Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ишенбай Кадырбековду колдоочулардын акциясын колдошууда
Коммунисттер бул акцияны колдошоорун парламент депутаты, Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Гүлжамал Султаналиева кабарлады. Анын айтуусунда Коммунисттер партиясы ачкачылык акциясын толугу менен колдойт. Депутат айым Нарын облустук администрациясы тарабынан ачкачылык акциясына эч кандай көңүл бурулбагандыгына нааразычылыгын билдирип, буга байланыштуу кайрылууну облустун губернаторунун атына жиберишээрин да маалымдады. Мындан тышкары Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп келген Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө байланыштуу кайрылуу Коммунисттер фракциясында кабыл алынат.
Нарында мурдагы мамлекеттик кызматкер, Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбековду колдоп 14-августтан бери ачкачылык акциясы өтүп жатат. Кадырбековду камакта үч ай кармоо тууралуу сот чечими 28-августта күчүн жоготот. Кадырбеков 25-апрелде Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча айыпталып, камакка алынып, адегенде бир айга камалып, камак мөөнөтү кийин сот аркылуу узартылган.

Беловодскийдеги башаламандыкка чекит коюлабы?
Беловодский абагында болгон башаламандыкка байланыштуу иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу жаза өтөөчү жайларды көзөмөлдөөчү атайын прокуратуранын жетекчиси Кубанычбек Мамакеев билдирди. Анын айтуусунда №16 түрмөдө 14-август түнү болгон окуяга жана анда жазалануучу Кадырбек Абдышевдин колунан каза тапкан эки түрмө кызматкери: Сапарбек Жуматаев менен Дуулатбек Аденовдун өлүмүнө байланыштуу атайын прокуратура менен жаза өтөө жайлар башкармалыгы тарабынан оперативдик-тергөө тобу түзүлүп, иш жүргүзүүдө. Анда эки кызматкердин өлүмүнө алып келген башаламандыктын келип чыгуу себептери иликтенип, ошону менен бирге эле түрмө жетекчилигинин иш-аракетине да баа берилет. Ал эми Бишкектеги СИЗОго алынып келе жаткан мезгилде жаза өтөөчүлөр тарабынан муунтуп өлтүрүлгөн Эрмек Урманбетов жана Кадырбек Абдышевдин өлүмүнө байланыштуу тергөө ишин атайын прокуратура жүргүзүүдө. Аларды өлтүргөнүн төрт жазалануучу мойнуна алган.
Укук коргоочулар бул ишке бир жактуу баа берилбей, абактагы башаламандыктын чыгуусуна эмне себеп болгонун аныктоону талап кылышууда. Белгилүү болгондой 15-август күнү Акыйкатчы институтунун эки өкүлү да №16 абакка киргизилген жок.

"Акыйкат үчүн" кыйымылы жандана баштады
"Акыйкат үчүн" кыймылы күзгү иш планын талкуулаганы жатат. Кыймылдын жооптуу катчысы Солто Алишеровдун билдиргенине караганда оппозициялык саясатчылардын жыйыны 20-августта өтөөрү күтүлүүдө. Анда кыймылдын жайкы эс алуудан кийинки иш пландары талкууланат. Анын катарында кыймылга мүчө партиялардын октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого камылгалары, коомдук парламенттин келерки отурумунун күн тартиби тууралуу да сөз болот. Кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун билдиргенине караганда "Акыйкат үчүн" кыймылы өзүнүн алдында түзүлгөн коомдук парламенттин келерки отурумун сентябрь айына болжоодо. Оппозициялык саясатчылардын айрым бөлүгү коомдук парламентти айына мурдагыдай бир ирет эмес, эки ирет чогултуу, жаңы түзүлгөн бийликке сынчыл көз караштагы коомдук уюмдар менен алакаларды арттыруу демилгесин көтөрүүдө. Муну оппозицияны күчтөндүрүү максаты менен байланыштырып жатышат. "Акыйкат үчүн" кыймылы парламенттик шайлоодон кийин куралып, ага "Ата Мекен", "Асаба", "Ар-Намыс", "Таза коом" өңдүү партиялар, бир катар коомдук уюмдар, саясатчылар, коомдук ишмерлер киришкен.

