Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Сезим сыры

Достун кыянаттыгы
Билгенге дос - ишеним сересиндеги чексиздиктин төркүнү. Ал көөдөн түпкүрүндө катылган таптаза шүүдүрүм тамчыдай сакталса, капсалаңдуу караңгыда шоолаланган жол болот эмеспи. Ал эми дос кадырын билбеген, өз пайдасын гана көздөгөн адам үчүн жөн гана куру сөз тура. Ошон үчүн "достун түбү доо" деп айтылса керек. Жан досума ишенип анын кыянаттыгынан алгачкы махабатымдан айрылганым аз келгенсип бактымдан таярда чындык сөз айтылбаганда, жашоом кандай болоорун элестетүү кыйын эле...
Курбулардын ажырымы
Алгач баардыгы жакшы, ойдогудай болчу. Нурсен менен Салкындын жашоолору мактанаарлык болбосо да эл катары турушчу. Жаңыдан баш кошкон түгөйлөр көпчүлүккө арзышып жүрүп жеткендей сезилээр эле. Баш айланган махабат отунда Нурсен, Салкынды сүйүп тандагандай болгон. Алгач таанышканда эле Салкындын шайыр мүнөзү, тамашакөйлүгү жагып калган. Анын таттуу сөзүнөн Нурсендин көзүн карап келген Салкындын курбусу Жыпараны да унутуп койду.
Кыйышпас курбулардын ортосуна от жаккан сымбаттуу жигит Нурсен болду. Кареги менен тең айланган Салкынга Нурсен ансайын арбалып баратты. Арадан аз убакыт өтпөй эле Салкын үлпөт тууралуу Нурсенге ачык эле оюн айтты.
- Нурсен...
- Кулагым сенде...
- Экөөбүз качан той үлпөтүн курабыз?
Салкындын чечкиндүү үнүнө Нурсен каршы чыга албады. Уяң мүнөздүү Жыпарага караганда Салкын алда канча чечкиндүү болчу. "Албетте, үлпөт тууралуу мен да ойлонуп, сага айтсамбы деп жүргөм..."
Бул сөз эркинен сырткары чыгып кеттиби, өзү да сезбей калды. Бирок, көөдөнүндө Жыпарага болгон арзуусу жоопсуз катылып кала берди...

Ортодогу муздактык
Сырттан кирип келген эжесине Нуржамал:
- Жыпар эже, курбуңуз күйөөгө чыгыптыр го.
- Ким?
- Салкын.
- Жыпара муну угаары менен саамга ойлоно калды. "Мага эмне үчүн айтпады", менден сырын жашырчу эмес эле. Ушинтип ойлогон сайын шаштысы кетти. Ичи быша:
- Кимге чыгыптыр?
- Коңшулаш айылдагы Нурсен байкеге чыгыптыр. Жыпара үн катпай ички бөлмөгө кирип, терезеге жөлөнүп кусалуу карагаттай көздөрүнө жаш толо, иреңи жыгачтай кубарып, Нурсендин Жыпарага арнаган жылуу сөздөрү кулагына жаңыра, колдору калтырай олтуруп калды. Ичинен күбүрөнө:
- Кантип эле, кантип жан күйгөн курбум ушуну кылсын...
Ырас, Жыпаранын баш катырганынча бар эле. Артынан көлөкөдөй ээрчиген жердеши Нурсендин бал тилине ишенген. Ал экөө жайкы эс алууга да чогуу келишкен. Кыйышпас курбусу Салкын да айылга эс алууга келген. Курбусуна Нурсен тууралуу айтканда:
- Мага эмнеге айтпай жүрдүң? - деп таарына кеткеничи. Курбусунан талап кыла:
- Нурсен менен мени тааныштырасың дегенине да макул болгон. Кийинки күндөрү күн сайын Нурсен келээр алдында кулпура жасанып келип жүргөнүн эстеди. Курбусуна кымындай арамза ою жогун эстеп көзүнөн жашы кулап жатты. Бөлмөсүнө батпай сыртка чыкты. Түктөйгөн иңирдеги бакты көздөй ийиндери солкулдап, башы улам салмактана шылкыйып баратты. Шылдырап аккан сууну бойлой өскөн туташ бактар да Жыпарага караңгыда кунарсыз көрүндү...
