Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Шоу жаңылыктар

Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалы
Кыргыз кино тармагында бир катар жаңылануулар, өсүштөр болуп жаткандыгы кубандырат.
Кино сүйүүчүлөрүнүн эсине сала кетсек, октябрь айында экинчи эл аралык Ысык-Көл кинофестивалы өтөөрү күтүлүүдө.
"Кыргызмамконцерндин" вице-президенти Абибилла Пазыловдун билдиргенине караганда бул жолку кинофестиваль былтыркыга салыштырмалуу айырмачылык менен өтөт. Анткени, иш-чаранын программасында толук метраждуу тасмалар басымдуулук кылат. Бул албетте, кыргыз киносундагы ийгиликтүү кадамдар деп билишибиз керек.

"Дебют-2008" ийгилик менен аяктады
Эл аралык Ч. Айтматов фонду тарабынан уюштурулган жыл сайын Ысык-Көлдө өткөрүлүүчү "Дебют-2008" чыгармачыл жаш адабиятчылардын мастер класс мектеби быйыл да 15-28-августка чейин болуп өттү.
Кыргыз, орус группасындагы 40 жаш калемгерге проза, поэзия, драматургия жанры боюнча кыргыздын белгилүү инсандары Кеңеш Жусупов, Казат Акматов, Абдылдажан Акматалиев, Роза Айтматова, Сапарбек Карымшаков, Талант Жолдошбеков жана Элдар Аттокуровдор сабак беришип, адабият чөйрөсүнүн купуя сырларын ачып беришти. Белгилүү адабиятчылардан сабак алуу менен бирге дебютчулар Ысык-Көлдүн кереметтүүлүгүнөн касиет алып, жаңылануу, мыкты эс алуу менен кайтышты.
Жалпы жаш калемгерлер "Дебют-2008" жайкы мектебин уюштурган жамаатка жана фонддун президенти Айтматов Элдар Чыңгызовичке ыраазычылыктарын билдиришти.

Каныкей Эралиева тун уулунун үлпөт тоюн өткөрдү
Улуу-кичүү муунга мукам ырлары менен таанылган таланттуу ырчы эжекебиз Каныкей Эралива 29-август күнү тун уулу Нурланды үйлөндүрдү. Келини Жумгалдын ай чырайлуу сулуу кызы. Эмне демекчибиз, баш кошкон жаш жубайлардын жашоосунда ар дайым жакшылыктар орноп, бактылуу жубайлардан болуп жүрө беришсин деген тилектебиз.

"Пять звезд" сынагында Кыргыз Эстрада ырчысы Гүлзинат Суранчиева "Сочи шаарынын" сыйлыгына татыктуу болду
Сочи шаарындагы Гала-концерт 2008-жылдын 28-августунда башталды. Конкурс 31-августта аяктап татыктуулар атайын сыйлыктар менен сыйланды.
Баш байге ээси: Тахмина Ниязалиева, (Тажикстан)
Биринчи сыйлык: "Кватро", (Россия)
Биринчи сыйлык: Размик Амян, (Армения)
Экинчи сыйлык: ""Опасные связи", (Украина)
Экинчи сыйлык: Алмаз, (Казакстан)
Экинчи сыйлык: Амбер, (Латвия)
Үчүнчү сыйлык: "The Champions", (Беларуссия)
Үчүнчү сыйлык: Борис Коваль, (Молдавия)
Үчүнчү сыйлык: Лачын Мамедова, (Туркмения)
"Дебют Интервидение" сыйлыгына: Тахмина Ниязова, (Тажикстан)
"Мисс Интервидение" сыйлыгына: Лачын Мамедова, (Туркмения)
"Сочи шаарынын" сыйлыгына: Гулзинат Суранчиева, (Кыргызстан)
"Стилдүүлүк үчүн" сыйлыгына: Амбер, (Латвия)
"Пресса" сыйлыгына: "Кватро", (Россия)
КМШ фондунун атайын сыйлыгы: Сейран, (Азербайджан) татыктуу болушту.
Аталган конкурс 2005-жылдан баштап мурдагы Союздун курамына кирген 15 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүп келет. "Пять Звезд" конкурсу жыл сайын Сочи шаарында өткөрүлүп жүргөнүнө карабай биздин жылдыздар быйылкы жылы гана катышууга мүмкүнчүлүк алып, жаңыдан катышып "Сочи шаарынын" сыйлыгына же төртүнчү орунга илингени көңүл кубантаарлык окуя.




"Ордо Сахна" Швейцарияда
"Ордо Сахна" фольклордук группасы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Швейцариянын Давосе менен Женева шаарында болуп көрбөгөндөй чоң концерт коюшкан.
Белгилей кетүүчү нерсе, группанын биринчи концерти 26-августта Давосе шаарында болуп өткөн.
Эмне дейбиз, элибиздин атын алыска чыгарган таланттарыбызга ийгилик каалап кетели.




