Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Адабият айдыңы

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА, акын :
"Алдыдагы келчү өмүрдөн, арткы шоола жылуураак"

Маектешибиз тууралуу маалымат:
Аида Эгембердиева 1975-жылы туулган. Көлдүк. "Издеткен жарык" (1996), "Шүүдүрүм" (1998), "Белгисиз жомок" (2002), "Үнсүз кайрыктар" (2005) аттуу поэтикалык жыйнактардын, "Турар - көрөңгөлүү акын" (2000), "Манасчы жана мезгил" (2005), "Жылдар үнү" (2006) аттуу изилдөө китептеринин автору. "Ала-Тоо-97" фестивалынын жана Кыргыз Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын (2003) лауреаты. Кыргызстан жазуучулар Союзунун мүчөсү. Филология илимдеринин кандидаты.

- Аида эже, ар бир акындын акындык башталышы болот эмеспи, сиздин чыгармачылыгыңызда ал кандай болду?
- Мен бул башталышты дайыма атам менен байланыштырам. Атам Абдыжапар Эгембердиевди окурман журтчулугу таланттуу акын, чебер журналист катары жакшы билет. Кичинемде жазган ар бир ырыма маани берип, оңдоп-түзөп, чыгармачылыктагы алгачкы устатым мага жакшы саяпкерлик кылган. Алгач жазган ырымды атам жокто анын үстөлүнө коюп койчумун. Кийинчерээк антпей калдым. Атама ырларымды көргөзбөй, текшертпей калган учурум - бул менин өзүмө-өзүм ишенип калган учур. Бул окуучулук мезгилдин акыркы жылдарына туура келет.
"Алсызмын деп ак баракка көмүлгөм,
Атамдан чоң акын жоктой көрүнгөн"
- деп жазганым бар. Андан кийин анан башка акындардын чыгармачылыгына "тиш сала" баштадым. А бирок атамдын китеп текчесиндеги топ китептин ичинен С.Акматбекова, Р.Карагулова, Ш.Келдибекованын китептери эмне болуп менин кичинекей текчеме түшүп калганы эсимде жок. Али күнчө көңүлүмдү кайт кыла элек Сагын эже менен качан, кайсы күнү эң алгач жолукканым эсимде жок. Айта берсе көп сөз. А.Өмүрканов менен К.Урманбетовдун китептери чөнтөк китебиме айланып, сүйүп-күйгөн учурларым болгон. Чыгармачылык башталышымда кимдерге үзүлүп түшсөм, дал ошол акындарга, китептерге арзуум дагы эле таркай элек.
- Андан кийинки жолуңуз деле адабиятка байланыштуу болду окшойт?
- Ооба, мектепти бүткөнүмдө эми кайдан окуурумду эч ким сураган жок. Ата-энем болуп улуттук университеттин филология бөлүмүнө шыр жөнөдүк. Сураган күндө деле башка тандоом болбойт эле. Кийин Илимдер академиясынын Манастаануу борборунда иштеп жүрүп, Т.Кожомбердиевдин чыгармачылыгы боюнча кандидаттык ишимди коргодум. Учурда акын Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгы боюнча изилдөө ишимди жазып жатам. Ыр жана илим менен алпурушуп жаткан кезим. Ушул эки жээк улам бири сонуркатып, өмүрүмдү коштоп келет.