Ошентип, Салкын менен Нурсен бирге жашап калды. Нурсен күндөн-күнгө өзгөрүлүп баратканын колуктусу алгачкы эле күндөрү байкаган. Болор-болбос бир шылтоону айтып үйгө келүүдөн каччу адат тапкан. Ар бир экинчи сөзү Жыпара эле. Салкын акыры чыдабай:
- Анда Жыпараны албай, мени эмнеге алдың? -деди, ичиндеги бурганактаган жинин сыртка чыгара чаңырып. Албууттанып кармана албай:
- Мен сени билем, эмнеге үйгө келгиң келбей жүргөнүңдү. Жыпараны алганда эле бактылуу болуп жашап кетет элең. Долулана кыйкырган Салкынды жакадан алган Нурсен:
- Ушунчалык жаңылышат белем... Эмнеге сени тандаганыма өзүм да таңмын? Ортобузда жылыбас муздактык болоорун кайдан билдим!.. - деп Салкынды өзүнөн ары түртө салып, сыртка чыгып кетти.
Ураган бакыт же кыянаттык
Ушундай көңүл муздак күндөрдүн биринде Салкын менен Нурсен уулду болду. Ымыркайдын деми жылытат деген ишеними жүзөгө ашпады. Жыпаранын турмушка чыкканын уккандан тарта Нурсен түнт тарта ачуу сууга ооп баратты. Күйөөсүнүн сезимин ээлей албаганын ачык эле сезет эле. Окуусун да таштап коюп аракка ынтаасын койгон Нурсенди көргөн сайын түтпөй да кетчү. Ошол эле учурда ага болгон жек көрүүсү күчөп чыкчу.
Окуусун улантууга Салкын менен Нурсен уулун кайненесине калтырып, шаарга келишкен. Алгачкы күндөрү жалгыз эригип жүрүп окуу жайдын ашканасында тамактанып олтурган бир убактагы курбусу Жыпара менен анын жолдошун көрүп жанына барды:
- Кандайсың досум! - деди эч нерсе болбогондой. Курбусу Салкынды көргөн көзүнө ишене бербегендей таң калып, чайга чакырды. Эки жыл илгерки карасанатай курбусунун жоругун унутууга тырышса да ичтеги кек көөдөнүнүн түпкүрүндө буулугуп сыртка чыкпай турду. Салкын өткөндү унуткандай жакшы маанайда, Жыпара менен аяшын конокко дарегин айтып чакырды. Ар кайсыл шылтоону айтса да Салкын улам өтүнүп туруп алганынан, жолдошу экөө анын сөзүнө каршы боло алышпады.
Конокторду Салкын жалгыз тосуп алды. Жыпара күткөндөй Нурсен үйүндө жок болуп чыкты. Оюнда, Нурсен атайын кетип калган го деп жоромолдоду. Конокторго түрдөп тамак жасагандыктан түн бир оокумуна чейин олтурушуп, Салкындын өтүнүчү менен түнөп калышкан. Ичтеги арам ою эч качан калбайт белем, Жыпарага атайын төшөктү Нурсен жатчу бир орундук диванга салып, анын күйөөсүнө башка бөлмөгө салып берген. Салкын менен Нурсендин бир үйдө жашагандары эле болбосо жатак орундуктары бөлөк болчу. Ичкиликке ооп кеткен Нурсен, түн жарымында мас болуп келип, ордуна башка бирөөнүн жатканын көрдү. Көпкө таңыркай карап Жыпара экенине ишене албай турду. Дивандын бир капталында олтуруп, бир убактагы асыл бийкечинин саамайына сылап, арман толгон санаада олтуруп, уктап кеткен...
Жыпара терезеден төгүлгөн таза абанын жупжумшак эрке желинен ордунан тура жанында жаткан Нурсенди көрүп чочуп кетти. Терезе капкагын ачып терс бурулуп турган жолдошу Илгизди көрүп, эмне болуп кеткенин түшүнө бербей, ордунда селейе катты.
- Илгиз терезени экинчи капкагын да аңырайта ачып таштады эле, арак жыты сиңген үйгө таңдын сергек салкын абасы төгүлдү. Бул учурда Нурсен да ордунан турду. Кирип келген Салкын көнгөн адатынча чаңкылдап кирди. Бөрү карыса бир койлук алы бар белем, Нурсен башы жарылып кетчүдөй ооруп турса да, өткөн катачылыгы менен Салкындын долулук жайын ачык айтып, Жыпаранын күнөөсүз экенин далилдеп жатты.
Жылуу сөзгө ийиккен Илгиз, Жыпаранын жанындагы бош орундукка келип олтурду. Ушул учурда Нурсендин көзүнө Илгиздин көзү чагылыша түштү. Анын көз жашы бетинен ылдый сызылып куюлуп жаткан экен... Ал Жыпараны жалдырай тиктеп, анан Салкынды жек көрө тиктеди. Салкын патносун кармаган боюнча туруп калды. Илгиз Нурсен менен Салкынга карап:
- Конок күткөнүңөргө ырахмат! Бүгүн жолго чыгышыбыз керек, биз баралы. Жашооңорду жайынча уланткыла! - деди. Салкын улагада өзүн күнөөлүдөй сезип шылкыйып кала берди...

