Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кыргыз көчү

Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган инсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Даңкы далайга жеткен Даркүл Күйүкова
Совет өкмөтү курулганы искусство тармагына эң алгачкылардан болуп, өзгөчө аял затынан Даркүл Күйүкова чоң салымын кошкон деп айтсак жаңылышпайбыз. Дегеним, ошол кезде элдин көпчүлүгүнүн кат сабаты жоюлмак турсун, караңгылыктын изи али тарай элек, көпчүлүк калктын аң сезими али ойгоно электе, алдыңкылардан болуп Даркүл эже искусствого бүт дитин коюп, таза талантын көрктөндүрүш үчүн алдыга кадам койгон. Ал кезде Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артисти деген наамга эмне деген эмгек менен жеткенин сөз коротуп айтпай эле койгонубуз оң.
Эмесе сөз өңүтү бир нече медалдардын ээси, сахна чеберинин эң көрүнүктүү өкүлү Даркүл Күйүкова жөнүндө болмокчу.

Окуучулук күндөр
Даркүл Күйүкова борбор шаарыбыз Бишкектин Төкөлдөш аймагында туулуп-өскөн. Даркүл эжебиздин бала чагы өзүнүн оюндагыдай өттү. Бирок, Совет өкмөтүнүн жаңы орногон учурунда жашоосунда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Анткен менен алдыда болгон ийгиликтер өткөндү унутканга мүмкүнчүлүк берди.
Дегеним, бала кезинен зээндүү, бир укканын эсине тутуп алган зирек кыз мектепти жакшы окуду. Окуучулук күндөр менен студенттик күндөр өмүрдүн гүлдөп турган учуру эмеспи. Анын сыңары Даркүл эженин таланты бала кезинде эле ойгонуп, мугалимдердин көзүнө эрте илинип, өзүнүн жөндөмүн көргөзө алды. Бир жолу Даркүл эже манасчылар менен төкмө акындардын өнөрүнө күбө болуп калып, түн бир оокумуна чейин кызыгып карап отуруп, отурган жеринде уктап калат. Канча уктаганын ким билет, ойгонсо алиги манасчы менен төкмө акындар эчак тарап кетишкен экен. Ошондо абдан өкүнгөнү эсинен кетпейт. Ошол окуядан кийин актрисанын бүт дити искусство тармагына оойт. Саякбай Каралаевдин чекесинен тер тамчылап чыгып, чарчаганды билбей манас айтканы, төкмө акындардын куюлуштуруп ырдаган ырлары Даркүл эженин демине-дем кошуп, ышкысын козгоду. Окуучулук күндөрү жалаң таттуу кыялдар менен өткөнүн учурунда кеп кылып калчу эле.

Алгачкы ийгилик
Даркүл Күйүкова 1936-жылы Б.Кыдыкеева менен бирге театрга алгачкы жолу кадам таштаган. Ага чейин үйрөнчүк катары интермедияларга катышканы болбосо, чоң сахнага чыккан эмес.
Алгачкы чыгармачылык дебют катары Хасинтанын ролун актриса зор ийгилик менен аткарган. Чынында эле ар бир талант үчүн биринчи эмгек эстен кетпейт. Актриса өзүнө карата айтылган мактоо сөздү жүрөгүнө терең кабыл алып, бүт аң сезимин бир гана сахнага арнап салды.
1939-жылы 19-февралда К.Эшмамбетовдун "Саринжи " аттуу чыгармасында Акчайымдын ролун аткарганда, спектаклди койгон О.Сарбагышев "Биз Даркүлдү анчалык көп элес албай жүргөн экенбиз, анын көмүскөдө жаткан таланты Хасинта менен Акчайымдын ролдорунда жарк дей түштү" деген.Ал эми режиссер Самарин-Волжский "Мен келечеги кең, сахнанын көркү болгон актрисаны көз алдыма элестетип атам" деп айткан.
Сахнадагы чыгармачылык кесипте ар кыл жаштагы, ар кыл көз караштагы кишилердин ички психологиясын жаратууга багытталган изденүүлөр жаш актриса Даркүл Күйүкованын чеберчилигин арттырууга, ой толгоолорун байытууга ыңгайлуу шарт түздү.