- Үйбүлө деген нерсе да бар эмеспи…
- Чыгармачылыкта айныгыс принциптерим бар. Жеке жашоом тууралуу эч кандай элестөө болбосо дагы, кичине кезимден эле чыгармачылыгым жөнүндө элестөөм бар болчу. Кудай буюрса, бул жагынан баардыгы ойдогудай келаткансыйт. Жолдошум чыгармачылыкка, илимге тиешеси бар адам. Гүлнара деген төрт жарым жаштагы сүйкүмдүү кызым бар.
- Жолдошуңуз ырларыңызга кандай карайт? Кызганабы?
- Андайы деле жок. А бирок биз баш кошкондон бери сүйүү ырларын аз жаза баштаганымды байкайм. Бирок үйбүлө, жолдошум чыгармачылыкка кедерги болбош керек деп эсептейм.
- Аялзаты катары жүрөгүңүз эмне деп ырдайт? Көбүнчө кайсы темаларга кайрыласыз?
- Ырларымды бул табият жөнүндө, бул турмуш жөнүндө, бул сүйүү жөнүндө деп ажырымга бөлө албайт элем. Көкүрөктө эмне болсо баардыгы ырларымда камтылган. Көбүнчө тагдыр ырларына басым жасаш керек. Көбүнчө өткөнгө сагыныч бар. "Алдыдагы келчү өмүрдөн, арткы шоола жылуураак" деп жазганым бар.
- Кыргыздын ар бир атуулу ыр жазат деп калышат го. "Эки саптын башын уйкаштырып, ыр жаздым" дегендерге кандай карайсыз?
- Сүйүүгө жолуккандардын баары ыр жазат болуш керек. Ал жол кийин кандай кетти, кеп ошондо. Ырдын алдында эң ириде жоопкерчилик болуш керек. Ал эми ыр жазууну "хобби" туткандар, өзү, үйбүлөсү, жакын чөйрө үчүн жаза берсе болот.
- Илгертеден акын-жазуучуларды даанышман, элге жол көрсөткүч адам катары билебиз. Сиз патриот аялзаты катары терс жолго азгырылып бараткан кыздарыбызга эмне дээр элеңиз?
- Эгер ал кыздар өзүнүн элинин тарыхын, салтын жакшы билсе, андай жолдон баш тартмак. Мен өзүмдүн кыргыз экендигиме сыймыктанган учурларым көп. Бул манасчылык өнөр тууралуу изилдөө китебимди жазып жатканда өзгөчө байкалган. Акыркы учурда кыргызчылыгы барлар жапырт "Кыргыз касиеттүү!" деп кыйкырып жатышканынын дагы жөнү бар.
- Адабияттын келечегин кандай элестетесиз?
- Такыр жок болуп кетет деп айта албайм. Жазгандар чыга берет. Бирок 60-70- жылдардагыдай көңүл көкөлөткөн поэзия, күрдөөлдүү чыгармачылык кайра бийиктик кайтып келээрине ишенбейм.
Маектешкен
Айнура Султанова




