Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шыр маек

Гүлзат Батырканова:
"Күлкүм кыстап, сахнадан чыгып кетүүгө аргасыз болгом…"
Ташкындаган таланты менен элдик ырларды ийине жеткире сыбызгыта ырдаган, улуу, кичүү муунга "Чагылган", "Айта көрбө", "Торгоюм", "Апам жана мен", "Өзүмө окшоштурам кызымды" аттуу ырларды аткаруу менен чыгармачылыктын сересине көтөрүлүп, өз күйөрмандарын таба алган ырчы айым Гүлзат Батырканова бүгүн бизде конокто.

- Алгач сөзүбүздү баёо курак бала кезиңизден баштасак, кай жерде өстүңүз, дегеле кичинекей кезиңизде кандай кыз элеңиз?
- Балалык күлгүн курагымды Токтогул шаарчасында өткөрдүм. Эсимде, мектеп босогосун 1980-жылы аттагам. Балалыктын ал күндөрү сөз менен жеткире алгыс, кайра артка кайтаргыс кызыктуу учур тура. Ак бантик тагынып, форма фартук кийген кипкичинекей кызды көз алдыма келтирем. Жаш кезде күлкүлүү учурлар көп эле болот эмеспи. Ошол балалык кез, биз үчүн кызык болгон жөпжөнөкөй мүнөттөрдү кайрый албаганың өкүнүчтүү. Тек гана элестер таптаза барак сымал көңүлүңдө, сезимиңде катылып калат экен. Эч нерсени билбеген мотурайган чагымда куулук-шумдугу жок күлкүчү кыз элем. 1990-жылы окуу жылын аяктап, Эстрадалык студияга тапшыргам. Ал жерден Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асек Жумабаевдин колунда тарбияландым.
- Ар бир адамга табияттан берилчү арзууга качан жолуктуңуз?
- Чыныгы махабат көөдөнүңдү ээлеп, жан дүйнө сересин тынч койбой уйгу-туйгулантып сен жактырган адамсыз жашоо кызыксыз болгон учурлар деле баштан өткөн. Маселен тээ балалык кезден тартууланчу ыйык арзуу сезимди шүүдүрүмдүн тамчысындай балалык сүйүү деп атоого болот. Андан кийин эс тартып калгандагы сүйүү, ойлобой коюуга мүмкүн болбогон сезимиңди жаралаган чыныгы сүйүү болуп эсептелинет. Ошон үчүн айтылып калса керек "сүйүүнүн күчү керемет" делип. Ар бир адам эртеби, кечпи сүйүүгө сөзсүз жолугат. Мен чыныгы табият берген арзууга жыйырма жашымда жолукканмын.
- Чыгармачыл адам ар качан аракетте болору шексиз, учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Туура айтасыз. Эмгектенебиз деп тыным албай жүргөнүм ырас. Учурда Филармонияда жана Коргоо министринин ыр-бий ансамблинде эмгектенем. Мындан сырткары чыгармачылыктын токтоп калууга болбогон түйшүгү менен алпурушуп эле жүрөм. Убакыттын өтүүсү менен жаңы ырларды жаздыруунун үстүнөн иштөө дегендей. Кандай ырлар экенин азыр айтпай турайын, ал күйөрмандарым үчүн сыр боло турсун.
- Аял үйдүн куту эмеспи үйдө кандай кожойкесиз?
- Бир уул, бир кыздын энесимин. Кызым жакшы ырдайт, бийлейт дегеле, чыгармачылык жагына жакын. Уулум болсо мындай өнөрдөн таптакыр алыс, кызыкпайт. Үйдө болсо, балдарымдын акыл-кеңешчиси болгон сыпаа энемин. Жумуштан келгенде өз колум менен балдарыма, жолдошума кадимкидей эле тамак жасап берген жароокер кожойкемин.
- Сиз жашаган сахнанын күнгөйү менен тескейи тууралуу айта кетсеңиз?
- Сахнанын да өзүнүн түйшүгү болот эмеспи. Кээде маанай чөкчү абалдар да болбой койбойт. Ошондой көңүл чөгүп турган учурларда да жаркын маанай менен сахнага чыгууга туура келет. Кээде күлкү келээрлик учурлар да болбой койбойт. Бир жолу Мурадил Сагыналиев экөөбүз сахнада кыз-жигиттин айтыш ырын ырдап жатканбыз. Ыр жарымынан өтүп калганда Мурадил адашып кетип текстинин сабын кызыктай алмаштырып ырдап жатпайбы, ошондо күлкүмдүн кыстаганын айтпа. Күлкүмдү токтото албай жатып сахнадан чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Дагы бир ирет Лира экөөбүз ырдап жатканбыз. Анда мен экинчи үн менен ырдап жатканмын. Бир убакта Лира эмне болду билбейм күлкүсү кыстап жатып ырды аяктабай чыгып кетип жатпайбы. Ырдын соңуна чейин экичи үн менен ырдап бүтүрүүгө аргасыз болдум.
- Сиздин чыгармачылыгыңызды Шахра эже колдоп-коштоп келет эмеспи, ыр-бийге шыктуу кызыңызга сиз да колдоо көрсөтөсүзбү?
- Ырас, апамдын көмөгүн эч качан жашыра албайм. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып ар качан колдоп, жол көрсөткөн кеңешчим десем болот. Өзүмдүн балдарымдын ырчы болуусун, каалабайм. Бирок, келечекте ким болушаарын өздөрү тандашат. Балким, менин каалабаганыма карабай эле ырчылык кесибин аркалайт. Мүмкүн, атасынын жолун жолдоп аскер адамы болот. Бул маселени убакыт өзү далилдейт.
- Жолдошуңуздун чыгармачылыгыңызга тоскоол болгон учурлары болобу?
- Жолдошум аскер адамы. Ал адам чыгармачылык чөйрөсүнөн алыс болгону менен менин чыгармачылыгыма жолтоо болбойт. Ал менин чыгармачылыгымды сыйлоо менен колдоо гана көрсөтөт.

