Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Эркек жана аял

Эркек сойкулардын жашыруун "точкалары" качан ачыкка чыгат?
Турмуштун оордугубу же адамдардын пейилинин бузулуп бараткандыгынын белгисиби, айтор учурда "сойкулук кесибин" аркалаган мырзалар борбор калаабыз Бишкекте ачыкка чыкпаса да жашыруун жайылып баратат. Шайкелеңдикти өнөр тутуп анын аркасынан күн кечирип жаткандарды билмекке шаардагы кечки клуб жана жеке агентстволорду кыдырып чыктык. Аларга байкоо салып жүргөндө "жакын санаалаштардын бел туткан инисине же уулуна кезигип калбайбызбы?" деп оюбуз бөлүнүп жатты.

Эркекке эмне кылса да жарашат...
Кыргыз элинин менталитетине туура келбеген мындай терс жолго түшкөн мырзалардын дээрлик көпчүлүгү 20-25 жаштагы уландар.
Атайын агентствого берилген визиткалар аркылуу бул жол менен күн көргөн Кабыл аттуу мырзаны байланыш түйүнү аркылуу чакырып, кепке тартып көрдүк. Жашы 25теги бул жигит өзүнүн сырткы келбетинин аркасында күн көргөнүн жашырбайт. Биз чакырган мырза берген суроолорубузга макул болуп, өзү жөнүндө айтып берди.
- Акыркы кездерде аял сойкулар эмес, эркектер да мындай кесип менен алектенип жүргөнүн угуп, чын-төгүнүн билели дедик.
- Ырас, бул маселе көмүскөдө болгону менен көп убакытты өз ичине камтыйт. Силер айткандай эркектердин сойкулугу акыркы кездерде пайда болгон эмес, дегеле "сойкулук" байыркы эле кесиптерден эмеспи.
- Кандайча бул "кесипти" аркалап калдың?
- Башкасын билбейм, өзүм бул чөйрөгө аралашып жүргөнүмө алты жылдан ашты. Мен деле эл сыяктуу жогорку окуу жайды бүтүргөнмүн. Бирок, кантип дейсизби?.. Кандай түшүндүрсөм "Аял азгырык" деген ырас экен. Мен студенттик алгачкы жылдарымда ата-энемден жатаканага сурап алган акчамды кара курсакка кетирип коюп, айламды таппай жүргөндө өзүмдөн бир топ жаш улуу эжеке менен таанышып калдым. Сөздөн сөз чыгып ал эжекеге абалымды түшүндүрсөм, ал мени үйүндө жашай берүүмө макул болду. Дал ошол күндөн тарта Дамира аттуу эженин үйүндө жашап калдым. Ал бир үйдө өзү жалгыз турат экен. Айылга барып акча алып келейин десем мага акча берип тураарын анан да жатак бөлмө бекер экенин айтты. Ошондой жыргал күндөрдүн биринде Дамира эже мага убактылуу өнөктөшү болуумду суранды. Сунушуна алгач каршы болгом. Бирок, күнүнө 200 сомдон акча төлөп берээрин айтканда, оюна каршы чыга албадым. Мына иш жолум ушундайча башталган. Азыр ар бир чакырылган конок үйгө түнүнө өзүмдү 800-1000 сомго баалап, анан барам.
- Сиздерди көбүнчө кайсы жакка чакырышат, дегеле кандай кардарларды тейлейсиңер?
- Башында айтылгандай биздин кардарлар акчалуу же болбосо жолдошу жок улгайган аялдар. Көбүнчө сауналарга, кээде үйлөрүнө да чакырышат.
- Сиздердин кызматыңар үчүн атайын агентстволор кызмат кылат тура, рекламалаган үчүн аларга да акча төлөйсүздөрбү?
- Албетте, азыр бекер эч нерсе жок да, атайын келишимдин негизинде биздин визиткаларды кардарларга таратканына жараша төлөйбүз. Байланышуулар көп болсо тапкан акчанын 40 пайызын реклама үчүн беребиз.
- Бул жерде иштегениңиз үчүн өкүнбөйсүзбү?
- Алгач дос-душмандан корунуп жүргөнүм менен азыр көнүп калдым. Бир сөз менен айтканда өкүнбөйм деле, эркекке эмне иш кылса да жараша берет.
- Өзүңүздү болочок ата катары элестетип көрдүңүзбү?
- Ал тууралуу отузга чукулдаганда баш оорутам. Кардарларды тейлөө ишинде жалгыз эле мен эмесмин. Башка улуттун өкүлдөрү да тейлейт. Ар биринин клиенттери бар. Азыр ата болууга жашпыз го...




