Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Той, той, той!

Асема:
"Акжолду адашып байке деп алам"
"Нан болсо ыр да болот" деген кыргызда жакшы сөз бар эмеспи. Мол түшүмдү жыйнап, бышыкчылыктын даамын сезе баштаган элибиз август айын тойлорго арнап, жайкы эс алууларын жакшылык менен жыйынтыктап жаткан учуру. Ушундай жакшылык той ээси аталган "Боз салкын" кинотасмасында "Аялдын эң мыкты образын" жараткан Асема турмуш жолуна аттанып, 23-август күнү өзүнүн продюсери Акжол Нишановго баш кошту. Бактылуу жубайлардын үлпөт тою Кызыл Аскер конушунда жайгашкан "Азия Ордо" ресторанында 330 адамдын катышуусунда болуп өттү.
Тойдун тамадасы Бакай Шүкүров, Акжолдун жакын досторунан экенин айтпасак болбойт. Ошондой эле эки жашты куттуктап эстрада ырчылары Динара Акулова, Мирбек Атабеков, Неля, Урмат, Сема, Сьездбек, Замир Арыкбаев, Чолпонай, Бактыгүл, Тынчтыкбек Кожобеков жана башка көптөгөн санаалаш достору келишти.
Асеманын күйөрмандарына сюрприз болгон бул той көпчүлүктү таң калтырганы менен дагы бир бактылуу үйбүлөнүн катарын толуктап олтурат.

