Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Атактуулардын ааламында

Витас
Орус элинде "Сигнализация" деген атка конгон бийик үндүү ырчы жигит Витастын жеке турмушу, жашоого болгон көз карашы, аны курчаган жакын адамдарга жасаган мамилеси ар бир эле күйөрманын кызыктырса керек. Бүгүнкү "Дүйнө жылдыздары" рубрикабызда дал ушул ырчы жөнүндө кененирээк маалымат беребиз.

Жашыруун өткөн үйлөнүү той
Витас жыйырма жети жашка чыкканда бойдокчулук менен кош айтышып, жети жылдан бери сүйлөшүп жүргөн Светлана аттуу бийкечке башын байлаганына быйыл эки жылдын жүзү болду. Таңкалыштуусу Витастын тою Украинада жашыруун болуп өткөн. Тактап айтканда чакырылган конокторго катуу талап коюлган. Фотоаппарат, камера жана уюлдук телефон алып келүүгө уруксат берилген эмес. Албетте жакын туугандарына жогоркудай темирдей катуу талап коюлгандан кийин кабарчылар жөнүндө кандай сөз болушу мүмкүн?
Таңкалыштуу өткөн үлпөт тою жөнүндө эч кандай толук маалымат ала албаган журналисттер артынан калбай бир топ жүгүрүп, той жөнүндө ырчынын оозунан эки гана сөз угушкан. "Мен бактылуумун" деп гана кыска жана нуска өз жашоосуна комментарий берген.
Бирок, кийинчерээк массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларында эмне себептен жашыруун үйлөнгөнүн төмөндөгүчө түшүндүргөн: "Мен жашоодогу көз тийүү деген ырымга аябай ишенем. Албетте адам болгондон кийин ар бирөөбүздүн алыбызга жараша дос-душманыбыз болот эмеспи. Ошондон улам мен өзүмдүн бактыма көз тийбештин баардык айласын кылдым. Дагы бир көрүнүш мен өзүмдүн жеке турмушумдагы өзгөрүүлөрдү пайдаланып өзүмө пиар кылгым келбейт. Ашыкча мактанууну жактырбайм" -дейт ырчы.

Концерттен алган кымбат белек
Екатеринбургда 2008-жылы 4-апрелде өткөн концертинде "Пекиндеги Олимпиаданы ача турганы үчүн, биздин спортсмендерди колдогону үчүн жана эң мыкты ырчы деп табылганыңыз үчүн" - деп маданият министри Витаска 100000 евро турган боорунда атайын ырчыга арналып, "Витас" деп жазылган темир тулпардын ачкычын анын колуна тапшырган. Сүйүнүп, сүрдөгөнүнөн Витас рахмат айтып, ыраазычылык билдиргени үчүн азыр да уялат экен. Бирок, ток пейил ырчы мындай белекти алуудан баш тартып, машинаны Екатеринбургдун тургундарына тапшырган. Мындан кийин Витас Екатеринбургга концерт коюп келгенде аны дайым дал ушул өзүнүн белеги менен алдынан тосуп алышат экен.
Белгилей кетчү дагы бир көрүнүш концерт башталаарына эки жума калганда эле 3 000 орундун билети сатылып алынса, концерт учурунда эл залга батпай бир тобу сыртта калып, концерттин дагы бир күнгө узартуусун күйөрмандары суранышкан. Талантын чындап сыйлаган, урматтаган адамдардын өтүнүчүн жерге таштай албай Витас макул болгон.
Экинчи күнү концертинде сахнага кичинекей кыз чуркап келип ырчыга гүлү менен кошо ага арнап жазган ырын да окуп берген. Мындай жылуу мамилеге жүрөгү жылыган Витас ал кичинекей күйөрманын эч качан эсинен чыгарбасын айткан.

"Бейиштен" орун алган үй
Жакында Таиланддан ырчы жигит Паттайе шаарчасынан үй алууга жетишти. Витастын айтымында мындай үй-жайга ээ болууга көптөн бери кыялданып жүргөн. Негизи эле ырчы Азиядагы мамлекеттерди көргөндө көзү күйөт тура. Ал Азияны бейишке салыштырат. Эң биринчи үйүнө киргенде бейишке киргендей сезим пайда болуптур. Өзгөчө ырчы бөлмөлөрдүн ичинен мейман тосчу жайга көп көңүл бурат. Анткени анын ою боюнча кирип келген конок бөлмөдөгү өзгөчө жылуулукту, жагымдуу аураны дароо сезиш керек. Дал ушундай жагдайды орнотууга ырчы болгон күчүн жумшап жаткан кези.

