Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Тасма таржымалы

Эки тагдыр
"Эки тагдыр" аттуу көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыган тасманы көрбөгөн жан жок болуш керек. Кинонун жаралганына сегиз жыл өтсө да, бүгүнкү күндө бул тасма өз популярдуулугун жоготпой келет. Өз ролдорун ар бири ийине жеткире аткарган актёрдук чеберчиликтин аркасы менен тасмага ушундай ийгилик алып келгени талашсыз.

Кыскача таржымалы
Айылда окуп чоңойгон эки кыз Лида менен Веранын ортосундагы достук мамилени эч ким ажырата алгыстай өңдөнөт. Бирок, борбордон келген Степан аттуу жигит экөөнүн достук мамилесин бир топ татаалдантат. Вера - ишенчээк, ак ниет, боорукер кыз. Ал эми Лида тескерисинче кыянат, куу, өзүмчүл адам. Тасма албетте ушундай карама-каршылыктары, тоскоолдуктары менен кызык. Лида жашоосу өткөнчө Верага кыянатчылык кылып, анын жашоосун бузуунун амалын кылып келет. Анткен менен "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей тагдыр аларды таразалап өз ордуна коёт.
"Две судьбы" (Эки тагдыр), "Көгүлтүр кан", "Жаңы жашоо" бул тасманын уландысына тартылыш үчүн Владимир Краснопольский (режиссёр) менен Валерий Усков (сценарист, экөө көп убакыттан бери тандем түзүп иштөөдө) жарым жылдан ашык кастинг өткөрүшүп, жаш актёрлорду тандап келишкен. Жыйынтыгында "Эки тагдырдын" экинчи бөлүмүнө башкы каарман кылып Анна Горшкованы (Даша) жана Анатолий Руденкону (Петя) тандап алышкан. Жалпы жонунан экинчи бөлүмүнө эпизоддорго катышкан адамдарды эске алганда 250 актёр катышкан. "Сьемкада киши канчалык көп болсо, ошончолук бат чарчайсың, себеби ошончолук көп кыялга, ошончо көп көз карашка чыдаганга абдан күчтүү эрк керек"-дейт сценарист Валерий Усков.

Екатерина
Семенова (Вера)
Екатерина Семенова бул тасмага чейин бир топ кинолорго тартылып, тажрыйба топтогонго үлгүргөн. Владимир Краснопольский аны 1991-жылы "Хищники" (Жырткычтар) киносуна тартылганын көрүп, ошондо эле "мээлеп" койгон. Анткени режиссёр сериал тартуунун окуусун бүткөндөн бери эле кыялданып жүргөн.
Владимир Еленага башкы ролду сунуштаганда актриса так секирип кубанган.
Башында сьемка башталганда, Еленаны дароо эки жигит сүйүп калгыдай анча деле сулуу эмес деген ойлорун ортого салышат. Бирок, режиссёр айтканынан кайтпай Еленага башкы ролду ыйгарган.
Веранын 17 жашта болгон кезин актриса эч кандай тоскоолдуксуз эле аткарган. Ал эми кинонун экинчи бөлүгүндө неберелүү болгон чоң эненин образын жаратыш үчүн бир аз кыйынчылыктарды жараткан. Бетине бырыш түшүрүш, улгайган аялдын кебетесин кийгизиш бир топ машакатты жаратып, көп убакыт алгандыктан, сьемка башталаарга үч саат калганда даярданууга туура келген. Сюжет боюнча Вера күзгүнүн алдында ич көйнөкчөн, көз айнек тагынып ойлонуп отурган учуру бар. Дубль бүткөндөн кийин суусап кеткен Елена ич көйнөкчөн экенин эстен чыгарып жакыныраак жердеги тамактануучу жайга кирген. Жашы бир топко барып калган ич кийимчен улгайган аялды көргөн адамдар аны жиндиканадан качып чыккан го деген ойдо, дароо тез жардам чакыртышат. Эч нерсе оюнда жок суу ичип отурган Еленаны доктурлар бейтапканага алып жөнөшкөн. Жолду катар кыйкырып-өкүргөнүнөн пайда чыкпаган Елена актриса экенин, ич кийимчен сыртка чыгып алганын жай айтып түшүндүрсө доктурлар анын "табышкерлигине" каткырып күлүшкөн. Өзү эч кандай айла таба албагандан соң, режиссёрго телефон чалып, аны чакырган. Иштин жайын түшүнүшкөн доктурлар бир топко чейин кыраан-каткы болушуп, Еленадан кат-кат кечирим сурап узатышкан.

Анжелина
Вольская (Лида)
Киного тартылганга чейин Анжелина үй кожойкеси болчу. "Эки тагдыр" анын биринчи ролу. Лиданын образын жаратыш үчүн ал сегиз килограммга толууга туура келген. Анткени, ошол учурда толук айымдар мода болчу экен. Күнүгө эртең менен сьемкага келгенде Валерий Усков - "Тамак жедиңби? Канча тамак жедиң?" деген "дежур" суроолору менен тажаткан. Киного тартылууга эч кандай тажрыйбасы жок болгондуктан, биринчи учурда аябай эле кыйын болгон. Ошого жараша да режиссёрлор Анжелинанын абалын салмактап көрүшүп, жөнөкөй айылдык кыздын ролун ыйгарышкан. Алгач Анжелина Надянын образын жаратууга аракет кылган, бирок, бардык жагынан төп келген "спортсменка, комсомолкага" караганда, айылдык кыздын ролу жакшы жарашаарына көзү жеткенден кийин гана Лидага токтолгон.
Терс каармандын ролун эң мыкты жараткан Анжелина Вольская чыныгы жашоосунда андай эмес. Тескерисинче мүнөзү токтоо экен. "Эгерде адамдын кыялына жараша роль беришсе, анда мага бул Лиданын образы такыр тиймек эмес" -дейт Анжелина. Кандай адамдын образын жаратпасын Анжелина киного тартылганына сүйүнөт. Анткени аны көчөдөн таанышып, жанына келип "Верага караганда Лида сонун болчу" -деп пикирин билдиргендер чекесинен табылат.

Александр Мохов (Иван Кузмич)
"Эки тагдыр" киносу менен бирге Александр Мохов ошол эле учурда башка тасмага да тартылып жаткан. Ал киного тартылып жатканда чачын алдырып салат. Ал эми "Эки тагдырга" тартылаарда алгач жаш кезинде сары түстөгү парик, улгайганда ак түстөгү парик кийгенге аргасыз болот. Сьемка жай мезгилинде болгон маалда башы тердеп парикти алып салып, дубль тартылып жатканда ошол паригинин айынан режиссёр менен жаман-жакшы айтышкан кездери өтө көп болгон. Ошентсе да Александр Мохов дал ушул кинонун арты менен атагы алыска таанылганын баса белгилейт.

Дмитрий Щербин (Степан)
Кинонун башынан аягына чейин жаш жигиттен баштап, чоң атанын ролуна чейин аткарган Дмитрий Шербиндин өз аты өчүп, аны дос-туугандары, тааныштары ал тургай көчөдөн көргөн күйөрмандары аны Степан деп атап калышкан. Андан күйөрмандары кол тамга сурашкан учурлары өтө сейрек кездешет.
Актёр киного тартылып жатканда кээ бир эпизоддорду жаратуу ага оңбогондой кыйынчылыктарды туудурган. Боюнун узундугу бир жерден пайдасын тийгизсе, бир жерден зыянын тийгизген. Ага карабай Елена Семенова менен бир тасмага тартылуу ага укмуштуудай рахат тартуулаган экен.

Даярдаган
Анара Дүйшөналиева










??.??