Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Шумдугуң кур

Өзгөчө көрүнүштөр
Жыгачтан жасалган велосипед

Чоң кишинин ал тургай анча-мынча окумуштуунун акылы жетпеген нерсени 16 жаштагы өспүрүм жасай алды. Тагыраак айтканда ал жалаң жыгачтан, эч кандай темир колдонбостон бир гана клей менен бириктирип велосипед жасаган. Өзүнүн эмгеги тууралуу ал төмөндөгүдөй маалымат берет. "Алгач жасаган ишим жакшы натыйжа берээрине деле көзүм жеткен эмес, болгону майда кошулган жерлери бир аз башты оорутуп ойлондуруп, машакат жаратканы болбосо калганын бат эле бүттүм"-дейт Марко Фацциола. Белгилей кетчү көрүнүш, бул велосипедди жасоого жарым жылдык убактысы кеткен. Эми алты ай бою сарптаган мээнетинин акыбети кайтып, өспүрүм Гиннестер китебине кирип, жалпы журтчулукка таанылып отурат.

Дүйнө жүзүндөгү эң чоң көр

Адамдардан айла качып кутулбасы ыраспы же адамдар ашынып өтө эле чектен чыгып баратышканбы? Айтор дагы бир таң калыштуу жаратууну Украинадан кездештиришкен. Узундугу 20 метр, туурасы 6 метр, бийиктиги 6 метрде турган көрдүн формасындагы тамактануучу жай ачылат. Мындай идеянын негиздөөчүсү Степан Пиряниктин билдирүүсүндө буга таңкалыштын деле кереги жок. Бул тамактануучу жай аталышына жараша жасалгаланып, тамактар да "тогуз күндүк", "кырк күндүк" болуп бөлүнөт. Ушунун баарына ылайыкталып официанттар башкача кийим кийишет. Баш-аягы бул тамактануучу жайды курганга 30 куб. метр жыгач сарпталган. Мындай жайга кандай адамдар даап кирип тамак ичишет, азырынча белгисиз.

Балыкчынын "алтын" балыгы

Таиланддын балыкчылары кезектеги балык уулоого барышып, бул жолу аябай олжолуу кайтышкан. Салмагы 120 килограммдан ашкан балык алардын кайырмагына оңой эле илингени менен аны суудан алып чыгыш азапка турган. Бир жаш торопойдун салмагындай салмакты ээлеген бул балыкты сатып алгысы келгендердин саны өтө арбын болгон. Бирок, жыртык тепшини кучактап калгысы келбеген балыкчылар аны дароо Гиннес китебине киргизүүнүн чарасын көрүшүптүр. Белгилей кетсек Гиннес китебине балыкчылардын ийгилиги алгачкы жолу катталды, бирок акыркы жолу эместир…

Эң семиз мышык

Гиннес китебине киргизилген жер жүзүндөгү эң чоң, семиз мышык Данияда жашайт. Болгону алты жашка жаңы чыкса да салмагы 23 килограммдан ашат. Куйругунун учунан баштап мурдуна чейин ченегенде анын денесинин узундугу 69 сантиметр болсо, белинин жоондугу 70 сантиметр, ал эми муруту-15 сантиметрге чейин жетет. Кэти (мышыктын аты) бул жашоодо тамактан башкага кызыгуусун жоготкон экен. Ал эми чычкан кармаш керек деген "кызматы"анын оюна эмес түшүнө да кирбейт. Курсагын тойгузуп алып ал керээлден кечке оролуп уктайт. Үйгө келген бирөө-жарым аны атайын жумшак бут койгуч деп ойлошот экен.
Чычкан кармоого анын эч кандай жөндөмү жок болгондуктан, ага маал-маалы менен тамак берип турууга туура келет. Бирок, жакынкы арада Кэти мындай жыргал жашоосу менен коштошот. Себеби мышыктын ээлери аны ветеринардын берген кеңешинен улам арыктатуучу курстарга алып барышат. Биринчи эле кезекте Кэтиге коллориясы аз (дээрлик жокко эсе) тамактар берилет.

Корзина формасындагы имарат

Мындай формадагы имаратты атасы менен кызы биргеликте салышкан. Алгач Колифорниядагы бул имаратты куруп баштаган Дейв мурда өтө жарды жашап, корзина токуп күн кечирип келишкен. Жан бакканга жардам берген жалгыз ушул эмгеги болгондуктан Дейвдин кызы менен аялы корзина токуп аны кыдырып сатчу экен. Бара-бара байып, Дейв мына мындай имарат курганга жетишкен. Ал корзинанын формасындагы имараттын бир нечесин курууну максат кылган, тилекке каршы ал көз жумгандан кийин анын кызы ушул атасынын мурасы менен эле чектелип, анын тилегин орундаткан эмес.




Таң калыштуу эстелик

Адам баласынын оюна эмне гана шумдуктуу ойлор келбейт.Төмөндөгү эстеликти медик болуп иштеген Гай аттуу киши орноткон, албетте бул эстеликти жасап жатканда анын да айкын, так максаты болгон. Тагыраак айтканда ал боюнан күнөөсүз наристелерди алдырып жаткан жаш кыздардын энелик сезимин ойготууну көздөгөн. Ал баардык кыздарды мындай оор, одоно ката кылуудан сактап кала албасам да кандайдыр бир деңгээлде аларга туура жолго багыт бере алам деген ойдо болгон экен.










??.??