Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Адабият айдыңы

Элдар Аттокуров, акын:
"Кең ааламда аба жетпей тумчугам"

Элдар Аттокуров
1977-жылы 21-июнда Таласта төрөлүп- өскөн. Эл аралык Айтматов дипломунун лауреаты, 2001-жылы "Ата-Мекен" жана "Эне" темасындагы республикалык ырлар жарышынын жеңүүчүсү. 2003-жылы Эл аралык Айтматов фонду тарабынан уюштурулган "Дебют-1" чыгармачылык конкурсунун лауреаты ж.б. көптөгөн сыйлыктардын ээси. Учурда Кыргыз-Түрк Манас университетинде эмгектенет.

- Акындар дүйнөсү сизди кантип арбап алды?
ашб Туура айтасыз, акындар дүйнөсү өзгөчө дүйнө десек болот. Чынында мен бала кезимде акын болом деп ойлогон эмесмин. Бирок, түпкүрдө жаткан купуя сырлар ачылып, бара-бара ыр жаза баштадым. Ошол эле учурда ырларымды чоң акындарга текшертким келип жүрүп, анан алардын мактоолоруна да татып калдым. Талыкпаган эмгек, күжүрмөн аракеттин аркасында поэзия жанры боюнча көптөгөн сыйлыктарды алып, республикалык, эл аралык кароо-сынактарга катышып чыгармачылыктын үстүндө иштеп келатам.
- Ыр жазуудан кандай ырахат аласыз?
- Из жашырып качып кетти кылымдар…
Өткөн тарых туюк бойдон калса да,
Эртең үчүн менин жазар ырым бар-деген саптарым бар. Өзүмдү айтсам, ыр жазбай калуумду элестете албайм. Себеби, ар бир чыгармачыл адамды түйшөлтүп, обон сыяктуу кыңылдаган саптар жүрөгүңө келип сыртка чыгат. Эгерде акын жакшы ыр жазса, анда ал ошол күндү көңүлдүү өткөрүп, өзүнчө маанайы бийик болот. Ошондуктан ыр мага дем-күч, кайрат берип, буулуккан сезимдерди калыбына келтирет.
- Ырларыңыздын алгачкысы кайсы тема менен башталды эле. Көпчүлүк акындар апасы же атасы жөнүндө ыр жазып башташат го?
- Ырларымдын алгачкылары сүйүү темасында башталган. Чыгармачыл адамдар эң биринчи сүйүүгө туткундалат эмеспи. Анан сүйүүнүн баркын билбей же тескерисинче баркына жетип дегендей, мен да сүйүүдөн баштап ата-эне, ата-мекен жана башка темаларга кайрылгам. Санат ырларыбы, заман ырлары болобу ар тараптуу жазганым менен лирикага жакынмын.
- Акындар кыялкеч болушат го. Сизге жаратылыштын кайсы кубулушу, кайсы мезгили жагат?
- Туура. Акындар романтик болушат. Алардын кыялы да бир аз оорураак келет. Бат таарынышып, кайра жазылып мүнөздөрү башкача сезилет. Мен учурунда жазды жактырып ага көп таасирленип, май айында жаздын өтүшүнө өкүнүп турчумун. Бир учурларда күнүмдүк жашоонун артынан жаз, күздү да унутуп, жаратылыштан чыгып кеттим. Кийин кайрадан чыгармачылыгыма кайрыла баштаганымда, кыш мезгили мага сулуу, таза аураны сездиргендей жакын болуп калды. Кышты мен жигиттин мүнөзүнө салыштырып, анын чилдесин, суугун жакшы көрүп чыйрала баштадым. Ал эми ырды түндөсү көп жазам. Табигаттын тынчтыгы, айдын сулуулугу ыр жазуума эргүү кошконсуйт. Күндүзү болсо реалдуу жашоо, үйбүлө менен биргесиң дегендей.
- Өзүңүздү толук акынмын деп айталасызбы?
- Мен өзүмдү толук акынмын деп айтыш үчүн мага дагы 100 жыл керек. Азыр биздин окурмандар таптала элек. Толук акын аталыш үчүн канчалаган тепкичтерди басып өтүш керек. "Элүү жылда эл жаңы, 70 жылда жер жаңы" дегендей бара-бара биздин да эмгектерибиз ийгилик менен коштолуп, чоң акын болууга өз кадамдарыбызды таштайбыз. Биздин келечек алдыда деп ойлойм. Кошумчалай кетсем акын бул кесип эмес, акын - бул тагдыр. "Тагдыр тасмасы" чыгармамда: "Жүрөккө эмес, жүрөк мага баш ийсин, мен актёру "тагдыр" деген тасманын" деген саптар кезигет. Чынында эле акындыкты кесип кылып, ыр жазуу менен акча таап жашайм деген адамдар жаңылышат.
- Китепкана жаатында эмгектенген адам катары айтсаңыз. Азыркы күндө китеп окуган жаштардын агымы кандай?
- Азыркы жаштар китептерге эч кызыгышпайт, көпчүлүгү жеңил-желпи, эртеңи жок жылдыздарга, шоу-бизнеске кызыгат. Маданияттын урагыс пайдубалдары болгон Ч.Айтматов, Б.Жакиев, С.Эралиев жана башка белдүү инсандарыбыздын чыгармалары адабиятты сактап калат. Ал эми азыркы жаштар адабиятка байланышпаган багыттар менен баратат. Менимче, китеп окууга көңүлдөрүн бурган жаштарыбыз көбөйсө, биздин кыргыздын маданияты байымак. Себеби, искусство, адабият, театр эч убакта өлбөйт.
- Сүйүү тууралуу суроо салгым келип жатат. Сүйүүнүн барына ишенесизби?
- Албетте, сүйүү бар деп ойлонбой туруп айта алам. Дүйнөнү сактап, бири-бирибизди көрүнбөгөн алтын жип менен байлап турган бул сүйүү дээр элем. Жообумду ыр менен кошумчалагым келип жатат.
Сүйүүгө адам жипсиз эле байланат,
Алыс кетпей, тегеренип айланат.
Сүйүүсү жок күн да чыкпай тумчукмак,
Жүрөк соолумак, анан кайдан ыр чыкмак?
- Маек куруп бергениңизге чоң ырахмат!

