Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Обон-күлкү

Сая-сий сатира…
Шайыр Шералинин жоруктары
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Өкмөт башчы Апас Жумагуловго эркин экономист Шерали Назаркулов менен кадимки азыркы омбудсмен Турсунбек Акун кирип калышыптыр. Мекенибиздеги ар бир мыктын каерде жатканына чейин билген, эч кимге ишенбей өз акчасын тытып эсептеп, сүйүнүп жылуу жүргөн премьер-министр сөз баштап, аны бир топко чейин муюп унчукпай угуп олтурушуп эле бир маалда: "Менде суроо бар, токтоп туруңузчу?" деп Шеке колун пионерлердей көтөрүп калыптыр:
- Сиз экономика менен заниматся этесизби же саясат мененби?- десе:
- Саясат менен Президент алпурушат, мен экономика менен…
- Жо-жок андай эмес да. Сиз экономиканын эртеңкиге кетчү саясаты менен заниматся этиңиз. Ошондо эл карандай экономика менен алектенет эле. А то көрдүңүзбү деп ак үйдүн терезесинен эшиктеги нааразы болуп топтолгон элди айнектен көргөзүп, силер саясат менен заниматся этпегениңерден улам, сиздердин милдетиңерди калк мойнуна алып, чекеден кызыл кулак саясатчы болуп кетишти деп, Өкмөт башчысынын оозунан сөзүн түшүрүптүр, кайран Шеке…

Ышкырбагыла, акчасыз каласыңар!
Себеби жок эле МАИ кызматкери ышкырып токтоткон бир айдоочу, инспекторго даттанып "Силер жөнү жок ышкыра берип акчанын түбүн соолуттуңар"-деп бир тыйыны жок калган акча кабын алып чыгып каккылап, "Ышкырбагыла кагылайындар, мага окшоп акчасы жок каласыңар" деп силерге көп айткам, мына силер дагы акчасы жок калдыңар, алакан жайып, деп МАИчилерди мазактаптыр.

Ойлонуп койгонбуз…
Самолеттун учкучтар олтурган кабинасына террористтер кирип келип, курал кезеп "Алган курсуңарды өзгөрткүлө!"-деп чаң сала баштайт. Учкуч жердеги диспетчер менен байланышып:
- Борт - 812, бизге курсуңарды өзгөрткүлө деген бандиттердин чабуулдары башталды десе, алар:
- Азыр текшерели, Оо-о чын, чын эле, биз ишендик. Айтабыз да бажы декларациясында 93 кг тротилди жазып салышкандарынан, мынчалык жардыргычты эмне кылат болду экен деп ойлонуп койгонбуз деп, асмандагылардын эсин эки кылышыптыр.

Милдетин так аткарган сержант
Көчөдөгү калктын тартибин караган сакчы салам айтуудан мурда кызмат күбөлүгүн көрсөтүп, "Мен милициянын сержанты Шерикбай Темиров" -деп чест берүүнү өнөкөткө өтө айландырып адат кылып алыптыр.
Бир жолу кызматтан кеч кайтыптыр. Түн. Үйбүлөсү эчак уктаган, тым-тырс. Кулпуланган эшикти тарс-тарс каккыласа…
- Бул ким?- дейт уулу
- Мен милициянын сержанты Шерикбай Темиров. Ач эшикти балам. Азыр күбөлүгүмдү көрсөтөм.
Үйүнө кирсе уктаган аялы "Пыш-пыш"! Жанына жатып, ич кийимине тырбалаңдап асыла баштаган күйөөсүнө:
- Сен кимсиң? дейт аялы уйкусурап.
- Бул мен милициянын сержанты Шерикбай Темиров деп делдейип честь берип, милдетин аткарганга ашыгыптыр тооба…

Чак түштү караңгылаткан кызык
Бишкектин ортосунан үй сатып алуу, жалгыз бой аял үчүн кандай гана бейиш деп көтөрүңкү көңүлдө сүйлөсө, жанындагы эрмектеп жүрчү жанбиргеси жанып кетип:
- Кана жаным, азыр мен музыканы коём, сен кыялыңдагыны элестетип чегине баштайсың деп араң турган ойношуна арга табылып, чакыргандан калбай, шылтоо менен шыр чечиндирип, чак түш караңгылап кыңшылашып кызык кыялдарына кире, армандуу күндөрүнөн энеден туума жылаңач качышыптыр.

