Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шумдугуң кур

Стриптиздин тарыхынан
Стриптиз -деген англис тилинен которгондо "strip"- чечинүү, "teasе"-азгыруу дегенди түшүндүрөт. Бүгүнкү күндө кадимки көрүнүшкө айланган бул бийдин түрү тээ илгери эле пайда болуп буга чейин нечен кылым карытып, далай жолду басып өткөн тура. Дал ушул бийдин аркасы менен көптөгөн аялзаты өзүнүн денесинин сулуулугун көрсөтүп, мактана алышкан. Стриптиз бийи кайсыл мамлекетте кандай өнүккөнү тууралуу маалымат беребиз.

Көрүп, бирок колу менен кармаганга тыюу салынган…
Байыркы Грецияда жарым жылаңачтанып бийлеген эч кимдин көзүнө өөн учурап, кулагына жат угулган эмес. Тескерисинче, гректер мындай бийчилер менен сыймыктанышчу. Анткени, көпчүлүк элдин алдында ар бир эле айым мыкты бийлеп, эптүүлүк менен чечине алышкан эмес. Бийлеп жаткан учурда көпчүлүктүн арасынан бирөө кокус ал бийчиге колу менен тийсе, жазасын мойну менен тартышчу. Стрипке түшкөн айымдарга мындай урмат-сый эмнеден улам пайда болгон деген суроо жаралат.
Мурда Грецияда белгилүү бийчи Фрина коомчулуктун көзүнчө жылаңачтанганы үчүн биринчилерден болуп сот алдында жооп берген. Тагыраак айтканда, Фрина жарым-жылаңач бойдон сууга түшүп жана ошол эле кебетеси менен көлдүн жээгинде жата берген. Анын максаты денесинин сулуулугун элге көрсөтүү болгон экен. Аны көрө албаган айланадагы адамдар анын үстүнөн арыз жазып сотко кайрылышкан. Фринанын мындай кылыгы үчүн аны өлүм жазасына тартмак болушат. Өкүм окулуп бүтөөрү менен Фринанын жактоочусу Гиперид анын жанына барып денесине оролгон кийимин сыйрып таштаган. Ошол замат Фринанын келишкен мүчөсү, укмуштай сулуу денеси үчүн аны актап чыгарышкан. Ошондон кийин гректер аялзатынын сырткы сулуулугуна маани беришип, бийчилерге назар сала башташкан.



Беш-алты жашынан бийге үйрөтүшүп…
Ал эми Индияда да байыркы заманда кош колдоп мындай бийлерди кабыл алышкан. Ал тургай кыздарды беш-алты жашка чыкканда атайын бийге үйрөтүш үчүн устаттардын колуна тапшырып беришчү. Бийдин бул түрү өзгөчө кылдаттыкты, көп машакатты талап кыла турган. Анткени, эне сүтү оозунан кете элек секелек кыздарга ошол тапта эле эркектердин көңүлүн кантип азгыруу керектигин, аларды кантип суктантышты мыкты үйрөтүшкөн.
Көкүрөгү бийлеп жатканда өзгөчө сулуу көрүнүш үчүн жука, сырты алтын жана бриллиант менен чегилип кооздолгон жыгач каркас кийишчү экен. Бирок башка өлкөлөрдөн айырмаланып бийлеп жатканда Индия элинин кыздарына белинен ылдый чечинүүгө катуу тыюу салынган. Бийдин дал ушундай түрү менен алектенген кызга үйлөнгүсү келген жигит анын актыгын ошол "мектебине" келип текшерип анан гана аялдыкка алууга макулдугун берген.




Салтка айланган бий
Египетте жылаңачтанган денени жашоонун, символу катары карашкан. Бийдин бул түрүн египеттиктер керек болсо үйбүлөлүк майрамдарда да бийлешчү экен.

Бийдин аркасынан алынган өч
Стриптиз бийинен еврейлер да куру калган эмес. Бирок башка өлкөлөрдөн айырмаланып Израилде жалаң байдын кыздары гана бул бий менен алек болушкан.
Белгилүү бир тойго чырайлуу бийчи кыз чакырылып, жети кат жабуусун бий учурунда биринин артынан бирин чечип отуруп аягында жылаңач калат. Кыздын денесинин сулуулугуна, чырайына көзү кызарган той ээси "Кандай каалооң бар? Айт, оозуңдан чыкканын аткарам" дейт март болуп. Учурдан пайдаланган бийчи кыз ал кишинин өз баласынын башын алдырууну каалап жатканын билдирет. Оозунан жаңылган киши айткан сөзүнө туруп, баласынын башын алдыртып салат. Көрсө бир убакта ал бала дал ошол бийчи кызды зордуктап салган экен. Ошентип бийдин аркасы менен кыз өчүн ала алган.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева










??.??