Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Коломто

Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер:
"Жашоомдун шамы, көңүлүмдүн жарыгы…"
- Айтсаңыз, чыныгы, таза сезим үйбүлөнүн бекем, урагыс болушунун башатыбы?
- Туура. Эгерде жаш кезден эле өзүң каалап, жактырып алган адамың болсо, анда кандай болбосун, сезимдер тебеленбей, кирдебей, таза бойдон калаары чын. Чыныгы жакшы көрүүдө жубайлар ортосунда араздашуулар, көңүл калуулар болушу мүмкүн эмес. Андайда бири-бирине жаман сөз айтуудан качып, аярлап мамиле жасап калаарыңды өз тажрыйбамдан улам билип калдым. Мындай болгондо сөзсүз коломтодо жылуулук, ынтымак, бирдиктүүлүк болот.
Мына, Күкүн экөөбүз 1955-жылы баш кошуп, чоң турмушка сапар алдык. Ушул жылдар аралыгында Күкүнүмдүн мага өйдө карап, өөдүк сүйлөп, мамилесин өзгөртүп, көңүлүмдү калтырып, катуу айткан учурун көрө албадым. Менин жооптуу ишимди, жан дүйнөмдү тереңден баамдап, түшүнүп, ар нерсени кабагымдан айттырбай билип, ар дайым жакамды кирдетпей, аппак кылып жаркытып келген сүйүктүү жарымдын ат көтөрө алгыс чоң эмгегине, камкордугуна, аялзаты катары мен үчүн өтө кымбат асыл жар экенине астейдил кубанып, ыраазы болом. Менин жашоомдун шамы, көңүлүмдүн жарыгы да Күкүнүм деп билем.
- Ушундай асыл жар менен кантип табышып калдыңыз экен?
- Биз бир айылдан болобуз. Ал кезде азыркыдай көңүл ачуучу жайлар жок. Нукура кыргыздын татынакай оюндарын ойнойт элек. Селкинчек тээп, созолоно ырдап, айтор, эң сонун күндөр өтчү эле. Москвадан 3-курсту бүтүрүп, айылга келип калдым. Байкасам, эжең 16 жашка чыгып, бой тартып, келишимдүү болуп буралып, көзгө көрүнүп калган кези экен. Мен да андан кем калышчу эмесмин. Ошентип, ардагыма кат жаздым. Билинбей экөөбүз жакын санаалаштардан болуп калдык. Анын үстүнө бул кишинин атасы да мени абдан жакшы көрчү. Ал киши Кыргызстандагы эң биринчи коммунисттерден болуп, жетекчи кызматтарда жүргөн. Абдан түшүнүктүү адам болгондуктан баарын туя билчү…
- "Арзуунун бардык ыдыгына чыдоо- махабаттын байыркы арманы" деген жакшы сөз бар. Чыныгы сезим өтө татаал жана өтө бийик болгондуктан бир топ оорчулуктарды жаратат эмеспи. Дал ушул ойго сиздин пикириңиз кандай?
- Албетте, кереметтүү нерсенин кыйынчылыгы да болот. Күкүн экөөбүздүн махабатыбыз таза болду десем жаңылбайм. Ортобузда оорчулуктар, талаш-тартыштар деле болбоду. Селкинчек түбүндө сырдашып, кыз-жигит болуп жүргөндө эле экөөбүз бири-бирибизге энчиленгендигибизди, мындан аркы тагдырыбыз бир болоорун жана биз башкаларга үлгү көрсөтүп, сүйүүнүн актыгын даңазалаган идеалдуу жубайлардан боло алаарыбызды билгенбиз, дал ушул аруу ойго бекем ишенгенбиз. Арам ой менен башкаларды карап да койгон жокмун. Анткени, Күкүнүм мага таза сүйүүсүн көрсөттү, жашоодо бир эле адамды сүйүп жашоого болоорлугун айгинеледи.
- Кандай болбосун, "Жаштык, мастык" деген да бар. Эжеге жолуга электе жигиттик кылып, арзуу торуна чалынбадыңызбы?