Даярдаган Чынара Абдраева




- Гм-мм. Андан башкага арналган тагдырды… көргөнүм жок.
Арбактар иштейт. Алар жанымда турганда менин жаңылышым сейрек болот. Алар жардам берип турганда, менин адамдын оюн окуганга мүмкүнчүлүгүм болот. Ошондуктан экинчи мындай жерге барсаңыз, терс ойду ойлобогонго аракеттениңиз, - деп дооматын айтты. Эми анын сөзүнө ишенээримди же ишенбесимди билбей калдым. Ишенбейин десем менин мындагы ойлогон оюман бери айтып жаткандай, ишенейин десем менин тагдырым эле кантип ошондой болсун деген бүдөмүк санаа алдыны тосот. Азыр "көзү ачыктар" көп го, анда андай-мындай табып, бакшылар болгону менен минтип адамдын тагдырын лөлүлөрдөн башка эч ким айтчу эмес. Алар бирдемелерди кобурай коюп эле, келе акча дегендеринен улам, карапайым калк арасында ишеним аз эле. Анын үстүнө мектеп партасынан тартып мындайга ишенбөөгө тарбиялангандыктан, андайларды көңүлгө алган эч ким жок болчу. Ошол себептен болсо керек, укканымды көңүлүмө түйүп гана тим болдум. Качан сүйлөшүүбүз бүтүп сыртка чыга бергенимде:
- Мен Бахидге турмушка чыгамынбы?-деп сурап, кайра бир тактап койгум келди.
- Гм-мм. Андан башкага арналган тагдырды… көргөнүм жок.
- Аял дагы сага эмне керек дегендей так кесе жооп берди. Бирок эмнегедир мендеги мындай нерсени жактырбаганы сезилди. Эмне себептен Бахиддин мында алып келгенине акылым жете бербеди. Ал тургай ушул кезге чейин толук түшүнбөйм. Менин тагдырымда анын өзүнөн башка эч ким жок экендигин далилдеп коюуга умтулганы мага жакпады. Мүмкүн экөө сүйлөшүп алып мени алдап жаткандыр деген ой да көңүлүмөн кетпеди.
Сыртка чыксам, Бахид бакка жөлөнүп, оозун күбүрөтүп, өзүнчө бирдеме деп акырын кобурап жаткандай көрүндү. Азыр ойлосом, көрсө ошондо ал сыйкырдуу дубалардын бирин окуп жаткан тура. Менин келгенимди көрүп турса да, ал дубасын токтотпой эч нерсе көрбөгөндөй нес боюнча тура берди. Анын кареги бозоруп мына жыгылчудай болуп калган экен. Аны көрүп өзүм коркуп кеттим. Түрткүлөп-түрткүлөп:
- Эй Бахид, сага эмне болду? - деп кыйкырып жибердим. Ал кулап түшүп кала электе эртерээк "скорый" чакырыш керек деген ой эсиме келди. Эки жактан карасам, телефон будка эмес, жардам берер киши көрүнбөйт. Эмне кылаарымды билбей башым маң боло түштү.
Менин үнүм кандайдыр бир жардам берди окшойт. Бахид тездик менен өзүнө келди. Ал көзүн ирмеп-ирмеп жатканда анын көкүрөгү кадим катуу чуркап чарчап келген кишидей демигип, эриндери көгөрүп чыкты. Чекесинен сызылып чыккан муздак тер анын жаны катуу кыйналып турганы далилдеп, баятан катуу нааразы болгон менин таарынычымды жууп кетти көрүнөт. Аны эмнеге мынчалык аяп турганымды өзүм да түшүнбөдүм.
- Сага эмне болду, Бахид? -дедим анын чекесинен куюлган терин сүртүп. Ал менин колумдун үстүнө өз колун коюп, анан катуу үшкүрүнүп алды да:
- Сен мени абдан катуу кыйнай турган болдуң го. Өмүрүмдө аялзатына мынчалык багынам деген ой түшүмө кирген эмес. Эми минтип сенин карааныңа байланып отурам-деп акырын кобуранды. Андан эч качан мындай сөздү укпаган мага кызыктай сезим келди. Өзүмө-өзүм түшүнө албай бараттым. Эмнегедир анын кучагына кирип эркелөө сезими жаралды. Баарын байкаган Бахид эмнегедир мендеги ушул сезимди этибар албагандай, кадамын жай таштап, ойго чөмүлгөн бойдон кадамын санагандай болуп баратты.
