Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Обондун" сын сандыгы

Министрдин мүнөзү

Кадырман окурман!
"Обон" гезити сиздерге азыркы бийлик бутактарында иштеп турушкан министрлерден баштап, чиновниктерге, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрикабызды ачтык эле.
Өлкөбүзгө белгилүү ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен ар бирине индивидуалдуу түрдө мамиле жасап, дыкаттап изилдеп көрбөйлүбү дегенбиз. Алар эмне дешет? Пифагор жалаң гана жалпак логика, эсеп менен чектелип калбай, чексиз дүйнөлөргө аралашкан мистикалуу мүнөздөрүн айта кетсек. Дүйнөдө жөндөн-жөн эч нерсе болбойт. Биз кокустук болуп кетти деген бардык нерселерде өзүбүз анча аңдай бербеген негиздер бар. Бүгүнкү биздин каарман Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов.

17.12.1958
1+7+1+2 = 11
1+9+5+8=23
11+23=34
3+4=7
34-2=32
3+2=5

Т уулган датаңызды жазыңыз 17.12.1958 Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 1+7+1+2 = 11. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+5+8=23.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 11+23=34. 34-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 3+4=7. 7-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 34-2=32. 32-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 3+2=5. 5-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 17.12.1958
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 34.7. 32.5.
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Нурлан Сулайманов:
111 - мүнөзү алтын ортодогуларга кирет. Туруктуу, оор басырыктуу, жоош, көздөгөн максаты бар адам. Бирөөлөргө көз каранды болууну анча жактыра бербейт. Анткени менен бийликке деле умтулбайт. Эгер мындай адамдарга чын жүрөктөн мамиле жасалса, анда дайыма тил табышууга болот; 22 - биоэнергиясы жетиштүү, башкаларды дарыласа болот; 33 - так илимдерге жөндөмдүү, ачык мүнөз адамдар, кээде ойлонбой деле сүйлөп жиберет; 4 - денсоолугу орто, карыганда ооруп калышы мүмкүн; 55 - интуициясы өнүккөн, боло турган окуяларды алдын - ала сезүү жөндөмдүүлүгүнө ээ; 6-0-кара күчтү талап кылган эмгекти сүйбөгөн адам; 77-мындайлардын турмушу жеңил болот. Таланттуу, ийгилик чыгармачылык эмгектин натыйжасында келет. Жогорку күчтөр тарабынан жөнөтүлгөн касиетти кармап калуусу зарыл; 8- жоопкерчиликтүү, сезимтал; 9-акылын, интеллектисин өстүрүүсү керек, мындайлар тынбай окуп, үйрөнүп турууга муктаж.
Аналитикалык акылга ээ, бирок көпчүлүк учурда жалкоолукка алдырып, алдын ала болуучу шарттарды талдабагандыктан жагымсыз окуяларга кабылышат. Сараң, сак жана кыбыр адам. Кыялданганды жакшы көрүшөт. Ага кылынган таарынычтарды кечире билип, анысы аз келгенсип душмандарын доско айлантып алышат. Эмоционалдык жактан туруксуз, интрига уюштурууга жөндөмдүү, бирок ар дайым түзүп келген байланышына ишенимдүү. Эгерде жолдошу аны бир жагынан чектейм десе, толук ажырашууга баруусу мүмкүн. Көп ирет жаңы нике курушу ыктымал, анысы барган сайын ийгиликтүү болот. Өтө сексуалдуу, тыюу салууларды жактырбайт.
Туулган күн, ай, жылын суммалай келсек, жети санын алабыз. Жетилер ойчулдар жана жөндөмдүү таланттуулар, бирок оңой менен сырын ачпайт. Мындай адамдар башкалардын айткандарын кунт коюп угат. Бирок айтылгандардын баардыгын эле кабыл ала бербейт. Табияты искусствого, философияга, динге тартып турат. Интуициясы эң сонун өнүккөн. Ошого жараша өтө кылдат анализдеп , пландаштырып жатып чечим кабыл алуусу оң. Жети -жашыруун лидер, башкаларды көп нерселерге шыктандыра алат. Мистикалуу дүйнөгө кызыгат, анткени менен турмашта реалист болгону жакшы. Жан дүйнөсүн түшүнүү татаал, тынчсыз жана күмөн саноого , шектенүүгө толуп турат. Көңүлү ачык болсо андан жакшы киши жок, тескерисинче болсо ал ажаан.
Жаңы нерселерди жактыргандыктан улам саякатты, курч окуяларга кабылууну жакшы көрөт. Өтө коммуникабелдүү, өз тажрыйбасын жогору баалайт. Жашоодо бактылуу кокустуктар алга тартат , жалпысынан алганда тобокелге сала берсе болот, бирок акыл -эс менен.
Саясатта жана аткаруу бийлигинде реформатор-стратег, анткени анын табияты дайыма алдыңкы жаңы нерселерге умтулуп, жаңы нерсени көргөндө тытынып жетип, бир иштен эки ийгилик жаратат. Анын стратегиялык багыттардагы алдыда боло турган пландары жаңыланууга ,өзгөрүүлөргө бурулган, себеби ал эртең эмне болоорун, кандай заман келатканын көрө билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Новатордук идеяларга умтулат. Анда материалдык байлык болот дейт. Бул үчүн анда толук шарт бар. Ал башкалардын оюна келбеген илим менен алек болсо, ийгилик болот. Кандай болгон күндө да анын стихиясы чоң иштерде, майда-баратты башкаларга таштаганы оң. Кызыккан багыты да ар тараптуу, ошого жараша каалоосу да көп, аны аткарууга мүмкүнчүлүгү жетишпейт. Эгерде ал карьерасын көп ойлосо, анда ар нерсеге алагды болбоо үчүн кызыгууларын чектегени туура. Ал эми көздөгөн максатка жетүүдө кыйын экендиги талаш туудурбайт. Жакшы уюштургуч кишилер, өз жоопкерчилигин сезишет, аны менен бирге эркин жүрүм-турумду жакшы көрүшөт.