- (Күлүп…) Чынын айтсам, ал мезгилде окуу маселеси өзгөчө татаал эле. Милдет, жоопкерчилик башкы орунда турчу. "Жакшы окуп, эл кызматына жарасак" дечүбүз. Айткандай эле ошол кезде окуган балдардын көбү кийин көрүнүктүү, бычакка сап эл уулдарынан боло алышты. Алсак, алардын катарында Апсамат Масалиев да бар эле. Биз дайым чогуу жүрчүбүз. Анан бизде "эркелеп" кете турганга убакыт да, мүмкүнчүлүк да жок боло турган. Алган тарбиябыз да башкача эле да.
Айттым го, бир эле адамга ашыктыгын арнап, жашоого болот. Ооба, жашоо ак-карасы, жаман-жакшысы менен тургузулган. Ыпластыкка, бузукулукка барган адамдар өтө көп. Бирок, жашоону тазылык менен барктап, тең салмакта кармап турган адамдар да бар. Алар үйбүлө маселесинде кристаллдай таза келишет. Жубайынын көзүнө чөп салбай, өмүр бою бийик махабатты аздектеп жашоого не жетсин.
- Ушунча жашап, эмне таптыңыз?
- Эң биринчи, түгөйүм, бала-бакырам жана жоро-жолдошторум менин жашоодогу тапкан табылгам десем жарашат. Дүйнөдө баарына жетишүү мүмкүн эмес. Аткарылбай калган кай бир иштер үчүн ичтен өкүт кылып, арманга баткан учурлар кездешет. Бирок, негизинен жетпей калгандан да менин жетишкен ийгиликтерим басымдуу кылат. Акыйкаттыкты, жашоонун чыныгы үлгүсүн таптым. Бул менин өмүрүмдүн башкы ырахаты, кубанычы болуп кала берет.
- Кол алдыңыздагы кызматкерлерге кандай мамиле жасайсыз?
- Темирдей тартип болгон жерде сый, ишеним, урматтоо болот. Башкысы, акыйкат болуу керек. Жетекчинин милдети - колун ары-бери жаңсап, кыйкырып сүйлөп, буйрук берип коюу эмес, ар бир кызматкердин психологиясына жараша маданияттуу түрдө иш алып бара билүү болуп саналат. Өзүнүн гана талабын коё бербестен, өзгөлөрдүн да ою менен эсептешип, кызматкерлердин демилгесин, сунуш-пикирин колдоп-коштоп, бардык шарттар менен камсыз кыла билүү - жетекчинин иши. "Жаман айгыр үйүрүнө тап" демекчи, жөнү жок жерден кыйкым таап, акыйкат боло албаган жетекчи эч качан сый- урматка татый албайт. Бул турмуш чындыгы. Мен кызматкерлеге оболу жогорку интеллект менен мамиле жасаганды жактырам.
- "Калыстык, акыйкаттык" деп калдыңыз. Кезегинде Апсамат Масалиев менен жакын жолдоштордон экенсиздер. Ушул кишинин көп эле окуясына күбө болсоңуз керек? Бир учурдан айта кетпейсизби?
- (Ойлонуп…) Апсамат Масалиевдин таза инсан экендигин силердей жаштар деле жакшы билип калды. Ал кишинин туу тутканы чындык эмес беле.
Бир курдай бул кишиге бир чабан баласынан козу, кымыз бердирип жиберген экен. Ошондо Апсамат Масалиев козусун да, кымызын да албай, чабандын баласын аттантып жибериптир. "Бар, атаңа барып айта гой, мага минтип, козу-кымыз алып келбегиле. Барганда союп берээрсиңер" дептир. Жигит шылкыйып, кайра кетип бара жатканын көрүп аяган го, кайра чакырып алып: "Мейли, насип экен, кымыздан ооз тийип коёюн" деп чаначтагы кымыздан үч литр куюп калган экен. Бул окуяны угуп калып, жолукканымда: "Ушул чын беле?" десем, "Чын, чын" деген эле жарыктык киши. Көрсө, табиятынан жөнөкөй, бирок улуу адам тура.
Ушундай залкар адамдар менен үзөңгүлөш жолдоштордон болуп, эл кызматында бирге жүрүп калганыма ыраазы болом…
Баарлашкан Н. Сагынбаева




