Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаргылчак

"Жапалак" бийлегенге "удобный" ыр"
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан "Жаргылчак" аттуу рубрикабызда ырчыларыбыздын ырларын сынга алып, электен өткөрүп келебиз.
Кезектеги "Жаргылчакка" аткаруучу, обончу Бек Борбиевдин "Жапалак" аттуу ыры тартылмакчы. Аталган ырга элдин ой-пикири кандай экенин ортого салабыз.

Бек Борбиев:
Бул ырдын сөзү да, обону да өзүмдүкү. Албетте бул ыр мага жагат. Ал эми бул ырдын тарыхы жөнүндө айта кетсем жапалактык бир кызга арналып жазылган.

Жапалак
Сөзү, обону: Бек Борбиевдики
Келдим мен Ош тарапка жар издеп өзүмө,
Ылайыктуу кыздар жок көрүнбөйт көзүмө.
Бирөө айтты бир жерден
бир сулуу бар деди,
Издесем дейм мен аны ишенип сөзүнө.

Жашап өскөн жери анын Жапалак,
Жакшы көргөн тамагы шакарап.
Андай сулуу жок экен жерде да айда да,
Издеп аны тапкандыкы тапалак.

Бардым сулуу кыз издеп Ноокатка, Алайга,
Кызыл-Кыя, Баткенге, Кара-Сууга, Савайга.
Элдер айтты бирөө бар
Жапалакка бар деди,
Туруп калдым эки анжы ойлонуп далайга.

Турмуш, үйгө тың экен,
Кооздолгон сыр экен да, илимге ыр экен.
Гүлзарда иши экен да, кечкисин бош экен,
Бишкегиңе барбайм дейт,
сүйгөн шаары Ош экен.




Турусбек Жумалиев; актёр:
Негизи бул "Жапалак" деген ыр тамашакөй, сатиралык ыр да. Той-тамашаларда ушул ыр жаңырып баштаганда кандайдыр бир башкача көңүлдүү маанай пайда болот. Бектин ар бир ырынын сөзү менен обону ылайыкташтырылып, бири-бири менен шайкеш келет. Ырды угуп, сынаш үчүн, аларга анализ жүргүзгөндү да билиш керек эмеспи. Бул жакшы, бул жаман ыр деп кесе айтыш туура эмес деп ойлойм. Канчалаган ырлар жазылып элге жетпей калып жатат. Анан даяр ырга , даяр нерсеге сын тагыш абдан оңой. Ал эми изденип ыр жаратуу ар бирибиздин эле колубуздан келе бербейт. Мисалы, Расул Маматкуловдун "Мерседес " деген ырын элдер укканда туура эмес түшүнүп алып, тескери пикирлерин айтып жүрүшөт. Чынында машинесиндеги чүрөктү темир тулпарга эмес, Мерседес деген кызга салыштырган. Ушул сыяктуу ырларды угуп туура эмес түшүнүп алып, туура эмес сын пикир айтып жатпайбызбы.



Назира Жетигенова, куудул:
- Ай, койчу, Бек Борбиевден таяк жеп жүрбөйүн ха-ха-ха. Мени сын-пикир айттырып элдин баарына жаман көрүнтүп бүттүңөр го (тамаша ). Негизи бул "Жапалак" деген ыр мага эмнеси менен жагат дебейсиңерби? Бийлегенге аябай "удобный" ыр да.



Нурзада Жолдошева, ди-джей:
- Бул ырды алгач укканда маанайың көтөрүлүп, башкача сезим пайда болот. Ал эми ырынын мазмунуна көңүл бөлсөк, ар бир эле жигит сүйгөн кызын даңазалап келген сыяктуу бул жерде да, ал кыздын жашаган жери Жапалак экенинен баштап, табитине чейин жакшы көргөн тамагы шакарап экенин айтып жатат. Негизи бул ырды бир укканда адамга шаңдуу маанай тартуулайт.



Айчүрөк Иманалиева, ырчы:
- Бек Борбиевдин бул ыры сатиралык-тамашалуу ырлардын катарына кирет. Мен бул ыр жөнүндө жакшы да, жаман да пикир айтпайм. Негизи Бектин угармандары аны сыйлап, чыгармачылыгын жактырган күйөрмандары арбын. Албетте сырттан сын-пикир айтыш оңой. Ал эми ошол эмгекти жаратуу канча убакытты, түйшүктүү талап кылаарын баары эле түшүнө бербейт. Биздин муундагы ырчылар гастролго чыкканда алыс-жакынын карабай, акчасына кайыл болуп, үй-жай, бала-бакыраны таштап кете берчүбүз. Азыркы жаш ырчылар жердин алыс жакынын, акчанын аз-көбүн дароо карашат. Мен ойлойм биз элибизге ошол учурда, азыр деле татыктуу кызмат кылып келатабыз.



Аскат Сулайманов, актёр:
- Эми бул ыр жеңил-желпи тойлордо ырдалчу ырлардын катарын толуктайт. Бирок, муну классикага киргизүүгө болбойт да. Тойлордо элдин бул ырга жыргап бийлеп жатканын көрүп, аларга жакса керек деп ойлойсуң. Ал эми мен жеке бул ырды жагат же жакпайт деп кесе айталбайт экенмин.



Кубаныч Эсенбаев, теле алып баруучу:
- Мага Бектин репертуарындагы ырлардын дээрлик 99% жагат. Азыркы ырчылардын ырына салыштырмалуу аябай уккулуктуу ырлары бар. Ал эми "Жапалак" жөнүндө айта турган болсом, муну тойлордо көп угуп жүрөм. Бул ырга бийлегендерди көрүп, өзүмчө эле көңүлүм көтөрүлөт.



Ажымурат, студент:
- Бек Борбиевдин ырларын мен кичине кезимден бери угам. Эң биринчи анын "Азиза" деген ырын төрт жашымда уккам. Негизи Бек Борбиевдин ырлары мага жагат. Бирок, ушул "Жапалак" деген ыры көңүлүмө көп туура келген жок. Ырдын сөздөрүнүн мааниси жок. Анткен менен обону жакшы жазылган.



Чынара, журналист:
- Бардык нерсенин жаман-жакшы жагы болгон сыяктуу эле Бек агабыздын "Жапалак" деген ыры да маанисиз. Сөзүнүн мазмуну жок. Обону деле жогорку деңгээлде жазылган эмес. Эгерде Бек Борбиевдин репертуарындагы ырларын жалпы жонунан алып карасак мага "Асел", "Жапалак", "Жылдызхан" деген ырлары маани жагынан жага бербейт.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??