Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сыр маек

Ома
Американы багындырды
Быйылкы жыл өлкөбүздүн маданият тармагы үчүн жемиштүү жана да кейиштүү жыл болду. Өкүнүчтүүсү журтубуздун опол тоосу болгон улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду жоготуп, жүрөгүбүз сыздап олтурса, сүйүнүчтүүсү кыргыз эстрадасында обон созгон Омар, Нена, Ома аттуу ырчыларыбыз дүйнөлүк конкурстарга катышып кыргыз желегин желбиретишти. Жакында эле эстрада ырчысы Ома АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн аткаруучулук өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк конкурста жеңүүчү болуп кайтты. Угуучуларына Ома деген ат менен таанымал болгон Өмүрбек Андарбеков аталган сынакта дароо үч номинация боюнча үч алтын медаль, бир номинация боюнча күмүш медаль жана да чемпиондук төрт орундун экөөнү олжолоп алды. Албетте мындай жеңиш биздин өлкөгө зор аброй алып келет. Ома 1982-жылы 15-мартта туулган.Учурда бойдок.

- Ома алган сыйлыгың кут болсун!
- Чоң рахмат.
- АКШнын "Star IV"телеканалы уюштурган дүйнөлүк конкурска кантип катышып калдың?
- Аталган конкурс негизги 12 жылдан бери өткөрүлөт экен. Орто Азия боюнча 4 жылдан бери же өзбектерге же тажиктерге же кыргыздарга айтпай казак боордоштор өздөрү катышып жүрүшүптүр. Мен бул конкурстан кабардар болгондон кийин тааныш байкелердин жардамы менен казактар аркылуу өзүмдүн маалыматтарымды сынакка жөнөттүм эле, арадан бир жума өтпөй мага чакыруу каты келди. Ошол каттын негизинде Америка өкүлчүлүгүндө виза алып, конкурска катышуу бактысына ээ болдум.
- Казакстан аркылуу барып, Кыргызстандын расмий уруксат кагазы жок кыйналган жоксуңбу?
- Америкага баргандан кийин бул жагынан абдан чоң көйгөй болду. Анткени өзүмдүн дайын-дарегимди Казакстан аркылуу жөнөткөндүктөн, алар анча-мынча так иштебей коюшканбы, тизмеге Кыргызстан кирбей калыптыр. Ал жактан каттоо башталган учурда бардык өлкөлөрдү атап, Кыргызстанды чакырышкан жок. Анан мен эмнеге чакырган жок деп каттоо кылып жаткан жерге барсам, терезесин жаап атышыптыр. Колумду тосуп терезени жаптырбай көгөрүп туруп алдым. Менеджериңерди чакыргыла дедим. Аларга "5 миллион калктын үмүтүн талкалап атасыңар, Кыргызстандан жалгыз өкүл болсом, ушундай кылганыңар туура эмес. Бул силердин тактыгыңардын жоктугу"-деп дооматымды айттым. Анан алар конкурстун башкы президентин чакырышты. Мен анын кеңсесинде 45 мүнөт сүйлөшүп, бардык жагдайды, көйгөйүмдү түшүндүрүп, интернеттен мен жөнөткөн дайын-даректеримдин бардыгын көрсөттүм. Ошондо гана ал менден кечирим сурап, Кыргызстанды конкурска кошту. Ошентип конкурска 64 өлкөнүн жалпы үч жүздөн ашуун ырчылары катышып, мен да алардын катарын толуктадым.
- Бөтөн жерде, бөтөн элде атың жаңырып, кыргыз желеги көтөрүлгөндө кандай сезим пайда болду?
- Оо, ал учурду азыр сөз менен айтып жеткире албайм го. Алтын, күмүш медалдарын алганда аябай кубандым. Анан Дүйнөлүк чемпионду ыйгарып жатканда Кудайдан тилеп, зор үмүт менен күтүп отурдум. Көп өтпөй "Дүйнөнүн чемпиону Өмүрбек Андарбеков" дегенде көөдөнүм көөп, наамды алганы сахнага чыгып баратсам, дагы бир жолу "дүйнөнүн чемпиону наамы Кыргызстандын өкүлү Өмүрбек Андарбековго ыйгарылат" дегенде чынын айтсам, кыргыз тоолору көзүмө элестелип, жанымда элим коштоп тургандай көзүм тунарып, кулагым бүтүп калды. Эгер мүнөзүм жумшагыраак болсо ошол жерден ыйлап жибермекмин. Эркек болгондон кийин сабырдуулук менен өзүмдү кармап, кыргыз желегин көтөрүп сахнага чыктым. Бул менин жашоомдогу эң бактылуу күнүм болду.
- Ошол жакта иштөөгө сунуштар түштүбү?
- Сунуштар болбой койгон жок. Бирок, мен мурун эле Американы жаман көрчүмүн. Бу сапар Америкага барып дагы бир ирет чын эле жаман көрөөрүмө ынандым. Өзүмдүн жеримден, өзүмдүн элимден өтөөрү жок ."Кыргыз болуп жаралган соң кыргыз болуп жашап, кыргыз үчүн кызмат кылам" деген ураан менен жашап келем.
- Улуттук формаңды кайсы жакка тиктирдиң?
