Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Обон күлкү

Чапай уулунун жоруктары
Күрөң ыштанчан Чапаев
Чапаевден Петька сурап калат:
- Эмнеге кызыл көйнөк кийип алгансыз?
- Эгер жарадар болсом солдаттар коркпосун деп.
e_- Анда эмне күрөң түстөгү ыштан кийдиңиз?деп командирин сөзгө жыгыптыр.

Темир жолду биринчи көргөндө
Биринчи жолу темир жолду көргөн Петькага Василий Иванович тааныштырып калат:
- Бул деген темир жол- деп, анда Петька:
- Бул узун темирлери эмнеси?
- Анын рельси
- Туурасынан кеткен жыгачтарычы?
- Ал шпалдары.
- Анысы эмнеге керек?
- Поезддин дөңгөлөгүнө рельс оролуп калбаш үчүн керек.

Дивандагы эчки
Петька Василий Ивановичке чуркап келип:
- Бизге аялдардын полкун жибергени жатышыптыр десе, Чапаев:
- Петька, дивандагы эчкини кубалап чык - деп бакырыптыр.

Актар чабуулга өтсөчү?..
Василий Иванович Анкадан сурайт:
- Сага тампакстын не кереги бар? десе:
- Түшүнөсүзбү, мындай да… Кызылдар чабуулга өткөндө жардам кылат.
- Актар чабуулга өткөндөчү?-деп Чапаевдин көзү чекчейет имиш.
- Оо, анда памперс жардамга келет Василий Иванович - деп Анка суроолордон араң кутулуптур.

Бобслей "бабалар" менен байланыштуу
Василий Ивановичтен "Бобслей" деген эмне? - деп солдаттары сурашса:
- Ай билбейм, бабалар (аялдар) менен байланыштуу болуш керек.
- Бул жерде "Ылдамданган ылдыйыш" деп жазылыптыр дешсе:
- Айтпадым беле, аялдар менен аралашкан оюн-деп берген жообуна компоюптур.




  Эротикалык жылмаюУлар…

Мага деле машина алып бер
Ата-энеси төшөк кумарына батып жатышканда кичинекей уулу Акмат аларды эшик артынан тыңшап турат. Апасы:
- Кымбаттуум, мага алтын шакек сатып бересиңби?
- Ооба.
- Автоматташтырылган кир жуучу машина сатып бересиңби?
- Ооба, ооба, сатып берем…
Анын баарын угуп турган Акмат чыдамы кетип, алар жаткан бөлмөгө кирип:
- Ата мага деле машина, кылыч, автомат… дейт экен кысталышта.

Сага керек болгондо мен дайыма турам
Түнү менен көчөдө жүргөн киши эртең менен дааратканага баргысы келип ойгонот. Керебеттен араң туруп, дааратканага жөнөйт. Ал жакка барып ишин бүтүп, эс ала алигисине карап:
- Көрдүңбү, сага керек болгондо мен дайыма турам. А, сен…

Кавказдын кожоюну менен кожойкеси
Грузин менен армян ресторанда "Кавказдын кожоюну ким?" деп талашып отуруп мушташа кетишет. Аларды милиция кызматкери бир түнгө чогуу камерага камап коюшат. Эртең менен милиционер:
- Эмне болду, элдештиңерби?-десе, грузин:
- Ооба, мен кавказдын кожоюну, а бул кожойкеси болду-дептир.

Байкоо…
Аялзаты уюлдук телефондордун бүктөлүп уясына кирип, сүйлөшкөндө кайра чоңойчу түрүн негедир жактырышат экен. Ал эми эркектер жөнөкөй корпустуу соткаларды көп колдонушат. Себеби, кокус жерден чыңылдап чоңоюп кетчү нерселерге анча ишене беришпейт.

Көңүл бургула!
Конкурс, конкурс…
"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0555000986 жана 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмаз Адишов










??.??