Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Спорт

Бээжин Олимпиадасы аяктады
Үстүбүздөгү жылдын 8-августунда башталып, 16 күнгө созулган Пекиндеги ХХIX жайкы Олимпиада оюндары аяктады. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, нечендердин бүйүрүн кызыткан Олимпиада күндөрү өзгөчө атмосферада биринин артынан бири уланып жатты. Тээ илгертен бери тынчтыктын, бейпилчиликтин символу эсептелген бул оюндардын кезектегиси да "Бир дүйнө, бир максат" деген ураанда өтүп, адамзатка бул дүйнөдөгү ордун дагы бир жолу эскертип, тынчтыкка чакырды. Кызыгы бул чакырыкка каршы атайын жасадыбы же чолок ойлуулук кылдыбы, айтор дал ошол Олимпиаданын ачылыш аземи күнү Грузия тынч жаткан Түштүк Осетия мамлекетине кол салып, куралсыз карапайым калкты кыргынга учуратты. Учурда дүйнө коомчулугу Грузияга жана бул согушка түрткү болгон мамлекетке наалат айтып жаткан учуру. Эми эмне болсо да болоор иш болду. Биз сөздү Олимпиаданын бизге тартуулаган ошол толкундануу менен өткөргөн убактарынан улайлы. Бээжинде Кыргызстандын намысын коргоп, мыктылардын мыктылары менен мелдешке чыккан мекендештерибизди алыс да болсо үйүбүздөгү сыналгынын алдында Кудайдан ошолорго жеңиш тилеп, колдоп сүрөп турдук. Ошондой күндөрдүн биринде биздин балбандарыбыз 1 күмүш, 1 коло медалга ээ болушкандыгы туурасында кабар алып калдык. Ошондогу элдин сүйүнүчүн айт. Кай жерге барба адамдар Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаевдей мекендештери бар экенин сыймыктануу менен айтып жатышты. Калган спортчуларыбыз жогорку ийгиликтерди жарата алышпаса да, таймаштардын аягына чейин турушту. Жыйынтыгында жалпы эсептик орунда Кыргызстан 66-орунду ээледи.

Эмне эксең ошого ээ болосуң
Көрчү, кыргыз элинин терең ойлуулугун. Кандай туура айтылган сөз. Бээжин Олимпиадасындагы жыйынтык бизди канааттандырат. Эгерде мамлекет тарабынан спортко көңүл бурулуп, спортчуларыбызга алгылыктуу колдоо көрсөтүлгөндө, бизден деле Олимпиада чемпиондору чыкмак. Бир боор энебиз болгон Орусия мамлекети бул жолку оюндар үчүн 12 миллиард рубль жумшаптыр. Натыйжада 23 алтын медаль менен 3-орунду ээледи. Дагы бир мисал, АКШлык Майкл Фелпс өлкөсүнө өзү жалгыз 8 алтын медаль тартуулады.

Аккан арыктан суу агат
Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес. Бизде да Сатымкул Жуманазаровдун, Каныбек Осмоналиевдин ийгиликтерин уланта турган жаш таланттарыбыз бар. Болгону жетишээрлик көңүл буруу зарыл. Учурда кошуна өлкөлөр биздин потенциалдуу жаш спортчуларыбызды өз өлкөлөрүнө алып кетип, аларга жарандык берип, материалдык жактан колдоо көрсөтүп жатышат. Мындай шарт түзүлгөндөн кийин ал спортчуга ийгилик жаратуудан башка иш калбайт да. Бул ыкманы өнүккөн өлкөлөр, алардын ичинде АКШ кеңири колдонуп келет. Мисал иретинде Түркия жумуриятын алалы. Бээжин Олимпиадасында медаль алгандардын арасында Түркияга жогоруда айтылгандай жол менен келген, түпкүлүгү Африкалык спортчулар бар.










??.??