Сыйлыкка ээ болгон актриса
"Эмгекчил кулда чарчоо жок" деп айтылгандай бүт өмүрүн сахнага арнаган актрисанын билиги согуш жылдарынан кийин катуу жанды.
1946-жылы Кыргызстан мамлекеттик драма театры Гоголдун белгилүү "Текшерүүчү" деген комедиясын көрсөтө баштады. Актриса Даркүл Күйүкова Анна Андреевнанын ролун зор чеберчиликте аткарды. Ушул жылы актрисанын эмгеги бааланып "Кыргыз ССринин эмгек сиңирген артисти " деген улуу наам берилди.
Кыргыз эл жазуучусу, драматург,социалисттик эмгектин баатыры, академик Аалы Токонбаевдин "Өлбөстүн үрөөнү" деген тарыхий драмасынан актрисанын үлүшүнө Уулбаланын ролу тийген. Бул ролду жигине жеткире аткарганы көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган.
Коом алдында, эл алдында дал ошондой оор чыгармачылык милдетти үзүрлүү аткарып келе жаткан сахна чеберинин эң көрүнүктүү өкүлү Даркүл эжебиз 1967-жылы Советтик театр искусствосун өнүктүрүүдө зор эмгек сиңиргендиги үчүн СССРдин Эл артисткасы деген ардактуу наам берилген. Чын-чынына келгенде,биз Даркүл Күйүковадай инсандарыбыз менен сыймыктанып, алардын жаркын элесин, жасаган иштерин, чыгармачылык эмгектерин баалап, унутта калтырбай эскерип жүрсөк алардын руху ыраазы болооруна шек жок жана да кийинки муундарга сабак болушу толук мүмкүн. Айтканга оңой, бирок кыргыз ССРи менен СССРдин эмгек сиңирген артистти деген наамга ээ болуу көп эмгекти талап кылаарын эсибизден чыгарбасак.
Сөзүбүздүн соңунда не дейбиз, арабыздан өтүп кеткен белгилүү инсаныбыздын жаркын элесине таазим кылуу менен бирге сөз соңуна чыгабыз.
P.S. Газетабыздын кийинки санында Төкөлдөштүн үчүнчү кызы Сабира Күмүшалиева жөнүндө аңгеме курмакчыбыз.




Калыгул
Бай уулу
Нускоочу ойчул акын, учурунда кадыры элге сиңген, алдыны көрө билген "олуя" деген ысымга ээ болгон Калыгул Бай уулу 1785-жылы Бай аттуу оокаттуу, төрт түлүгү түгөл адамдын үйбүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Бетинин бир жагында калы болгондуктан ырымдалып ысмын Калыгул деп коюшуптур.
Кичинесинен эле зээндүү болгондуктан көбүнчө АЗЫК уруусунан чыккан сынчы Сопу атадан көбүрөөк таалим алган экен. Сопу ата ошол кездеги кыргыз элиндеги бирден-бир илимдүү кишилердин бири болгон. Ар бир адамдын өзүнүн сыймыгы, таланты болгондой эле Калыгул Бай уулунун касиети күчтүү жана өнөрлүү адам болгонуна анын казалдары күбө. Калыгул Бай уулу бизге белгилүү сөз устаттарынын алгачкыларынын өкүлү, ага чейин жашап, эл арасына ырлары кеңири тараган акындар жөнүндө маалымат жокко эсе. Андыктан Калыгул аксакалды кыргыз акындарынын ичинен жашы боюнча гана эмес, адабий тажрыйбасы жагынан дагы аксакал катары карасак ашыкча болбойт. Калыгул учурунда тамсилчи, акын катары элге эрте эле бала кезинен тааныла баштайт. Көпчүлүк акындардай комузун күүлөп, үн кошуп ырдабастан алдына келген адамдарга макалдатып көп нерсени айтып берген.
Акындын көп ырлары элге кеңири тараганы менен алар бизге толугу менен жеткен жок. Ал кишинин калемине таандык насият, санат, адамдын жүрүм-турумун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган санаттары дагы арбын. Ырларынын мазмуну терең болгон үчүн али күнчө ырлары жашап келатканы узун кеп. Айткандай, биз ириде кеп кылгандай, алдыны көрө билген касиетине дагы токтолбосок сөзүбүз супсак болуп калчудай.

