Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Тоголок арыз жазсаң тозокко түшөсүң
Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Абдысамат Аттокуров бир катар социалдык объектилерди сатып жиберген. А түгүл кызматынан кыянат пайдаланып пара алып жатканда кармалып, үстүнөн кылмыш иши козголгон деп ар түрдүү органдарга ушул аймактын үч тургуну жазган арыздарын Ош облустук соту атайылап беделге шек келтирүү деп баалап, бирөөнү 15 миң, экөөнү - 8 миң сомдон айып төлөөгө кириптер кылды. Айыл өкмөт башчысы Абдысамат Аттокуровдун айтымында арыздануучулар келтирген фактылардын бири да райондук, облустук соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө далилденбегендигин, үч жердеши бирөөлөрдүн тилине кирип, ак жеринен күйүп кетишкендигин билдирди.

Болжурова ТВ аркылуу сабак өтөт
1-сентябрда Ишенгүл Болжурованын "Сүйүктүү Кыргызстаным" деп аталган сабагы УТРК аркылуу көрсөтүлөт. Сабак адеп-ахлакка тарбиялоону жана балдарга Мекенге болгон сүйүүнү арттырууну көздөйт. Билим берүү министри окуучуларга Кыргызстан тарыхы, маданияты жана кооз жаратылышы тууралуу токтолмокчу.

Төкмө акындар айтышат
Төкмө акындар арасындагы айтыштын алгачкы айлампасы 28-августта өтүп, анда 8 акын тандалып алынат. Алар "Айтыш -2008" сынагында казак акындар менен теңтайлашат. Акындар айтышынын финалы 29-августта Тарых музейинде өтөт. Бул жылы сыйлыктарга "Айтыш" коомдук фонду 500 миң сом акча карап жатат.

КЫЙРАГАН БОИНГден 25 ЖҮРГҮНЧҮ АМАН КАЛДЫ
Кыргызстандын "Itek air" авиакомпаниясына таандык "Боинг-737" учагы "Манас" аэропортунан алыс узабай кулап түшүп, анда Иранга учуп бараткан 90 адамдын алтымыш беши каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 25 жүргүнчү аман калып, үчөө реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Бийлик өкүлдөрү кырсыкка учактын техникалык жактан бузуктугу себеп болгон деген алгачкы маалыматты беришти. "Итек-эйр" авиакомпаниясынын "Боинг-737" маркасындагы учагы Иранга учаардан мурун Москвадан Ошко учуп келип, май куюп, экипажы алмашкандан кийин Тегеран шаарына багыт алган. "Манас" аэропортунан асманга көтөрүлгөндөн 10 мүнөт өтпөй кайра конууга уруксат сураган.
Учак миң метрден ашыкча бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин герметизациясы бузулганын көрсөтүп, лампочкасы күйө баштаганда экипаж кайра конуу чечимине келген. Бирок "Манас" аэропортуна жетпей кулап түшкөн. Анык себебин комиссия иликтеп жатат, азырынча эч нерсе айта албайбыз.
Учактын кулашын өз көздөрү менен көргөн Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын тургундарынын айтымында, ал асманга көтөрүлгөндө эле үнү башкача болгон.
Учакта 83 жүргүнчү, экипаждын 6 мүчөсү жана Ирандын "Asserman air" авиакомпаниясынын бир өкүлү болгон. Алардын арасында Кыргызстандын 24, Ирандын 52, Канаданын 2, Түркиянын 1, Казакстандын 3 жана кытайдын 1 жараны болгон. Болжолдуу маалымат боюнча бул кырсыктан 65 адам мерт болуп, жаракат алган 22 адам учурда ооруканада. Мындан сырткары 3 адам медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди.
Кырсыктаган учак пайдаланууга 1979-жылы берилген. "Итек эйр" компаниясы аны кайдан, качан сатып алганы али белгисиз, бирок бул компания учактарынын кооптуу экендигинен улам Еврокомиссиянын кара тизмесине түшкөндөрдүн бири. Бардык компаниялар чет өлкөдөн иштөө мөөнөтү аяктап, эскилиги жеткен самолетторду сатып алышкандыктан Еврокомиссия өз аймагынан учууга тыюу салган. Кытайдын Үрүмчү шаарында "Кыргызстан" авиакомпаниясына таандык ТУ-134 самолету да Бишкекке кайта албай турат. Ага учактын дөңгөлөктөрүнүн коноордо ачылбай койгону себеп болгон.
Президенттин жарлыгы менен 26-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды

"Алибини" кара булут каптоодо
23-августта Биринчи май райондук сот аткаруучулар "Алиби" гезитинин акыркы санын камакка алган. Мындай кадамды сот аткаруучулар гезит райондук сот чыгарган чечимди өз убагында аткарган жок деп негиздешти. Райондук сот президенттин жакын тууганы Асылбек Салиевдин арызына ылайык жалган жалаа жапты деген негиз менен "Алиби" жана "Де-факто" гезиттерине 1 млн. сомдон айып таккан. Өткөн аптада ушундай эле негиз менен "Де-факто" гезитинин мүлкүн дагы райондук сот аткаруучулар камакка алган. Бул эки гезит адам өлүмүнө кириптер кылган автокырсыкка президенттин жакын тууганы бар экендиги тууралуу маалыматты баскан.




