Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Обондун" сын сандыгы

Министрдин мүнөзү

Кадырман окурман!
"Обон" гезити сиздерге азыркы бийлик бутактарында иштеп турушкан министрлерден баштап, чиновниктерге, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрикабызды ачтык эле.
Өлкөбүзгө белгилүү ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен ар бирине индивидуалдуу түрдө мамиле жасап, дыкаттап изилдеп көрбөйлүбү дегенбиз. Алар эмне дешет? Пифагор жалаң гана жалпак логика, эсеп менен чектелип калбай, чексиз дүйнөлөргө аралашкан мистикалуу мүнөздөрүн айта кетсек. Дүйнөдө жөндөн-жөн эч нерсе болбойт. Биз кокустук болуп кетти деген бардык нерселерде өзүбүз анча аңдай бербеген негиздер бар. Бүгүнкү биздин каарман каржы министри
Тажикан Калимбетова.

4.10.1959
4+1+0 = 5
1+9+5+9=24
5+24=29
2+9=11
29-8=21
2+1=3

Туулган датаңызды жазыңыз 4.10.1959 Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 4+1+0 = 5. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+5+9=24.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 5+24=29. 29-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 2+9=11. 11-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 29-8=21. 21-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 2+1=3. 3-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 4.10.1959.
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 29.11.21.3
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Тажикан Калимбетова:
11111 - диктатор, өзүмчүл; 22 - биоэнергиясы жетиштүү, башкаларды дарыласа болот; 3- таза жана тыкан чарбакер адамдар, бирок дайыма эле идаелдуу болом дей бергени кээде жарашпай калат. Өтө пунктуалдуу, күзгүдөн каранганды жакшы көрөт. Майда-барат иштерди да эрикпей бүтүрөт. Көңүлдүн адамы, жоопкерсиздик аларды тынчсыздандырса да көп учурда кааласа аткарат, көңүлү тартпаса жасабайт; 4-денсоолугу орто, карыганда ооруп калышы мүмкүн; 5-0- интуиция каналы ачык эмес, бардык түйшүктөрдү башы менен чечүүгө туура келет. Бир нерсе жасаганда, ойлонгондо, эксперимент кылганда ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн; 6-0- кара күч талап кылынган эмгекти сүйбөгөн адам; 7-0- жөндөмдүүлүгү аз, талантсыз болгондуктан жашоодо кыйынчылыктарга дуушар болот; 8-0- жоопкерчилиги начар, бирөөдөн буюм алса бергенге шашпайт; 999- табиятынан акылдуу баш берилген, интеллектуалдык жактан күчтүү баары андан жеңилишет.
Туруктуулукка умтулуп ак ниеттиги менен кошо көктүгү жанаша жүрөт, олуттуу сфераларда ийгиликке жетет. Ага ишенсе, таянса болот. Жоро-жолдошту оңой күтүп, кадыр-баркка бөлөнөт. Кыйын экстремалдык кырдаалдарда өзүн суудагы балыктай, ободогу куштай сезип, кыйын кырдаал алардын стихиясы. Булар менен иш жүргүзсө болот, анткени ишенимди акташат, сатып кетпейт. Ошондой эле дипломатияга жөндөмдүү, өтө так болушат, дайыма эртеңки күндү ойлоп камкордукту эртелеп көрөт.
Оңой менен контакка чыкпайт. Эгерде сүйүп калса өмүр бою сезиминен жанбайт. Табиятынан пессимист болгондуктан алар менен жашоо оңой эмес. Кызганчаак, ачуусу тез келет, сүйүктүү адамынын колдоосуна муктаж, ансыз муңайымдыктын океанына чөгүп кетет. Аны менен жашайм деген адамда чыдамкайлыктын, кайраттуулуктун зор запасы болгону жакшы. Жолдошуна берилген, төшөк турмушунда орточо.
Эреже катары булар жеңил, айкын акылы бар, ак көңүл адамдар. Турмуштагы (гармонияны) шайкештикти тез табышат. Ошол эле учурда таң каларлык баёо келишет. Өздөрү саат бою сүйлөп жатып, ошондой эле башкаларды да уга алат. Демилгелүү адамдар, башкы максаты бардык нерседе тең салмактуулукту сактоо. Алардын көңүлүнүн абалы өзгөрүлмөлүү. Жагымдуу жылмаюусу сиздин салкын кандуулугуңузду эритет. Кээде кандайдыр бир чечим кабыл алардын алдында чайналып көпкө ойлонуп, чечкинсиз болушат. Шайкештикке умтулушкандары менен айрымдары тамакты, ичкиликти, сүйүүнү ашкере пайдаланып жиберишет.
Чолпон жылдызынын колдоосу мындай айымдарды жагымдуу, жароокер кылган. Алардын негизги турмуштагы, кызматтагы орду - жагымсыз окуяларды жумшартуу. Бул аялда сиздин моюнуңузга таштай илинип алчу адат жок. Атүгүл сиздин жолдогу бардык таштарды терип салгысы келет. Өз көз карашын башкаларга таңуулабайт. Иштиктүү талдоочу, аналитикалык жөндөмгө ээ. Чоң иштерге байланышкан маселелерди чечүүдө мыкты жардамчы. Мындайлыгы анын мүнөзүндөгү көп кемчилдиктерди жаап кетет. Башкалардын сырын ачпайт, көпчүлүктүн көзүнчө оңтойсуз абалга калтырбайт. Сүйлөгөндү сүйөт, "Ооба"-деген сөздү көбүнчө айтат. Бул аял катуу, аны менен катар жумшак дагы. Мындай тең салмакты көпчүлүк аялзаты сактай албайт. Сиз жакшы кеңешке муктаж болгон учурда, анын жардамга келген колу кандай гана зарыл экендигин сезесиз. Бирок сиздин ролду эч төмөндөтпөйт, демек дайыма ага таянууга болот.
