Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шыр маек

Нурдин Мотуев:
"Татыктуу жашоонун сыры сиз экөөбүздүн
эркибизге байланыштуу"
- Айтсаңыз, үйбүлөдөгү бекем, урагыс бакыт кандайча тургузулат?
- Менимче, эркек менен аялдын өз ара түшүнүгүнөн, тарбиясынан, айлана-чөйрөнү аңдап билүүсүнөн жана дагы бири-бирин тарбиялоосунан.
- Адам катары татыктуу жашоонун сыры барбы? Болсо кандай?
- Пенде болгон соң бир жак ийниңде периште олтурса, экинчисинде шайтан олтурат. Бири оңго тартса, бири солго тартат. Ушул жерден адам баласы өз эркинин күчтүүлүгүн көрсөтүп, тандоо мүмкүнчүлүгүн туура багыттаса гана жашоосу татыктуу болушу мүмкүн. Татыктуу жашоонун сыры сиз экөөбүздүн эркибизге байланыштуу.
- Жашооңузда эмнеден кубат аласыз? Сизге стимул болгон чоң күч бардыр?
- Жашоодо чыгармачылыктан кубат алам. Сөзсүз түрдө эле тележурналистикадагы чыгармачылык эмес, а күнүмдүк турмуштагы кадам сайын түйшөлүү, изденүү, багытты аныктоо жаңы табылганын натыйжасы болот эмеспи. Ошол натыйжа ийгиликтүү болсо - бул менин жашоодогу жеңишим. Демек, чыгармачылык+ натыйжа+ кубат = менин жашоо формулам. Ал эми мага стимул болгон чоң күч -бул ишеним. Динге болгон ишеним, адамдарга болгон ишеним, келечекке болгон ишеним.
- Негизи көпчүлүгү жумуш орундарын алмаштырышат. Бул эми шартка байланыштуу болсо керек. Бирок, сиз УТРК да бир топ жылдан бери алып баруучулук кызматта татыктуу эмгектенип келесиз. Муну өз кесибиңизге болгон кызыгууңуздун күчтүүлүгү катары түшүнөбүзбү?
- Негизи мен өзүмдү туруктуу адамдардын тобуна кошом. "Дарак бир жерден көгөрөт" деп жакшы айтылган. Ошондуктан биздин УТРК дагы оош-кыйыш, өйдө-төмөнгө карабастан башыбызды сайып коюп иштеп келебиз. Мындай абалга финансылык абалдын төмөндүгүнөн тартып, ички атмосферанын оордугу, трайбализм оорусу, кыргыз чыгармачыл чөйрөсүндө адат болуп калган көрө албастык, бут тосуу оорулары жана башкаларга аргасыз кайыл болосуң. Бирок, менин жашоодогу принцибим- табигаттын мыйзамы - күчтүүлөрдүн жеңиши. Демек, Биринчи Улуттук телеканалда иштеп келгенбиз, мындан ары да иштей бермекчибиз.
- Асыл жарыңыз, мончоктой балдарыңыз туурасында да сөз кыла кетсеңиз?
- Жубайым - Рахат КТУ нун мугалими. Кызым Бегайым балдар бакчасына барат. Чарчап келгенде кубат берген асылдарым ушулар.
- Алган жарыңыздын сүйүктүү жубайы, кызыңыздын камкор атасы, элиңиздин чыгаан уулу катары өзүңүздү ашыкча бактылуу сезсеңиз керек?
- Сөзсүз да. Мен бактылуу эмесмин десем, Алла-Тааламды капа кылып албаймынбы. Ата-энем кашымда, бир туугандарым аман-эсен, үйбүлөм ынтымактуу. Мындан өткөн бакыт барбы?
- Деги арман деп эмнени айтаар элеңиз? Ал адамга кандай учурда келиши мүмкүн?
- Сөзүңүзгө улай бир нерсе эске түшүп жатат. Элибиздин чыгаан инсандарынын бири, маркум кинорежиссёр агабыз Дооронбек Садырбаевдин ВГИК ти аяктап жатып, дипломдук иши катары тарткан "Арман" аттуу киносу бар. Бул кинонун маңызы - Мекен үчүн жоого чамынып чыккан уулун жибергиси келбеген эне-эжелерин бир сөз менен тыйып, жалгыз уулун атасы Фронтко аттантып жибергендиги чагылдырылат. Мына ушул кинону көрүп чыккан соң, арман эмне экенин эң сонун түшүнүүгө болот.
- Айлар, жылдар, сааттар, мүнөттөр өтүп жатат… Сиздин жашоодогу негизги ой- мүдөөңүз эмне?
- Кыргызстандын келечеги кең. Менин тилегим өз мекенимде татыктуу, бакубат жашоо. Ал үчүн ар бирибиз өз тармактарыбызда жоопкерчилик менен абийирди, намыс менен эркти бекем тутуп иштөөбүз керек. Ал үчүн ар бирибиз көкүрөгүбүздө жоголуп бараткан ыйманды тирилтели. Бири-бирибизге жардам колубузду сунуп, жалпы улуттук ынтымакка келели. Ошондо күнөстүү жергебизге кут конот деп ишенем.
- Турмуш пендечилик менен өтөт. Түбү түгөнбөгөн түйшүктүү күнүмдүк тиричилик, бут тосуулар, көрө албастык, эки жүздүүлүк… Мындай ыпластыктан жан дүйнөңүз кыйналганда кантип алаксыйсыз?
- Көрө албастарды, эки жүздүүлөрдү, бут тосууларды мен буга чейин китептерден гана окучу элем. Чынында мындай терс көрүнүштөр күнүмдүк турмушта кезиккенде абдырап калган жокпуз. Көп окуп жүрүп, даярдык болуп калса керек. Андайлардын баарынын жолуна бөгөт коюп койгонбуз. Демек, мындай ыплас нерселерден жан дүйнөм кыйналбайт. Анткени, менин ишенимим бекем.
- Эркин сөз?
- Дүйшөн доско салам айтып коюңузчу. "Обон" гезитин кайра жандандырганына кубанып жатам. Болбосо, оюн-шоок гезиттердин көч башында келе жатып эле жок болуп кеткенине түшүнө албай жүрдүм эле. Силердин гезитте сапат бар. Ар дайым бийик болгула.
Баарлашкан Н.Сагынбаева
22.08.08










??.??