Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын

"Кундуз мектептин жылдызы болчу"
Ыр ышкыбоздоруна "90-60-90" аттуу ыры менен белгилүү болгон жаш ырчы Кундуз Канатбек кызынын классташы Жазгүл Рыскелдиева бүгүн бизде мейманда. Жазгүл менен Кундуз борборубуздагы №51 орто мектепте чогуу окушкан, жакын курбулардан. Жазгүл учурда бир уулдун энеси.

Коркоктугунан жемеден арылчу эмес
Кундуз экөөбүз мектеп босогосун аттаган күндөн бүгүнкү күнгө чейин эң жакын ажырагыс достордонбуз. Андыктан Кундуз жөнүндө менден жакшы билген адам жок десем болот. Кундуз экөөбүздүн окуучулук мезгилдеги ар бир кадамыбыз чогуу өткөн. Жаңыдан биринчи класска барганда мен апам менен жетелешип барсам, Кундуз да апасы менен туруптур. Анан апаларыбыз сүйлөшүп, таанышып калышты. Алардын арты менен биз да тааныштык. Эсимде, ошондо Кундуз узун кара чачын экиге бөлүп, бантик тагып алган экен. Ошол күндөн тартып Кундуз экөөбүз бир класста,бир партада, болгондо да биринчи катарда чогуу олтуруп калдык.
Кундуз классыбыздын эң узуну болчу. "Болоор бала жашынан" дегендей ал 1-классынан баштап эле эң алдыңкы окуучу болуп, ар кандай коомдук иштерден калган жок. Мектепте конкурс дегенде дароо эле Кундузду издешчү. Ыр-бий, музыка жагынан эч кимди алдыга салдырчу эмес. Белгилей кетүүчү нерсе Кундуз мектепти алтын медаль менен аяктаган. Кыскача айтканда, Кундуз ошол кезде эле мектептин "жылдызы" болчу. Азыркыга чейин мугалимдер аны мисал кылышат экен.
Экөөбүздүн бир адатыбыз бар эле. Экинчи парта, экинчи орун дегенде төбө чачыбыз тик турчу. Мектепти бүткөнчө биринчи партаны эч кимге берген жокпуз. Классташтарыбызга биз сабакка келбей калсак да "Ордубузга олтурбагыла!" дечүбүз. Анан да сабактан чыккандан кийин экиден төрт балмуздак жемейинче үйүбүзгө жетчү эмеспиз. Кундуз аябай коркок, анан боорукер болчу. Калемин унутуп койгондорго калемин кармата салып, өзү менин калемимди сурачу. Ошонун айынан көп урушат элек. Класс боюнча мугалимдерге айтпай жашыруун бир иш жасасак, мугалимибиз келип, үнүн бийик көтөрүп: "Муну ким жасады?" десе эле Кундуз коркуп кетип айтып жиберчү.Мына ушундай коркоктугунан улам жемеден арылчу эмес. Бала чагыбыздан бирге өсүп, "жогорку окуу жайында да чогуу окуп, ага-иниге турмушка чыгып, бирге жашайбыз" деп кыялданат элек. "Жаштын тилегин берет" дегендей азыр Кыргыз Улуттук университетинин финансы жана кредит факультетинде бир группада окуйбуз.

Экөөбүз бир балага ашык болуп…
Кундуз кичинекей кезинен эле сүйкүмдүү кыз болгондуктан балдардын кылтагына көп илинчү. Аны талашып, топ-топ болуп мушташышчу. Кайсы жакка барып, кандай жигиттер менен таанышпайлы, бир көрүп биротоло сүйдүм болуп, дароо эле Кундузду жактырып калышчу. Сүйүү демекчи, бир окуя эсиме түшүп кетти:
Анда биз 2-класста окуйт элек. Кундуз экөөбүз бир классташ балабызды жактырып калганбыз. Күндө сабакка барганда ага таттууларды алып берип, сумкасынан бери көтөрүп алчубуз. Бирибизден өтүп бирибиз аны башка кыздардан коруп, кызганат элек. Бир күнү эртең менен сабакка келсек, биз сүйгөн бала жалгыз олтуруптур. Анан Кундуз "Жүрү, сүйүүбүздү билдиребиз" деп мага көзүн ымдады. Акырын басып барып, экөөбүз эки жагына олтуруп "Биз сени сүйөбүз" деп кулагына шыбырадык. Байкуш классташыбыз уялганынан партага башын коюп жатып алды. Ошондон кийин бизди көрсө эле качып, жалтаңдай берчү болгон. Жаш болсок да "Качан бизге сүйөм деп айтат экен" деп кадимкидей жооп күтчүбүз. Ал күндөрдү азыр эстеп алып, күлкүбүз келет.

Уу-дуу түшүп ыйладык
Бир жолу күзгү балга даярданабыз деп математикадан үй тапшырмасын аткара албай калганбыз. Математик мугалимибиз катуу болчу. Андан тил укпаштын амалын ойлоп, сабактан качуунун жолун издей баштадык. Анан экиден-үчтөн класс боюнча качып барып, ажаткананын артына жашынып алдык. Бир мезгилде ким айтып койгонун билбейбиз, директорубуз менен окуу бөлүмүнүн башчысы келип, бирден жетелеп алып, класска алып барып аябай сабашкан. Директорубуз "Муну ким уюштурду?!" десе эч ким унчукпайт. Анан Кундуздун уяты чыдабады окшойт, болоор-болбос үн менен акырын: "Мен" деп колун көтөрдү эле агай "Сен белең, ушундай иш сенин да колуңдан келеби? Эми классыңдан калып, бир класс артта окуйсуң" деди эле класс боюнча уу-дуу болуп ыйлап жибергенбиз. Бизди көрүп, агай аябай күлгөн. Азыр ойлосок, бизди жөн гана коркуткан тура.

Даярдаган Ж. Калдарова










??.??