Өмүр
Сүйүүгө да жолугасың -
Балалыктан кол жууйсуң.
Табасыңбы - жоготосуң,
Дагы нени болжойсуң?

Болчулардын баары болот,
Шашпа жүрөк, шашпа эс.
Көргүн көгүш бул таң дагы,
Чоочун эмес, башка эмес.

Ишенгендер жалган чыгып,
Чындык акыр угулат:
Алдыдагы келчү өмүрдөн,
Арткы шоола жылуураак.

Жарык болсун жарып маңдай,
Жашоо барда жалынбыз.
Келчү бакыт жөнү кандай,
Кеткен бакыт табылгыс.

Колдо болот, колдо баары,
Болот баркы билинбей.
Өңчөй күндөр өмүрдү алып,
Өтөт көптүн бириндей.

Ошол жолдо, ооба, ошол,
Кимге жагып ниетиң,
Кимдин орой ойлоруна
Оролооруң билесиң?

Эмнелерден дене муздап,
Эмнелерге калыңбыз?
Келчү бакыт жөнүн билбейм,
Кеткен бакыт табылгыс.




Аял өзүнүн ырым-жырымын кылып ишке киришти. Ал оң алаканын мага жакындатып, качан беш-он сантиметрдей калганда көзүн чылк жуумп:
- Сиз бир үйдүн жалгыз, эрке кызы экенсиз. Буга чейин бардык тарабыңыз төп, телегейиңиз тегиз болгон экен. Азыр сүйүүнүн азабын тартып жүрүпсүз. Ушул сүйүү сизди бактылуу да, бактысыз да кылат. - Аял өзүнчө сүйлөгөнсүп, дагы бирдемелерди кобурап, менин өмүр жолумда буга чейин басып өткөн бир топ нерселерди айтып берди, алардын арасында такыр түшүнүүгө мүмкүн болбогон сөздөрдү колдонуп жатты. Мен бул аялды Бахиддин эле ойлоп тапкан акылы деген бүтүмгө келдим жана ага толук ишенип турдум. Ушундай баланын оюну кылбай эле өзү ачык айтса болмок деп ойлодум.
Анчалык ишенбей жатсам да менин келечегиме берген баа кызыгуумду жаратты.
- Мен бул сүйүүдөн бактысыз да болот бекенмин? - Биринчи суроом ушул болду.
- Ооба, кандай бактылуу болсоң, дал ошондой бактысыз да болосуң, бирок мындан башка никени көрө албадым сенин тагдырыңдан. - Аял шарт башын көтөрүп мени бир карап алды да, оор үшкүрүндү.
- Эмне, тагдырымда мындан башка жигит жолукпайт бекен?
- Анын сөзүнө ишенбей турсам да берген божомолун тактап койдум. Аялдын бул сөзү Бахид экөө мурдатан бир пикирге келип алган деген оюмду бекемдеди. Бирок чынында жакшы кабар күткөн элем, оюмдагыдай жылуу сөз укпагандан кийин бир маанайым түшүп, аргам түгөндү.
- Жолукпай коймок беле, жолугат. Бирок нике жок. - Аял бул жолу так кесе айтты. "Нике" деген сөздүн маанисин анча жеткиликтүү түшүнбөсөм да, аялдын минтип олуячылык кылышы жинимди келтирди, ынанган жокмун.
- Кантип? - Буулуккан жан дүйнөм анын сөзүнө терикти. Ушунча жайнап жүргөн эркектерден менин тагдырыма дагы бирин ыраа көрбөгөнүнө, өзгөчө тандап алууга мага мүмкүнчүлүк бербегенине чынында Кудайга нааразы болуп кеттим ушул жерден. Кыздарга мүнөздүү кызыкчылык менен:
- Эмне, аларды мен жактырбайт бекенмин, же алар мени жактырбайбы? - Олдоксон суроо бердим окшойт, аял мени таңдана карап алды да, бир топ ойлонуп туруп, тамагын кырып:
- Андай дебе балам, бу көртириликте адамга жакпаган, жактырбаган учур болбойт. Сенин эч кимди жактырбаганың эч нерсе эмес, сенин эч кимге жакпай калганың жаман. Эгер андай кырдаал түзүлсө, бул коомдон четтеп, элден чыгып калганың ошол. Андан Кудай сактасын деп келме келтирип жүр… -деди акырын. Мен анын сөзүн кунт коюп укканым менен бул айткандарынан мага эч бир сөзү таасир этпеди, маанисиздей көрүндү. Бирок бул аялдын мага арналган сөздөрүнүн "киришүүсү" катары гана кабылдап, андан аркы уланышын күтүп башымды жерге салып отурдум. Менин бул оюмду тигил аял да түшүндү көрүнөт, кашын бир кагып:
