Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Сагындырба, сагынбайын

Кенже Кубатова, ырчы:
"Учурда кош бойлуумун"
Сагынычтын түбү ийгилик алып келээрин билсек керек. Ар бир адамдын табити ар башка сыяктуу, музыка жаатында баардыгыбыз бир ыргакка кулак төшөп укпайбыз. Акыркы убактарда сахнадан көрүнбөй кеткен жылдыздарыбыз тууралуу сиздерге маалымат берүүнү туура көрдүк. Бул жылдыздарыбыз бир кездерде жүрөк кылдарын чертип, сахнаны көрккө бөлөп турушкан. Азыр алар кайда кетип, эмне менен алек болуп жаткандарына күбө болуп, бир-эки собол узаттык.

Кыргыздын эң жөнөкөй көрүнгөн үч кыл комузун ырга айлантып, жалаң гана элдик ырларды даңазалап ырдап жүргөн Кенже эжебиз сахнадан көрүнбөй кеткени чын. Эже азыр Кочкордо болгондуктан уюлдук телефон аркылуу сүйлөштүк.

- Саламатсызбы эже, биз "Обон" гезитинен чалып жаттык эле. Акыркы учурда сизди сахнадан көргөнгө зар болуп калдык. Кайда кеттиңиз, эмне менен алектенип жатасыз?
- Туура. Мени да эстеген адамдар бар экен да. (тамаша) Мен 2005-жылдан бери Кочкорго көчүп кетип, ошол жактамын. Апрель айында 8 күнгө Францияга барып келдик. Үйбүлөлүк шартка байланыштуу азыр үйдөмүн. 2005-жылы 17-декабрда Зайнидин Иманалиев экөөбүз баш кошуп, Төрайым аттуу кыздуу болдук. Азыркы учурда да кош бойлуумун. Ошондуктан сахнадан алыстап кеттим десем болот. Аялдын бактысы үйбүлө дегендей мен азыр жолдошума бактылуу жар, кызыма мээримдүү эне болуп жаткан учурум.
Акыркы учурда сахнага чыкпасам да Теңир-Тоо фольклордук ансамблинде солистмин жана Зайнидин экөөбүз кыргыздын фольклордук жанры, манасчылык, дастанчылык комузчулук боюнча 10 баланы тарбиялап жатабыз. Эң кенжеси 3-класста, чоңу он бирди аяктады. Буюрса, бул жаатында да ийгиликтер бар.
- Кандай пландарыңыз бар?
- Эми пландар өтө көп. Эң алгач көз жарып алсам, баламды жок дегенде бир жашка чыгарып койсом, кайра эле чыгармачылыкка киришем. Менин максатым элдик ырларды даңазалап, чыныгы ыргактарды элдин жүрөгүнө калтыруу. Азыркы учурда эстрадага эки комуздун үнүн кошуп фольклор дегендерине жиним кайнайт. Мен тескерисинче, эстрада ырларын комуз менен ырдап элге жеткирейин деп жатам.
- Жашоодо сизди эмне чыйралтат?
- Көбүнчө биздин жашообуз чет жактарга чыгуу, гастроль менен коштолот. Ошол учурда башка мамлекеттердин жашоо шартын, патриот эл экендерин, өз эне-тилинде сүйлөп, маданиятка эң мыкты баа беришкендерин көрүп намыстансаң, бир чети кайрадан чыйралып, алардын таасиринен алга умтуласың.
Айтып калышат го, "көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" дегендей эл аралап жүрүп, кыргыз үчүн изденип, жаңылык алып келгенге далалаттанат экенсиң.
- Сөзүбүздүн акырында күйөрмандарыңызга эмне айтаар элеңиз?
- Рахмат, мага ушундай мүмкүнчүлүк түзүп, ал-ахыбалымды сураган сиздердин жамаатка ыраазымын. Күйөрмандарымды сагынтып жатканыма кечирим сурайм. Бирок, ошол эле учурда Кудайдын буюрган күнү мен аларга эң мыкты ырларым менен кайрылам. Кыргыз элиме бакыт, тынччылык, токчулук тилейм.




