Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж.





  Чачыла

Ак таңдайлар айтышы аяктады
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда эгемендүүлүккө карата өлкө башчыбыз Курманбек Салиевич Бакиев өзү акындардын айтышына көңүл бөлүп, байгеге 500 000 миң сом бөлгөнү көңүл кубантаарлык көрүнүш. Жылына бир ирет өткөрүлүүчү "Айтыш" өнөрүндө кыргыз-казак ак таңдай төкмө акындарыбыз беттешип, финалдык таймашта байгени алчулары алышып, көпчүлүктө четке сүрүлүп калчулары калып, калыстар тобунун чечими менен сөз өнөрүнүн чечендери иргелди.

28-августта Кыргыз Республикасынын төкмө акындарынын тандоо туру башталып, финалдык байгеге суурулуп чыккандары:
1. Жеңишбек Жумакадыр
2. Майра Керим кызы
3. Аалы Туткучев
4. Азамат Болгонбаевдер болду.
Ал эми казак төкмө акындарынан
1. Кайыртай уулу Рүстөм
2. Раисова Ханышай
3. Аслан Гафур
4. Галиев Сериктер болушту.
Финалдын биринчи жуптары болуп Азамат Болгонбаев менен Раисова Ханышайлар чыгышты. Финалга чейинки алым-сабактар да эске салынып, Ханышайга жооп иретинде Азамат, "майдалап шакек салбай билерик сал" деген кыйыр сөзүн түз өңүттө кабыл алдыбы айтор, "Махабат дастаны" тасмасын эске салып "Жаш кезде көрүнбөй кайда жүрдүң эле бото көз!" деп шаңшый ырдап чыкты. "Кыз берем деп жаткан жеңеме эми эмне болду" деген Азаматтын жообу менен берилген 20 мүнөт да соңуна келип жетти.
Экинчи жуптар Майра Керим кызы менен Аслан Гафуровдор таймашка чыгышты. Көп жылдан бери жорго тили тапталып калганбы, домбраны колго алган Майра эжекебиз жарымын кыргызча, жарымын казакча чалып Асланды сүрүп салды.
Үчүнчү жуптар Аалы Туткучев менен Галиев Серик атаандаштыкка чыгышып, сөз кезегин улуулата казак ырчысы баштап, атаандашын олтурганынан тарта сындап кирди, "Казак мактоону гана сүйөт" - деп куйкум сөзгө салды эле Серик олтурган орундугунан обдула калууга аргасыз болуп жатты. Табияттан ыроологон төкмөлүк сөз чебери болуу да кыйын белем, Серик да Чубак ырдаган ырдын обонуна салып "Элиңе келсем сыйлай жүр" деп жамактатып созолонтуп ырдап жиберди. Убакыт соңуна келип калганына карабай Аалы "Канча казак келсе да бир Чубакка тең келбес" деп жыйынтыктап чыкты.
Кыргыздын "автоматы аталган" Жеңишбек Жумакадыр менен казак боордоштордун чечени Кайыртай уулу Рүстөмдөр төртүнчү жуптар болушту. Казак боордоштор кыз суроо, күйөө бала кылуу жагына жакынбы Рүстөм кыз сурап сөз учугун кыйытты эле, Жеңишбек кыргыздын салтына салып мал-жандыктардан түгөл тогузду айтып Рүстөмдүн оозун ачырды. Эки күчтүү бириксе кызуу сүрөөн жүрөт белем, айтыштын нугунда Казактарга белекке берилген Кыргыз жери, көлдөрүнөн тарта баса белгиленип кызуу айтып соңуна чыкты. Төрт жуптан кийин калыстар тобу тарабынан бааланып, тандалып олтуруп Майра Керим кызы менен Кайыртай уулу Рүстөм жана Аалы Туткучев менен Раисова Ханышайлар экинчи турга чыгарылды. Майра Керим кызы бул жолу кыргыз комузу менен кол ойнотуп чыкты. Чукуса чыга берет белем Рүстөм Майранын кийген шөкүлөсүнөн тарта колуна көтөрүп чыккан комузуна чейин сындады эле Майра эжекебиз жүйөө сөз менен энеси кыргыз, өзү да кыргыздыгын баса белгилеп, Рүстөмгө тең тайлашкандай болду. Ханышай Аалы менен чыкканда калпыс айткан сөзүн кайтарып алгандай болду, Аалы энесиндей улуу аялды сыйладыбы териге түшкөн "жеңекесин энеке" деп алкап жылуу сөз менен айтышып жыйынтыктап чыгышты.
Калыстар тобу бир пикирге келгенче, филармониянын директору Керим Турапов сөз сүйлөп "Туулган жер" жана "Бишкегим" аттуу ырларын тартуулады. Андан ары Амантай Кутманалиев менен "Айтышка" кечигип келгендиги үчүн катыша албай калган Сапар аттуу жигит калыстар тобу жыйынтыктагыча көпчүлүккө арманын айтып калганга үлгүрүштү.
Көптөн күттүргөн жыйынтык сөз калыстар тобу тарабынан чыгарылып
Гран приге:
1. Майра Керим кызы
2. Рүстөм Кайыртай уулу татыктуу болуп 100 000 миң сом жана диплом мындан сырткары "Айтыш" фонду тарабынан каралган 20 000 сом акчага татыктуу болушту.
Ал эми биринчи орунга:
1. Аалы Туткучев
Раисова Ханышайлар 50 000 сом акча жана диплом менен сыйланышты.
Экинчи орунга көрсөтүлгөндөр:
1. Азамат Болгонбаев
3. Аслан Гафурлар 30 000 сом жана диплом менен сыйланышты.
Сынактын үчүнчү орунуна:
1. Жеңишбек Жумакадыр
2. Галиев Сериктер 20 000 миң сом жана диплом менен сыйланышты.
Төртүнчү орунга:
1. Айдаров Орозбек
2. Адилет Айтыкеев
3. Шаршенбаев Үмөтай
4. Бозоев Максат
5. Рахматулла Кудукеев
Амантай Кутманалиевдер тандалышып, 10 000 сом жана диплом менен сыйланышты. Мына ушинтип Актаңдайлардын айтышы биз күткөндөн да кызыктуу аягына чыгарылды.

Даярдаган Ч. Абдраева










??.??