Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Обон - шоу

Борончу беш кыз менен сахнага чыгат
Боорду эзген Борончу 13-14-ноябрда өтө турган концертине катуу даярдык көрүп жатыптыр. "Алымкан" деген ырдын клибине катышкан Мунара аттуу кыз менен дуэт ырдап чыкканга камынып жатса, башка сахналаштары да андан кем калбай беш куудул беш кыз менен ыр ырдашат. Андан тышкары арасында кастинг жарыялайт. Жеңүүчү деп табылган беш кызга "Куйручук" маданий борборунан атайын сыйлыктар ыйгарылат. Бул кастингдин максаты кыргыз кыздарынын табият берген нукура сулуулугун даңазалоо. Кастингге катышууну каалаган кыргызымдын узун чачтуу кыздары (0312) 66-43-92, (0773) 44-72-02 номерине байланышып, кененирээк маалымат алсаңыздар болот.

Сема кийимин уурдатты
Көл өрөөнүндө гастролдоп жүргөн Самарбек Аксуу айылына жеткенде концерт учурунда футболкасын уурдатып жиберген. Уурдалган футболкасын "Кайып булак" тасмасында кийип тартылгандыктан ырчынын кийимдеринин ичинен жүрөгүнө жакыны болуп калган экен. Көз көрүнөө уурдап бара жатканын көрсө да Сема эч кандай "каршылык" көрсөтпөптүр, тескерисинче ошол футболкамды жакшынакай кылып кийип жүрсө деп тиленип кала берген.
Анткен менен ар бир концерт аншлаг менен өтүп, ырчынын көңүлү да, курсагы да тоюп турган убагы экен.

Айдин Шер кастинг жарыялайт
Жакындан бери муңдуу ырларды жаңыртып эл оозуна алынып калган жаш ырчы Айдин Шер "Тушалган махабат" деген ырына клип тарттырат. Клип эң мыкты деңгээлде тартылыш үчүн сырткы келбети бири-бириникине коёндой окшош 2-3-класста окуган кичинекей кыз, 14-15 жаштагы секелек кыз жана 18 жаштагы сулуу бийкечтерди кастинг аркылуу тандап алат.
Байкап көрсөк бул клип башкалардыкынан бөтөнчө болот өңдөнөт.

Жаңы кино тартылат
Учурда кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал кинорежиссер Эрнист Абдыжапаров "Влюбленный вор" (Сүйүүгө кабылган ууру) аттуу кино тартуунун алдында турат. Бул тасмага тартылууну каалагандардын саны 500гө жеткен. Алардын ичинен жакшылардын жакшысы, мыктылардын мыктысы болуп уурунун ролуна Кубанычбек Адилов тандалган. Азыркы кезде Алматадагы "Ак сарай" театрында эмгектенет. Ал эми Элина Абай кызы "Боз салкын" тасмасындагы Мураттын карындашынын ролун жараткан. Ошондой эле белгилүү актриса Асема Токтобекова да катышат. Андан тышкары тасманы сахна жылдыздары, спортчулар, анан албетте кино жылдыздары толуктайт.

Иса эки клип тарттырды
Сахналаштарынын арасынан оригиналдуулугу менен айырмаланып чыга келген Иса "Алгачкы сүйүү" жана "Еду" деген эки ырына дароо клип тарттырды. Ар бир эки клипти эки күндө жалпы жонунан төрт күн убакыт сарпташыптыр. Мындай ийгиликтерди жаратып турса, "мурунку чыккан кулактан, кийинки чыккан мүйүз өтүптүр" болуп, эжелерин артта калтырып, аларды басып өтчү түрү бар бу жигит болгурдун.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева










??.??