Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Бопуш үлгүлүү үйбүлөнүн баласы
Таланттуу актёр, Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик Жаштар театрынын белдүү артисти Марат Жанталиевдин (Бопуш) бал татыган балалык кези, эстен кеткис окуучулук күндөрү жөнүндө кабардар болгусу келген күйөрмандар жок эместир. Марат мырзанын артта калган окуучулук мезгили тууралуу айтып берүү үчүн "Классташ" аттуу рубрикабыздын төрүнө актёрдун классташтары Жолдошбек Дүйшөнбаев менен Элтуйбас Осмоновду чакырдык. Жолдошбек учурда Кыргыз-Түрк Манас университетинде администрация чарба башчысы, ал эми Элтуйбас Осмонов да бүгүнкү күндө аталган университеттин кызматкери болуп эмгектенет.

Жолдошбек Дүйшөнбаев
"Кыздардын колтугунан чыкчу эмес"
- Марат досумду мен көпөлөк кууп кубалашып жүргөн бала чагымдан бери билем. Ал экөөбүз Нарын районунун Лахоли айылынын "Лахол" орто мектебинде чогуу окудук. Марат окуп жүргөндө бою кичинекей, буту-колу кыска болтойгон толук бала болчу. Мүнөзү болсо аябай токтоо, сабырдуу, кең пейил, кыскасы Кудай деген момун бала. Чынын айтыш керек Бопуш агаңар окуучулук мезгилин кыздар менен өткөрдү. Балдарга такыр кошулчу эмес. Танапис учурунда кыздар менен ажатканага чейин барып келчү. Мектепке келгенде да, кеткенде да кыздардын сумкасын жонуна артып, кыздар менен келип кетчү. Кыскасы, кыздардын колтугунан чыкчу эмес. Жинибиз келгенде "кыз" деп шылдыңдачубуз. Ага деле көңүл бурчу эмес. Ошол адаты азыр деле калган жок. Бүгүнкү күнгө чейин бизге караганда аялдар менен жакшы сүйлөшөт. Жанагындай кебетеси менен муну артист болот деп деле ойлогон эмеспиз. Көрсө унчукпай жүрүп алып баарын ичтен бышырып жүргөн тура.
Мектепте бир интермедияга Саяк деген ролду ойноп, ошондон кийин "Саяк" атка конуп кеткен. Ага тамашалап мен минтип ыр жазгам:
Бу саяктын бою узун болгондо,
Болмок экен тамада бүт чоңдорго.
Бул сөзүмө Марат сен көп кейибе,
Наам аласың өз убагы толгондо.

Баняга ич кийимин калтырып…
- Марат азыркы эл алдына алып чыккан сатираларын бүт турмуштан алат. Ошон үчүн бүгүн бир нерсени жасап алып эртең эфирге чыгып калбайлы деп коркобуз. Анткени мындай окуя бизде болгон да. Бир жолу шаарга келип мен, Марат дагы бир-эки бала болуп баняга түшүп калдык. Ошондо өмүрүбүздө чаап көрбөгөн шыпыргы менен Марат экөөбүздү тигилер чапкылап башташты, самындын баары чачырап, акырында чыдабай Марат экөөбүз ич кийимибизди баняга калтырып качканга аргасыз болуп, ич кийими жок сырт кийимдердерди кийип алып үйгө кеткенбиз. Кийин ошону "Баняга ич кийимин калтыргандар"-деп сатира кылып чыкпадыбы. Мунун жолдо калган жоруктары толтура. Марат 5-классынан тартып мектептеги драм кружокко катыша баштаган. Эсимде 7-класста "Жер көчкү" деген кошуна айылга спектакль коюп барып, Бопуш "Курманбек" драмасындагы Тейитбектин ролун ойногон. Кыштын кыраан чилдесинде түшкөнүбүз үстү ачык зил машина. Анан ал жерден түнкү саат 11лерде чыгып келатып суунун ортосуна келгенде машинебиз жүрбөй токтоп калды. Эмне кылаарыбызды билбей кыздарды бирден берки өйүзгө көтөрүп чыгып түн оокумда үйүбүзгө жеткенбиз. Ошондо кыздар үшүгөнүнөн ыйлап, жиберишсе, аларга кошулуп Марат да эмшеңдеп ыйлап, алдап-соолап жатып араң сооротконбуз. Ушундай назик, жан дүйнөсү сезимтал бала эле да.




Элтуйбас Осмонов
Москвадан бузулуп келди
- Жолдошбек айткандай Марат досубуз анча-мынча кыздарга караганда тартиптүү болчу. Баладай болуп сабактан качып, балдар менен мушташканын көргөн жокпуз. Биз сабактан качканда Марат жалгыз өзү кыздар менен класста калып кетчү. Классыбызда алдыңкы, үлгүлүү окуучу эле. Чейрек-экзамендерде автоматтык түрдө "5" алчу. Эркектер арасында болгон "разборкаларга" такыр барчу эмес. Жүр биз менен десең "ии" деп ийнин куушуруп алып, кыздарды ээрчип кетип калчу же болбосо көзүн балбылдатып карап тура берчү. Классыбызда бою боюнча акыркынын экинчиси болуп турчу. Андай болгону менен тыпырайып столдун алдына кирип алып кыздардын бутун тырмалагандан бошочу эмес. Мараттын бул өнөрү кыздарга да жагат эле. Биз ушинтип тийишсек мугалимге айтып сабатышчу. Балдар чогулуп алып аттын тезегинен тамеки жасап тартканда да Марат кошулган жок. Бөтөлкөнү болсо кармачу эмес. Кийин Москвада окуп, университетти кызыл диплом менен бүтүп келгенде үйүнө боз үй тигип, классташтарды сыйлап калды. Ошондо биринчи жолу тамеки тартып, арак ичкенин көрүп алып таң калып, анан "Орустардын ушул жагын үйрөнүп, орусиядан бузулуп келдиңби?" деп күлгөнбүз.
Чындыгында Марат айылдагы үлгүлүү үйбүлөдөн чыккан бала. Ошол кезде атасы башкы врач, апасы медсестра болуп эмгектенчү. Марат үйбүлөдө үч уулдун экинчиси. Үйдө жалаң эркек балдар болгон үчүн Марат үй тиричилиги менен алек болуп үйүнөн чыкчу эмес. Камыр жууруп, нан жасап, үй шыпырып, кир жууп, тамак жасап жүрө берчү. Бир жолу үйүнө барып ышкырсак такыр чыкпай койду. Анан жүргүлө деп үйүнө кирип барсак фартукту тагынып алып камыр жууруп олтуруптур. Анан бизди төргө отургузуп коюп тамак жасап берди. Курсагыбызды кампайтып алып классташ кызыбыздын үйүнө келгендей болуп чыгып кеттик. Бизге бул нерсе жат көрүнгөнү менен Марат үчүн күнүмдүк жумуш болчу.











??.??