Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кумир менен баарлашуу

"Ашыкча фанат болуунун кереги жок"
Жылдыз: - Артык, айтсаңыз, учурда дагы кандай ырлардын үстүндө иштөөдөсүңөр?
Артык: - Жандос экөөбүз биргелешип, "Сагыныч", "Түндүктүк кызга" деген дуэт ырларды жаздырдык. Аталган ырлар радиолордон уктурулуп жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, кийинки кездерде жалаң эле түштүктүк кыздарга арналган ырлар басымдуулук кылып кеткен. Андыктан, биз "Түндүктүк кыздарды таарынтып албайлы" деп жогоруда сөз кылган "Түндүктүк кызга" деген ырды жаздырдык.
Камелия: - Артык, менин угушум боюнча "Атага кат" деген ырыңызга клип тарттыруу алдында бир топ кызык учурларга кабылган экенсиздер. Дал ошол учурдан уксак?
Артык: - (Күлүп…) Чынын айтсам, дал ошол клипти тартууда эч даярдыксыз эле күтүлбөстөн ишти баштап калдык. Атанын ролун аткарганга аксакал адамды таппай, аябай убара болгонбуз.
"Айыл жеринде карыялар көп эмеспи" деп Кой-Ташка жөнөп калдык. Ал жакка барып издеп жүрөбүз, деги тапсакчы. Бир аксакал чыкты эле бирок, анын сакалы жок экен. Дагы бирөөсүнүн сакалы бар, бирок, муруту жок болуп чыкты.
"Азыркы абышкалар "современный" болуп кеткен го" деп таң калдык. Жайкалган сакал-муруту бар карыя көздөн учуп, айлабыз кетти. Анан айыл тургундарынан сураштырып олтуруп, сакал-муруту бар бир атаны таптык. Тапканыбыз курусун… "Ата, кийинип чыгыңыз, сиз менен жай сүйлөшөлү" десек ал: "Макул" деп үйүнө кирип кетип жок. "Балээ басып, эми буга эмне болду?" деп бушайман болуп жатсак тиги аксакалыбыз койкоюп чыгып келди. Түгөттүкү, сакал-мурутун кырынып, жасанып алып чыгыптыр. Баарыбыздын көзүбүз чекчейип: "Ой, бай болгур, сакал-мурутуңуз кана?" десек кам санабай: "Эми балдар, көчөгө чыкканда кырынып чыгат да" деп жатпайбы күйгүзүп. Тимеле өрттөнүп кеттик го. Ошентип кайрадан издеп жүрүп, аксакал адамды эптеп тапканбыз.
Камелия: - Кайсы бир интервьюңузда ушунчалык шок, чоң муштум экениңизди айткансыз. Чын эле хулиган белеңиз?
Артык: - (Тамашалап…) "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт го. Жашырбай эле айта берейин. Мен кичинемден эле өтө тентек экенмин.
Мектепте окуп жүргөнүмдө да көрүнгөн менен жакалашып, мушташып, кызыл чеке болуп эле жүрчүмүн. Ырчы болуп, эл оозуна алына баштаганымда бир курдай үч бала менен бир себептен улам мушташып кеттим. Бирөөсүнүн тишин сындыра коюп, кызыл шапкечендерге 10 миң сом айып төлөп калдым. Дайым эле жөнү жок жерден акча кетиргиң келбейт да. Ошондон кийин чоң муштумдук жайымды таштадым. (Тамашалап…) Болбосо, Кыргызстандагы "менмин" деген жигиттердин көпчүлүгү тишсиз калышмак.
Жылдыз: - Сиздер сыяктуу жаш ырчылар Кыргызстанды эле тегеренип, бир сызыктан чыга албай жүрүшкөнүн байкайм. "Эл аралык кароо-сынактарга катышып, кыргыздын желегин желбиретип, дүйнөгө таанылсак" деп ойлобойсуздарбы? Дегеним, кайталанма ыр, тажатма концерттер кыргыз эстрадасын талкалап бара жатат…
Артык: - Албетте, Жандос экөөбүз "Чыгармачылык жолубузда бышып-жетилип, өсүп-өйдөлөп, бийиктикке чыгып, дүйнөлүк маданий иш-чараларга катышсак" деген аруу тилектебиз. Мына, өзүңүздөр күбөсүздөр, быйыл мамлекет тарабынан таланттуу жаштарга колдоолор, камкордуктар көрүлүп жатат. Омардын эле ийгилигин айталы. Бул биз үчүн кандай кубаныч. Андыктан, келечекте баары алдыда. "Кыргыз шоу дүйнөсүндө алдыда көп жакшы ийгиликтер, өсүштөр болот"- деп ишенебиз.