Эми Нурлан Чолпонбаевичтин аярлуу, жашыруун делген нумералогия илимдеги экзотерикалык коддоронун чечмелеп көрбөйлүбү? Ал эмне дейт. Анын табышмагы, аты-жөнүндөгү тамгалардын ар биринде катылган. Ал үчүн тамгаларды санга айландырган атайын таблица бар. Биз ошол сандарды суммалаганыбызда төмөндөгүдөй жоопторду алдык; жөнөкөйлүк, таанымалдуулук, элин сүйүүчүлүк, саясий ишмердүүлүк, пайда табууга умтулуу, эмгекчилдик, эркиндикти сүйгөндүк, чечкинсиздик, илим жана эрдик, кайраттуулук, менменсинүү, оройлук, кайгы, философия, куткаруу, ойдун тереңдиги, атак-даңк жана баатырдык.
Мүнөзү тең салмактуу, бирок андан эки жактуулукту байкаганга болот. Бир жагынан абдан өнүккөн, экинчи жагынан жөнөкөй. Экинчи типтеги -бул моряк, солдат, шектүү киши, тентимиш. Анда чоң турмуштук күч бар, аялга жагат. Кайраттуу, ооздукталбаган укмуштуу окуяларды сүйөт. Биринчи типтегиси - окумуштуу, саясатчы. Ал үчүн күрөшчүл кармашуу талаасы-лаборатория, кафедра же трибуна. Көңүлдүү, ак пейил мүнөзүнө карабай жете элек нерселер үчүн кусалыкка батат.
Аларда бир нече таңгаларлык сапаттар болушу мүмкүн. Атка секирип минип, кайсы бир иш үчүн шаардан чаап өткөн же цирктеги клоунга аралашып кеткиси келген, күтүүсүз каалоо пайда болушу мүмкүн. Анткени, анын түпкү рухунда эркин кесиптин ээси болгусу келген, өнөр дүйнөсү өзүнө тартып турат. Анын жүрөгүн жеңип алам дегендер аны цирктин мүчөлүгүнөн түшүрүп, бөлүп ээрчитип кетүү керек. Бирок муну жасаш оңой эмес.
Алар өтө ишенчээк, ушундайлыгынан көпчүлүк убакта көлчүккө түшүп калышат. Эгер бардык убакта асманды карап алып, бийик максатты издене чуркай берсең көлчүккө түшүп кетүү оңой эле да. Анткенибиз менен сөздүн олуттуу маанисинде алар кур кыялдуу эмес. Анын кыялында дайыма билүүгө кызыккандык коштоп жүрөт. Ырас, бул кыялдары көпчүлүк учурда иштиктүү. Максатына жетүүгө болгон мүмкүнчүлүктү сезээри менен ал ага ар кандай ачык түстөрдү берет. Анын элестетүү жөндөмү канча болсо, ийгилиги да ошончо. Ага тоскоол кылып, алга умтулуусун жактырбай, аны жок кылууга шашкандар көптөгөн жагымсыздыктарга туш кылышат. Бирок тагдырына жазылган жолу ачыктык ага дайыма жардамга келет. Жогорку күчтөр колдогон жөлөмөсү бар. Ал ушунчалык жолдуу болгондуктан, кээде акыйкатсыз өңдөнүп кетет. Тагдырдын соккусунан кийин кайра өзүн тез колго алуусу табигый нерсе. Бул нерсеси сүйүүгө да тиешелүү. Дайыма адамдагы чыныгы баалуулуктарды издеп, чынчыл эместикти сүйбөйт. Такыр душмандары жок деп да айтууга болбойт, бирок башка белгидегилерге караганда азыраак. Анын ачык пикирин уккандар таарынышы мүмкүн, бирок анын ичинде жамандык жок экендигин түшүнүшкөндөн кийин тез жазылышат.
Кемчилдиксиз адам болбойт, анын бир күнөөсү-байкабастыгы, көңүл бурбастыгы, бирок анда атайын жасалган катаалдык жок. Анын сөзү символикалуу жебе сыяктуу. Ал ойлогонунун баарын айта алат. Сүйлөсө сөзгө чебер, адамдар менен болгон мамиледе түздүгү менен айырмаланат.
Белгиси от болгондуктан сүйлөгөндү жактырышат, көтөрүңкү жана өзгөчөлүү болушат. Көңүлүндө өзүн аянбайт. Бирок анын көңүл абалын ымаладан ашыкча пайдаланган орунсуз адамдардын арасында болсо өзгөрүп кетиши мүмкүн. Өзүнө бирөө бийлик кылгысы келсе ачууланат. Күрөштөн эч качан качпайт, жардам да сурабайт, өзүн эң сонун коргой алат.
Анда бала кыялдуулук дайыма бар, турмуштун олуттуулугун жактырбайт. Чоң жоопкерчиликтүү сапаты болгону менен жоопкерчиликтен качкысы келет. Деги турмуш аларды аз жеңет, себеби жакшылыкка ишенген энергиялуу инсан. Начар сапаттары спирт ичимдиктерине кызыга коюусу. Кээде какшыкчыл, шашма. Сырды начар сакташат. Бирок ар кандай абалдан тез чыгат. Эске тутуусу фантастикалык , алар датаны, атты, ар кандай майда нерселерди эң жакшы эстешет да өзүнүн чапанын кайда унутуп калган "апенди чалыш" мүнөзү бар.
Аялдар анын мамилесин көп учурда туура түшүнүшпөйт. Ортодогу мамилелер бир топ олуттуу деп ойлошот, ал болсо жеңил мамилени каалайт, мүмкүн ал түгүл кол тийгис сүйүүнү. Жеңил кызыгууну жактырат, ар түрдүүлүк тартат. Эгер сиз турмушту ага окшош кабыл алсаңыз, анда анын түгөйү болууну ойлосоңуз болот. Ойлогон өз идеяларын ишке ашырууга тоскоол болбоңуз. Өзүңүз алаксый турган иш таап алыңыз. Ага эркин болууга мүмкүндүк бериңиз. Ал жүрөгү менен да, акылы менен да ойлойт. Көңүлү чөккөн убакта адам чыдагыс.
Анда таасирдүүлүк жана бийликчилдик , өзүн башкаруучулук бар. Келечекке кетчү арканды узун таштап, эл аралык маалымдуу байланыштарды чыңдайт. Дайыма тынчсызданып сак , эмне кылаарын жакшы билет, сынчыл көз карашынан көбү коркушат. Шекчил, бирок аны юморго жакындыгы жана чоң руху майдачылыктан сактап турат.




