Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Бир собол

Окуучулук күндөрдөн бир элес
"Он жыл бирге туздашым, классташым курдашым" деп Бек Борбиев обон созгондой, кечээ эле жайкы эс алууга аттанып, мектеп менен үч айга коштошсок, мына минтип жайдын ысык илеби акыркы күндөрүн өткөрүп жатат. Айталы дегенибиз саналуу күндөрдөн кийин мотурайган бөбөктөр мектеп босогосун аттап, окуучулук күндөрдүн чоң жолуна түшүшсө, сагынышкан классташтар жылуу маанай менен алтын уяларына учуп келишет.Бүгүн биз Билим майрамын утурлай өнөр адамдарынын окуучулук күндөрүнө саякат жасап көрдүк.

Динара Эсенгулова, продюсер:
- Ий, кайсынысын айтып берсем. (Күлүп) Классташ балам мага сүйүүсүн арнап, мени мектептеги балдардан коргоп, эч кимге тийиштирчү эмес.
Ар убак классымдагы кыздар карга чыланып, ыйлап эле калышчу. Мага эч ким тийишпегенге алардын ичтери күйүп, өз ара сүйлөшүп алышып, мени карга көмүп, кийимдеримдин баарын суу кылып салышты. Мен болсо шолоктоп ыйлап класска келдим. Берки балага эч нерсе айтпай койсом, ал параллель класстагы балдарга ызы-чуу салып жатса, ал жактагы Динара деген кыз болгонун айтып бериптир. Жини менен биздин кыздарга кыйкырып, мен үчүн өтө бушайман болгон. Ошол окуядан кийин кыздарым менен бир ай сүйлөшпөй, ыңгайсыз учурда калгам.

Азиза, ырчы:
- Ал убакта пионерликке жаңы өткөндүктөн окуучулар чогулуп алып "костёр" жагып майрамдаганбыз. Ошол отту күйгүзүү үчүн ошончо окуучулардын арасынан мени тандашып, отту тутандырганым эсимден кетпейт. Бир чети элден уялып ыңгайсыз болсом, бир чети кубанычтан толкундангам. Дагы бир жолу сабакка бараарда бантигимди издеп таппай калдым. Эми билинбестир, андан көрө кечикпейин деп мектепке барсам, эшикти тосуп турган "дежур пионерлер" бантигиң жок экен" деп урушуп, үйгө кайра жөнөтүшкөн. Ошондо абдан уялып, ыйлагым келген. Ал убакта тартип өтө катуу болчу да.

Бекчоро, ырчы:
- Мектепте окуп жүргөндө бир жолу катуу уят болгом. Анда жардыргыч (взрывчатка) жаңы чыгып жаткан болчу. Танапис убагында "Б" класстын кабинетине терезеден эки жардыргыч ыргытып жибердим. Көрсө алар танаписке чыкпай эле сабак өтүп жатыптыр. Мугалим мени чакырып катуу тилдеп, линейкага чыгарып, окуу бөлүмүнүн башчысы 5 мүнөттөй кулагымдан чоюп турганы алигиче эсимде. Негизи мен кичинекей кезимде өтө шок болчумун.

Салима Балтаева, ырчы:
(Күлүп) Байкемдин классындагы болгон окуялардан бирди айтып берейин. Анткени байкем үйгө келгенде "бүгүн мындай болду, түкүнчө бала муну жасады" деп боорубузду эзип калчу. Эсимде калганы бул экен. Ал кезде мектепте азыркыдай жылыткыч, ыңгайлуу шарт жок эле да. Ар бир класска меш жагылчу. Байкемдин классташы сабакка эрте келип, класстын ичине морду чыгарып, түтүн кылып жөтөлүп, окшуп, түтүн аралаган класска сабак болбой сыртка чыгып ойношкон тура.

Канат Култаев, продюсер:
- Ий, андай учурлар болгон. Гимназияда окугандыктан баарыбызга галстук тагынып келүү милдет эле. Мен аны билсем да бир күнү тагынбай калыптырмын.
Мугалим мени сабакка киргизбей, окуучулардын көзүнчө: "байдын балдары болсоңор эле силерге бардык нерсе уруксатпы"деп урушканы азыркыга чейин эсимде. Ошондон кийин галстукту унутуп калуу менде кайталанган эмес.

Жаныш Момунов, ырчы:
- Эстей албай жатам. А баса бир жолу мындай болгон. Азыркы "Шантелль" тобундагы Гүлзинат, Эмилдер болуп М.Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда чогуу окуганбыз. Биздин эң жаман көргөн сабактарыбыз алгебра менен геометрия эле. Эмил өтө шок бала болгондуктан, ал мени бир нерселерге азгырып, балээни баштап анын артынан мен да жаман көрүнчүмүн. Алгебра сабагы башталаарда Эмил замокко ачылбагыдай кылып ширенкенин баштарын тыга баштады. Анан бизди башка мугалим көрүп калып, сабактын ордуна линейка уюштурулуп, "тартип бузган балдар" деп экөөбүздү катуу уяткарышкан. Азыр да Эмилдин жанында жүрүштөн корком. Анын ошондогу шоктугу дагы деле кала элек экен.

Даярдаган
Айнура Султанова









??.??