Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ат жалында алты ооз сөз…

Азимбек Бекназаров:
"Ишенбай Кадырбековго кошуп, мени да олтургузушу мүмкүн…"
- Азимбек мырза, азыркы саясаттан сиз эмнени күтөсүз?
- "Он жылдан ашык мөөнөт ичинде Кыргызстан өз жолубузду тапсак, бир үйбүлөгө сыйынбаган, эркин мамлекет болсок экен" деген жакшы тилекти он беш жылдан бери күтүп жүрөбүз.
Биз жүргүзүп жаткан, биз күрөшүп жаткан саясаттан мен ошону гана күтөм.
- 24-марттагы Элдик революцияны уюштурууда сиздин ролуңуз да абдан чоң болгон. Тилекке каршы, анын баары унутта калгандай?..
- Тарых бар, мезгил бар. Эртедир- кечтир баардыгы өз-өз ордуна келээри чын. Революциядагы менин ордумду тарых өзү тастыктайт. Андагы менин ролумду "Жокко чыгарабыз, жок кылабыз" деп аракет кылгандары менен баары бир ачуу чындык кала берет.
Мына, бир топ чыгармалар да жарык көрүп кетти. "Революцияны мен кылганмын!" деп төшүн каккандардын саны арбыды. Бирок, баам салып, карап көрсөңөр. Үч жылдын ичинде алардыкы кандай кылса да, "жабышпай" жатат. Анткени, акыйкаттан эч ким аттап өтө албайт.
- Азыркы тапта сиз Ишенбай Кадырбековдун укугун коргоп жаткан экенсиз. Буга эмне түртү болду?
- И. Кадырбеков менен он жыл убакыттан бери саясий өнөктөштөрдөн болуп келебиз. Күрөшүбүз бир. Депутат болуп жүргөндө "Кыргызстан депутаттык" тобунда бир группада жүрдүк. Экөөбүздү көп саясий окуялар, тарыхый баскычтар бириктирип турат.
Экинчиден, биздин тагдыр да окшош десем болот. Убагында мен түрмөдө жатканда Ишенбай Кадырбеков "Кыргызстан депутаттык" тобунун башчысы катары парламентте мени активдүү коргоп чыккан.
Соттук ишке адвокат болуп биринчи ирет катышып олтурам. Негизи бул менин адамгерчилик позициям деп ойлойм.
Кадырбеков камакта болуп, мен сыртта жүрсөм да саясий күрөшүбүз бир. Эртең И. Кадырбековго кошуп, мени деле олтургузуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, биз бир топ болуп, бири-бирибизди колдоп келе жатабыз.
- Дал ушул И. Кадырбековдун иши боюнча акыйкат, калыс чечим чыгат деп ишенесизби?
- Ишенем. Убакыт келет. Сөзсүз адилет чечим чыгат.
- Баш прокурор болуп турган учуруңузда "Коррупционерлердин куйругун кайрый баштаганда чоочуп кетишип, ээрден шыпырышкан" деген да сөздөр болгон…
- Чынында мен анда коррупцияга каршы катуу күрөшүп баштадым. Кубатбек Байболов айткандай жападан-жалгыз чыктым. Тилекке каршы, күчүм жеткен жок. Алар мени баш прокурорлук кызматымдан ыргыта чабышты. Генералдык прокурорду, мамлекеттик чоң чиновникти жоопко тартылган кылмышкерлер, коррупционерлер ээрден шыпырып түшүп, эки ак боз бээ союшуп, жогорку жактан майрамдашкан. Мына, ушунун өзү биздин мамлекет канчалык деңгээлде коррупциялашып кеткендигинен кабар берет.
Мени ыргыта чапкан адамдардын баардыгы бүгүн Кыргызстанды башкарып жатышат…
Ушинтип Акаевдин заманынан да өткөн, коррупцияланган, мафияланган мамлекетке айландык да калдык.
Ошондуктан, азыр биздин революциялык кыймыл өзүбүздүн ишибизди, позициябызды дале улантып жатабыз.
- Кандай болбосун, баштапкы позицияңыздан жанбасаңыз керек же жалтайлоо болобу?
- Позициямда туруктуу эле келе жатам. Ошол дагы чоң кемчилик экен. Жакын досторго, туугандарга, үйбүлөгө, бала-чакага зыяным гана тийип келе жатат. Ушул гана өкүндүрөт. Бирок, антсе да өзүмдүн көз карашымдан жанганым жок. Жалгыз калсам да, бардык саясий өнөктөштөрүм кетип калышса да менин күрөшкөнүм күрөшкөн.
Анткени, мен саясатка дал ушундай туруктуу көз караш менен аттанганмын.
Ырас, саясатта жүрөсүңбү, демек жеке кызыкчылык эмес, элдин эртеңин, келечегин ойлоп, аны өзгөртүүгө аракет кылуу зарыл деп эсептейм.
- Достукка бекемсизби? Тырмакчадагы "досторуңузга" кандай мамиледесиз?
- Тырмакчадагы "досторум" мен кызматта турганда пайда боло калышат, кызматтан түшсөм ошол бойдон жок болот. Кайра кызматка келсем, "жалт" этип көрүнүп калат.
Жеке өзүмдү айтсам, мен өзүм достукка туруктуу элемин. Ишенимдүү достор менен бийликке келемби, келбеймби, ач каламбы же ток жүрөмбү, кыскасы, ар дайым жамандык-жакшылыкта бирге болуп, алакабызды үзбөй келебиз. Менимче, алар мени "чанса" да мен аларды "чанбаймын".

Собол салган
Н. Сагынбаева




 

Мадумаров мандатын тапшырды
Көптөн бери дайыны билинбей кеткен экс-спикер Адахан Мадумаров 29-августта мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арызын берген. Анын арызын карап чыгып, канааттандырган соң 1-сентябрь күнү анын ордуна "Ак Жол" партиясынын тизмесинде 76-орунда турган Жолдошбек Жакыповду Жогорку Кеңешке депутат кылып каттады. Ал эми Мадумаров азырынча өзүнүн позициясын ачык айта элек. Эми Мадумаров мырза кайсы жээкке өтөөрүн азыркы коомчулук аңдып жаткан учуру.
Ошол эле учурда 2-сентябрдан тартып Жогорку Кеңеш өз ишин баштамакчы. Бул күнү депутаттар бир айлык күн тартибин бекитүүсү күтүлүүдө. Өткөн жылы 16-декабрда шайланган Жогорку Кеңеш 1-сессиясында 29 жыйналыш өткөрүп, анда социалдык-экономикалык маселелерге байланыштуу 214 мыйзам жана 582 токтом кабыл алган. Мындан тышкары 14 парламенттик угуу, 3 өкмөттүк саат өткөрүлгөн.

Мектептер эшигин ачты
Маалыматтарга караганда 2008-2009-жылы билим берүү тармагында жалпы билим берүүчү 2111 орто мектептерде 1 млн.124 миң 883 окуучу билим алат. Быйыл 96 миң 397 жаш жеткинчектер биринчи класстын эшигин аттады. Ал эми өкмөттүн маалыматы боюнча быйылкы жаңы окуу жылына карата 3619 мугалим жетишпейт. Өкмөт жыл сайын 60 мектеп курулаарын билдирүүдө. Ал эми Ош облусунда 8 жаңы мектеп курулууда.

Коомдук парламент жыйын өткөрөт
Анда өлкөдөгү кырдаал талкууга алынуу менен жалпы улуттук курултай чакыруу маселеси да көтөрүлөт. 15-сентябрга белгиленген Коомдук парламенттин отурумунда жалпы улуттук курултайды өткөрүүнүн күнү аныкталмакчы. Оппозициялык "Акыйкат үчүн" кыймыл ноябрь айында курултай өткөрүүнү караштырып жатканын августтун соңунда билдирген.

Олимпиадачыларды куттуктайт
Пекин Олимпиадасына катышып келген Кыргызстан спортчуларын куттуктоо иш чарасы Бишкекте президенттин катышуусу менен өтөт. Белгилүү болгондой Кыргызстандын эки спортчусу Пекин Олимпиадасында медалга ээ болгон эле. Грек-рим күрөшү боюнча Канатбек Бегалиев күмүш, ал эми Руслан Түмөнбаев коло медалды жеңип алышкан.

Күйдүргү Таласта да катталды
Бул дарт менен Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылынан 1966-жылы туулган Илгиз Молтоев райондук ооруканага жатса, эртеси ошол эле айылдын тургуну, 1984-жылы туулган Кубат Кожобеков ооруканага жеткирилген. Эки адам жылкы союшуп, айылдын тургундары менен бөлүшүп алышкан. Бул малдын эти элден мүмкүн болушунча кайра чогултулуп өрттөлгөн. Ал эми атайын лабораториядан азырынча бул оорууну тастыктай турган маалымат чыга элек. Жалпы Талас облусу боюнча мындай оору акыркы жолу 1980-жылы катталган.

Жарык кимдерге өчүрүлбөйт?
"Түндүкэлектро" ишканасы тараткан маалыматка ылайык сентябрь айында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү графигине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул иш-чара жаңы окуу жылы башталганына байланыштуу болууда. Ага ылайык бала бакчаларда, мектептерде жана башка окуу жайларда сабак мезгилинде электр энергиясы өчүрүлбөйт. Ал эми 1-категорияга кирген керектөөчүлөр: коргоо министрлиги, чегара кызматы, жаза өтөө жайлар, саламаттыкты сактоо, темиржол жана абакаттамдар тармагы, карылар жана балдар үйлөрү, элчиликтер үзгүлтүксүз жарык менен камсыз болушат. Ошондой эле оозду ачуу жана жабуу убагында 1-2 cаат аралыгында да жарык өчпөй турган болду