О. Ибраимовдун жаңы китеби чыкты
Осмонакун Ибраимовдун "Испытание историей" аттуу китеби жакында эле Москвадан жарыкка чыгып, эң биринчи жүз ачуу аземи "РИА-Новости" агентствосунда болуп өттү. Китепте тарыхый портреттер, аналитикалык макалалар жарыяланган жана ошондой эле 2005-жылдын март айындагы окуялар талданып, ага тарыхый жана илимий баа берилген.
Авторго денсоолук, китебине ийгилик каалайбыз!

Ош шаарындагы базар тартипке келет
Ош шаарынын борбордук базарындагы алып сатарлар дыйкандарды базарга жолотпой, азык-түлүккө бааны эки-үч эсе көтөрүп жиберишүүдө. Мындан ары кызыл кулактык кылгандарга ачык күрөш жарыялаганын Оштогу борбордук базардын директору Базарбай Сөлпиев билдирди. Тартипке келүүнү каалабагандар кылмыш жоопкеричилигине дейре тартыларын кошумчалады. Көз карандысыз экономист Эркин Абдразаков муну аргасыз кадам катары эсептеп, жер-жерлерде даярдоо кеңсесин ачмайынча маселе чечилбейт деген пикирде.

Топчуке кимден түңүлдү?
Топчуке акыркы убактарда аты чыкпай кетти эле, жакында "Азаттык" радиосунда Акаев менен Бакиевдин айырмасы, окшоштуктары жөнүндө оюн билдирди. Анын ою боюнча А.Акаев менен К.Бакиевдин айырмасын мындай түшүндүрүш керек. "А.Акаев болсо өзүнүн элине кыргын салган, геноцид -тукум курутчулук кылып, кийин чыккынчы болуп качып кетти. Үч жылда Кыргызстанды Швейцарияга айлантам деген демилгесин мен дагы колдогом. Ал эми К.Бакиевди болсо революциячыл эл, революциячыл оппозициялык бирикме алдыга чыгарган. Бирок, тилекке каршы, К.Бакиев 2005-жылдагы элдик революциянын тарыхый улуу максаттарынын бирин да аткара алган жок. Мен биротоло түңүлдүм.
Мына мен А.Акаевди убагында үч жыл колдоп, анан 1993-жылдын октябрында өзүнүн кабинетинде "колуңан келбейт экен, бийликтен кет" деп айттым эле. Анан куугунтуктай баштады.
Ал эми К.Бакиевди да мен үч жыл күттүм. Өзгөчө өткөн жылкы референдум, айрыкча 16-декабрдагы парламенттик шайлоодон кийин мен андан биротоло түңүлдүм. 2006-жылдын декабрында "Акжол" партиясынын аты адегенде "Содружество" болчу. Анын ичинде "каражолчулар" деле көп экенин айтып 15-октябрдын кечинде мен интервью бергем. Мен ошондон буларга жакпай калдым. "Акжолду" түзүп, парламенттик шайлоону ыплас өткөргөн К.Бакиев казак президенти Н.Назарбаевдин "Нур Отан" , ошол эле В.Путиндин "Единая Россия" жолу менен кетти.
Орусияда парламенттик, президенттик шайлоо болгон жок, деп азырга чейин айтып келатышат. Баары тең бурмалоолор менен өттү. "Акжол", "Нур Отан", "Единая Россия" да.
К.Бакиев чыныгы демократиялык жол менен эмес, өзүнүн жеке бийлигин бекемдеп, авторитардык жолго өттү. А.Акаев Кыргызстандын ыйык жерлерин Казакстанга, Кытайга өткөрүп берди. Ошондой ыйык жерлерди башкаларга кармата берүү саясаты дагы эле уланып жатат. Мынакей, "Манаста" жердин эң асылы катары даңазаланган айтылуу Каркыра жайлоосун казактарга белек катары берип койду. Мындай иш менен бир да президент абийир таба алган эмес, таба да албайт" дейт Топчуке.




  Дүйнө дүбүрт

Орусия Грузиядан аскерлерин чыгарууда
Батыш өлкөлөрү Орусия Грузиянын аймагынан өз аскер күчтөрүн чыгара баштоо тууралуу келишимди аткаруусуна көзөмөл салууда. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс билдирип, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев өз сөзүнө тура аларына ишеним артаарын белгиледи. Кечээ Орусиянын лидери Дмитрий Медведев өз аскерлери Грузиядан бүгүндөн тартып чыгарыла баштайт деп Франциянын президенти Николя Саркози менен телефон аркылуу сүйлөшүү маалында бышыктаган. Учурда Европа Биримдигинин президенттигин аркалаган өлкө - Франциянын мамлекет башчысы эгерде Орусия ок атышууларды токтотуу тууралуу өзү кол койгон келишимге моюн сунбаса, анда олуттуу кесепеттерге кабылаарын Кремлге эскерткен.

