Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Адабият айдыңы

Таштан Чакиев, акын:
"Ар бир ыр акындын боор этинен жаралат"
- Адабият чөйрөсүнө аралаша баштаганыңыз канчанчы жылдарды өзүнө камтыйт?
- Чыгармачылык чыйырым абдан кеч башталды. Он жети жашымда алгачкы ырымды жаздым. "Ленинчил жаш" деген гезиттин таанышуу бурчунан бир кыз менен таанышкам. Мен өзүм кат жазганды жакшы көрчү элем. Ал кызга төрт сап ыр менен кат жаздым. Бул саптар кокусунан чыккан ыр болду да. Анан ал кыз менин ырымды жактырып, "мындан кийин мага дайыма ыр жазып турбасаң катыңды окубайм"-деп калды. Мен өзүмдү күнү-түнү кыйнап ыр жазган күндөрүм көп эле болду. Азыр эми ыр жазбай коё албайм. Ушул кыз мага чоң таасир берди. А бирок, ал болбосо деле эртели-кеч талантым бышып жетилмек. Ал мезгил 1987-88-жылдар болуп калат.
- Демек, ошол кызга ыраазы болот турбайсызбы. Эгер эсиңизде болсо төрт сап ырыңызды айтып бербейсизби?
- Мм… эсимде калбаптыр. Кыскасы, акыркы сабы "Мен сага ыр саптары кубулжуган" деп бүтөт эле.
- Жеке сиздин пикирде акындардын дүйнөсү кандай?
- Акындык - ажайып дүйнө. "Бала эненин боор этинен жаралат" деген бар эмеспи, ошол сыяктуу эле ар бир ыр акындын боор этинен жаралат. Ырларың жакын болуп багынын ачылышын тилейсиң. Ыр жазуу оңой көрүнө берет, бир эле окуп коёсуң. Чындыгында ырды түйшөлүп аны бышырып өз нугуна саласың. Ыр экен деп ар бир адам жаза берет. А бирок акындардын түйшүгү көп. Менин кызыма арнаган ырымда мындай саптар кездешет: "Билбейм эгер жашоо мага экинчи ирээт берилсе,
Акындыкты тандап алуу келбес эле оюма"-деген. Бул саптар менен кызымдын акын болушуна каршылыгымди билдиргим келет. Анткени, ал үчүн көптөгөн түйшүктөрдү басып өтүшүң керек. Поэзиянын таза, тунук болушун каалайм.
- Ар бирибизге кыйынчылыктар кезигет эмеспи, мындай кырдаалдан кантип чыгасыз?
- Туура. Кыйынчылыктан акылды токтотуп, сабырдуулук менен чыгыш керек го. Кыргызда "Жамандыкты амандык жеңет" деген сыяктуу башыңдын аман болушун тилешиң керек. Бардык нерсеге олуттуу карап, сабырдуу болсоң, кыйынчылык өзү менен өтүп кетет.
- Маектин башында айтып өтпөдүңүзбү, кыздарга кат жазып, сүйүү арнагам дегендей. Сүйүү сиз үчүн эмне?
- Сүйүүнүн өзү керемет. Сүйүү менен ар бир адам ооруса жакшы болмок. Себеби, сүйүү адамды адамдык сапатка, касиетке ээ болууга тарбиялап, көзүн ачат. Сүйүүгө кабылбай калуу чоң азап болуш керек. "Мен сүйүп көргөн эмесмин" деген адамдарга бооруң ооруйт. А акын болгондон кийин эки эселеп сүйүш керек.
- Үйбүлө кичинекей мамлекет дегендей, үйбүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Келинчегим Лира, досторум "Таштандын өзү акын болсо, аялынын аты дагы Лира" деп күлүп калышат. Баш кошконубузга 14 жыл болду. Уулум Атахан, кызым Айгерим. Келинчегим чыгармачылыктан алыс адам. Башында ырларымды кызганып, кимге жаздың дегендей түшүнбөй жүрдү. Азыр эми көнүп калды окшойт. Тескерисинче колдоп жакшы ой менен карайт. Ушуга кошумчалап кетсем "Бейтааныш кызга" деген ырымда "Ээрчишип, эзилишип баратабыз" деген жерлери бар. Ырды окуган адамдар азыр менин ошентип баратканымды элестетип, таң калышы мүмкүн. А бул саптар мага жаштык кезде фотоаппарат сыяктуу чагылдырылып, жүргөндө калган.

Бейтааныш кызга
Ээрчишип, эзилишип баратабыз,
Сыр катып, өңчөй сырлар жаратабыз.
Бир басуу бактысынан тартынчыктап,
Бутуңдан бутум барат кадам алыс!?

Ушинтип, акыл-айран, айла кетет,
О, бул күч - кыз алдында кайда кетет?!
Бута атым алыстаймын бир кылчайсаң,
Кызарып, бетим дуулдап, бутум сенек!

