Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Шумдугуң кур

Өзгөчө адамдар
Дүйнө жүзүнө таанылууга аларга табият өзү жардам бериптир. Бүгүнкү күндө булардын жашоосуна бүткүл жер жүзүндөгү дээрлик бардык адамдар көз салып, кызыгууларын артып жаткан кези.

Эң толук Мануэль
Кырк үч жаштагы Мануэль Карза Мексикада төрөлүп-чоңойгон. Учурда ал дүйнө жүзүндөгү эң толук адам деп табылган. Анткени анын салмагы 597 килограммды түзөт. Күтүүсүздөн тез аранын ичинде толуп баштаган Мануэль 2001-жылдан баштап өзүнүн керебетинен салмагын көтөрө албагандыктан бүгүнкү күнгө чейин турбай келген. 2008-жылы медикетрдин көмөгү менен 258 килограммга арыктай алган. Ошентсе да бул арылган салмагы ага керебеттен турууга жардам бере алган эмес.
Өзүнүн ашыкча салмагына карабастан анын жанында дайыма түшүнүп, колдоп, жардам берген адамы бар. Сүйгөнү Сара менен төрт жылдан бери сүйлөшүп келишет.
Жакында эле Мануэль жакын достору жана туугандарынын жардамы менен көлгө эс алууга барып келген. Албетте аны ордунан жылдырып алып-барып келиш оңойго турган эмес. Ошентсе да дос-тамырлар колунан келген аракетин аяшпай Мануэлдин көңүлүн дурус эле көтөрүшүптүр.

Эң узун бойлуу адам
Тарыхта калган эң узун бойлуу адам америкалык Роберт Перлинг Вэдиду 1918-жылы Олтон шаарында төрөлгөн. 1940-жылы 27-июнда анын боюнун узундугун ченегенде 2,72 метрге, салмагы 222,7 килограммга жеткен. Ал чоң көлөмдөгү бут кийим кийүүгө аргасыз болгон. Албетте мындай узун бойлуу Робертке кийимди атайын тикмечилерге тиктиришип, бир топ убара болушкан. Роберт бул жарыкчылык 22 жашында жугуштуу оору менен ооруп коштошкон.

Эң арык адамдар
Дүйнө жүзү боюнча эң арык адам деп 1737-жылы Улуубританияда жашаган Хопкинс Холкинс болуп саналат. Жети жашында Хопкинс болгону 8,6 килограмм салмакта болгон. Албетте, анын мындай абалы оору менен байланыштуу. Өлөөр алдында (1754-жылы көз жумган) анын салмагы болгону 6 килограммга жеткен.
Ал эми дагы бир арык айым Лючия Сарате (1863-89) Мексикада жашаган. 17 жашында анын бою 67 сантиметрге жетип, салмагы 2,13 килограммды араң түзгөн. Чынында анын арыктыгына эч ким көз артпаса керек. Лючия 20 жашка чыкканда 5,9 килограмм салмак кошкон. Ошондо Лючиянын салмагы 8,11 килограммды түзүп, ошол учурда эң арык адам деп табылган. Бүгүнкү күндө деле анын салмагындай арык адамдар пайда боло элек.

Эң чоң көкүрөктүү кыз
Бүгүнкү күндө жер шаары боюнча эң чоң көкүрөктүн ээси он төрт жаштагы кытайлык Тинг Хиафен болуп эсептелет. Тинг Хиафендин бир эмчеги 10 килограмм салмакта экен. Тингдин айтуусу боюнча анын өмүрүндө мындан өткөн тоскоолдуктар учурабаптыр. Ал өзүнө ич кийимди атайын тикмечилерге көкүрөгүн ченетип, анын өлчөмүнө ылайыктап тиктирет. Бирок, бул Тинг тарткан түйшүктүн бери жагы эле. Анткени, мындай алп көкүрөктөрү менен көмкөрөсүнөн жатып уктоого такыр мүмкүн эмес. Аны көчөдөн көргөн балдар "саан уй" деп сөөктөн өтүп, чучукка жеткен сөздөр менен шылдыңдап, келеке кылып күлүшсө, тааныш кыздары колу менен көрсөтүшүп, "түрү суук " деп ызалантышат экен. Көзүнөн жашы куюлган Тинг Хиафен эч кимге кошулбай, баарынан четтеп, корунуп жүргөнү-жүргөн. Чынында Тинг "түрү суук" эмес, тескерисинче өтө сүйкүмдүү кыз.

Кичинекей "периште"
Кеннади Джордин-Брумли 2003-жылы 13-февралда жарык дүйнөгө келген. Жаңы төрөлгөндө анын салмагы бир килограммга да жетпегендиктен, доктурлар анын жашоосуна кепилдик бере алышкан эмес. Бирок Кеннади бактысына жараша тирүү калган. Алгач доктурлар так диагноз коё алышпай, аягында "примордальный карликовость" менен ооруйт деген жыйынтык чыгарышат.
Мындай ооруга чалдыккандар адатта бою 75 сантиметрге гана жетип салмагы 3 килограммдан ашпайт.
Кеннади азыр беш жашта. Өзүнүн оорусунан ал эч кандай деле кыйынчылыкты сезбейт. Тескерисинче ушул убакта Америкага атагы тарап бир топ белгилүү болуп калган чагы. Ал тургай сүрөтчүлөр аны сүрөткө тартышып, модель кылабыз деп ниет кылышкан. Кеннадинин кичинекей бою менен салмагы ата-энесинин капчыгына бир аз кыйынчылыктарды туудурат экен. Анткени, Кеннадиге кийим тиктирип, отургуч, керебет жасатыш үчүн атасы Бриан Джордин менен апасы Корт Брумли бул тармактагы атайын адистерди жалдап, алардын кызматына ири суммадагы акча төлөшөт. Ошентсе да алар үчүн мындай көрүнүш бакыт деп эсептешет. Себеби алардын кызы элден өзгөчө.
Кеннади Джордин-Брумлинин дагы бир артыкчылыгы анын өзгөчө касиети бар. Кичинекей кыз менен бир-эки ооз болсо да сүйлөшкөн адам кадимкидей жеңилдеп, стресттен арылат экен.

Даярдаган А. Дүйшөналиева













??.??