Махабат жүгү

Оо, Жараткан, колдо мени, зар кылба,
Кейиптентпей эшиктеги жамгырга?!
Көксөгөнүм - ошол жалгыз махабат,
Башка жанга бакыт кылып алдырба?!

Кең ааламдан аба жетпей тумчугам,
Саатым болбойт сени ойлобой тынчыган.
Окшоштуруп сага далай кыздарды,
Ашса аштым Толубайдай сынчыдан.

Кете албадым жүзүм буруп өзгөрүп,
Дале жүрөм бут алдыда өкчөлүп.
Айла таппай аргасыздан көтөрөм,
Махабаттын жүгү менде төөчөлүк.

Көптөр айтат "жетпей калуу-сүйүү" деп,
Жетпей калса, сүйүүгө ким сүйүнөт?!
Сенсиз, жаным, түбөлүккө кор болор,
Сол жагымда согуп турган түйүм эт…


Маектешкен Айнура Султанова




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)

Селсаяк сырын айта баштады:
- Чоң автобус келип токтоп, Бишкекке деп күтүп тургандар дүрдүгүп түшүп калдык. Мен да кирип, бир бош орунга барып отурдум. Аңгыча айдоочу үн күчөткү менен кыйкыра баштады:
- Бишкекке, бир орун калды! Бир орун!... Бишкек!...
Ушул кезде сырттан таяк таянган, жүзү бырышкан, аппак сакал баскан, кийими жүдөө абышка кирди.
- Балам, мени Бишкекке чейин ала кетпесең… Бул жерде ачка өлчүдөймүн. Эптеп Ош базарына жетсем… шам-шум эткенге, баш калкалаганга бирдеме табармын… - деди абышка ыйламсырай.
- Койсоңчу, болбогон кепти. Акчасы жок кимди алмак элем. Сенин ордуңа планга мен төлөйүнбү, чөнтөгүмөн?!-деди айдоочу.
- Айланайын балам! Менин башка аргам калбай калды. Бүгүн биякта калсам, бөөдө набыт болом. Азыраак болсо да жашап турайын. Батамды берейин балам, орундукка деле отурбайм. Мындай эле туруп алып кете берем… Ошентчи, балам?...
- Болбойт дебедимби, болбойт. Сенин батаң кыйын болсо, өзүң эмне алдагы кейпиңде жүрөсүң?! Батаң менен бапырап жашай бербейсиңби?! Давай, түш!
- Ай, балам! Менин баламдан кичүү көрүнөсүң! Жок дегенде мени сен аяп кой! Макул, сакалымды сыйлап "сиз" дебесең да, унчукпай алып кетчи.
- Балаң барбы?! Балаң бар болсо ушинтип жүрөт белең! Болсо да балаңа батпайсың да. Кана, түш дегенде түш!-деген олбурлуу, отуз бештерден өткөн айдоочу ордунан тура калып абышканы түртүп кирди. Ошол кезде бери жакта отурган бир жаш жигит ордунан тура калды. Кызуу экен. Элди бир карап, айдоочуну бир карап минтти:
- Ой, эл-журт! Бу, көздөрүнө акчадан башка көрүнбөй калган айдоочунун кылыгы туура эмес ко! Ушу бечара абышканы айдоочуга түрттүрбөй эле ала кетпейлиби. Жок дегенде соопко калалы. Улуу-кичүүбүз бар экенбиз. Мына, мен беш сом чыгарайын. Элүү тыйын, бир сомдон болсо да кошкула. "Көп түкүрсө көл болот" дечү эле. Момунчабызда чогулган акча абышкага жол киреге жетмек түгүл, бир күндүк жашоосуна жетет. Кандай дейсиңер?