- Куш бооңор бек болсун, Акжол, Асема!
- Чоң рахмат.
- Алгачкы суроомду экөөңөрдүн кантип таанышып калганыңардан баштагым келип жатат. Таанышкан күнүңөр эсиңердеби?
Асема: - Таанышканыбызга туура төрт жыл болду. "Боз салкын" кинотасмасынан кийин Сьездбек Искеналиев аркылуу таанышканбыз. Анда Акжол Сьезддин продюсери болчу. Башында мага байке, карындаштай жакын болуп көп жардам берип жүрдү. Кафеде ырдап жүргөн кезимде мага продюсерлик кылууга сунушун айтып калды. Акжолду таанып калгангабы продюсер болушуна макулдугумду бергем. Официалдуу түрдө келишимдин негизинде 2008-жылдын январь айынан баштап иштеше баштадык. Ал эми жакындан мамиле түзгөнүбүзгө төрт ай болуп калган. Буйрук экен минтип баш кошуп бир үйбүлө болдук.
Акжол: - Асема менен таанышкан күнүм кантип эсимден чыксын. Өтө кызык болгон. "Боз салкындын" сьемкасы бүткөндөн кийин Сьезд экөөбүз жолукмай болдук. Мен анда "Оймо-шоуну" иштетип жаткам. Жумуштан чыгып Ала-Тоо аянтынан Сьездди күтүп турсам бир кыз да жанымдан өтүп, менден алысыраак жерге туруп калды. Улам-улам бири-бирибизди карашып коёбуз. Бир маалда Сьезд келип мени менен да, кыз менен да учурашып жатпайбы. Көрсө Асема да Сьезд менен вокалга бармак экен. Ошентип, алгачкы таанышуубуз кызыктуу жана жөнөкөй болгон. Кафеге кирип шам-шум этип атканда байкасам, шаардык кыз болсо да, жөнөкөй, ыймандуу экени билинип, анын адамдык сапатына баа бергем.
- Экөөңөрдүн ортоңордо чыныгы сүйүү болдубу?
Акжол: -Чыныгы сүйүү болгон үчүн экөөбүздүн мамилебиз үйлөнүү менен аяктады. Убакыт-сааты келип, кыялымдагы адам экенин билгенден кийин үйлөнүүгө кадам таштадым.
- Асема айтсаң, Акжол сени кантип өзүнө багындырып алды. Эмнеси менен жакты? Продюсериме турмушка чыгып калам деп ойлодуң беле?
- Жок, менде таптакыр андай ой болгон эмес. Анткени мен Акжолду байкем катарында жакын көрчүмүн. Достору тамашалап "кыз-жигит" деп коюшса да маани берчү эмесмин. Азыр дагы адашып байке деп алам. Акжол өзү айткандай төрт жылдан бери мени сынап көрсө керек, менин жаман-жакшы сапаттарымды билип дегендей. Мен болсо ушул кезге чейин Акжолдун жаман сапаттарын таппадым. Анын жумшактыгы, сабырдуулугу, адамгерчиликтүү жөнөкөй мүнөзү менин жүрөгүмдү багындыра алды. Негизгиси, өзүн кантип алып жүрүштү билген тыкандыгы да менин купулума толгон.
- Продюсери катарында жооп берсең, Асеманы Асема кылган ким десек болот?
- Асеманы элге таанытып, алгачкы талантын ачкан Эрнист Абдыжапаров. "Боз салкын" аркылуу жалпы элибиз Асеманы таанып келет. Канчалык бийчи-ырчы деп айтсак дагы элдин психологиясында актриса катарында сиңип калды. Келечекте ар тараптуу ачыла элек таланттарын эл алдына сунуштайбыз деп жатабыз. Ушуга кошумчалап кетсем, Асема сахнадан, экрандан эч убакта алыстап кетпейт. Себеби, күйөөгө чыкса эле "баары өчтү, болду чыкпайт" деген ойлор болушу мүмкүн. Мен ойлойм анын жакын жолдошу, түбөлүк продюсери катарында өз күчүмдү аябастан чыгара берем. Анткени анын жашоосу, тагдыры, байлыгы бул чыгармачылык. Убакыт баарын өз максатына жеткирээрине ишенем.
- Акжол, ата-энең Асемага үйлөнүшүңө каршы болушкан жокпу? Эл арасында түндүк-түштүк маселеси бар эмеспи?
- Туура. Эл арасында мындай ойлор болсо да ата-энем мага каршы болгон жок. Негизгиси апам мага билимдүү, ыймандуу келинчек туш болсо экен деп тилечү. Азыр абдан ыраазы болуп, келини менен сыймыктанып олтурат. "Эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт, эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт" деген макалдай бирин-бири түшүнгөн интеллигент жана чыгармачылыкты баалаган адамдар куда болушту. Алгач Асемага сөйкө салып барганда эле эски достордой эки жак тең тез эле көнүшүп кетишти.
- Асема ашканада кандай кожойкесиң?
Асема: - (Күлүп) Өзүмдү-өзүм айтпай бул суроого Акжол жооп берсинчи….
- Акжол анда сен жооп берсең. Асема кандай тамак жасайт экен. Бир үйбүлө катары көнүшүп калсаңар керек?
- (Күлүп) Тойдон кийин белектерди жыйнай албай көп убара тарттык. Жаш үйбүлө болгондон кийин кемчиликтер болбой койбойт экен. Буга чейин базарга көп барчу эмесмин. "Башка түшсө байтал жорго" экен, майда-чүйдө оокат алганга бат-баттан базар аралап калдым. Ашканада болсо жакшы эле. Жаңы келгенде кызыктар болот да. Бир күнү мага блинчик жасап берем деп калды. Аракет кылса да формалары эч окшошпой, бир топко кыйналды. Даамы абдан таттуу, бирок кебетесине караганда аты жок тамак болуп калды. Ар нерсенин өз эрежелери болот эмеспи. Майын көп кошуп койгонгобу алгачкылары окшошпосо да, байкемдин балдарына жагып эртеси күнү "жеңе дагы жасап бериңизчи"- деп келишиптир. Ошентсе да Асема үй-тиричилигине өтө тың, оокатты жакшы жасап, тазалыкты сүйөт.
- Турмушка чыкканыңдан кийин чектен ашкан күйөрмандарың телефон чалууларын токтотсо керек?
- Негизи мен телефон номеримди тез-тезден алмаштырып турам. Себеби тынчымды алып, ыңгайсыз учурларда чалып калгандары көп болот. Менин коркконум тоюмда ашыкча жигиттер келип калбаса экен деп тиленгем. Кудайга шүгүр, баары тынч, ойдогудай болду. Менин күйөрмандарым талантымды сыйлаган адамдар деп эсептейм. Ошондуктан аларга ар дайым ыраазычылыгымды билдирем.
- Акжол, Асеманы күйөрмандарынан кызганасыңбы?
- Кызганыч ар бир адамда болот. Бирок, мен себеби жок кызганычтан алысмын. Менимче, эки жубайдын ортосунда бекем ишенич болсо үйбүлө түбөлүккө сакталат. Кызганычтын арты өкүнүч менен бүтөөрүн билем. Асема экөөбүз бири-бирибизге терең ишенебиз.
- Той тууралуу да кеп козгосок. Туугандарың Асемага үйлөнүшүңө суктанышса керек?
- Тоюбуз "Азия ордо" ресторанында мен ойлогондой жогорку деңгээлде өттү. Мурда эле тоюмду кыялыма сүрөт кылып түшүрүп алгам. Буюрса, ошолордун баары аткарылды десем болот. Жалпысынан 330 адам тойго конок болушуп, алыскы Баткенден туугандарым, чыгармачыл досторум, Түркиядагы кесиптештерим жана жакындарым тойго куттуктап келишти. Эң кызыгы тойдо туугандарым мени куттуктап келбей эле Асеманы көргөнгө келгендерин айтсам болот. Той бүткөндөн кийин аксакалдардын батасын алып, жаштар үчүн эки сааттык дискотека уюштурдук. Түнкү саат 12-30дан 2-00 ге чейин сүрөткө түшүп, элдин аягы суюлган жок. Бир жарым саат бою тура берип, эки тизем катып калды, аягында бутубузду сүйрөй албай, чарчап үйгө жеттик. Менин кыялымдагы тоюмдун ишке ашышына бир тууган Аскар байкем, досторум ошондой эле "Азия Ордонун" кожоюну Бейшен байке, администраторлору Назира менен Айгүл чоң көмөк көрсөтүштү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы демөөрчүлөрүмө чоң ыраазычылык билдирем.
- Канча балалуу болгуңар келет?
Асема: - Мен өзүм кичинекей балдарды жакшы көрөм. Келечекте эне болуу менин аруу тилегим. Кудайдын буюрганын көрөбүз.
Акжол: - Мен өзүм жылдыздар төлгөсүндө бөйөнмүн. Бөйөндөр мыкты ата болот деп уккам. Азыр ата боло элек болсом да, камкор атанын милдетин аткаргым келет. Ал эми бала жөнүндө болсо Асеманы "Баатыр эне" кылам. Албетте тамаша. Бул эми Кудайдын буйругунан да, көп балалуу болгонго не жетсин. Айта кетсем, чынында Асема экөөбүз үйлөнгөнүбүзгө ишенбей шакектерибизди кармалап, айлабыз кеткенде нике күбөлүгүбүздү карап анан ишенип калабыз. Жаш үйбүлө болгондон кийин мындай сезимдер боло берет экен. Азырынча дагы эле экөөбүз кыз-жигиттей жашап жатабыз.

Бактылуу болгула!

Маектешкен Айнура Султанова









??.??