Грузия НАТОго мүчө болобу?
Орусия менен болгон аскердик жаңжалга карабастан Грузия НАТОго мүчө боло алат. Мындай пикирин АКШ жана Германия билдирди. Жекшембиде Тбилисиге жасаган иш сапары маалында Германиянын канцлери Ангела Меркел айым "Москванын каршылыгына карабастан Грузия үчүн НАТОго жол ачык" деди. АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Си-Эн-Эн сыналгысына курган маегинде Грузиянын НАТОго мүчөлүккө кошулуу маселеси күн тартибинде болгонун айтты. Шейшембиде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулушуп, Орусия менен Грузия ортосундагы жаңжалды талкуулашмакчы.

Бакуда жардыруу болду
Азербайжандын борбору Бакудагы мечиттердин биринде орун алган жардыруудан эки адам мүрт кетип, дагы тогуз адам жаракат алды . Жардырууга кол граната себеп болгон. Жардыруу орун алган мечит 1990-жылдары Кувейттин каржылоосу менен курулган жана вахабиттер кыймылы менен байланышы болгону айтылып келген.

Ооганстан көз карандысыздыгын белгилейт
Ооганстанда белгилене турган көз карандысыздык салтанатына карата коопсуздук күчөтүлдү. Баш калаа Кабулдун айлана-тегерегин болжол менен 7 миңге жакын коопсуздук күчтөрү курчоого алды. Бул тууралуу Ооганстандын Ички иштер министрлиги маалымдады. Акыркы бир нече күндө согушкерлер менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунан 50дөн ашуун адам набыт болгон, алардын ичинде 30га жакыны талип жоочулары болгону кабарланууда.

Орусия Абхазияны көзөмөлдөп турчубу?
Орусия Абхазиядагы гидро электр бекетин кармап тургандыгын бышыктады.Мунун алдында Грузиянын Тышкы иштер министрлиги орус аскерлерин жана куралчан абхаз жикчилерин Ингури гидро-электр бекетин жана 13 айылды басып алды деп айыптаган. "Ассошиэйтед" Пресс маалымат агенттигинин кабарлаганына караганда, аталган айылдар жана гидро электр бекети Бириккен улуттар уюму тарабынан түзүлгөн буфердик зонада жайгашкан. Бул электр ишканасы Грузия менен Абхазиянын электр кубатына болгон талаптарынын көбүн канааттандырат.

Осетиядан канча качкын чыккан?
Түштүк Осетиядагы жаңжалдан улам 158 миң адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарлыгы билдирди. 98 миң 600 адам Грузиянын аймагынан, 30 миң киши Түштүк Осетиядан, дагы 30 миңге жакыны Орусияга кеткен. Аталган комиссарлык жекшембиде эл аралык кайрымдуулук жардам ташыган унаалар Гори шаарына киргенин кабарлады. Улуттар уюмунун кызматкерлеринин айтымында, шаар бош калып, мында талап-тоноолор орун алганын байкоого болот.

Лукашенко кечирими
Александр Казулинге президент Александр Лукашенко кечирим бергенден кийин кечээ бошонуп чыккандыгы кабарланууда. Казулин 2006-жылдагы шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акцияларына байланыштуу беш жарым жылга кесилген эле.

Ирактагы зыярат
Миллиондогон шийилер Кербала шаарына зыяратка келишти.Ар кыл өлкөлөрдөн 3 миллион киши 18-кылымда жашап өткөн имам Махдинин туулган күнүн белгилөө үчүн шийилердин ыйык шаарында өткөн аптада чогула башташкан. Тартипти жана коопсуздукту кепилдөөгө шаарда 40 миңден ашык аскер жана тартип коргоочу күзөттө болуп жатат, ошого карабастан, бейшембиден берки чабуулдарда кеминде 36 зыяратчы набыт болду.

Жаңы рекордсмен
Пекинде америкалык суучул тарыхтагы эң мыкты олимпиадачы болуп калды. 23 жаштагы Майкл Фелпс рекорддук сегизинчи алтын медалга ээ болду. Ал 1972-жылы Мюнхен Олимпиадасында жети алтын медаль алган мекендеши Марк Спитстин рекордун жаңыртты.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ












??.??