Маектешкен
Чынара Абдраева




  Токтобек Асаналиев, ырчы:

"Ушак сөздөр мени чыйралтат"
- Акыркы убактарда ырчылар козу карындай жайнап кетпедиби. Билими бары, жогу деле сахнада ырдап жүрүшөт. Деги эле ырчыга музыкалык билим керекпи же муктаж эмеспи?
- Мен көп айтып келем. Ырчылар эки түргө бөлүнөт. Чоң упай менен алганда табигаттан берилген талант, экинчиси атайын билим алып, өзүнүн дараметин өстүрөт. Эгерде тубаса талант болсо, ал билимге деле карабайт. Өз жолун таап кетет деп ойлойм. Ал эми таланты жок, үнү жакшылары билимди болушунча алып көп издениши керек.
- А сиздин атайын музыкадан алган билимиңиз барбы?
- Филармониянын эки жылдык студиясын, Б.Бейшеналиева институтун, ошондой эле Улуттук конcерваторияны бүтүп, азыр ошол жакта мугалимдик кесипти аркалап, студенттерди тарбиялап жатам.
- Эң алгачкы сахнага чыккан күнүңүз эсиңизден чыкпаса керек?
- Малик Аликеев "Малик" болуп "Мөлмөлүм", "Арзыканды" ырдап жүргөн кезинде мен ал кишиге көп таасирлендим. Ал кезим мектептеги учурлар. Мен башка ырчылардан айырмаланып чоң сахнага Америкадан чыккам. Кайсыл жер болбосун сахна деген баары бир сахна да. Ырдап жаткан ырыңды эл сындап жаткандан кийин, сындан өтүш кыйын. Ырчыда чоң жоопкерчилик тураары айдан ачык.
- Ырчылык өнөрдү кесип катары алып жүрөсүзбү же кайсы бир күнү таштайм деген оюңуз барбы?
- Чоң атам өзү комуз чертпесе да, үйгө комузчуларды чогултуп, аларга колундагы малын союп, күүлөрүн угуп олтурчу. Мен да бала кезде комузчу болом дечүмүн. Өз атам менин комуз чертип калганыма ошондой эле Канат деген уулумдун комузда кол ойнотуп калганына сүйүнүп калат. 8 жашында Түркиядан Гран-прини жеңип келгени күтүлбөгөн ийгилик болду. Өзүм 6 жашымда комуз үйрөнүп, чоң комузчу болсом деген тилектерим аткарылып келаткандыктан, ырчылык бул менин кесибим деп айта алам.
- Чыгармачыл адамдар өнүп-өсүш үчүн ар тараптан демөөрчүлөр болуп турбаса, кыйын эле болот эмеспи. Анын сыңарындай сиздин талантыңызга дабаа болгон демөөрчүлөр барбы же чакан ишкана иштетесизби?
- Сиздер билбеген чакан бизнесим бар. Үйбүлөмө кенен жете тургандай. Эмне бизнес экенин айтпай эле коёюн. Андан сырткары чыгармачылыгымды колдоп, клиптериме жардам берип турган демөөрчүлөрүм бар. Алар өкүл атам, Эркин Шайдинов, жакын досум Нурбек Курбаналиев. Ушул адамдар менин айтканымды жок дебей ар убак жөлөк болуп келишет.
- Ырларыңызды кулак төшөп угушат. Бул да болсо сиздин ырларга болгон өзгөчө табитиңизден уламдыр?
- Жакшы суроо экен. Эгерде менин жүрөгүмдү ыйлата турган ыр болсо, сөзсүз аны иштеп чыгам. Той-топурга ырдалчу деле ырлар болушу мүмкүн. Бирок, ыр үчүн аракет кылып мээнет кетирип жаткандан кийин мыкты чыгармаларды жаздырыш керек. Колдон келишинче ырларды жүрөгүмдүн элегинен өткөргөнгө аракет кылам. Мен обончу, мен акын, мен аткаруучу дегенди туура эмес деп ойлойм. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дегендей, ар ким өз оокатын кылыш керек. Он сап ыр жазсаң да, акындын бир сабына тең келбейт.
- Коломто баарынан ыйык деп келебиз. Үйбүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Жакшы болот. Учурда эки баланын атасымын. Үчүнчүсүн күтүп жатабыз. Келинчегимдин аты Саадат, менин барыма дагы жогума да күйүп, чыгармачылыгыма толук колдоо көрсөтүп, жакамды кирдетпей келе жатат. Үйбүлөм менен бактылуумун. Алтындай болгон Саадатымдын көңүлүн оорутпаганга аракет кылам.
- Артисти аялым дебе деген сөздөр эл аралап жайылганы маалым. Өзүңүз жөнүндө айтылган ушактарды кандай кабыл аласыз?
- Мени чыйралткан нерселер - ушактар. Сын-пикирлердин көп болушун каалайм. Бир кезде Кенже Кубатова экөөбүз жөнүндө ушактар аралап кеткен. Анда менин атым чыга элек болчу. Азыр болсо "семирип кетти" деген сындарды көп угам. Мен аларга каршы туруп арыктоонун жолундамын.
- Сахнанын сыйкыры эмне деп ойлойсуз?
- Сахнанын сыйкыры - бул элдин көзү. Алар бизди колдоп кол чаап турганы. Эл сыйлап жаткан сахнаны биз да сыйлашыбыз керек. Биз үчүн сахна ыйык бойдон калат.
Маек курган
Айнура Султанова










??.??





??.??