Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаргылчак

Мындай ырды ырдагандар
- Искусствонун душманы
Кыргыз эстрадасы кандай жолго түштү, кандай өсүштөр бар, ал тууралуу айтылчу кеп али алдыда…
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан "Жаргылчак" аттуу рубрикабызда жаш ырчылардын ырларын сынга алып келебиз.
Кезектеги "Жаргылчакта" жаш аткаруучу Жаным Айзаттын "Сүйдүм сени" аттуу ыры тартылмакчы. Аталган ырга элдин ой-пикири кандай экенин ортого салабыз.

Жаным Айзат, ырчы:
- Албетте, бул менин экинчи ырым, мага жагат. "Сүйдүм сени" деген ырдын обону өзүмдүкү, сөзү Тынчтыкбек Кожобековдуку. Бул ыр шайыр-жайдары, оптимистик көз караштагы ыр. Мен бул ырды бир жылдан бери ырдап жүрөм. Буюрса репертуарымдагы жаңы ырларды элиме жакын арада тартуулайм.

Тынчтыкбек
Кожобеков,
продюсер:
- Сөзсүз эле ырдын тарбиялык мааниси болушу керекпи. Мага бул ыр жагат. Эл айтып, эл сындасынчы.

Абдылда Иманкулов, куудул:
- Жанагы "Ошондо жакшы болобу, 90-60-90 менин бир балээм, уялып кайра кеткенмин, атаң барбы, апаң барбы?" деген ырлар да ырбы ыя? Буларды мен укпайм дагы, уккум да келбейт. Мисалы өзбектердин музыкасы башталганда эле билесиң, аа бул өзбектин ыры деп, кытайдын музыкасы созолоно баштаганда эле билесиң, ии кытай экен деп. Ал эми кыргыздыкы түшүнкүсүз болуп жатпайбы кайсы тилде жазылганы. Булар жанагы Какен Алмазбеков, Байдылда Сарногоевдин чыгармаларын окушпаса керек. Ошон үчүн ушундай сөзүнүн мааниси жок ырларды жаратып жатышат. Радиолордо деле мындай ырлар тынымсыз жаңырып жатат. Ошол радиодо иштегендер деле ылайыктап ырларды кетиришсе боло. Себеби, мындай ырлар өспүрүмдөрдүн ырга болгон табитин бузуп жатат. Жеке мындай ырларды ырдаган ырчыларды кыргыз искусствосунун душманы деп эсептейм.

Неля, ырчы:
- Мм.. Мага жагат. Азыркы жаштардын табитине ылайык ыр деп ойлойм. Өзүнүн да курагына, жашына бул ыр туура келет. Балким, улуу муундагы адамдар жактырбай, сын айтышы мүмкүн. Бирок, мен ойлойм бул ыр азыркы жаштарга ылайыктуу деп. Чынын айтканда радиодон эле угуп жүргөнүм менен ырдын сөздөрүн жатка билбейт экенмин. Ырдын кандай тарбиялык мааниси бар экенине деле көп көңүл бурган эмесмин. Бирок сөзү менен обону бири-бирине төп келет.

Сьездбек
Искеналиев, ырчы:
- Чынымды айтсам, бул ыр менин анчалык купулума толгон жок. Жаным Айзат өзү абдан таланттуу, атагы алыска кете турган ырчы кыз. Эми биринчи башталышы катары болот дечи. Ошентсе да мен Айзатка байкелик кеңешимди берип, мындан ары жакшылап изден дээр элем. Жакында эле бир ыр жазып бердим, ошону ырдап чыкса керек.

Гүлнара Тойгонбаева,
ырчы:
- Чынымды айтсам, мен мындай ырчыны тааныбайт экенмин. Жалпысынан алганда азыркы ырчылардын ырлары көбүнчө жеңил-желпи, мааниси тайкы. Ыр деген адамга тарбиялык маани берип, жакшы нерсеге үгүттөшү керек. А азыр болсо баары дебейм, бирок көбүнчөсү маңызы жок ырларды эле ырдап чыга башташты. Албетте, мындай көрүнүшкө продюсерлердин да түздөн-түз тиешеси бар. Продюсерлер ырчыларга караганда турмушта көптү көрүп, билген адамдар да, алар ырчыларга туура жол көрсөтүп, туура багыт бериш керек эмеспи. Бүгүнкү күндө продюсерлердин көбүнчөсү алдына акча табуу деген максат коюшкан. Ырчыга атак, продюсерге акча керек. Ошентип эки тарап тең көздөгөнүнө жетип жатат.

Атайбек Бөдөшов, обончу:
- Биз Советтер Союуз учурунда сын-пикирди көп угуп, жакшы эле бышып калганбыз. Илгери мыкты деген он чакты эле обончу бар эле айланайын, азыр саны бар сапаты жок ырчылар да, обончулар да толуп кетти. Мындай сапаты жок ырлар кыргыз элин элүү жылда өлтүрөт. Эч кандай патриоттуулук деген сезим жок. Дагы бир өкүндүргөн нерсе жаш ырчылардын түбөлүк эмес, күнүмдүк гана жашоосу бар деп ойлойм. Продюсерлер деле жакшыраак тарбия берип, терең, мазмундуу ыр жаратканга түрткү болушса боло, кайра чет мамлекетке барып өзүбүздүн нукура кыргызча ырлабыз турса, орусча ырларды аткарып жатышат. Азыркы жаштар кыргыздын келечегин өз колуңар менен талкалап жатасыңар.

Мажит, пародист:
- Мааниси жок ыр, кээ бир ыр саптарын түшүнбөй калам. Жаштар мазмундуу ырларды көбүрөөк жаратышса жакшы болоор эле. Баары дебейм, арасында мен жактырып уккан ырлар бар.

Анжелика, ырчы:
- Бул ырды алгач укканда сөзүнө деле маани берген эмесмин. Кийин клибин Камчы байке кандай аткарганын кызыгып көрдүм. "Сүйдүм сени" деген ыр сүйүү жөнүндө экенин түшүндүм, бирок маанисинин тереңдигин, сөздөрүнүн айкалышканын байкай алган жокмун.

ЖАНЫМ АЙЗАТ
Сүйдүм сени
Сөзү: Т.Кожобеков
Обону: Жаным Айзат
Сүйдүм сени,
Сүйдүң мени,
Жүрөк толду
Бакытка

Асман ачык,
Ай да жарык,
Асыл адам
Жанымда.

Жакын келди,
Колун берди,
Толкуп турат
Жүрөгүм.

Айкын болду,
Обон созду,
Таптым сени
Сүйгөнүм.

Татына, татына,
Cүйгөнүм бар жанымда.
Ардагым ай ардагым,
Түбөлүк бол жанымда.

Кайырма:
Уурданып сага келгенмин,
Уялып кайра кеткенмин.
Шыбырап, шыбырап,
Сени уксун деп кайталап,
Ак сүйүү сырын чечкенмин.

Тартынбай сага келгенмин,
Уялып кайра кеткенмин.
Шыбырап, шыбырап,
Сени уксун деп кайталап,
Ак сүйүү сырын чечкенмин.












??.??