Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бактылуу болгула баш кошкон эки жаш!

Темир Назаров:
"Мунаранын жан дүйнөсүнүн сулуулугуна Арбалдым"
Жүз жылда бир катталуучу окшош даталардын биринде тактап айтканда 2008-жылдын, 8-айынын, 8-күнүндо өлкөбүздө 200дөй жаш жубайлар турмуш жолуна сапар алып, баш кошушту.Мындай бактылуу үйбүлөлөрдүн катарын кыргыз эстрадасынын популярдуу ырчысы Темир Назаров толуктап, 10 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн классташы Мунарага үйлөндү. Белгилей кетсек Мунара айтылуу "Кызбурак" тобунун солисти Гүлнара Калдарованын бир туугун сиңдиси.
Мукам үндүү жаш таланттын үйлөнүү үлпөтү өзү туулуп өскөн ордолуу Ош шаарындагы "Улан Жаштык Ордосу " ресторанында болуп өттү. Бир үйдүн эрке баласынын жакшылыгына үч бука, отуз беш кой союлуп, Жалалабаттагы акеси Муктар мырзанын жардамы менен эки жаш үчүн атайын Ташкенттен Хаммер Н2 үлгүсүндөгү джип авто унаасы алынып келинген.Мындан сырткары кыргыздын оймо- чиймеси түшүрүлгөн сегиз джип менен шаар кыдырышып, Оштун тарыхында биринчи жолу өзгөчө заманбап той өткөрүлүп, кечеге 500 киши катышты. Ырчыны куттуктаганы келген устаты Ибрагим Жунусов, Гүлшайыр Садыбакасова баш болгон Темирдин сахналаш достору Алишер Тоотаев,Замир Мырза, "Кыз Бурак" тобу тойдун көркүн ачып,кеченин "тамадасы"Рустам Аттокуров болду.Талантты сыйлаган меймандос элибиздеги эр азаматтар тарабынан Темирдин урматына тойго келген 200 киши бекер жайгаштырылып,келинчеги Мунаранын 25миң сомдук үлпөт көйнөгү өз баасынан төмөндөтүлүп берилген. Ошондой эле "ОСОО Сулайман Ширин"фирмасы жети кабат тортту белек кылса, өзү окуган "Себат" билим берүү мекемеси жана Түрк диаспорасы тарабынан жаш жубайларга Анталияга эс алып келүү үчүн эки жумалык жолдомо берилди.Тойдун шаанисин ачып, салтанаттын жүрүшүндө Темир өзүнүн репертуарындагы "Атам менен энеме","Сагынам" аттуу ырларын аткарып, жубайы Мунара экөө Апаз Жайнаковдун "Өрүк зарга кетели" деген чыгармасын дуэт ырдап коноктордун көңүлүн көтөрүштү.Ырчынын кубанычына ортоктош болуп, сүйүнүчү койнуна батпай бакыттын кучагында турган Темирге бир-эки ооз суроо менен кайрылдык.

- Темир куш бооң бек болсун!
- Рахмат.
- Демейде үйлөнөт-үйлөнөт деп имиш болчу эле, сен имиши жок эле заматта той баштап жибердиң го, жалаң сегиздер камтылган күндү атайын тандап алдыңбы же...
- Негизи мен бир нерсени жасаарда жар салып жарыя кылганды жактырбайм, элдерди таң калтырып табышмактантканды жакшы көрөм. Ошон үчүн ушул убакка чейин жүрөгүмдүн ханышасы жөнүндө кеп кылган эмесмин.Бул жылы үйлөнүшүмө ата-энем түрткү болду.Күтүүсүз жерден "балам эртерээк үйлөнүп бизди неберелүү кыл" деп сунушташып бардыгы ойдо жок жерден болуп кетти. Ойлонуп көрсөм 8деген жуп сан экен.Андан да 8- август жума күнгө туура келиптир. Куранда айтылгандай пайгамбарлар жума күнү үйлөнүшүп бактылуу болушкан. Ошону ырым кылып мен да шарият жолунда үйлөнөйүн деп ушул күндү тандап алдым. Бул да болсо буйрук деп ойлойм.
-Турмуш жолуна аттанган адам катары өзүңдү кандай сезип жатасың?
- Азыркы кубанычымды сөз менен айтып жеткире албайм. Бүгүн мен чексиз бактылуу болуп турам. Бир башым экөө болуп, күндөгү жалгыз жаздык эки жаздыкка айланды.Мындан ары менин күткөнүм бар. Кыскасы жүрөгүмдүн буйругу аткарылды, тагдырыма ыраазымын.
- Мунара менен канча жыл сүйлөштүң?
- Сүйлөшкөнүбүзгө 10 жыл дегенде баш коштук. Экөөбүз классташпыз.
- - Жубайың эмнеси менен сени арбап алды?
- - Менин сулуулугума же атак-даңкыма кызыгып сүйгөн кызды эмес, мен Темир Назаров боло элек кезде менин жан дүйнөмдү түшүнүп, мүнөзүндөгү ак көңүлдүүлүгү, кичи пейилдүүлүгү менен мени өзүнө арбаган кызды өмүрлүк жар кылып алдым. Мунара үйдүн куту боло турган жөнөкөй үйбүлөнүн ыймандуу кызы. Мен анын ички жан дүйнөсүн сүйдүм.
- Башка сахналаштарың сыяктуу той- концерт берейин деген оюң барбы?
- Кыргыздын салты боюнча кыркыбыз чыкканча кырк күн эч жакка барбайбыз. Азырынча ал жөнүндө ойлонуп көрө элекмин. Ал жагын турмуш көрсөтөт.
- Айтмакчы, Тажикстандан 15 кой белекке берилиптир деп угуп калдым, ошол ыраспы?
- Ооба, апам Тажикстанга соода кылып каттап , ошол жактан 20 кой алып "балам үйлөнсө керегине жаратам" деп бирөөгө бактырып койгон экен. Тойго жакын Тажикстанга барса менин чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарым "бизден белек болсун" деп 15 кой кошуп бериптир. Учурдан пайдаланып менин жакшылыгымды бөлүшкөн бардык жакын санаалаштарыма жана да "Обон" гезитине ыраазычылыгымды билдирем.
- Биз да сага үйбүлөлүк ынтымак , бакыт-таалай каалайбыз. Бактылуу болгула.
Ж.Бороева










??.??