Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Рамазан - 2008

Рамазан кечирим жана боорукерликтин айы
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып мусулмандар орозо кармоочу Ыйык Рамазан башталганы турат. Орозо - бул "кармануу же өзүн тыюу" дегенди билдирет. Мына ушул туурасында окурмандарга кененирээк маалымат берүү үчүн Бишкек шаарынын казысы, борбордук мечиттин имамы Маматов Шакир ажыны маекке тартканбыз.

- Орозо кармоонун кандай негизги эрежелери бар, ушуга токтолсоңуз?
- Рамазан айындагы орозо кармоо адам баласы таң аткандан күн батканга чейинки убакытта өзүнүн напсисин-тамак-аш, суусундук, жеп-ичүүдөн, жубайлардын бири-бири менен кошулушуна тыюу дегенди билдирет. Айтылып өткөн үч нерседен эле өзүн тыюу эмес, орозону ниет кылып кармаган адам эч кимге жамандык жасабай, жаман айтпай жана жаман көздөн өзүн сакташы керек. Демек, адамдардын ички жан дүйнөсү, ой-сезими да таза болуу дегенди билдирет.
- Орозонун кандай пайдасы бар?
- Чоң пайдасы - Кудайдын алдындагы парзынан кутулат.
Орозо - адамды чыдамдуулукка, сабырдуулукка, боорукерликке тарбиялайт, үндөйт. Ал эми медициналык жактан тийгизген пайдасы да чоң. Адам баласынын ден-соолугунун чың болушуна шарт түзөт. Ички органдардагы сары суусу кетет, тазаланат. Андыктан орозодо ооз ачууну белгиленген убактысында ачып, таза жүрүп, жакшы иштерди жасап орозо тутуу - парз.

Каныкей Эралиева, ырчы:
- Орозого саналуу эле күндөр калбадыбы, кармайын деп жатасызбы?
- Жыл сайын орозо кармап келатам, буюрса быйыл да кармайын деген ниетим бар. Өзүңөр билгендей, орозонун пайдалуу жактары өтө чоң. Мен муну менен адамга тийгизгендуховный таасирин айтып атам. А негизинен мусулман баласы болгон соң орозо кармоо керек.

Турусбек Жумалиев,
актёр, алып баруучу:
- Орозонун сизге тийгизген кандай оң жактары бар?
- Мен он жылдан бери орозо кармап келатам. Мен орозо кармаганда жолум ачылып, үйбүлөмдө жакшы иштер, жакшы жаңылыктар болуп, ийгилик коштойт. Ошондуктан үзбөй кармайм. Денсоолугума да жакшы таасирин тийгизет.
- Оозуңузду жемиш менен ачасызбы же … мисалы, курма менен ачуунун пайдасы чоң - дешет.
- Жумушта болуп калсам жемиш менен ачам. Үйдө болуп калган учурумда суу менен ачам.

Байыш Момунов, ырчы:
- Быйыл орозо тутайын деген ниетиң барбы?
- Буюрса бар, ниет кылып атам. Мусулман баласы болгон соң бир жылда бир гана келүүчү орозо кармоону парзым деп эсептейм.
- Оозуңду жабаарда келинчегиң уйкусун бөлүп, жаныңда чогуу болобу?
- Жыл сайын тамагымды даярдап берип, чогуу кармайт.
Махабат Молдобек кызы




Орозонун адеби кандай?
Орозо туткан адам орозонун материалдык тарабына маани берип аткарганы сыяктуу руханий тарабына дагы маани берип, анын маанилүүлүгүн унутпоосу керек. Орозо - парз. Пайгамбарыбыз айтып жана көрсөтүп кеткендей тутулат. Орозо - бир гана эртеден кечке оозго эч нерсе албастан ачка жүрүү эмес. Бул орозонун материалдык тарабы. Руханий тарабына келсек, орозо туткан адамдын көздөрү арам нерселерди карабоосу, кулактары арам нерселерди тыңшабоосу керек. Бирөөнүн акысын жеш, зулумдук кылуу, ушак айтуу, көрө албастык кылуу сыяктуу кылынган ибадаттын сообун текке кетирген жаман адаттарды таштоосу абзел. "Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аста-аста" деп ата бабаларыбыз айткандай адам баласы жаман нерселерден алыстоосу өтө кыйындыкка туруп келген. Жараткан Аллах Таала өзүңөрдү-өзүңөр тарбиялап, туура жолго салгыла, арам нерселерден арылгыла, бул жалган дүйнөнү гана ойлобостон акыретти дагы ойлогула, алдыда сурак күнү бар деп "орозо ибадатын" буйрук кылган. Ошондуктан орозо ибадаты бир гана ачка жүрүү эмес, тескерисинче, күнөө иштерден арылып, сооптуу иштерди аткаруу болуп эсептелет.