- Бири-бирине жагып калганда эле эркек менен аял кошула калбайт, тагдыр ошондой. Мейли, алардын түбөлүк кошулушун эмес, күнүмдүгүн алсак, алардын ар бир мамилеси Кудайдын буйругу менен чечилет, баары Алланын колунда… Кудайдын эркисиз бул адам пендеси бир кадам да таштай албайт. Сен да, мен да ошондой пенделердин катарына киребиз. Ошондуктан тагдыр деген нерсе турат биздин маңдайыбызга жазылган… - Аялдын мындай сөздөрү менин жан дүйнөмдү барган сайын куушуруп, өзүнө багындырып, ал эми тигил аял мени ошол өзү көрсөткөн жолго түртүп жөнөтүп бараткандай болду. Канчалык ишенбөөгө аракеттенсем да, анын айткан сөздөрүнөн улам заманам тарып кеткендей болду, кантип үшкүрүнүп алганымды сезбей калдым.
- Улутунбаңыз, ал сизди жакшылыкка алып барбайт. - Аял өкүм сүйлөдү. - Баары бир эмне кылсаңыз да маңдайга жазганды көрөсүз. Башка арга жок. ..
- Сиз айткан тагдырды мен эч кандай өзгөртө албаймынбы? Мага эч ким минтпегенден улам болсо керек, эркелигим кармап, ойлогон оюм аткарылчудай бурк этип алдым. Аял мени таң кала тиктеп, өзүң билесиң да дегендей ийнин куушуруп койду. Анысы мага мындан башка аргаң жок дегендей ойду түшүндүрдү. Аял күлүп же ашыкча кыймыл жасаганда мен ыйлаган боюнча туруп басып кетмекмин. Аны билгендей аял шамды тиктеген боюнча телмирип, башка дүйнөгө кеткендей көз ирмебей отурду. Баятан башыма чыккан ачуум улам ылдыйлап, бирок көкүрөктү ээлеген ыза баары бир кетпей, азыр Бахидди ушул турган ордунда таштап, эртеңден баштап ким жолукса ошону ээрчип кете бермек болдум. Өзүмдү-өзүм ушул ойго бекемдеп, ишендирип жатканымда:
- Сиз туура эмес ойлонуп жатасыз. Менин касиеттерим, ата-баба арбактары сиздин бул оюңуздун баары бир аткарылбай турганын эскертип жатышат. - деди. Аялдын минтип өтө билгич болуп кеткени мага жакпады. Бахид атайы мени мындан акыл-кеңеш уксун деп ээрчитип келгендей арам ой кетти көңүлгө. Ушул ойду ойлонуп бүтөөр менен аял көзүмө тике карап, башын бир чулгуп алды да:
- Бахид сиз ойлогондой эмес. Ал сизди акыл-кеңеш уксун десе мында эмес башка жакка алып бармак. Анын сизди мында ээрчитип келгени жаңылбай өз жолун туура тандап алсын деген ою экендигин мындагылар айтып жатат, -деп ызалангандай сүйлөдү. Айткан сөзүн түз мааниде түшүнгөндүктөн, кимдер айтып бергендигин тактоо маанисинде эки жагымды элеңдеп караганымды өзүм да байкабай калыптырмын. Аял менин маңыроо аракетимди аягандай көзүнүн кыйыгы аркылуу бир көз чаптырды да:
- Сиздин бул боюнча таптакыр түшүнүгүңүз жок тура. Бул жерде Кудайдын ыйыктары - ата-баба арбактары иштейт. Алар жанымда турганда менин жаңылышым сейрек болот. Алар жардам берип турганда, менин адамдын оюн окуганга мүмкүнчүлүгүм болот. Ошондуктан экинчи мындай жерге барсаңыз, терс ойду ойлобогонго аракеттениңиз, - деп дооматын айтты. Эми анын сөзүнө ишенээримди же ишенбесимди билбей калдым. Ишенбейин десем менин мындагы ойлогон оюман бери айтып жаткандай, ишенейин десем менин тагдырым эле кантип ошондой болсун деген бүдөмүк санаа алдыны тосот. Азыр "көзү ачыктар" көп го, анда андай-мындай табып, бакшылар болгону менен минтип адамдын тагдырын лөлүлөрдөн башка эч ким айтчу эмес. Алар бирдемелерди кобурай коюп эле, келе акча дегендеринен улам, карапайым калк арасында ишеним аз эле. Анын үстүнө мектеп партасынан тартып мындайга ишенбөөгө тарбиялангандыктан, андайларды көңүлгө алган эч ким жок болчу. Ошол себептен болсо керек, укканымды көңүлүмө түйүп гана тим болдум. Качан сүйлөшүүбүз бүтүп сыртка чыга бергенимде:
- Мен Бахидге турмушка чыгамынбы?-деп сурап кайра бир тактап койгум келди.
- Гм-мм. Андан башкага арналган тагдырды… көргөнүм жок.










??.??