Жабылган жалаа
Башка ырчылар сыяктуу эле чектен чыккан күйөрмандардан Витас да куру калган эмес. 22 жаштагы күйөрманы алгач гүл берүүдөн баштаса, кийинчерээк артынан калбай ээрчип алган. Витас үйлөнгөндөн кийин Светлана Ковальчук "боюмда бар" деп бир айда эки миң доллар консепция төлө деген талапты койгон. Жабылган жалган жалаадан Витастын күйбөгөн жери күл болуп продюсери Сергей Пудовкин экөө тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Бул жүрүш бир топ убакытты талап кылып, тергөө иши аягында жакшы жыйынтык берген.
Догурунган күйөрманынын боюндагы баласы Витастан эмес экенине көздөрү жеткенден соң аны сотко беришип, моралдык жактан доо кетирген үчүн бир рубль айып төлөтүшкөн.

Анара Дүйшөналиева




Жасмин жаңы турмуш баштайт
Жакында ырчы кыз жаңы турмуш баштаганы турат. Эске салсак, буга чейин жеке ишкер Вячеслав Семендуев менен ажырашып, андан Михаил аттуу уулу бар. Эми анын болчоктогу жубайы Георгий аттуу жигит жакында эле ырчынын атасы Лев Яковлевичтен келип кызынын колун сураган. Айта кетчү нерсе Жасмин жакында дагы көз жарганы турат. Азыр үлпөт тою так качан, кайсы күнү болоору аныктала элек. Ырчынын чоң апасы Сара небересинин бактысына сүйүнүп турган кези. Эми бул жолу Жасмин жаңылбастыр. Анткени бир жолу сүткө оозу күйгөндөн кийин экинчисинде этияттап калгандай болду. "Байкуш неберем биринчи күйөөсүнөн жакшы эле запкы көрүп, азап тартты. Мындан ары неберелеримдин түбөлүгү түз болсо экен" деп тиленет чоң эне.

Ирина Дубцова баласы үчүн кооптонууда
Ырчы Ирина Дубцова өзүнүн жалгыз, жанындай көргөн уулу Артемдун коопсуздугу үчүн коркуп турган кези. Себеби, эки жашар Артемду буга чейин уурдап кетүүгө аракет кылгандар болгон. Ошондон улам Ирина баласын апасы менен атасына алып келип берген.
"Ата-энемди мындай жоругум менен таарынтып алышым толук мүмкүн. Бирок, Артем менден кичине эле алыстаса аны коркунуч, кырсык акмалап тургандай сезиле берет. Кээде белгисиз адамдар чалып алып балаңдан ажыратабыз деген түшкө кирбеген сөздөрдү айтып коркутушат. Мен дароо буга чара колдондум" -дейт Ирина Дубцова.

Джессика Альба күйөрмандардын каалоосун канааттандырды
Ай-чырайлуу актриса Джессика Альба күйөрмандарына убактысын бөлүп, алар менен атайын жолугушуу өткөрдү. Алар менен болгон жолугушуусунда көбүнчө күйөрмандары жеке жашоосуна байланыштуу суроолорду жамгырдай жаадырышыптыр.
"Мен колумдан келишинче көп балалуу болгум келет. Эгерде денсоолугумдан ажырап, бала төрөгөнгө алым келбей калса, анда башкача жол менен деле багып алам. Бул жагынан Кэш экөөбүздүн көз карашыбыз, пикирибиз дал келет. Ошон үчүн биз экөөбүздүн бирден-бир тилегибиз көп балалуу болуп, бекем, ынтымактуу кичинекей мамлекет түзүү" -деп Джессика күйөрмандары менен ымандай сырын бөлүштү.

Джастин Тимберлейк модага катышат
Белгилүү ырчы жана актер Джастин Тимберлейк 5-сентябрда Нью-Йоркто өтө турган мода жумалыгын өзүнүн хит ырлары менен ачат. Андан тышкары жеке өзүнүн "William Rast" деген аталыштагы презентациясын өткөрөт. Мода көрсөтүлүп жаткан маалда топ-моделдер жалаң Джастиндин ырларынын коштоосунда чыгышат. Мындан тышкары Джастин менен биргеликте бул жумалыкка дүйнөлүк жылдыздар Бейонс менен Рианна да катышат.