Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Чачыла

"5 жылдыз-2008"
Ак жол сага Гүлзинат!
Быйылкы жылдын жай мезгили Кыргызстандын шоу-бизнеси үчүн эң ийгиликтүү айлардан болду десек жаңылышпайбыз. Жаш ырчыбыз Омар эл аралык "Жаш толкун" сынагында "Алтын жылдыз" наамына ээ болуп кайтса, Нена аттуу кызыбыз "Славян базары" сынагына катышып, өз талантын көрсөтө алды. Кийинки кезек "Шантелль" тобунун мукам үндүү солисткасы Гүлзинат Суранчиеванын жана жаш талант Эрлан Андашевдин "Чыгыш базарына" аттанышына келип жетти.
13-август күнү Гүлзинат менен Эрланды эл аралык "5 жылдыз-2008" жана "Чыгыш базары" сынагына узатуу аземи "Дасмия" ресторанында болуп өттү.
Россиянын 1 каналынан "5 жылдыз-2008" сынагына Кыргызстандын атынан Гүлзинат Суранчиева жана калыстар тобуна мүчө катары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти алтын үндүү ырчы Актан Исабаевдин барышы биз үчүн чоң сыймык экенин айткыбыз келет.
Аземге Улуттук 1 каналдын жетекчиси Мелис Эшимканов, маданият министри Султан Раев, туризм министри Турусбек Мамашев, ошондой эле Түгөлбай Казаков, Кыялбек Урманбетов өңдүү кыргыздын белгилүү инсандары, төкмө акындар, эстраданын орто жана жаш муундагы ырчылары ошондой эле массалык маалымат каражаттары катышышты. Салтанатты Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова алып барып, ачылышында кыргыздын салтына айланган малга бата тиленип, КРнын эл артисти Асанкул Осмонов алакан жайып ак батасын берди. Бул демилгени жаңы ачылган KG шоу-бизнес борборунун жетекчиси Азамат Курманалиев көтөрүп, уюштуруучулук жагына көмөк көрсөттү. Мындай узатуу аземи биринчи жолу уюштурулуп жатса да, жогорку деңгээлде өтүп, концерттик программа ак дасторкондон даам татуу менен аяктады.
Жакшы чыгарманын артында көп адамдар бар өңдүү Гүлзинаттын бул сапарына көптөгөн чыгармачыл жамаат колдоо көрсөтүп, жардамдарын аяшкан жок. Аземдин жүрүшүндө Гүлзинатка дем-күч, жакшы каалоолор жаңырып, ырчы кызыбыздын сынакка катышуусуна Мелис Эшимкановдун жардамы күч болгонун айтпасак болбойт.
Эмне демекчибиз, кыргыздын желегин дүйнөгө желбиреткен таланттарыбызга бир гана ак жол жана ийгилик тилеп алардын жеңил барып, оор келишин күтөлү.

Азамат Курбаналиев, KG шоу-бизнес борборунун жетекчиси:
- Уюштуруучулук жагын айтсам, бул идея досум Айбектики болду. Экөөбүз биригип Гүлзинатты шаңдуу маанайда бир жагынан колдоо иретинде узатсак, кандайдыр бир ага күч-дем болоор деген ойдо Мелис Эшимкановго билдирдик. Ал бизди колдоп, үч күндүн ичинде администрациялык маселелерин чечип, ушул салтанатты уюштуруп жатабыз.

Актан Исабаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:
- Баарыңыздарга белгилүү, Бишкекте "5 жылдыз-2008" Эл аралык сынагына тандоо туру болуп өткөн. Ал тандоо учурунда Гүлзинат Суранчиева өзүнүн таланты менен татыктуу жолдомо алды десем болот. Азыр Гүлзинат кызуу даярданууда. Кыргызстандан эки адамга чакыруу беришти. Аткаруучу Гүлзинат жана калыстар тобунун мүчөсү катары мен барам. Кудай буюрса, буйрукту күтөлү!













??.??