- Биздин эле Ош базарындагы "Кыял" комплексинен тиктирдим. Бүгүнкү моданын талабына жараша башынан аягына чейин костюмдун дизайнын өзүм түздүм. Дал ушул форма менен "Сары ой" аттуу ырды музыканын коштоосу жок аткарып, "Оригиналдуу музыка" номинациясын жеңип, алтын медаль тагындым.
- Мамлекет тарабынан кандай колдоолор болду?
- Мен Америкада жүрүп утушка жетишкенде Кыргызстанга эч кандай маалымат берген жокмун. Анткени конкурсту толук билбегенден кийин элдерге туура эмес маалымат кетип калбасын дедим. Бул жакка келгенден кийин маданият министри Султан Раев кабинетине чакырып куттуктап, эртеси күнү пресс-конференция өткөрүп, менин жетишкендигимди кыргыз элиме жеткирди. Буюрса, президент тарабынан да көңүл бурулганы жатат. Курманбек Салиевичке жолуга турган күн да алыс эмес.
- Америкада канча күн жүрдүң?
- Конкурс өзү тогуз күн болду. Калган 21 күндө Американын теңинен көбүн кыдырып, кооз шаарларын көрүп чыктым.
- Чынында буга чейин кыргыз сахнасынан сени көп көрчү эмеспиз. Башкалар сыяктуу концерт деле койбоптурсуң…
- Айрым ырчылар эч нерсени кыйрата элек жатып эле, бир ыр менен жеке концертин бергенде намыс үчүн күйүп кетем. Жеке концерт деген "отчет" деген түшүнүк. Окуу жайда бир жыл окуп, аягында экзамен бергендей эле ырчылар да элге сиңимдүү ырларды жазып, кыргыз сахнасына кызмат кылып бышып жетилгенде гана жеке концертин бериш керек. А биздикилердин даңкылдап-дүңкүлдөгөн концертинде өздөрү эки ыр ырдап, калганын коноктор коштойт. Бул мен үчүн концерт эмес. Антип ыр ышкыбоздорун алдабаш керек. Ошондуктан мен концерт берүүгө али эрте, дагы да эмгектенип изденишим керек. Анан да машинамды сүзүп кетти, кийимимди уурдатып жибердим, эртең клип тарттырам деп өзүмдү жарыя кылбаганым үчүн кыргыз эстрадасына көп көрүнбөйм.
- Ыр дүйнөсүнө кантип аралашып калдың? Буга чейин кайсы жакта иштечүсүң?
- Өз алдымча сегиз жылдан бери ырдап жүрөм. Чоң сахнага келгениме 3-4 жыл болуп калды. Өзүм Улуттук университеттин экономика факультетин бүтүрүп, кесибим боюнча тышкы иштер министрлигинде бир жылдай иштедим. Андай кийин жан дүйнөм негедир ыр дүйнөсүн ыктап туруп алды.
- Музыка жаатында түбөлүк кызмат кылам деп айталасыңбы?
- Негизи бала чагымдан эле саясатчы болгум келчү. Азыр да саясатты көздөй кадам шилтөөгө максат кылып жүрөм. Себеби ырчы болуп ашып кетсе 40 жашка чейин кызмат кыла алам. Ал эми саясатта өмүр бою эмгектенсең болот. А мен ата журтум үчүн түбөлүк кызмат кылгым келет.
- Азан чакырып койгон атың Өмүрбек экен. Сахнага Ома деп чыгып жүргөнүңдүн себеби эмнеде?
- Сегиз жыл мурун ырдап баштаганда эле менин досторум, жакын санаалаштарым, күйөрмандарым мени "Ома" деп башташты. Ошондон улам эле Ома болуп кеттим. Андыктан Ома деген атты мага эл ыйгарды десем жаңылышпайм. Сегиз жыл илгери Ома Майлыбеков Андарбекович деп чыгып жүргөм. Ома дегенди узартканда ушинтип чечмеленген. Азыркы күндө өзүмдүн атамдын атынан эле Андарбеков болуп чыгып жатам.
- Үйбүлөң жөнүндө да кеп козгосоң?
- Апам 1994-жылы бул дүйнөдөн кайтыш болуп кеткен. Атам Таласта жашайт. Үйбүлөдө эки бир туугандын кичүүсүмүн.
- Жакында көз карандысыздыктын 17 жылдыгын белгилөө алдында турабыз. Бул менин акыркы соболум болсун. Сенин пикириңде эгемендүүлүк элибизге эмне берди?
- Эгемендүүлүк элибизге эмгек берди. Себеп дегенде союз учурунда элдер "алма быш, оозума түш" деп мамлекеттин айлыгын, пенсиясын, пособиесин карап отура беришчү. Азыр "иштесең тиштейсиң" деген ураан менен ар ким өз алдынча ой-жүгүртүп, татыктуу жашоо үчүн күрөшүп калды. Эгер ушул темп менен кетсек 15-20 жылдан кийин өлкөбүз өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулаарына ишенем. Учурдан пайдаланып кыргыз журтумду келе жаткан эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Ар бир үйдө наристе үнү жаңырып, жакшылыктар болуп турсун.
- Маегиңе чоң рахмат. Жеткен жеңишиң сен үчүн чек болбосун. Дагы да бийиктиктерди багынтып жүрө бер.
- Сиздерге да ийгилик каалайм.

Ж. Калдарова









??.??