Анын көпкө чейин унчукпай жүргөн учурлары, бул анын эмоционалдуу тең салмагы бузулган мезгили. Анткен менен мындай нерселер убакыттын өтүшү менен акырындап калыбына келет. Бирок ушундай психологиялык маселелерде сиз да жардам бериңиз.
Сыртына көргөзбөгөн ички сезгичтиги бар, жайдарылык, сылыктык, жагымдуулук, салтты кармоо жана эч кимди капа кылбаган ийкемдүүлүгү жакшы. Ийгилигиндеги ашыкча убаракерчилик, идеянын артынан түшкөн баш аягы жок изденүүчүлүк чоң иштерге жөндөмдүүлүктү жаратат.
Эми эң аярлуу деген нумерология илиминдеги, өзүн-өзү таануу багытындагы эзотерикалык коддордун табышмактуу делген дүйнөсүнө ойлорубузду созуп, ачкычын ачып көрбөйлүбү. Алар эмне дейт? Байыркылар тагдырың ата-жөнүңө байланыштуу дешет. Биз билген тарыхый инсандарды көбү өз турмушунда мындай фундаменталдуу илимдин салааларынан пайдаланып келишкендери тарыхый факт. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жардамы менен Тажикан Борбугуловнанын аты-жөнүнө байланышкан төмөндөгүдөй жоопторду алдык: философия, ойдун тереңдиги, ишеним; агартуучулук, куткаруу; чечкинсиздик, камырабастык, мүнөзү жумшактык, даанышмандык, тереңдик, гениалдуулук, кайгы, чарчоо; адашуу жолу болбоо, бошотуу, эркиндик, улуулук, момундук, калыстык.
Ал эми кайрадан бул каарманыбыздын мүнөзүнө келсек, интеллектуалдык жактан көз карандысыз, көпчүлүктөн айырмаланып турган, жогорку акыл-эске эгедер адам. Өтө коммуникабелдүү, жаңы нерселерди жактырат, курч окуяларга кабылууну сүйөт. Жашоодо бактылуу кокустуктар алга тартат. Булар ийгиликке оңой эле жетишет, эгерде жашоодо чынчыл аракет гана ийгиликке алып келет деген формуланы бекем карманса. Сөзү менен иши ажырым кетпегени, адам жолунун оң тарапка бурулганы, бул нерсе чоң кызматты, таалайлуу тагдырды алып келет жана тегерегиндегилердин ал тарапта болушун камсыз кылат.
Мүнөзүнүн ички табияты татаал, тынчсыз жана күмөнсүнүүгө, шектенүүгө толуп турат, ал көңүлдүн кишиси. Көңүлү жакшы болсо андан жакшы киши жок, тескерисинче болсо анда Тажикан эжебиз тажаан. Өзүнө бардык эле учурда ишене бербейт, болсо болду, болбосо жок деген тобокелчилдерден. Майда-барат, талаш-тартыштан качканы жакшы. Жалгыз дарак бак болбойт" деген сыяктуу, ал жамааттын ичинде болгону дурус, турмуштун агымына каршылык кылбай эле койсо, ал үчүн пайдалуу. Бирок ички энергиясы күчтүү, андыктан диктаторлукка жакын эркек сыяктуу башкаруучу мүнөзү бар. Кээде керек эмес жерде толкундап кетип, катаалдыкка барып коюшу мүмкүн.
Социалдык планда коомдун жалпы турмушун жеңилдетүүчү мыйзамды белгилейт. Бирөөлөрдүн алкымын чектеп, бирөөлөрдүн алсыздыгын коргошот. Айрымдарында чоң тартынчаактык, өзүн коргоонун жоктугу байкалат. Себеби өзүн коргоо сапаты аң сезиминин тереңинде катылган. Кооз турмуш, сулуулуктун бардык үлгүлөрү аны кызыктырат. Улуттардын өз ара мамилесиндеги достук байланыштарды чыңдоого, каршылашуунунун себебин табууга аракеттенген тынчтыкты сүйүүчүлөрүнүн үлгүсү.
Жаман сапаттарынын бири "кир иштерге" жакын. Байлык боюнча алганда аздыр-көптүр жашоо өтчүдөй мүмкүндүктү дайыма таба алышат. Анда жумуш, акча болот, бул үчүн анча кыйналбайт. Өмүр бою жардам алып, эсеп-кысап жумушунда жогорку абалга жетишишет. Сак болуп эч кимге ишенбегендери оң, анткени аны пайдаланышат. Элдик акылмандыкта: "Ага жаман ой менен дайыма тамак ташып турушат, тезирээк семирсе жаңы жылдык майрамда жейли" деген ниетте деп айтылат.
Сезим дүйнөсүндө да ошондой. Ал көп учурда сүйкүмдүү, бирок көпчүлүккө ак көңүлдүүлүк кылганы менен акмак болуп көңүлү калып, шаабайы сууган учурлары да аз эмес. Кызыгы ал жакшы оюнчу болуп туруп, негедир жарышууну көздөбөйт. Акылдуу болгону менен кенедей да куулугу жок. Көп учурда ага ишенимдүүлүк жетишпейт. Актанайын десе чаташып калат. Эки жүздүүлүккө каршы куралсыз. Көпчүлүктө көңүлдүү жолдош, бир аз ээнбашыраак. Аз сүйлөйт, бирок чыгынса баарын айтып салат, оюн толук айтышына эч ким тоскоол боло албайт. Ал материалист. Эрки күчтүү. Сезгичтик, сезим жыргалын өйдө койгондук мүнөздүү. Анын жоош көрүнүшүнүн артында майтарылбас эрк, а түгүл бийликтүүлүк катылган. Текеберлиги болгону менен белгиленген максатын аткарууга болгон күчүн жумшайт. Андагы ички күчкө эч ким каршы туралбайт. Сыртынан жөнөкөй, уяң. Эч кимден жардам сурабай, жолду өзү издейт. Бир сырдуулугу ага зыян, себеби ички кайгысын эч ким билбейт. Бу дүйнөдөгү тынчтыктык, өз алдынчалуулук ага баарынан кымбат. Көп учурларда тагдырдын эркеси.

