Сенин гезитиң!
№30, 26.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Клип таржымалы

Ирлан Таалайбеков
"Кыздар ай"
Гезитибиздин өткөн санында сиздерге убада бергендей "Клип таржымалы" рубрикасына кайра кайрылып жаш ырчы Ирлан Таалайбековдун аткаруусундагы "Кыздар ай" ырынын клиби тууралуу баяндап беребиз.

Кыздар ай
Ала-Тоонун боорунан,
Коён качты кыздар ай.
Ал коёнго жете албай,
Көңүл кайтты кыздар ай.

Кайырма:
Ай, ай, кыздар ай, кыздар ай,
Ашыгымсың, теңимсиң,
Кийинкисин айтпайын,
Өзүң билип, өзүң тап.
Ай, ай, кыздар ай, кыздар ай,
Ашыгымсың, теңимсиң,
Ары жагын айтпаймын,
Өзүң билип, өзүң тап.

Эшигиңдин алдына,
Суу себип кой кыздар ай.
Акең тайып жыгылып,
Бизди куусун аябай.

Кайырма:




Тамашалуу ыр
"Кыздар ай" учурда жаштардын сүйгөн ырына айланып олтурат. Мындан көп жыл мурда бул ырды белгилүү артисттер Сейит атабыз менен Гүлсүн Мамашева да ырдашкан.
Ирландын продюсери Асыл Апасова бул ырды бала кезинен жакшы көрүп уккандыктан, Бегимай Эсенгулова менен Ирлан ырды сунушташканда ойлонбостон дароо ырдаганга макулдугун берген. Сөзү, обону кимге таандык болбосун эң негизгиси мыкты ырга басым жасаарын айтып өттү.
Ошентип жаңы варианты иштелип, аранжировкасын Өктөм жазат. Ыр студияда жазылып жатканда эле Асыл Апасова идеясын ойлоп койгон. Тамашалуу ыр болгондуктан эркек балдарды кыздарча кийинтип образ жаратуу ийгиликтүү болооруна көзү жетип, "Дем" театрынын балдарына токтолот.
Ырдын клиби "Прада" мейманканасында тартылган. Продюсер Асыл эже бул ырдын клибин "Прада" мейманканасынын президенттик бөлмөлөрүнөн бир күндө тартып бүтүргөн.
Сценарийде негизинен төрт кыздын ролу чагылдырылган. "Дем" театрынын актерлору: Эркин-чукчуңдаган кыздын, Данияр - көйрөң кыздын, Максат - байкуш кыздын ролун аткарса, Камчы - соргок, сугалак кыздын образын жараткан.
Режиссер Асыл Апасова жана оператор Марлистин ак эмгегинин аркасында клип ийгиликтүү тартылып, эч кандай кыйынчылыктар болгон эмес. Бардык жерде профессионалдуулук эң биринчи орунда турат эмеспи. Айтайын дегеним "Дем" театрынын балдары бул клипте өздөрүнүн өнөрлөрүн дагы бир жолу көрсөтүп беришкен.

Боорубуз эзилип, чыдабай калдык
Буга чейин "Клип таржымалында" күлкүлүү окуяларды камтыган бир нече клиптерди айтып бергенбиз. Ал эми Ирландын "Кыздар ай" ырынын клибинде боорду эзген кандай окуялар болгонун айтпасак дагы көргөн адамга белгилүү болоор. Себеби, кыздарча кийинген балдардын өзү күлкүлүү көрүнөт эмеспи. Тартылып жатканда көйнөк, юбка, чач жасалгаларын көрүп алышып, бири-бирине ат коюп шылдыңдашкан. Клиптин аягына чейин боор эзилип, акырында күлө берип чыдабай калган Асыл эже сыртка чыгып кирбей койгон. Ал учурда алар балконго чыгып алышып, "Ичке кирбесеңиз окшошпой жатат" дешип, эжени зорго чакырышкан. Соргок кызды ойногон Камчыга 5-6 сендвич алып келишип, аны түгөтө албай оозуна тыгып жеген жерлери да өтө күлкүлүү болгон. Бирок, ал кадр клипке кошулбай, суу ичип жатканын гана беришкен. Андан сырткары актёр жигиттер боёнгон жерлеринде көздөрүнө туш түшүп, бийик така менен баса албай кыйналышкандары да өтө кызыктуу болгон экен. Кызыктуу болуш үчүн кадр сыртындагы көрүнүштөрдү да кошуп коюшкан.
Ирлан кыздарга концерттин билетин берет. Ошол билеттерди Асыл эже үйүнө унутуп калып, клип учурунда убара тарткан. Ырдын өзү тамашалуу болгонгобу, айтор башынан аягына чейин боорлору эзилип, сценарийдин дээрлик бөлүгү күлкүлүү окуялар менен коштолгон.
Р.S. Ушундай кубанычтуу маанайда тартылган клиптер менен тааныштыра бермекчибиз.

Даярдаган Айнура Султанова










??.??