Азаматка ажодон 100 миң сом
Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда ажобуз Курманбек Бакиев жаш, таланттуу пианист Азамат Сыдыковдун эл аралык конкурска катышуусу үчүн 100 миң сом каражат бөлүп берген.
Белгилей кетүүчү нерсе, азыркы учурда Азамат Москвадагы П. И. Чайков атындагы мамлекеттик Консерваториянын студенти жана Россиянын белгилүү пианисти Николай Петровдун окуучусу.
2007-2008-жылдары жаш музыкант Кыргыздын желегин желбиретип, атын алыска угузуп, эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышып, ийгиликке жетишкен.
Музыка чөйрөсүндө Азамат ар дайым изденүү, чыгармачылык менен иш алып барат. Дал ушундай талбаган аракет жаш таланттын чоң ийгиликтерге жетишине өбөлгө болуп келет.

Эл таланты эмгектен чарчабайт
Ээ, бурадар, кө-өп жаңылыктан артта калган экенбиз. Акыркы мезгилдерде Кыргыз республикасынын Эмгек сиңирген артисти, комузчу, ырчы, күүчү Нурак агабыздын дайыны чыкпай, ал тууралуу биле албай жаттык эле.
Көрсө, Нурак Абдырахманов Кыргыз Улуттук филармониясынын "Камбаркан" этнографиялык- фольклордук ансамблинде иштөө менен бирге "Агахандын Борбордук Азия боюнча музыкалык демилгеси" аттуу программанын алкагында ордо калаада уюшулган "Устат шакирт" борборунда педагог- устат да болуп иштеп жаткандыгын билдик.
Кантсе да Нурак аганын жан дүйнөсү чалкыган деңиз сымал кең эмеспи. Тардык кылбай таланттуу шакирттерди даярдоону максат кылып, дале эл кызматында күүлү- күчтүү жүргөндүгү кубандырат.
Мындай залкар таланттар көп жашап, көзү тирүүсүндө сый- урмат көрүп калса деген эле тилек…

Кулак кагыш!
Урматтуу окурмандар! Жакындан баштап "Обон" гезитинин атайын интернет сайты ишке киришет. www.obon.kg сайтынан сиздер "Обон" гезитинин эски, жаңы сандарынын бардыгы менен кабардар боло аласыздар. Мындан башка музыка ышкыбоздору хит ырлар, клиптер жана жылдыздар менен баарлашуу бактысына ээ боло алышат. Сиз сүйгөн обондордун бардыгы www.obon.kg сайтында жарыяланмакчы.

Цигун дарыгери Кыдырма-Усуй уулу Акылбек өзүнүн сеансына чакырат
Сеанс: Чекит массажы, Аураны тазалоо, физиотерапевтик аппарат аркылуу жүргүзүлөт.
Дарылоо: Активдүү биологиялык чекиттер аркылуу полердик инь жана янь гормондорду ци системасын жөнгө салуу.
1. Жол ачуу.
2. Көз тийген. Пара дубаларды жандыруу
3. Иши жүрүшпөй, уйку баскандар, уйкусу качкандар, эртен менен күч менен тургандарды калыбына келтирүү
4. нерв оорулар
5. Меридиандар аркылуу бардык орган мүчөлөрүн сакайтуу
6. Омуртка оорулары (бел,бут)
7. Муун оорулары
8. Офис жана үй тазалоо

Дареги: Алма-Ата көчөсү 152
Тел: 0772 777 017
Маршруттар: 246, 135, 118, 228, 211, 204,240.


"Император-каган массаж"
мектебинен
Окуп, билим алуу жана жумуш менен камсыз кылуу. Жогорку жана орто медициналык, биологиялык жана дене тарбиялык окуу жайын бүтүрүүчүлөр кабыл алынат.
Тел: 43-35-09,
Моб. Тел: 0555 31-32-41, 0773 62-63-21

Кыска мөөнөттө кымча белдүү, келбеттүү фигураны кааласаңыз - бодифлекс-синтез курсуна катышыңыз. Гарантиясы: 10 күндө белиңиз 5-10см. ге ичкерет.
Тел: 43-35-09,
Моб: 0555 31-32-41, 0773 62-63-21, 0773 50-65-05

Медер Бишкек:
"Император-каган массаж"
Ци-гун терапия методдору менен төмөндөгүдөй ооруларга профилактика жүргүзөт: остеохондроз, куяң, полиартрит, уйкусуздук, омуртка оорулары (грыжа), баш, бут ж.б. ооруларга
Тел: 43-35-09,
Моб: 0555 31-32-41, 0773 62-63-21











??.??