Жума күнү азоо тайлардын базары кызуу жүрөт...
Андан ары топтошкон жаш эркектердин сойкулук уюткусуна айланып бараткан Жаш гвардия Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган бассейнди көздөй сапар алдык.
Бул жерди ээлегендердин иштөө мөөнөтү өтө жашыруун. Сыртынан караган адамга кадимки жай турмуштай сезилет. Бирок, ошол тынчтыкта денесин соодалап иштеген мырзаларды билмекчи болдук.
Мында жумасына бир жолу, болгондо да мусулмандардын ыйык күнү делген жума күнү түнкү саат 10-11лерден тарта жаш балдардын базары кызуу жүрөт экен. Күндүз маалымат алууга шарт болбой калган соң айтылган мөөнөттө келүүгө аргасыз болдук. Биз барганда ал жерди кароолго алган күзөтчүлөргө кабылдык. Алардын айтымында бул аймакта иштеген балдар алгач дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүлөт. Андан кийин кадимки келишим шартында территорияга киргизилип, иштөөгө уруксат алышат. Бул күнү бассейнге келген эркек аттуулар таптакыр кабыл алынбайт. Ал эми айымдар үчүн эшик ачык. Кирүү акысы 50 сом. Мындан сырткары каттоодон өтпөгөн сөйкө, шакек тагынган мырзалар да кардар күтүп короонун сыртында олтурушат. Каттоодон өткөн клубдагы 20га чукул жаш жигиттер түнүнө 700 сомдон 1000 сомго чейин жиберилет.
Бул көңүл аччу жайдын короосун кыдырып ал жерде иштеген мырзалар менен баарлаша кеттик. Өмүрбек аттуу жигит кардарын тейлөөдө денсоолугунун коопсуздугу үчүн денесине атайын май сүйкөнүп, андан кийин кандай айым келсе да бара берээрин жашырган жок.




Аялдардын акчасына күн көргөн эркектер...
Акча үчүн өз денеси менен сезимин сатыкка койгон көчө балдары өзүнөн улуу, акчалуу аялдын өнөктөшү болууга үлгүрүшөт экен. Мындай мүчө-бою келишкен сымбаттуу жигиттер акчалуу аялдан мүмкүн болушунча чоң сумманы төлөөсүн талап кылышат. Сойку мырзалар үчүн ар бир күнү базар баасы өсүп, өзүнчө бизнес булак болуп калган. Бул жол менен эмгектенгендер18 жаштан 28-30 жашка чейин кызматын улантышат. Алардын негизги маселеси таң атканча аялдын сунушун орундатат. Көпчүлүгү айымдын бапестөөсүн гана жактырышат. Алар өзүн өтө жакшы көргөндүктөн денсоолугуна жана мүчөлөрүнүн сымбаттуу сакталуусуна көңүл бурушат. Андан сырткары капчыгы калың айымдардын үй кызматкери катары кызматка алынышат. Негизинен бөлмөнү таза кармоо жана даамдуу кечки тамак даярдоо менен күн кечиришет. Күн сайын улам бай айымды издеген эркек сойкулар баалуу ресторандан түштөнүү же кечки тамактануусунан сырткары саатына 100$, жаратылышка чыгып сейилдөөсүнө 500$ өлчөмүндө акча алышат. Мындай аял жандуу мырзанын жанындагы айым: "Эмне үчүн мындай мырзага эртерээк кезикпедим"... деген ойго жетеленет. Каны суюк жаш бала болгондуктан аялдын сезими менен эсептешпей апта же ай өткөндө акчалуу кезектеги айымды алмаштырууларына туура келет экен.
Р.S. Түн жарымында кыдырып көрбөгөн жаныбыз эркек сойкулардын кардарларын жадырап-жайнап тосуп алып, алардын түрдүү талаптарын орундатып, оңбогондой акча алаарына ынандык. Сыягы, Бишкектеги жашыруун эркек сойкулардын ачыкка чыгуусуна убакыт келип жетти көрүнөт.
Кээ бир маалымат булактарында эркек сойкулар борбор шаарыбыздагы Лев Толстой көчөсүнөн Жаш Гвардия көчөсүнө чейин жумуш издеген балдарды да капчыгы калың айымдар сауналарга саатына 2000-2500 сомго баалап, махабаттын туу чокусуна чыгаруу үчүн жанталашаарын билдик.

Даярдаган Ч. Абдраева