Үмүткор салыкчы
Салык инспектору таңданып:
- Сиз, бул эски сарайыңызды ушунчалык көп суммадагы акчага кантип саттыңыз? десе:
- Бизнес деген бизнес сырлары болот, инспектор мырза…
- Ыя кокуй, бул кулай турган үстү самандан жабылган сарай да…
- Ооба, ооба, ырас, бул деген мактын саманынан жабылган сарай экенин сизге түшүндүрүү кыйын деп, бирдеме үмүт эткен салыкчыны сөзгө жыгыптыр.

Боорукер киши
Кыргыз академиялык драма театрынын артисти, обончу Нуркан Турсунбаев 50 жылдык маараке тоюн өткөрөт. Той бүтөөрү менен ооруканага жатып калат экен. Уккан, кулагы чалган жакын-санаалаштары, жоро-жолдоштору ал-акыбалын сурап бара башташат. Көңүлү өтө жакын, жарым стакан сууну бөлө ичишкен досу барып;
- Э, ботом, Нуке, жылан чакпай, жылкы теппей туруп, бу сага эмне болду?-дейт үрпөйүп.
- Эмне болсун, кыстагандарга боорум ооруп, алып коюп жатып, боорум ооруп ооруканага келип калдым,-деген экен борс-борс күлүп.

Концерттеги чөнтөкчүнүн суктануусу
Колу бирдемелерди илип кетчү чөнтөк ууру концертте олтуруп фортепианодо кол ойнотуп жаткан аткаруучуга суктануу менен:
- Кандай гана узун, шамдагай манжалар, ушундай болбогон ишке кор болуп деп кайгырыптыр…

АЗИЛДЕР СОТ:
- Угуп туруңузчу! Сиз чоочун бирөөнүн үйүнө уурулукка кирдиңиз, бардык кымбат баалуу буюмдарын тоноп кеттиңиз. А эмне үчүн жалгыз уулу катары карыган энеңизди капа болот деп ойлогон жоксуз?
- Кылмышкер:
- Ойлобой кантип коёюн. Болгону ал үйдө энеме ылайыктуу эч нере жок болуп калбадыбы!


- Итим Жолборс менин өмүрүмдү сактап калды.
- Кантип?
- Мен ооруп, туралбай, төшөктө жаткамын десең, ал мени көргөнү келген врачты үйгө тап-такыр киргизбей койду!

Ууру тилек кылыптыр:
- Абдан чоң банкты тоносом, анан анын сейфине кайненемдин колунун изин калтырсам…

Атасы баласынан сурайт:
- Эгерде сен көчөдө кетип баратып беш миң сом таап алсаң эмне кылат элең?
- Албетте коротом да…
- Мунуң жарабайт. Аны милицияга тапшырышың керек, анткени сени баары түз жүргөн тартиптүү бала экен деп ойлоп калышат.
- А эгерде 5 миллион таап алсаңчы?
- Милицияга алып барып берем!
- Акмак болбо! Өзүңө калтыр.
- Анда мени эч ким жакшы бала деп айтпай калбайбы?
- Эсиңде болсун балам! Эгер сенин чөнтөгүңдө 5 миллион сом болсо ким эмне деп сүйлөгөнүн уруп ойнобой каласың.

Базардагы жарнама
Тампакс сатабыз. Үйүңөргө жеткирип берүүсү жана орнотуу кызматы акысыз. Сапаттуулугун тастыктаган сертификаты бар, сылык жигит Зоңкарага кайрылсаңыздар.

Кошок
Байдын эшигинде кызмат кылып жүргөн жалаң көйнөк, жаргак шым бир кедей адам болуптур. "Бай өлсө төрт катыны кошок кошуп ыйлашты, мен өлсөм катыным ушинтип кошор бекен?"-деп ойлонуп, өлүмүш болуп жатып алган экен. Ошондо аялы алганынын башына олтуурп алып:
Аа шордуу,
Төркүндөн келген көк торпок,
Уй болгондо өлсөңчү.
Киши кирбес алачык,
Үй болгондо өлсөңчү.
Өлүгүңдү көрөйүн.
О кокуй,
Кудайды карап өлсөңчү! - деген экен. Муну угуп жаткан кедей чыдай албай өзү кошо өкүрүп тура калыптыр.

Бурулчадан бурма кеп
Сени келет деп жума күнү жүнүмдү жууп, кургатып олтурсам, аттиң сен келбей койдуң. Жумшак жүнгө ооналактап жыргалын Жумабек көрдү, жубарымбек…

Көңүл бургула! Конкурс, конкурс…
"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0555000986 жана 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмаз Адишов












??.??