  Дүйнө дүбүрт

Барак Обамага ак жол тилешет
Колорадо штатынын Денвер шаарында өтүүчү курултайга төрт миңдей делегат, партиянын оң миңдеген жактоочулары, расмий өкүлдөр, журналисттер катышат. Анда сенатор Барак Обама президенттикке талапкер катары расмий бекитилээри күтүлүүдө жана АКШнын негизги партияларынын биринен мамлекет башчылыгына талапкер болгон алгачкы өңү кара саясатчы болот. Ал талапкерликти кабыл алган сөзүн курултайдын соңку күнү- бейшембиде сүйлөйт. Өткөн ишемби күнү Обама вице-президенттикке америкалык саясаттын ардагери, сенатор Жозеф Байденди тандаганын жарыялады. Ал эми Обаманын болочок атаандашы, республикачыл сенатор Жон МакКейин вице-президент болуучу өнөктөшүнүн ысымын Республикалык партиянын 1-сентябрда башталуучу курултайын утурлай жарыялаары күтүлүүдө.

Украинанын президенти өз өлкөсүнүн НАТОго киришине ынтызар
Украинанын мамлекеттик көз каранды эместигинин 17 жылдык мааракесине байланыштуу салтанатка катышып жатып, президент Ющенко "ушул тапта Украинага чындап кам көргүсү келген тараптар анын НАТОго кириши биздин бала-бакырабыздын, болочоктогу муундарыбыздын коопсуздугу жана бакубаттыгы камсыз кылынчу бирден-бир арга экенин ачык айтты. Украина Орусиянын Грузиядагы согуш аракеттерин ачык сынга алып чыккан.

Орусияны Грузиянын Поти шаарынан чыгып кетүүгө чакырды
Франция менен АКШ өкмөттөрү расмий Кремлди өз аскерлерин Грузиянын порт шаары Потиден жана башка грузин аймактарынан толугу менен чыгарып кетүүгө үндөөдө. Француз президенти Никола Саркози орус кесиптеши Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ага Орусиянын аскерлерин Грузиядан чыгара баштагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бирок орус аскерлери Поти жана Сенаки шаарларынан да чыгарылышы керектигин эскертти. Саал мурдараак Орусия өз аскерлерин Поти шаарында калтыра тургандыгын билдирген, бирок бул шаар орусиялык бейпилдик күчтөрү КМШдан мандат алып жайгашкан деп Маскөө айтып келген коопсуздук аймактарынын чегинен сырткарыда турат.




  Кылмыш дүйнө

Кеминде айдоочуга кол салышып…
Чүй областына караштуу Кемин районунун Хутор айылында 31 жаштагы айдоочуга кол салуу болгон. 20-август күнү айдоочунун машинесине 18 жаштагы Токмоктун тургуну менен 28 жаштагы Бишкектик жигит келип түшүшкөн. Күтүүсүздөн анын мойнуна сыйыртмак салышып, айдоочунун машинесине ээ болгусу келишкен.
Бактыга жараша айдоочу убагында бошонуп, милицияга билдирүүгө үлгүргөн. Эртеси күнү эле РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышкерлер кармалышкан. Кылмышкерлер буга чейин бир топ уюлдук телефондорду уурдашкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Мас болуп энесин тепкилеп салды
21-августта кечки саат жетилерде Ысык-Көл облусунун Түп районунда денесинен оор жаракат алган 50 жаштагы аялдын сөөгүн бейтапканага жеткизишкен. ИИМ билдиргендей бул кылмышка шектүү деп 32 жаштагы өлгөн аялдын баласы кармалган. Ал мас абалында энесин тепкилеп өлтүргөн.

Пара алып кармалды
Ош шаарында 21-август күнү иш үстүндө отурган жеринен 2000 сом пара алып жаткан 45 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин поликлиникасынын башкы доктуру кармалды. Ал 70 жаштагы оштун тургунунан дарылаганы үчүн акча талап кылган.

Жаш айдоочу кишини сүзүп өлтүрдү
Ош-Бишкек жолунда 21-август күнү кечки саат алтылар чамасында жол кырсыгынан 51 жаштагы эркек каза болгон. "Хундай-Портер" машинесинин 22 жаштагы айдоочусу ал кишини сүзүп кеткен. С.Данияров ооруканага жеткирилээри менен көз жумган. Учурда тергөө иши ачылып, окуянын чоо жайы такталууда.

Поезддин астында калган адам
20-август күнү Бишкек шаарындагы темир-жолдо 25-30 жаштагы кишини поезд тебелеп кетип аны ошол замат бейтапканага жеткизишкен. Бул ишке ким күнөөлүү экени так аныктала элек. Учурда жабырлануучу оор абалда.

Даярдаган
Анара Дүйшөналиева










??.??