Кызбурак, кагылайын, кызгалдагым,
Агаңдын абалы ушул - кызга жакын?!
Эс кирип, картайганда эм болсун - деп,
Элесиң уурдап алып, ырга салдым.

Кызбурак, кайда болбо аман жүргүн!
Эсиңде калаар, балким, калбас бул күн?!
Кызбурак эсен-аман жүрсө экен-деп,
Токудум жебесинен ырды күндүн.

Маектешкен
Айнура Султанова




(Башталышы
өткөн сандарда)
- Аны мен билем.
- Ошол Арстанга жакпайт экен. Ошондуктан ал сени көрө албай жатат. Болгону ушул, Шерим. Деги сак жүр. Бир күнү келип, жара тартып таштабасын.
Кабыланды кадимкидей санаа басты. Баякүнү өтүп баратса, алыстан аны Арстан көргөн. Чын эле ошондо анын көзү канталап, кол салчудай октос берип турганын байкай, буйтай өтпөдү беле.
- Мен да оңой келбейм. Мен дагы экинин биримин. Көрсөң айтып кой, көп тийишпесин. Болбосо, менден бирди көрөт ал мышык.
Кабыландын сөзүн жасап, кооздоп жеткизди Момолой.
- Сенден коркпойт экен, Шерим. Сени ал теңине албайт экен, Султаным. Карыган мышык мага кеп эмес деп айтты. Менден коркуп, сездеп жүрбөсө бир күнү кардын жара тартам,-деди.
Мына ушуга окшогон толгон-токой ушактан кийин ачууга жеңдирген Арстан:
- Кайда жүрөт, ал айбан! -деп ордунан ыргып турду да, Кабыландын жаткан жайын көздөй атырылып жөнөдү. Сак жаткан Кабылан ордунан буйт берип, бир далайга чейин айбат кыла кармашкан болду.
Акыры чарчап, алы жетпесине көзү жеткенде ал каччып берди. Арстан анын артынан сая кууп келет. Экөө тең аябай чарчаганына карабай, өлүм менен өмүрдүн ортосундагы күрөш бир саамга да токтогон жок.
Кууп баратканына карабай:
- А кудай, жардам бер. Ушуга жетип бир жайласам, экинчи арманым болбойт эле-деп, алы кете баштаган арстан теңирге улам-улам жалынып коёт.
- А Кудай, колдой көр! Ушу жоодон кутулсам өмүр бою сага сыйынып жүрүп өтөм-деп өзүнчө жалынат жаратканга Кабылан.
Бири-биринин сөзүн уккан экөө тең өздөрүнчө кобурады:
Кудай мендик. Ал качканды колдойт ал.
- Кудай мендик. Кууганды өзүнчө колдойт ал.
Ал аңгыча кабыланга куйрук улаш жете жаздап калган арстан күп этип казылган орго кулап түштү. Балээден чын кутулган кабылан кайра келип, ордун четине токтоду да:
- Ырас гана болду сага! Шишиң толгон болчу! -деп мыскылдай бейкапар күлүп турат.
Ор аябагандай терең эле. Ордон чыга албасына көзү жеткен Арстан көзүнө жаш ала чын наалыды:
- Э-э, чоң кудай, калыстык кылган жоксуң. Кайсы жеримден жаздым сага. Эми ушу ордон чыкпай чирип өлөмбү? Калыстык кылган жоксуң, теңирим.
Ушу кезде күңгүрөгөн жоон үн чыкты.
- Жок, мен калыстык кылдым.
- Сен кимсиң? -деди Арстан көктү тиктей берип.
- Мен сен сыйынган Кудайыңмын!
- Кудайыңмын?
- Ооба, Кудайыңмын…
- Андй болсо эмнеге көрүнбөйсүң! Көзүмө көрүнүп туруп сүйлө. Арманымды ук, чоң Кудай!
- Эй, макулугум! Кудайды эч ким ушу кезге чейин көзү менен көргөн эмес…
- Анда аны ким көрүптүр?
- Аны эч ким көрө албайт. Аны ар ким акылы менен гана туят.
- Андай болсо зарымды ук! Калыстык кылып мени ордон чыгар.
- Мен калыстык кылдым. Ошон үчүн сен тирүү турасың!
- Калыстыгың ушубу! Акыры, ушинтип ордо жатып чирийминби!...
- Жок, чиригениңче көп бар! али ичер сууң түгөнө элек. Сени ордон чыгарып алышып, торго салышат. Тамакты колдон жеп, көптү көрөсүң!
- Ошо кантип жашоо болсун…
- Антип оосар сүйлөбө. Ага да көнөсүң, каниет кыл.
Мунун баарын угуп турган Кабылан кыт-кыт күлдү:
- Чоң Кудай, мен сага ыраазымын. Алсызды колдоп, калыстык кылганыңа рахмат.
Баягы жоон үн кайра сүйлөдү:
- Сен да көп кубанба! Сүйүнө турган эч нерсе жок. Бечарам.