Сайра Момунбаева, актриса, ырчы:
"Тигүүчү цех иштетип жатам"
- Сайра эже, сахнанын төрүндө көрүнбөй калганыңызга көп болуп калды окшойт? Кайда жүргөнүңүздү билсек болобу?
- Чынында мен сахнага чыкпай жүргөнүм бир топ убакыт болуп калыптыр. 1998-жылы чакан тигүүчү цех ачып, иштете баштагам. Өзүңүздөр билгендей "Учур" телетеатрында актриса болуп иштечүмүн. Анан экөөнүн бирөөнү тандаш керек экенине ынанып, театрда калдым. Убакыт баарын жеңет дегендей театрдын жарыбаган акчасына көз каранды болбой, кайрадан ошол цехти улантып иштетип жатам. Театрды таштаганым менен ырчылык өнөрүмдү аркалай берем. Азыр цехтин иши күч алып тургандыктан убактылуу сахнага чыгалбай жатам.
- Сизди биздин ырчылардын кийимдерин тигет деп уктук эле. Аны менен бирге Омардын Юрмалада өткөн конкурста кийген костюмун да сиз тигиптирсиз?
- Туура. Учурунда мен кийимдердин баардыгын өзүм тикчүмүн. Азыр мага жардамдашкан Айзада, Сайраш, Нуркыз деген кыздарым бар. Мен фасондорун ойлоп таап, бычканга гана жетишип жатам. Ал эми ырчылар биринен-бири угуп кайрылып жаткандары бар. Алар менен сүйлөшүү жолунун аркасында кийимдерин тигип берем. Омардын костюмун биздин жамаат тиккенбиз. Бизге кеч айтылып калгандыктан эки күн толук олтуруп, эртең кетет деген күнү кечинде алып кеткен. Омардын ийгилиги үчүн аракет кылып жакшы тилек менен бүтүргөнбүз. Мактанбайын, бирок, менден чыккан формаларды кийген ырчылар ийгилик, жетишкендикке жанаша жүрүшөт. Мен Гүлзинатка дагы айткам "формаңа жардам берем" деп. Ал башка тикмечиге заказ берип койгон экен. Бардык чыгарган продукциямды жакшы тилек, бийик максат айтып чыгарам.
- Сиздин азыркы учурдагы алектенген эмгегиңизди билдик окшойт. Демек, күйөрмандарыңыз жакынкы аралыкта сизди концерттерден көрө албайт экен да?
- Жок, андай эмес. Театрды таштаганым менен кинолорго сунуштар түшсө ойлонбостон бара берем. Ал эми ырларым эч убакта ташталбайт. "Эмгек адамды жашартат" дегендей эмгеги жок адамды элестете албайм. Ошондуктан эмгектин, аракеттин үстүндө күзүндө эң жакшы кызыктуу концерт берсемби деп турам. Жолдошумдун жөлөгү менен ал концертте актрисалык, ырчылык дараметимди чагылдырган мыкты идеяларды берели деген оюбуз бар. Андан башка күзгү планда режиссёр Алмаз Зарлыкбеков байке менен кеңешилген моно-спектакль бар болчу. Тилекке каршы оюбуз ишке ашпай калды.
- Үйбүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Жолдошум өзүңүздөр билгендей "Учур" телетеатрынын музыкалык бөлүмүнүн башчысы, музыкант Азат Дөөткулов, Акбермет аттуу кызыбыз бар. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген сөз бар эмеспи. Биздин үйбүлө буга карама-каршы турат. Себеби, чыгармачыл чөйрөдө бири-бирибизди толуктап, сын-пикир айтып тирек болуп келебиз. Менимче, адамдын жылдызы келишип, түшүнүүчүлүк менен мамиле жасаса бактылуу жашоо уланат.
Даярдаган
Айнура Султанова










??.??