Нурлан Сулаймановдун ишмердүүлүгүн жана инсандыгын кандай баалайсыз?
Бешболуш Матисакаов, Бишкектеги "Лига" транспорттук ишканалар агентствосунун директору:
- Эгемендүүлүк алгандан тартып иштеген жана иштеп жатышкан министрлердин эң мыктыларынын бири деп Нурлан Сулаймановду ишенимдүү түрдө айта алам. Алган билимин иш жүзүнө ашыра билүүсү - бул жетекчинин таланты.
Жол тармагындагы мурда болуп көрбөгөндөй жетишкендиктер, коммуникациянын өнүгүп-өсүүсү, транспорттогу реформалар Нурлан Чолпонбаевичтин талыкпас эмгеги аркылуу иш жүзүнө ашууда. 2000-жылдарга салыштырмалуу бюджеттен он эсе көп, башкача айтканда азыркы учурда жолдорду оңдоп түзөө иштерине 1 миллиарддан ашуун каражат жумшалып, көптөгөн чет элдик долбоорлор аркылуу инвестициялар тартылууда. Ош - Эркештам - Сары-Таш - Доорот-Коргон, Баткендеги айланма жол, көпүрөлөр, Суусамыр- Талас, Бишкек- Торугарт жолдорунун оңдолуп, түзөлүп жаткандары буга күбө. Байланыш тармагына келсек, бүгүнкү учурда дээрлик бардык айыл-кыштактарыбызда мобилдик жана кабелдик байланыштар аркылуу туш тарап менен сүйлөшүүгө шарттар түзүлдү. Келечекте айылдык атуулдарыбыз интернет аркылуу дүйнө менен байланышууга убакыттар алыс эмес.
Транспорт тармагында кабыл алынган мыйзамдар нормативдик-укуктук документтер аркылуу дагы көп ийгиликтерге жетишкенге мүмкүнчүлүктөр бар. Бир гана "Лицензиялоого өзгөртүүлөр жана толуктоолор" мыйзамынын негизинде республикалык жана жериликтүү казынага миллиондогон салымдарды тартып, жүз миңдеген иш орундарын мыйзам чегинде легалдаштыруу аркылуу камсыз кылса болот.
Өлкөбүз тоолуу аймак болгондуктан автотранспорттук каттамдар экономикабыздын приоритеттүү стратегиялык тармагы. Ошондуктан ушундай жооптуу кызматта, билими тажрыйбасына айкалышкан келечектүү инсандын бул багытта кызмат кылып жатышы- бул мамлекетибиздин утушу, ошондой эле элдин кубанычы, сыймыгы.

