизги буюмдар.
Ал эми ырчынын ашканасына баш баккан чычкан ачкадан өлүшү мүмкүн. Себеби ырчынын муздаткычы дайым бош болот экен. Себеби Дима Билан дээрлик үйүнөн тамактанбайт. Ырчынын дагы бир жакшы көргөн нерсеси - тазалык. Эгерде таптакыр убактысы болбой зарыл жумуштары чыгып турса да үйүн жыйнап, иретке келтирмейин эч жакка жылбайт. Сыягы, тазалык жагынан эркек болсо да, кээ бир кыздарды алдына чыгарбайт окшойт.

Ит - адамдын досу
Дима Биланды баары ырчы катары таанып билишкени менен ал жаныбарларды жанындай көрөөрүн көпчүлүк биле бербесе керек. Учурда Биландын күчүгү - анын эң жакын досу. Трейсини (күчүктүн аты) Димага сахнада ырдап жаткан учурда күйөрман кызы белек кылган. Ошондон бери Дима Трейсини жанынан жарым карыш жылдырбайт. Кечинде жумуштан үйүнө кайтканда Трейси шыйпаңдап астынан тосуп чыкпаса ырчы кадимкидей жалгызсырай түшөт экен. Ал эми алыска гастролго аттанганда күчүгүн эң кичүү карындашы Аняга "аманат" кылып таштап кетет. Жогоруда белгилегендей ырчы тазалыкты сүйгөндүктөн Трейсини күнүгө жуунткандан эринбейт.

Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт
Дима Билан жаңыдан шоу-бизнеске аралашып, тааныла баштаган кезде аны төөгө күйөрмандары мингизишкен. Америка Кошмо штаттарынан жаңы альбомун жаздырып келээри менен аны чын ниетинен сыйлап баалаган фанаттары акча чыгарып "Volvo C 30" маркасындагы машинаны белекке бергенде, Билан ыраазычылык билдиргенге сөз таппаптыр. Бул машинанын баасы 38 миң долларды чапчыган. Андан көп өтпөй ырчынын башы булутка жетип, айды чапчып турган убагында продюсери Юрий Айзеншпис экөө барып, Билан көптөн бери кыялданып жүргөн "Мазданы" сатып алышмак болуп, тилекке каршы андай машине сатылбай калганын билишет. Өз күчү менен чогулткан 17 миң доллардын үстүнө Юрий Айзеншпис акча кошуп ырчыга "BMV-320" маркасындагы темир тулпарды белек кылган. Бул машинага Дима өмүрүндөгү бардык кубанычын, кайгысын, күлкүсүн, көз жашын айтор башынан өткөн бактылуу жана бактысыз көз ирмемдерин байланыштырат экен. Бирок продюсери көз жумгандан кийин машине анын наамына катталгандыктан, Юрийдин аялы ал машинаны ырчыдан алып алган. Бир топ убакыт машинасыз жүргөн Билан "Евровидениеге" барып биринчиликти алып келгендиги үчүн азыркы продюсери Яна Рудовская эң мыкты аталган сары түстөгү "Hummer H2" маркасындагы тулпарды белек кылган.
Бул унаанын наркы 250 миң доллар турат жана мындай кымбат машинени саналуу гана адамдар айдап жүрөт.

Сүйүү, сүйүү, сүйүү…
Диманын сүйгөнү модель Елена Кулецкая ырчы жигит менен бирге анын үйүндө жашап келет. Елена көпчүлүк убактысын Европада өткөзгөндүктөн жок дегенде борборго келгенде чогуу жашап турууну туура көрүшүптүр. Учурда экөөнүн тең алдына койгон максаты балалуу болуу.
]



София Ротару жердештерине жардам берди
Черновиц облусунун Новоселицк районуна караштуу Маршинц айылынын тургуну, Ротарунун бир тууган агасы Анатолий Ротару жашаган айылына ырчынын атынан анын берип жиберген акчалай жардамын айылдаштарына таратып берди. Себеби Маршинц айылын жакында эле суу каптап, 135 түтүн үй жабыр тартып, алардын ичинен 35 үй такыр жараксыз абалда калган. Ошол 35 үйгө 1200 гривен, ал эми калганына 500 гривенден таратылып берилген. Жалпы жонунан алганда София Ротару айылдаштарына 104600 гривен жумшаган. Эске салсак бул ырчынын биринчи жардамы эмес, буга чейин ал бир топ эле материалдык жактан бул айылдын тургундарына колдоо көрсөтүп келген.
Учурда айылдаштары ырчыга кат-кат рахмат айтып, тизе бүгүп таазим кылып турган кези.

"Отпетые мошенники"
Бул топтун ырчылары америкалык атайын жаштарга арналган "Колледж" тасмасына арнап, Доминик Джокер менен биргеликте ыр жаздырышыптыр. Ал эми жакын арада бул ырга клип тарттырышып, "Отпетые мошенники" тобунун жигиттери кинотеатрдын жумушчулары же болбосо карапайым көрүүчүлөр болуп роль аткарышат. Андан тышкары клип өзүнө "Колледж" тасмасынын эң мыкты кадрларын камтыйт. "Кино өзү аябагандай жакшы маанайда тартылган, ошондон улам биз колдоо көрсөтүүнү туура көрдүк. Негизи бул тасма жаш жигиттер жөнүндө, ал эми алардын максаты кыздарга жагып, аларды азгыруу. Кудай буюрса бул тасманы 11-сентябрдан баштап көрө аласыздар"-дейт топтун солисти Сергей Амаралов.

Леонардо Ди Каприону сүйгөнү таштап кетти
Жакында эле "Титаниктин" жылдызы израилдик топ-модель үчүн өзүнүн болочоктогу жубайы Жизель Бундхенди таштап баса бергени тууралуу маалымат тараган. Андан көп өтпөй эле Бар Рафаэлл Ди Каприосуз эле эс алганы көлдүн жээгине келип саналуу мүнөттөрдө эле башка бозой менен таанышкан. Эс алуусу бүткүчө жанынан чыкпай айланчыктаган жигит экөө бирге болушкан экен. Бул тууралуу Леонардо папарация жолу менен тартылган Бар Рафаэллинин жана жаңы жигитинин сүрөттөрү гезит бетине чыккандан кийин гана билген. Сыягы экөөнүн 2006-жылдан берки сүйүүсү эч нерсеге арзыбай калган өңдөнөт.

Бритни Спирс лесбиянкага айланат
Режиссёр Квенти Тарантино киного тартылууга ырчы Бритни Спирсти чакырган. Ал тасмада бийчинин ролун аткарат. Сюжет боюнча башкы каарман Бритни Маш жигитти өлтүрүп, туткунга анын сүйгөн кызын түшүрөт. Ары жакта ызы-чуу, кандуу согуш болуп жаткан учурда Бритни Спирс кыз менен сүйүшкөн эпизоддорду аткарат. Тарантинонун ою боюнча мындай ролго Бритни Спирс гана туура келет. Ал эми ырчы болсо киного тартылуунун аркасы менен өзүнүн атагын дагы алыска таратам деп кудуңдап турган кези.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева