Сенин гезитиң!
№29, 19.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Билип ал

Тарткан чиймелериңиз эмнени билдирет?
Сиз телефон менен сүйлөшүп жатасыз дейли, ошол эле учурда алдыңыздагы кагазга түшүнүп же түшүнбөй эле ар түрдүү фигураларды, гүлдөрдү, жана башка оймо-чиймелерди тарта бермей адатыңыз бар. Психологдор силердин кагазга түшүргөн чиймелерди териштирип чыгып, ал сиздердин мүнөзүңүз, өзгөчө маанайыңыз жөнүндө көп нерселерди айтып бере тургандыгына көздөрү жеткен.

Толкун сыяктуу чиймелер,
айлана жана спираль
Башка бирөөнүн учурдагы көйгөйлүү маселеси сизди такыр кызыктырбайт. Анткени дал ушул маалда сиздин өзүңүздүн проблемаңыз күчтүүлүк кылып турган чагы. Эгерде ошол адам сизге жардам сурап кайрылса да ага жөндөн-жөн эле жардамдашуудан баш тартасыз. Көбүнчө ушундай фигураларды чиймелеген адамдар көп учурда башканын кызыкчылыгынан өзүнүкүн жогору коюп, өзгөлөрдүн ою менен эсептешпейт. Телефондон сүйлөшүп жатканда өтө кылдат болбосоңуз маектешиңиздин көңүлүн оорутуп алууңуз толук мүмкүн.

Күн, гүл, өрүлгөн гүл же чөп
Жан дүйнөңүздүн кубанычы аз. Сиз достук жана назиктик дүйнөсү жөнүндө тилек кыласыз, ошондуктан сиздин айта турган сөздөрүңүздү аргасыздан кагазга тартып жаткандыгыңызды билдирет. Эгер сиздин колуңуз гүлдөрдүн жана күндүн элесин тартууга ниеттенип жатса, анда досуңуз менен жолугушууга же жакын арада жакшы адамдар менен бирге болууну самап жатканыңыздын белгиси.

Торчолор
Сиздин оңтойсуз же тобокелге сала турган кырдаалга туш келип калгандыгыңызды билдирет. Сиз дембе-дем жоон кылып тартып жаткан ар бир сызыгыңыз-баштоого батына албай жаткан кадамыңыз. Андан тышкары бул сизге кордук көрсөтүп, кемсинткен адам менен да сиз көбүнчө элдешүүнү каалаганыңызды туюнтат. Мындай жашоодо көп нерселерден ирээнжип жашап келишет.

Үстү-үстүнө тартылган
жүрөкчө
Сезимдердин көптүгүн билдирет. Сизди курчаган адамдарыңызга жакшы көрөөрүңүздү, жылуу мамилеңизди эч качан жашырбайсыз. Жан дүйнөңүз назик, кыраакы келгендиктен жөргөмүштүн жөтөлгөнүн, кумурсканын кусканын да сезе билесиз. Өтө баёо мүнөзүңүздү бир аз өзгөртпөсөңүз айланадагы адамдар сизге бирде болбосо бирде орой мамиле жасап, көңүлүңүздү оорутаары толук мүмкүн.

Адам сөлөкөтү
Жалпысынан кубанычтан кабар берет. Бирок бул оптимизмде алдамчылыктын белгиси бар. Бул сүрөттөр жагымсыз нерселерден арылууга карата аракет кылгандык жана ошол учурда шалаакылыктан кабар берет. Адатта кишилер так кесе "жок" деп айткысы келгенде бирок, аны айтууга күчү жетпей жаткан убакта адамдын сөлөкөтүн тартат. Адамдын сөлөкөтү тартылган сүрөт "артка чегинбе, багынба"-деп өзүнө-өзү эскерткендикти билдире тургандыгын эстен чыгарбоо керек.

Анара Дүйшөналиева




  Кызыктар дүйнөсүндө

Сары чачтуу айымдар үчүн клавиатура чыгарылды
Көптөгөн анекдотторго көз жүгүртсөк сары чачтуу айымдар жашоодо аңкоорок келишээри анык экен. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак кара чачтуу аялдар аларды акыл жагынан астыга чыгарбасын далилдешкен. Бүгүнкү күндө Россияда дал ушундай айымдар үчүн компьютердин клавиатуралары жасалып чыкты. Клавиатуранын ар бир баскычында башкалардан айырмаланып, өзгөчө түшүндүрмө берилген. Мисалы, боштук кетире турган кнопкада "эң узун кнопка", ал эми кээ бир баскычтарында "керексиз баскычтар" деп жазылган. Муну менен клавиатураны жасаган адамдар керексиз баскычтарды кайра-кайра (билбестен) баса берип, компьютерди талкалап албоонун алдын алуу деп түшүндүрүшөт.
Мындай клавиатураны сатып алуучулар пайда болгону менен азырынча сатыкка чыга элек жана баасы канча доллардын тегерегинде болоору да белгисиз.