Бир топтору коштоп кетти. Тиги жигит тура калып, баарынан чогулта калып, абышкага алып барып берди. Абышка, калчылдай көзүнөн жашын куюлта акчаны колуна алып атып, каргылдана:
- Сага ыраазымын, балам. Элден айланайын. Кор болбогула. Эгерим бирөөнү күн түшкүлүк кылбасын, -деди да таягына сүйөнө туруп, жол киренин акчасын айдоочуга санап берди. Колунда да артып калды. Аларды да санап, жанагы жигитке беттей унчукту:
- Атанын баласы экенсиң, уулум. Бактылуу бол! Эң башкысы, адамгерчиликтүү болсоң, Кудай берет. Карачы, жол киремен да ашты. Ал эмес эки-үч нандык да артып калды. Ылайым бар болгула. Омийин! - Элдин баары кошо бата кылды. Калчылдай баскан абышка жылып келип, менин жанымдагы бош орунга отурду. Автобус жыла бергенде мени бир кылчайып карап алды. Эмнегедир абышканын сырын билгим келип, аңгыча өзү суроо узатып калды:
- Балам, жолубуз бир экен, кайсы жерлик болосуң? Же ушул жерденсиңби?
- Биякка жумуш менен келгем. Нарындыкмын. Бишкекте турам. А өзүңүз каяктансыз?-деп пайдаланып суроо узатып калдым. Абышка түктүйгөн калың кашын бириктире, тикирейген көздөрүн кадалтып алды. Кыязы, сырын айтса болобу, болбойбу деп ойлонуп алды окшойт. Укпаган немедей унчукпай жүрүп отурду. Бир маалда дагы сурадым:
- Кайсы жерден болосуз, ата? Эмне үчүн Бишкекке барып, башпааналайм деп атасыз? Мурун ушул жерде турчу белеңиз?-деп суроо узаттым. Дагы бир саамга үнсүз боло түштү да, бир убакта оор үшкүрүнүп алып, мага кылчая минтти:
- Жүзүң жарык бала экенсиң. Мынча болду, сырымды айтайын. Мени эч ким адам катары көрбөй, сырымды сурамак түгүл, жанына жолотчу эмес эле. Жашым кары көрүнгөн менен араң алтымыштан өттүм. Жалаң азаптан ушундай тез карыдым. Же Кудай мени албай койду. Бу, Кудайдын да калыстыгы жок. Бул дүйнөдөн жакшы адамдарды гана алып кетет. Өзүнө жакпаганын калтырып салат тура, мага окшотуп селсаяк, батпагандай кылып!...
Сөзүн айтып бүтүп-бүтпөй үнү каргылданып, жаагы ылдый сакалын жууган жашын аарчый, үнү буула түштү. Кайрадан унчукпай калды. Бир маалда гана минтип сөзүн улап кирди:
- Кудай урганда, атамдын Кудайга жакпаган иштери, элдин убалына калып, алардын айткан каргыштары өз башына көрүнбөй, мага көрүнүп калды окшойт. Башкалар атасынын адамга тиешелүү жакшы иштерин айтып сыймыктанышат экен. Алардын адамгерчилигин ооздорунан түшүрбөй санжыра кылышат экен. А менин атам жөнүндө тескери гана сөздөрдү угуп чоңойдум. Анткени, атамдын чала-була гана өңү эсимде калды. Анан тарбиясы жок чоңойдум. Өмүрүм жалаң ый менен келатат. Бул дүйнөдөн жакшылык көрбөдүм. Башкаларды: "О, баланчанын баласыcыңбы? Келе гой" деп төргө өткөрүшөт экен.

(Уландысы кийинки санда)