А. Адишов




Тажикан Калимбетованын ишмердүүлүгүн жана инсандыгын кандай баалайсыз?
Калыбай Зулпукаров, экономика илиминин кандидаты:
- Тажикан Калимбетова аялдар арасынан чыккан биринчи финансы министри болуп олтурат. Негизи аялзаты булар жоопкерчиликтүү, алысты болжой билген ой-пикирлер менен иш кылышат. Ошондуктан Президент Курманбек Бакиевдин аялзатынын арасынан тандап койгону туура деп ойлойм. Албетте анын профессионалдык иш тажрыйбасы биринчи орунда болушу зарыл. Өлкөбүздүн экономикалык стратегиялык багытына жараша финансылык системабыз алдыга жылып жатат, аны менен катар жарышып инфляция да жүрүүдө. Азырынча анын ишмердүүлүгүн жыйынтыктап айтканга болбойт. Себеби, ал нерсе үчүн дагы убакыттар керек. Финансылык системаны реформалоо оңой иштерден эмес. Биринчиден мамлекетте финансылык тартип керек, экинчиден жоопкерчилик зарыл. Мен өлкөбүздүн экономикасына кызыккан адам катары каржы министри Тажикан Калимбетованын сүйлөгөн сөздөрүн угуп калам, байкашымча финансылык системаны билген, акчанын кыймылын, жүгүрүшүн түшүнгөн кыздардан. Ушул өнүгүш алдыга жылып кетет деген ойдомун.