Маңызы жана тартиби
Ар бир иш эки компоненттен турат: Биринчиси - максаты, маңызы жана экинчиси ал максатка жетүү үчүн тандалган жол же ыкма.
Мисалы, тамактануунун максаты - жашоону улантуу жана күчтү калыбына келтирүү. Ал эми бул максаттын ишке ашуу жолу - тамакты оозго салып чайноо жана жутуу. Бул ыкманы баары колдонушат, анткени бул эң жөнөкөй жана эффективдүү ыкма.
Ошондой эле орозонун талаптары аткарылбаса кечке чейин ачка жүрүп койгону орозо боло бербейт. Орозонун убагындагы тыйылууну орозо бүткөндөн кийин да улантуу - анын чыныгы пазилетин ачат.
Орозо учурунда токтоткон арагын андан ары ичпей, тамекисин тартпай коюу, сүткордугун, зынакордугун такыр токтотуу - орозонун чыныгы пазилеттерине жетишүү.
Демек орозо кармоо Кудайды ыраазы кылуунун же андан коркуунун бир жолу. Ачарчылык маңыз эмес ал ыкма, жол. Маңыз - Аллахты ыраазы кылуу. Эгер мусулман орозодо токтоткондорун андан ары да токтото алса Аллах ыраазы болот.

Орозо - ыймандын белгиси
Орозо кармагандын эрки күчтүү болот. Анткени ал жашыруун тамак жегенди самабаса, мусулмандын Аллахтын көрүп туруучу сапатына терең ишенгенине кепилдик бере алат. Мээ кайнаткан ысыкта таңдайы катып суусаса да оозуна бир тамчы суу албайт. Тамак жеш оюнда да болбойт. Аллах баарын көрүп турганына терең ишенүү менен гана мусулман орозосун бул деңгээлде кармай алат. Мына ошол ишеничи үчүн гана Аллах ал адамга бейиш убада кылат.

Орозо тутпоого уруксат
берилген абалдар
Үзүрсүз, себепсиз орозо тутпоо чоң күнөө болуп эсептелет. Башталган Рамазан орозону себепсиз же атайын бузуу каффаратты талап кылат. Төмөндө белгиленген абалдарда болсо, орозо тутпоого же башталган орозону бузууга уруксат.
1 - Жолоочу болуу: Шарият боюнча жолоочу катары санала турган аралыкка жолго чыккан адам орозо тутпаса болот. Бирок орозону баштап койгондон кийин сапарга чыга турган болсо, анда орозосун тутууга туура келет. Эгер орозосун бузса, казасын гана орундатат. Жолоочулар үчүн эң жакшысы, Рамазан убагында орозо тутуу.
2 - Оорулуу болуу: Орозо тутууга тоскоолдук кылган кандайдыр бир сыркоосу болгон же болбосо орозо туткан маалда сыркоосу күчөй турган болсо, анда ал адам орозо тутпай койсо болот. Өтө катуу ачкалык же суусуздуктан денсоолук начарлап бузула турган болсо, бул учурда дагы орозо токтотулат.
3 - Карылык
4 - Кош бойлуу болуу же бала эмизүү: Кош бойлуу болгон аял орозо тутканда баласына же өзүнө зыян келе турган болсо, анда орозо тутпайт. Тутулбай калган күндөрүн кийинчерээк каза орозо кылып толуктайт.
5 - Согуштагы аскерлерге орозо тутпоо уруксат.
6 - Кыйноо же коркутуу сыяктуу нерселерге дуушар болгондор ооздорун ачса болот

Орозо ооруга даба
Орозо кармоо медициналык жактан жогору мааниге ээ. Чынында да ал ичеги ооруларына өтө пайдалуу. Анын заңдын катышына (запор) кошкон салымы зор.
Ошондой эле орозо кээ бир тери ооруларынын, ашказандын жана ичегилердин жакшырышын камсыз кылат. Бул себептен улам дүйнөнүн кээ бир жерлеринде жалаң орозо менен дарылаган ооруканалар курулган.

Орозо календары 2008-жыл үчүн




Саарлыкта оозду бекитүү дубасы: Навайту ан асума савма шахри рамазана минал фажри илал магриби. Халисан лиллахи таала. Аллоху Акбар.
Кыргызча түшүнүгү: Орозо айынын орозосун таң жууктан күн батаарга чейин кармоого ниеттендим, улуу Аллага болгон ыкласым менен. Аллоху Акбар.
Иптарда оозду ачуу дубасы: Аллохумма лака сумту ва бика аманту ва алайка таваккалту ва ала рызкыка афиату фагфирли ма каддамту ва ма аххарту бирохматика йа архама рохимиин.
Кыргызча түшүнүгү: Эй жараткан Алла, келме айтып сага ыйман келтирдим, таянаарым өзүңсүң, өзүң берген ырыс-дөөлөт менен оозумду ачып жатам, күнөөлөрүмдүн эскисин да, жаңысын да кечире көр, мээримиңди күтөм. Оо ырайымдуулардын ырайымдуусу.


www.islam.kg булагынан
даярдаган Абдулхамид Алайкуу










??.??