- Кантип! Мына мен эркинмин. Токойдоун жалгыз ээси менмин.
- Аңкоом, байкушум! Жээликпей, эрдемсибей айланаңды жакшылап карачы!
Кабылан тура калып туш тарабына көз чаптырса, тегерете курчалаган майда -майда темир тор экен. Ошондо амалы түгөнгөн ал да ыйлап жиберди.
- Мунуңуз адилетсиздик, чоң Кудай!
- Жок, мен эч кимиңе тарткан жокмун. Кара кылды как жарган адилеттик деп ушуну айтат. Кеңдикти, эркиндикти эч кимиң баалаган жоксуңар. Эми мындан ары экөөң тең тор ичинде ушинтип, жанаша жашап күн көрөсүңөр.
Арстан менен Кабылан кошула унчукту:
- Кудайды ооздон түшүргөн жок элек.
Кудай күлдү.
- Качкан да, кууган да Кудайды оозуна алат. Кудай болсо эч кимге тартпайт. Ал ар дайым ушинтип калыстык кылат. Эми ар кимиңер өз күнүңөрдү көргүлө.
- Өмүр бою ушинтиппи? -деп экөө тең уңшуп жиберди.
Кудай кайра жооп берди:
- Өмүр деген эмне? Мен үчүн ал жыл менен, кылым менен ченелбейт. Ал жан-жаныбардын баарынын маңдайына кокусунан буюрган бир гана тыс эткен учкун. Дегинкиси, өмүр дегенди мындан ары баалайсыңар. Кудайды мындан кийин нака көрөсүңөр! Ал көздөн кайым болду.
Айтканындай эле капастагы эки шер кийинчерээк Кудайды өз көздөрү менен көрүшчү болгон. Көңирсиген көк асман жана көктө жадырай ааламга нурун тегиз чачкан күн, ошондой эле тоо-ташы менен токою, суу байлыгы ташыган төшү түктүү кара жер - кереметтүү Кудайдын өзү экен. Мына ушул үчөөнүн алдында терин төгө эмгектенип, эркин, бейкапар жашаган жан-жаныбарлардын баары бактылуу турбайбы, көрсө. Кудайды накта тааныткан, адамзат дебей, жан-жаныбардын баарын бактылуу кылган чыныгы эмгек, уулум!-деп көл ичинде энесине ыктай өзүнөн көзүн албаган балага карады да, кайра аңгемесин мындайча жыйынтыктаган экен чал.
- Ошондон кийин ар дайым эртең менен күндүн кызыл нурун көргөндө экөө тең:
- Ассалому алейкум, чоң Кудай! - дешип озуна салам беришчү.
Ааламга нурун тегиз чачкан адилет Күн ошондо алардын саламына кадимкидей мээримдүү жооп берчү экен:
- Алейкум салам, макулуктарым!
Тамсилин айтып бүткөн Бакалбай: "Бактылуу болгула, эч качан ырысыңар кемибесин!"-деп бата берет да, ордунан ыргып туруп, атына минген бойдон чаап жөнөйт. Тигил үчөө болсо тамсилди өздөрүнчө аяр талдап, бул сапар карыя ичине кир сактабай ак дилден баа бергенине ишенип, үйлөрүн көздөй жол тартышкан дейт.
Жомогум бүттү, балдарым. Мен айткан үч мээримдин мааниси ушул. Ал эми Бакалбай чал айткан тамсилдин маанисин өзүңөр талдагыла. Бул үчөөсүз өмүр сүрүү кызыксыз болсо, буга дагы бир кошумча: адам керт башынын эркиндигин сезмейинче үч мээрим маңызына чыкпайт. Баамдадыңарбы? Оңбогон чалдын тамсили ошол жөнүндө…
Ошентип, эне-бала жана ата үчөө элге кошулуп, чоң той беришет да, бактылуу өмүр сүрүшкөн экен. Алардан тукум калып, тукумдары көбөйүп отуруп, өзүнчө урууга айланган дейт. Мына ошол жылан энеден тараган журтчулукту Өздөр деп коюшат. Алардын тукумдарын мен да кезегинде учурата калам. Ырдаса үндөрү мукам, күлсө күлкүлөрү ачык, жаракөр болушат алар. Өң-түстөрү кара сурунан келип, көздөрү жоодурай сулууча келишет өздөр! Алардын тукумдары анчалык көп болбойт. Туулса бирден же экиден ашпайт алар. Бирок алар жайдары көрүнүшкөндөрү менен өтө намыскөй, кайраттуу ары кекчил болушат. "Өчөшкөнүн өксүткөн Өздөр" деген макал да ошондон калган, балдарым. Адам- адам болуп жаралган соң анын намыскөй, кайраттуу болгону жакшы дечи. А мен өзүм кекчил адамдарды анча жактыра бербейм. Адамдын калыс, боорукер жана кечиримдүү болгонуна не жетсин…
Туз айылы,
11-май, 1986-жыл.
















??.??