Cаал мурдараак пайда болгон сезим акырындап пастап, акыл-эсим өзүмө келген сайын кандайдыр бир өкүнүчтүү сезим аралады. Эркектер эч качан бизге түшүнбөйт окшойт, болбосо кыз өзү каалап турганда эркелетип албайбы деген чоочун ой башыма кылт этти, кайра андай кыялданып жибергениме өзүм уялдым. Ал сезимди кубалаганга аракеттендим, бирок айланып - тегеренип эле кайрадан көңүл чордонун ээлейт. Бахид эгерде ушул учурду пайдаланып калган болсо, ал менин мүмкүнчүлүктөн пайдаланган жок, аракет да кылбады.
- Эмне үчүн сен мени мында ээрчитип келдиң? - Мен бул суроону Бахидди токтотуп туруп сурадым. Ал айтчу оюн көпкө ойлонду да:
- Мага ишенбей жатпайсыңбы, өз тагдырыңды тиги балчыдан билип алсын деп ойлогом. - Анын күнөөлүү кишидей жер тиктегени чынында мага жага бербеди, ачуум мурдумдун учуна чыкты. Минтип кайдагы бирөөгө алып келбей эле мен сени жактырып калгам, ошондон улам ушинтип кыйналып жүрөбүз экөөбүз, десе кыйла таасирдүүрөөк болмок деп эсептейм. Баятан жаадырап турган кабагым бүркөлүп:
- Мен мындай нерсеге ишенбейм, таптакыр ишенгим да келбейт. Мына, философиядан деле окутуп жатпайбы, личносттун коомдогу ордун. Адам кааласа баарын өзгөртөт, ай-ааламды багындырып жаткан адам кантип өз тагдырын өзгөртө албасын!- Азыр биз окуган окуунун көпчүлүгү тескери экенин ойлоп, андагы ушул сөздөрүм кулагыма жаңырган сайын өзүм уялып кетем. Анда көзгө көрүнбөгөн,а кыл менен гана таанылган ушундай дүйнө бар экенин кайдан билиптирмин.
- Бахид, киного кирбейлиби? Эмнеге мени жок дегенде киного чакырбайсың? - дедим таарыныч катары. Мындай суроону күтпөсө керек, ал ыңгайсызданып, башын кашып бир топко ойлонду да:
-Сен кааласаң көрүп чык, бирок мага кино көргөнгө болбойт. Мен сени кино бүткүчө күтүп турам,- деп күнөөлүү кишидей жалооруп карады. Кызык, мен өзүм жалгыз кирип кантип кино көрмөк элем, аны тышка күттүрүп коюп.
- Сен таптакыр кино көрбөйсүңбү?- Бул мага кызыктай көрүндү. Ал жер тиктеди да:
- Мага кино көргөнгө болбойт, - деди ал акырын шыбыраган үн менен. Бул сөздөрүн эч кимге угузбаганга аракеттенди окшойт, эки жагын каранып алды. Чынында айтканын менден башка эч ким деле уккан жок. Бүгүнкү реалдуулукка карай анын мындай мамилеси мени абдан таң калтырды. Эмне үчүн? Ушул суроо мага көп нерсенин түйүнүн чечип берчүдөй көрүндү.
- Эмне үчүн сага кино көргөнгө болбойт? - Мындай жанында турган адамды билүүгө карата кызыкчылык ар бир кызда эле болушу мүмкүн, бирок менде андай касиет ашыкча берилген деп эсептейм.
- Кинотеатрга кирип бир жолу отуруп көрүп кетсең эмне болмок эле? - деп жана дагы бир нече суроо берүүгө үлгүрдүм, ал бир ооз сөз сүйлөгүчө. Ал менин суроолорумдун бирине да так жооп берген жок, башын жерге салып келаткан боюнча бир маалда гана өзүндө катылып жаткан сырды ачыкка чыгаргандай:
- Мага кино эле эмес, циркке да барууга болбойт. Мен мындай турмушка көнүп калгам,- деди көнүмүш болгон акырын үнү менен. Кыздыкына же эркектикине окшошпогон ушул үндү укканда кадимкидей куйкам куруша түшөт. Анын үнү таптакыр элден айырмалап, атүгүл анын эркек же кыз экендигинен шек санатып тураар эле. Акылга сыйбаган ушундай аракетин көргөндө айрым учурда адам экендигинен да шекшип кетчүмүн.
- Эмнеге сага баары болбойт?










??.??