Жылдыз Жолдошова,
"Курманжан Датка" кайрымдуулук фондунун төрайымы:
- Биздин өлкө мамлекет катары калыптанган күндөрдөн берки кыргыз тарыхында биринчи жолу аялзаты каржы министри болуп жатышы, албетте бизди абдан кубандырат. Биз билгенден Тажикан Борбугуловна жөнөкөй финансылык кызматтардан баштап көп тажрыйба топтоп, ушул жогорку кызматка өзүнүн ак эмгеги менен жетти. Аял киши акчага үнөмчүл келет эмеспи.
Ал эми анын кесиптик ишмердүүлүгү жөнүндө айтсак, дүйнөлүк баалардын өсүшү, өлкө ичиндеги коррупция экономикабыздын өсүшүнө тийгизген терс таасирлерине карабастан республикалык бюджетти 1 миллиард 200 миллион долларга жеткизишти. Мындай жогорку көрсөткүчтөр өткөн мезгилдерибизде болбогон. Бул жетишкендиктерде Тажикан Борбугуловнанын зор салымы бар. Дагы белгилеп айтып коё турган нерсе, өзүбүздүн казынабыздан ГЭС курууга каражаттар бөлүнүүдө. Бирок, тилекке каршы коррупциянын тамыры да тереңдеп өсүп жатат. Ага каршы катуу күрөш ачпасак элдин абалы оор. Анын үстүнө быйылкы жыл бир топ оор болуп кургакчылык менен кошо табигый кырсыктар да болуп кетти. Ошолордун маселелерин кышка жеткирбей чечүү иштери жакшы жолго коюлду.
Ысык-Көлдө курула турган биздин "Курманжан Датка" маданий комплексин курууга республикалык казынадан 10 миллион акча каражат каралган. Бул окуя тарыхый атактуу энебиздин 200 жылдыгына жана эгемендүүлүгүбүздүн 17 жылдыгына арналмакчы. Сентябрь айларында ишибиз башталганы турат, буюрса.

Шайырбек Абдраев, бизнесмен:
- Адам өзүнүн тубаса жөндөмдүүлүгү, элге өтөгөн эмгеги аркылуу коомго чыгып, өзү жөнүндө айттырат. Эгер анын жеке сапаттары жөнүндө айтсак, ал азыркы замандын тамырын сезе билген, өзгөрүүгө, жаңыланууга аракеттенген адам. Бирок, ал канчалык ички дүйнөсүндө күйүп бышса да, эски консерватордук жана баш аягын таппаган хаостуу жашоолорубуздун туткуну экендигин танууга болбойт. Ооба, Тажикан Борбугуловна каржы министрлигине жетекчи болуп келгени ийгиликтерди жаратты. Тилекке каршы алардын аракеттери үстөккө-босток баа көтөрүлүп жаткан учурларда билинбей калууда. Жылдагыга караганда курулуш иштери жайлады. Жеке үйкуруучуларга оор болууда. Быйыл эл өздөрүнүн курсагы, кыштагы жылуулуктары көп ойлондурууда. "Тезек тергиле"- деген жашоо кимди кубандырсын. Ушундай оркойгон кемчиликтер жана башка себептерден улам алардын жетишкендигин жаап салууда. Элибиз өз алдынча чарба жүргүзүүнү үйрөндү. Болгону эркин экономикалык жолду торобой, баягыдай үйрөтө берчү адаттарын ташташса. Тажатып электр жарыгын өчүрө беришсе, ар кимиси өздөрүнчө электр жарыгын жасап алганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз караңгы эл эмеспиз да, кокуй.

Даярдаган Алмазбек Эркебай