Ушул заманды айтканы
Бир күнү Калыгул, хан Ормон, Жантай, Төрөгелди баатыр, Субандын Адылы сарбагыш уруусунун жакшылары Алматы тараптан чоң жыйынга катышып, катар ат менен бастырып сөз-сөзгө уланып, бөксө тоонун имерилишине келгенде эле Калыгул атын чаап алдыга кетет. Анын бул жоругуна ал жерде чогуу келаткандар таң калып эле калышат.
Калыгул бир топко чейин атын чаап барып, бир жерге келип эле аттан секирип түшүп, атын бош коё берип , чепкенин чечип башына жаап, өзү бөк түшүп отура калып ыйлап кирет. Хан Ормондор Калыгулдун атын кармап келишип, алгач Хан Ормон суроо берет:
- Я, Калыгул, сага эмне болду, мынчалык? - деп. Берилген суроо бир топко чейин жоопсуз калат да, бир учурда гана Калыгул өкүнгөнүн билгизе оор улутунуп:
Силер мен көргөндү көргөн, мен укканды уккан жоксуңар. Азыр мен даарат алып келейинчи, - деп бери жакта агып аткан сууга келип бетин чайып, даарат алып келген соң , бир жерди теше тиктеген тейде дагы бир топко туруп, анан сөз баштайт:
- Ушул мен турган жерде асыл Эсенгул баатырдын сөөгү жатат. Кийин ушул жерге чоң айыл түшөт. Асылдын сөөгү тепсендиде калат, - дейт. Көрсө ал киши көрсөткөн жерге Токмок шаары түштү, ошол жерден күн батыш тарапты көргөзүп, колун кичине оң жакка буруп:
- Тээтиги жакка тирүүлөрдүн тозогу түшөт, көп адамдын көз жашын көрдүм, - дейт. Көрсө ал жерге Молдовановка түрмөсү түшкөн экен.
Калыгул Бай уулу азыркы заманды көрүп тургандай айтат. Хан Ормон элиңди каапыр басып алат, ошол учурда атасынан баласы тапан чыгат, этеги жок, жеңи жок чапан чыгат.
Тегиз жерден тегирмен чыгат,
Тексиз жерден бий чыгып, байлыктын
артынан түшүп эл кыйналат.
Кыргый-кыргый кыялар, кыргый
ташты уялаар
Кызыл такымын көргөзүп, кыз
жигитти кубалаар.
Карыдан сөөлөт кетет, келинден
келбет кетет
Кыздан кылык кетет, уулдан урмат
кетет
Өзү сары, көзү көк каапыр келээр,
Бүт кыргызды бийлеп кетээр
Элиң каапыр болоор
Чөп чыкпай жериң такыр болор
Мингени темир ат болор
Кийгени көрпө тон болор
Кап, арты будуң-чаң болуп көрүнбөй калды. Кийин тээ алыскы батыш элинин салт-санаасы басымдуулук кылат, - деп сөзүнүн соңуна чыгып туруп калганда, хан Ормон:
- Ошол ааламатты токтотчу менде уул барбы? - дегенде Калыгул бир топко чейин үндөбөй туруп:
- Сенден чыкпайт, бийлик сарбагыштан кетпейт, бирок оолактайт. Айттым го, арты көрүнбөй калды деп. Бийлик ичкилик урусуна оойт. Анткен менен, ал уруудан бийликке келгендер көп убакыт турбайт. Оолактайт дегеним ошол. Менин бир балам бийликке келет. Ошол жылдары жашаган да арманда, жашабаган да арманда, - деген экен. Ошол айткан уулу Турдакун Усубалиев. Биз бул жерден Калыгул бай уулунун айткан сөзү айткандай келгенине, анын олуялык касиетине,чыгармачылык эмгегине баа бергенибиз оң.
P.S. Газетабыздын кийинки санында белгилүү сынчы Сопу Ата жөнүндө сөз козгомокчубуз.

Бердикожо Бийназаров










??.??





??.??