  Дүйнө дүбүрт

Орозодо ок атпайлы дешет
Пакистанда Ооганстан менен чектешкен аймактарда согуштук операциялар убактылуу токтоду. Талиптердин өкүлү кармашуулардын токтотулганын кубаттаган билдирүү жасады. Бирок өкмөт менен аскердик жетекчилик козголоңчулар кыянат иштери үчүн сөзсүз жазасын ала турганын эскертишти. АКШнын администрациясы Пакистандын уруулар жердеген аймагынан талиптер Ооганстанга ээн эркин кирип кол салып жатканын эскертип, Исламабаддын жетекчилигин бул жактагы ээнбаштыкты тыюуга чакырган болчу.

Кытайда жер силкинди
Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуан жана Юннан аймактарында күчү Рихтер өлчөмү боюнча 6,1 даражага жеткен зилзаладан набыт болгондордун саны 25ке жетти жана 100 миңден ашуун үй кыйрады. Синхуа маалымат агенттигинин кабарына ылайык, расмий Бээжин табигый кырсыктан жапа чеккендерге он миңдеген чатырлар, төшөнчүлөр жана азык-түлүк жеткирип, шашылыш жардам көрсөтүүдө.

АКШда "Густав" бороону коркутууда
Метеорологдордун болжолунда океанда түрүлгөн кыйраткыч шамал бүгүн АКШга жетет. Жаңы Орлеанда бир миллиондон ашык адам коопсуз жерге көчүрүлгөнү жөнүндө кабарлар келүүдө. "Густав" бороону республикачылар партиясынан президенттикке ат салышуучу талапкер Жон Маккейндин Сент Пол шаарына белгиленген шайлоо жыйынынын программасын кыскартууга аргасыз кылды. Минесота штатындагы Сент Пол шаарында республикачылдардын курултайында Жон Маккейн президентикке талапкер болуп расмий көрсөтүлөөрү күтүлүүдө.



  Кылмыш дүйнө

Жаш балдар уурулук кылып кармалышты
27-август күнү 1961-жылы туулган А.А. милицияга кайрылган. "Дордой " базарында анын контейнерин талкалап кетишкенин жана 175 000 сомдун тегерегиндеги товары жоголгонун кабарлаган. Бул иш боюнча тергөө жүргүзүшүп, 1988-жылы туулган ошол эле Дордой жаңы конушунун тургуну Осмонов А. К. жана 1992-жылкы Майрамбек уулу М. кармалышкан. Иштин жүрүшүндө булар менен эле катар Ивановка айылынын тургуну 1990-жылкы Нуркамил уулу Ч. менен Капаров А. да бул ишке шектүү деп кармалып, сурак берип жатышат. Заманың түлкү, бөрү болгон бул заманда эне сүтү оозунан кете элек жаш балдарыбыз кайда баратат, айтып болбойт.

Уруштун аягы өлүм менен аяктады
28-август күнү өзүнүн үйүнүн жанында 1976-жылкы Аламедин районуна караштуу Лебединовка айылынын тургуну Яицкий И. нин сөөгү табылган. Аламедин районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка күнөөлүү деп ошол айылдын тургуну 1973- жылы туулган Абакиров Б.Б. камалган. Көрсө экөөнүн ортосунан уруш чыгып, Абакиров маркумду бычак менен сайып салган. Буга байланыштуу иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Айдоочунун айынан каза тапты…
27-августта кечки саат 8 дер чамасында Жалал-Абад облусунун Ташкөмүр шаарында катуу ылдамдыкта келе жаткан айдоочу Анакеев Ш. 1928-жылы туулган Эргешпаев Ж. ны коюп кетип, ал адам ошол жерден эле көз жумган.
Ал эми 28-август күнү Ноокен районунда белгисиз машина айдаган, белгисиз айдоочу 1961-жылы туулган Дыйканбаев И. ни коюп кеткендиги маалым болгон. Дыйканбаев ошол жерден өмүрү менен кош айтышкан. Айдоочу кылмыш болгон жерден качып кетип,изин жашырууга аракет кылган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Адам өмүрүнүн кыйылышына себепкер болгон качкын айдоочу өз жазасын алат деген ишенимдебиз.

Ооруган малдын этин сатышып…
Өзгөн районундагы Ботомойнок айылынын тургундары Саликов К., Акматов Р., Бекиев Н. дер ылаңдаган уйду союшуп, малдын этин өзүлөрүнүн эле айылында жашаган Өмүрбеков К. га сатып жиберишкен. Ооруган малдын этин саткандар учурда райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жеткирилишкен, анткени алар "Сибир язвасы" менен оорушу толук мүмкүн. Өзүлөрүнүн пайдасы үчүн өзгөлөргө зыян алып келген адамдар колу менен жаcаганын мойну менен тартышаары анык.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева















??.??