Жылдыз: - Жандос, кеп кезегин сизге узатсак. Жаңы келген келиндей болбой, уялбай, сөзгө аралашып, өзүңүз тууралуу тааныштыра кетсеңиз?
Жандос: - Сиздердей буралган татынакай кыздарды көрүп, аябай толкунданып жатам. Мен 1982-жылкы мырза жигитмин. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кошой айылында кедей-дыйкандын (тамашалап) үйбүлөсүндө төрөлүп - өскөм.Үйдүн эң кенжеси, эркеси болом. Үйбүлөм музыкага жакын адамдар. Ошондон улам мен да ырчы болуп, кашыңарда олтурсам керек.
- Бийкечиңиз барбы же бойдокчулуктун арабасын айдап жүрөсүзбү?
- Бойдокмун. Жүрөгүмдүн ханышасы жолукпай азапка батып келем. (Тамашалап…) Силердин араңардан бирөөңөрдү "илип кетсемби" деп турам. "Кумир менен баарлашуубуз" "Кумир менен тойлошуу" болсо жаманбы…
Гүлзат: - Сиздер гастролдоп, чет жакаларда, талаа-түздө көп жүрөсүздөр. Сүйүктүү жубайыңыз кантсе да кызганып, капа болсо керек?
Артык: - Башында чын эле кызганчу. Анан акырындык менен менин чыгармачылыгыма түшүнүп калды. Жакында Жалалабаттан там сатып алдым. Үйбүлөм ошол жакта турушат. (Күлүп…) Эгер кызганса менин артымдан кууп келет эле да.
Айзирек: - Экөөңүздөргө тең тиешелүү суроо. Бири-бириңиздердин жактырган жана жактырбаган сапаттарыңыздардан айтсаңыздар?
Артык: - Жакшы суроо болду. Менин ачуум өтө чукул. Ушул кемчилигим Жандоско жакпаса керек. Ал эми Жандос сөзүнө турбаган, бир аз жоопкерчиликсиз жигит. Ушул мүнөзү ачуумду келтирет.
А жакшы жагы тил алчаак, ыймандуу бала.
- Кыздарга көп барабы?
- "Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" дейт го. Албетте, кыз дегенде тетири качпайт.
Жандос: - Артыктын мага жакпаган сапаты - түшүнбөй эле кыйкыра берет мурдун көтөрүп… Жалкоолук жайы да бар. Айтмайынча, камырабай жүрө берет.
Жакшы сапаты - улуурак да, менден бир аз акылдуурак. Берешен, март, ак көңүл. Дал ушул мүнөзүнөн жазбасын эми.
Камелия:- Ырчылар эптеп эле акча таап, атак алышты ойлонот. Деги соопчулук үчүн деле кайрымдуулук концерттерин койсоңор болот да?
Артык: - Туура. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, эмне үчүн кайрымдуулук концертин өткөрүүгө болбосун. Бизде да андай ой бар. Бирок, ал үчүн оболу материалдык жактан камсыз болушубуз зарыл. Андай шарт буюрса бизде болоор деген үмүттөбүз.
- Сапар менен мамилеңиз кандай?
Артык: - Эң сонун… Кандай болбосун шоу дүйнөсүндө чыгармачыл адамдар бирин-бири түшүнүшөт. Андан башка айлалары да жок.
Гүлзат:- Тандемиңер мандем болуп калбайбы?
Жандос: - Андай болбойт. Өткөндө Күмөндөр агабыз Артыкка тамашалап: "Сени Сапар "таштап" кетти эле, эми сен андан өчүңдү алып, Жандосту "таштап" кете көрбө" деп жатпайбы. Чыныгы жигиттер сөзгө бекем болот да. Биз андай жеңил-желпи кадамдарга барбайбыз.
- Сиздин жубайыңыз бар. Бирок, андан да татынакай перини жактырып калсаңыз эмне кылат элеңиз?
Артык: - Биринчи сүйүп көрөйүнчү… Анан ойлонуп көрмөкмүн.
Жылдыз:- Кайсы бир кызды жактырып, бирок, жетпей калган учуруңуз болду беле?
Жандос: - Болгон… "Ысык" деген ырым ошондон улам жаралган. Ал мага, мен ага жетпей калып, ортодо ысык сүйүү алоолонуп кеткен. Антсе да, жетпей калган сүйүү барктуу, баалуу болот деп ойлойм.
Айзирек:- Кыздардын сиздерге жакпаган сапаты?
Артык: - Ашыкча эле фанат болуп, "Сүйдүм, күйдүм" деп жигиттердин артынан чуркаган кыздарды өтө жек көрөм. Негизи ашыкча фанат болуунун кереги жок…

P.S.Тамашакөй, ачык-айрым жаштар чогулгангабы, көк чөп үстүндөгү баарлашуубуз күлкүлүү, тамашага жык болду.










??.??