Махабат Жумакеева,
"Курулуш фарм" дарыканасынын жетекчиси:
- Нурлан Чолпонбаевичтин транспорт жана коммуникация министри болуп келгенден кийинки жигердүү эмгегин эл өзү көрүп турат. Балким ага ашыкча ой-пикир айтуунун кажети жок. Өзүнүн реалдуу реформатордук иши менен бул инсандын эмне иш кылып жаткандыгын биз эле эмес, элеттеги карапайым калк эң жакшы билет. Акыркы алты-жети жылдын аралыгында өлкөбүздөгү эл аралык маанидеги негизги жолдорго мурда болуп көрбөгөндөй зор көңүл бөлүнүп, өлкө казынасынан, ошондой эле сырткы инвестицияларды тартуу аркылуу жолдорубуздун багы ачылып, миллиарддаган каражаттар ушул багытка жумшалууда. Жүздөгөн жаңы техникалар алынып келинип, асфальт чыгаруучу заводдор ишке кирүүдө. Ал эми байланыш тармагындагы элди тейлөө болуп көрбөгөндөй тез өзгөрдү. Биз жаңы нерсени укмуш бат кабыл алган калк окшойбуз. Эл өзү да жаңыланууга умтулууда. Бирок, бийлик башындагы консерватордук бийлик элди бир топ азапка салып коюууда. Нурлан Сулаймановдой жетекчилерибиз көбөйсө эртеңкибиз тумандабай, тунуйт эле…

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:
- Мен анын кандай инсан экендигин жакындан билбейм, бирок министр катары өзүнө берилген укуктарын так пайдаланып, иштин көзүн таап жакшы аракеттенип иштеп жатат. Башка эч нерсе айталбайм.

Даярдаган Алмазбек Эркебай