Археологдор алп кишилердин сөөктөрүн табышты
Грузиянын археологдору жакында эле үңкүрдөн алп кишилердин сөөгүнүн калдыгын табышты. Буга чейин алар бул тууралуу уламыш кылып айтып келишкен. Грузиялыктардын уламышына ишене турган болсок, дал ушул үңкүрдө бир топ кылым мурда алп кишилер жашашчу, эми алардын ооздон-оозго өткөн жомоктору чындыкка айланып отурат.
Табылган баш сөөктүн көлөмү кадимки кишинин башынан эки-үч эсе чоң болсо, боюнун узундугу 2,5-3 метрге жеткен.
Учурда археологдор сөөктөрдү жана башка табылгаларды атайын кошумча изилдөөгө жөнөтүштү.

Атыр качан пайда болгон?
XVI кылымда алгач "порфюмерия" деген сөздүн ордуна "бальзам" деген сөздү колдонуп келишкен. Порфюм-деген сөздүн мааниси "абадагы жагымдуу жыт" дегенди туюндурат. Эң алгачкы жолу атырды адамдар жыпар-жыттуу жемиштерди көмүргө кайнатып ала башташкан. Байыркы заманда атырды көбүнчө арабдар сата башташат, андан кийин гана гректер менен римдиктерге өткөн. Байыркы Грецияда жер-жемишке караганда гүлдөн бир топ эсе мыкты атыр жасалаарын түшүнүшкөн.
Башында эркек менен аялдардын атыры айырмаланбай чыга баштаган. XVIII кылымда гана атырды экиге- аялдарга жана эркектерге арнап, жасай башташкан.

Даярдаган А. Дүйшөналиева




  Пайдалуу кеңештер

Бронхитке жаш күчүктүн эти дары
Бронхитти дарылоо узак мөөнөттү талап кылат. Өрүктүн ширесине 50 грамм кызыл миянын тамырын бирдей өлчөмдө аралаштырасыз да, аталган өсүмдүктүн гүлүнөн 50 грамм кошулманы спиртке кошуп бир сутка кармайсыз. Даярдалган суюктукту кайнатылган сууга кошуп бир күндө эки жолу 100 граммдан ичесиз. Ал эми элдик дарыгерликте жүгөрүнүн бозосун такай ичип, сала жеп ысыктанып жүрсө да оорулууга таасирдүү болоору аныкталган. Мындан сырткары тоолуктар кашкулак майын да пайдаланышат. Жашоо күрөш эмеспи, оорулууга багылган жаш күчүктүн эти да табылгыс дары экенинде талаш жок.

  Пайдалуу кеңештер

Чачка ак түшсө
Эгер чачыңызды эрте эле ак аралай баштаса чалкандын жалбырагы менен тамырын колдонуңуз. Мындай ыкманы, 500 г майдаланган жалбырак менен тамырга 0,5мл суу жана 0,5 мл уксус кошосуз да аралашманы 30 мүнөт кайнатасыз. Кайнатма тунгандан кийин таза марлиден өткөрүп күн сайын кечинде чачтын түбүнө сүйкөйсүз. Аталган шартты үзгүлтүксүз колдонсоңуз натыйжалуу жана таасирдүү болуп агарган чачтан арылтууга көмөк берет.

  Пайдалуу кеңештер

Эринге жасалчу өзгөчө маска
Бет түзүлүшүнө көрк берген эрин экени айтпасак да баарыбызга маалым. Ошол жүздүн ажарын ачкан эриндин ар дайым кулпуруп турган түсүн калыбына келтирүүдө жаштар арасында дегеле улан-кыздар үчүн жалгыз ыкма бул, эринди эндик менен боёо эмес ага маска жасоо. Ал үчүн жалпы жүздү жөн гана муздак суу менен таза жууганыңыз оң. Андан соң атайын эринди жумшак кылуучу бадыраң маңызы менен балдын аралашмасын 10-15 мүнөт сүйкөө жолу аркылуу туурулган жана бозоргон өңдү калыбына келтирип алууга болот.

  Пайдалуу кеңештер

Жөтөлдү басуунун эң жөнөкөй жолу
Элдик медицинада ар кандай ооруларга сарымсакты колдонушат. Маселен, басылбаган жөтөлгө үй шартында сарымсакты майдалап, анын бир бөлүгүнө төрт бөлүгүндөй сары май кошуп, бир чай кашыктан жесеңиз жөтөлүңүз тез арада басылат. Мындан сырткары ич көпкөндө да күнүнө 3 маал сарымсактын бир бөлүгүн жеп жүрсөңүз жакшы натыйжа берет.

Даярдаган Ч. Абдраева









??.??





??.??