  Жакшы ыр жаңылыгы…

Кундуз Карыпбаева , А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти
Музыка сүйгөн үйбүлө династиясы

1997-1999-жылдары Кыргыз мамлекетинин опера, балет театрынын студиясында окуган. Кыргыз улуттук консерваториясында билимин улантып, азыр ушул окуу жайда аспирант. СССРдин эл артисти, профессор К.Сартбаеванын окуучусу. Астана шаарында өткөн "Шабыт" эл аралык фестивалынын лауреаты жана казак маданият департаментинин "Эң мыкты сопрана" деген атайын сыйлыктын ээси.

- Созолонткон кооз үндүү опера ырчысы болуп жүрүп, кандайча эстрадага кайрылып калдың?
- Менин апам Кыргыз эл артисти Асыл Набиева. Нарын театрында иштеп жүргөндө Табылды Актанов атайын апама концерттерде ырдап жүрсүн деп Жумакан Тынымсейитованын сөзүнө обон жаратыптыр. Бул ырдын башка да обону бар экен. Бирок бул обону да абдан уккулуктуу экен деп устатым Кайыргүл Сартбаева эжеке да өзүнүн баасын берди. Ырдын аты "Билгин жигит". Апам улгайган кезде "жигит" деп ырдай албай калып, архивде кала берген экен. Аны менен кошо К.Тургуналиевдин, Т.Кожомбердиевдин сөзүнө жазылган "Сүйүү вальсы"-деген ыры мага ата-энемден калды. Атам- Алымкул Карыпбаев, тенор, убагында Сайра Кийизбаеванын классын бүтүргөн- вокалист. Азыркы учурда Стрельников айылында музыка мугалими.
Ушул эски ырларды кайрадан жаңыртып, апам ырдаган "Билгин жигит" аттуу ырды эстрадада ырдап чыкканы турам. Жакынкы учурларда радио телевидениеден угуп каласыздар буюрса.
- Жакшы саамалыгың бар экен Кундуз, эми кайрадан опера өнөрүндөгү турмушуңа кайрылсак?
- Опера ырчылар өздөрүн аябай сактайт, убагында жатып, маалында туруп, күнүгө эртең менен 30-40 мүнөт атайын көнүгүүлөр менен үн чыгарып машыгып, муздакты, ачууну ичпей дегендей, күүлөнгөн аспаптай болуп жүргөнгө туура келет. Мындай профессионалдык искусствонун түрү бир топ курмандыктарды талап кылат. Бул өнөргө баш отуң менен кирип өмүрүңдү арнап, алдыңа максат койбосоң болбойт. Мисалы мен үнүмдөгү чеберчиликтерге жетүү үчүн он жылдан ашуун тыным албай үйрөнүп, окуп, машыгып келатам. Албетте ары жактан тубаса талант болушу зарыл. Андан кийин тыным албаган чыгармачыл эмгек керек. Иштегенден бери колартурдук сопрана катары А.Малдыбаевдин "Айчүрөк" операсында эки партия аткардым. Калыйман менен Сары кызды Калмановскийдин Белоснежкасында "Белоснежканы" аткардым. Ушул жылдын январь айында Моцарттын "Волшебная флейта" операсында негизги каарман "Паминаны" ырдадым.
- Ойлогонуңа жет. Эми сөзүбүздү коомчулуктун жашоосуна бурсак. Калдыр-кулдур кулак кескен эстрада ырлары көбөйүп кетти. Деги эле улуттун музыка дүйнөсүнүн келечеги кайда баратат?
- Музыка деген жандуу, тирүү нерсе. Анын тарбия табитине туура багыт берип, камкордукту үзбөй көрүп туруш зарыл. Каралбаган, багылбаган баладан бакубаттуулукту күтүү өзүбүздү-өзүбүз алдагандык. Коомдо американизация жүрүп жатат. Биздин жаш муундарыбыз улутубуздун уюган угутунан бара-бара алыстап баратат. Эгер биз өнөр адамдары ар бирибиз жок дегенде үчтөн-төрттөн кыргыз колоритин сактаган жаш муунду тарбиялап өстүргөнгө өз салымдарыбызды кошсок, мамлекетибиз да жөн турбай ар тараптуу аракеттерди көрсө, ийреңдеген кемчиликтерибизди түздөп кетсек болот. Биз дүйнөлүк маданиятка, музыка дүйнөсүнө өз жүзүбүздү сактай алсак гана жаңы ачылыштарыбыз менен баш көтөрүп барышыбыз мүмкүн. Өзүбүздү-өзүбүз таанып, баркыбызды биле алсак, биздин түпкүлүгүбүздө ааламга айта турган арзууларыбыз алдыда…
Баарлашкан
Алмазбек Эркебай










??.??